Кыялбек УРМАНБЕТОВ, акын: «Мени «стоматолог», Шайлообекти «Шаке шаман» деп коюшат»

Кыргыз маданиятынын үлкөн өкүлү, ырлары көпчүлүктүн купулуна толуп, ырлары ооздон-оозго алынып, жүрөктүн түпкүрүнөн орун алган ырлары менен белгилүү болгон Кыялбек Урманбетовдун ырын окуп гана жан-дүйнөсүн билбестен, бала-чагын, кыял-жоругун баарлашуу менен сырын билдик.

Кыялбек ага кандай жүрөсүз?
— Кыргыз өлүп баратса да «жакшы» деп айтат эмеспи. Бирок, мен өлүп бараткан жокмун абал жакшы. Быйыл өзүмдүн 50 жылдыгыма, атамдын 75 жылдыгына карата кызуу даярдануудамын. Атам Совет Урманбетов деген мыкты акындардын катарында экөөбүздүн өздүк мааракебизди белгилегенге атайын китеп чыгарууга камынып эч жерде иштебестен, китеп даярдоонун түйшүгүндө жүрөм. Обондуу ырларымдын китебин диски менен даярдап, нотасын иретке келтирүү көп убакытты талап кылууда. Атай кетчү нерсе түрк тилдүү акындардын жыл сайын жолугушуусу болот. Ошол жолугушуу менин шыбагама туш келиптир, Кыргызстандан Алтынбек Исмаилов экөөбүз Азербайжандын борбору Баку шаарына 29-октябрда барып, 1-ноябрда келдик. Көптөгөн өлкөлөрдөн келген акындар менен баарлашып, ырларын угуп кайттык. Ал жердин эң таасир калтырганы күнү-түнү электр жарыгы өчпөйт экен. Бизде жарыкты башка өлкөлөргө сатып атсак да жарыксыз калганыбыз кейитет, бирок чет жерде жүргөн соң атуулдук сезим башкача болот эмеспи, биз да өлкөбүз жарык, кабагыбыз ачык деп мактанып келдик.

50 жылдык мааракеңизди кандай белгилегени турасыз?
— Ойлонуп көрсөм жарым кылым жашаптырмын. 50 жашка келип эмне иш кылдым, эмнелерди башыман өткөрдүм-деп аркама кылчайсам, 1990-жылдан бери бир да китебим жарык көрбөптүр. Обондуу ырлардын күчү менен эле келатыпмын. Ал жагынан менин ырларымды аткарып жүргөн ырчыларга «Аты аталса куту сүйүнөт» болуп, элдин арасында бар экенимди билдиргендери үчүн ыраазычылык билдирем. Буйруса китебимди чыгарсам, Улуттук филармонияда өзүмдүн обондуу ырларымды аткарган ырчылар жана ага-туугандарымды чакырып мааракебизди белгилейбиз.

Эр ортону элүү жашта кандай ырлар жаралат экен?
— Жазайын деген көп нерсе бар, убакыттын тардыгынан кол тийбейт. Атайын тема тандабастан, ырчылардын заказы менен иштеп жатам.

Негизи илхамыңыз кайсы убакта келет?
— Илхамды ар кандай түшүнүү зарыл. Илхам качан келет деп күтүп отурганга болбойт, келбей коюшу да ыктымал. 10 жылдап келбей койсо, 10 жыл жазбай койгонго мүмкүн эмес, тек гана илхамды чакырышыбыз абзел. Ырды кандай ыкмада, кандай формада берсем, элге жеткиликтүү болот деп, ойлонгонубуз туура. Форма дегенимдин да чоң мааниси бар, себеби кыргызда ыр жазат десе эле сегиз муун менен Манастын стилинде же он бир муун менен жазып жүрүшөт. Негизи ырлардын да формасы болушу абзел, анткени ар бир адам кийингенде өзүнө чак келген кийимди кийет эмеспи, ошол сыяктуу ырлардын да өз өлчөмү болот.

Ата-энеңизден токмок жеп, кандай шоктуктарды жасачу элеңиз?
— Чоң апамдын колунда чоңойдум, аты Күмүшай эле кийин тун кызымдын ысымын Күмүшай деп койдум. Балалыгым аябай жакшы өткөн, азыркы балдардын балалыгына боорум ооруйт. Чоң апам олбурлуу, бою узун эле, мени өтө эрке өстүрүп, беш жашка чейин жонуна көтөрүп жүрчү. Айылдын аксакалдары «бул эмне беш жашка чыкса да, чоң энесинин моюнунда жүрөт» деп, чоң апама билгизбей чымчып өтүшчү. Бакырып ыйлап кое бергенде, чоң апам мага болушуп, тигилер менен урушчу. Бир күнү өз колум менен кийим тигейин дедимби, же артисттерди туурадымбы, айтор чоң апамдын ашка-тойго кийген сыйлуу чапанын тегерек-тегерек кылып кайчылап, ал чапандан алынган кесиндилерди шымыма жамап, ошондо чоң апамдан тил укканым эсимде. Эсимден өзгөчө кетпеген окуя чоң апам кечинде эки жумуртка бышырып коюптур, экөөбүз тең жумуртканы аарчып бүттүк, чоң апам жумурткасын бир тиштептир карасам меникинен чоңураак көрүнөт. Ошол жерден чатак чыгарып «мага кичинесин берген турбайсыңбы?» — деп таарынгам. Чоң апам «таарынгандын тамагы таттуу» деп эки жумуртканы тең жеп салганда, ызама чыдабай бастырманын үстүндөгү чөптүн үстүндө таарынып жаттым. Караңгыда чоң апам көчөгө чыгып издей баштады «Кыялбек» — деп улам кыйкырып жүрөт. Мен болсо «мына ушундай болмок» деп, табам канып чөптүн үстүндө жатам. Көпкө чейин издеди, мен болсо чыкпай көк беттенип жата берип, уктап калыптырмын. Түшүмөн чочуп ойгонсом, таң агарып баратыптыр, ошону күткөн эмесмин чоң апамдын үнү каргылданып, таң аткыча уктабай, мени издеп жүрүптүр. Кийин чоң апамдын көзү өткөндөн кийин бул дүйнөдөн мен аны издеп калдым. Көрсө бул жашоо ошондой табышмак экен да.

Эсиңизде көп шоктугуңуз бар экен, кыздарга да шоктук менен ыр түрүндө кат жазсаңыз керек…
— Кара сөз менен арасында ырларды кошуп каттарды катыра жаздык. Классташ балдарга да ыр менен кат жазып берчүмүн. Эң кызыгы ошондо эле обончулар менен иштешеримди билишкенби, ошол учурда кайсы ырлар белгилүү болсо, ошонун обонуна ылайыктап жазып бер дешчү. Ыр түрүндө катты берип, гитара менен обон созуп ырдачубуз.

Чыгармачыл адамдар сүйүүгө өзгөчө кабылат эмеспи, сүйүүнүн азабынан кыздардын артынан чуркадыңызбы?
— Адамды адам кылган, жан дүйнөсүн ойготкон, керек болсо мени акын кылган сүйүүнүн касиети болсо керек. Алгачкы сүйүү чоң кишини баладай, баланы чоң кишидей ойлонтуп койчу касиет бар эмеспи, №5-мектепте окуп жүргөндө классташ кыздарга тийишип, бир күнү мунусун, экинчи күнү тигинисин жактырып. Ал жерде сүйүү деле жок, жөн эле бир кызга «сен менин аялымсың» десем, экинчи күнү дагы бирөөнө «сен менин аялымсың» деп айта берчүмүн. Бир жолу дем алыш күнү ата-энем, баарыбыз үйдөбүз, эшик шыңгырайт. Эшикти ачсам классташ кыздарымдын турганын көрүп, эшикти кайра жаба калдым. Эшик кайра шыңгыраганда апам барып ачса, классташ кыздарым арыз-муңун айтып киришти «күнүгө бирөөбүздү «аялымсың» дейт, мына аялдарынын баары келдик» дешти. Апам кыздардын көзүнчө урушуп, менин ордума кечирим сурап узаткан. Ошентип, экинчи кыздарга тийишкис болуп, токтолуп калдым. 8-класстан алгачкы сүйүүгө жолугуп, Ася аттуу кызды жактырдым. Ал мени теңине деле алчу эмес, аябай шайыр, тың, оюндагысын ачык айткан кыз эле мектепке баратса да, келатса да аркасынан ээрчип алсам «келатасыңбы» дегенсип карап койчу. Менин артында келатканымды байкап сумкасын таштап салып кетип калчу, мен аркасынан сумкасын көтөрүп алып жүрчүмүн. Эшигинин алдына барып, терезесин карап отуруп, бери жакты карасам бөтөлкөнүн сыныктары көзгө урунду, сынган айнек менен ал кыздын атын билегиме жаздым. Колумдагы жазууну эжем көрүп «муну атам менен апам көрсө эмне дейт» деп укмуштай такалаган. «Ася» деп аты кыска болгону жакшы болуптур, кийин ал тамгалар өчкөнчө көйнөктү чечпей жатууга туура келбедиби.

Чыгармачылыктагы достор менен чер жазышканда бири-бириңерди тамашалап кличка койгон учурларыңар болобу?
— Чыгармачылыкта баары менен мамилем түз. Өзгөчө Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов менен сырдашып, тамашалай сүйлөшүп чер жазышабыз. Шайлообек, Анатай байкелер менден улуу болгондуктан, ортодогу аралыкты сактап, сыйлашып турабыз. Негизи тамашаны көтөрө турган адамга айтасың да Шайлообекти «Шайлообек Шаман» же «Шаке Шаман» деп коебуз. Шаман да элдин башын айлантып, өзүнө арбап алат эмеспи, Шакенин да ошондой касиети бар тамашалуу сөзү менен башыбызды тегеретип, Шакенин гана көзүн карап калган учурлар болот. Мага болсо «Стоматолог» деген кличка ыйгарышыптыр. «Тиш деле дарылабасам, эмнеге стоматологмун?» — деп, өзүм да аябай таң калгам. Себеби, бир нерсени көздөп алсам, ошол оюмду бербей, айтканыман кайтпаган көк беттигимен, чоң кызматта иштегендер менен да оюмдагыны бербей урушуп-талашып кеткен учурлар көп болот. Ошондуктан, азуулууларга асылгандыктан «стоматолог» деп коюшуптур.

Венера НАРКЕЕВА, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий