Чыңгыз Айтматов – ааламдын акылман сүрөткери

(Үчүнчү макала)

Учурда окурман журттун көңүлү китепке бурулбай, көбүнчө телевизор, компьютерге бурулуп калганы белгилүү. Мындай техниканын тез өнү­гүшүнүн бир керемет жери, – ал адамзатка албан кызмат кылган болсо, руханий байлыктын адамгерчилик касиетинин бөксөрүшүнө өбөлгө түзүүдө. Китеп окубаган жаштардан мээ­римдүүлүк,  кайрымдуулук алыстагандан алыстап барат. Адам баласынын мындай өзгөрүлүшү өзүн да, өлкөсүн да коргоп жарытпайт. Бул жалган дүйнөдө айлана-чөйрөсү түрткү берген кыянатчылыктан кыямат келип чыгат эмеспи. Ал эми Ч.Айт­матов адам баласына жакындаган алааматтан алдын- ала сактануулары керек экендигин айтып, добулбасын кагып келди. Чыкебиздин чыгармалары күчтүү духтагы образдары аркылуу окурмандын дүйнөгө болгон көз карашына зор таасирин тийгизип, ар убакта кеңешчиси болуп келет.

Мына ушундай чыгармалардын бири – “Кыямат” романы. Улуу жа-зуучубуз бул чыгармасында адам дүйнөсү коркунучта тургандыгын жана ал коркунучту адам баласы өз колдору менен жасап алганы айтылат. Роман бир канча окуяны камтыган бир нече бөлүктөн турат. Бул окуялар түпкү байланыштар аркылуу бир түйүнгө келип, акыры кыяматка такалат.

Биринчи окуясында бул жалган дүйнөдө карышкырлардын өмүр кечирүүсү, алар мекендеген токойлордун өрттөнүшү, адам баласынан көргөн кордугу, бөлтүрүгүн алдырып жибергендеги кайгысы сүрөттөлүп, бул кылыктары үчүн карышкыр – Акбара чабан Бостондун эки жаштагы баласын жонуна арта салып, сызып бара жатканында Бостондун мээлеген огу Акбара – карышкырга тийбей, үстүндөгү балага тийип кыямат болот.

Экинчи окуя алыскы тоо арасында Совет доорундагы чабандардын турмушу, чабандардын жаңычылдык тажрыйбаны кийирүүдө бийлик адамдарынын каршылыгы, алардын догма, үстөмдүк менен иш алып ба-руусу жазылган. Бир кесиптеги адамдардын бирин-бири көрө албас карама-каршылыгы, жарытып эмгек кылбаганы, арамза-куулук менен бийликтегилерге жагынып, тамак-аш, белек-бечкектери менен жакындап алат эмеспи. Ошолордун бири доңкогой Базарбай бийликтегилер менен коюн-колтук алышып, жандап басып, ак эмгектенген, бийликтегилерге чындыкты бетке айтып, кээ бирине жакпай калган Бостонду баскан-турган жерлеринде жамандап, ишине бут тосуп, колунан келген жамандыгын жасаганга жетишип турат. Бирок, бардык нерсенин ченеми болот тура, кыянатчыл Базарбай Бостондун колунан өлүм таап, окуя кыямат менен аяктайт.

Дагы бир окуясы – “Жетинин бири”. Анда Грузиядагы революцияда Совет бийлиги орногон кезде Гурам Джахадзе өзүнчө бир армия түзүп, бийликке каршы күрөшө баштайт. Совет бийлиги Гурам Джахадзени жок кылуу үчүн тымызын чекист Сандрону жиберишет. Сандро ар-миянын ичинде жүрө берип далайын кырып жиберет. Акыры алтоо, өзү менен жети эле киши калат. Арасында Гурам Джахадзе тирүү калып, Сандро тапшырманы али аткара элек болот. Жеңилгендер Мекенин таштап, качып бара жаткан болот. Алар өз­дөрүндө жана душмандарында да курман болгондор үчүн Кудайдан кечирим сурашат. Мында Ч.Айтматов адам баласы башына кыйынчылык түшкөндө гана адилет болот деген түшүнүктү берет. Чыгармада Сандро өзүнө берилген тапшырманы аткаруу максатында алтүндө уктап жаткан Гурам Джахадзени, андан кийинки бешөөнү да атып, алардын аттарына өздөрүнүкүн да кошуп бошотуп, айдап жиберип, акыркысы – жетинчиси болуп өзүн да атып, алты адамдын өмү­рүн жок кылгандыгы үчүн өз өмү­рүн да кыйып, кыямат менен аякталат. Мен ушул окуялардын ичинен өзгөчө жаштарды оп тартып торуна түшүрүп жаткан көрүнүштөн сактап, келечегибизди алдын албасак, элибиздин генофондун кыйроо коркунучуна алып келе турган окуяны айткым келди.

Улуу жазуучубуздун ушул окуяны кадимки өзү аралашып, көрүп, кошо жүргөндөй сүрөттөп жазганына таң бересиң. Баңги затын жаңы колдонгондо жаныңды жыргатып, көшүлтүп, улам көбөйтүп тарткысы келтиргенин, улам көбөйтө берсең чүнчүтүп, андан да көбөйтө баштаганда жээликтирип жиндентип, Кудайыңды таанытпай, кишиге кол салуудан да кайра тарттырбай тургандыгын, ал эми көнүп алса таштай албай, бардыгы бир тең, ал бир тең болгон абалга тушугуп, ден-соолугу талкаланаарын кейип жазды.

Бул окуяны жазууга себепчи кайсы бир поезддин станциясында турганда ага жакын милициянын кабинети жайгашкан экен. Анда иштеген милиционер Ч.Айтматовду таанып, поезд келгенче өзүнүн кабинетинде олтуруп туруусун өтүнгөн. Чыңгыз Төрөкулович кабинетке кирээри менен тосулган темир тордун артында олтурушкан жап-жаш балдардын нашаа алып бара жатып поездден кармалып келингенин, жардамга муктаж, көздөрү жалдыраган балдарды көрүп, жардам берүүгө кеч болуп калганына, мындай жанга баткан проблеманы кантип жоюу керек деген суроо тынчтык бербейт. Ал чыгарма жаратып, наркомания маселесин көтөрүп чыгууну чечкен. Ошентип, Ч.Айтматов наркомания кантип көбөйүп бара жатканын өзүнчө изилдеп көрүп, нашаа жүгүрткөндөрдү колдогондор бийлик бутактарында олтуруп, чөнтөктөрүн кампайтып, алардын киреше булактарынын бири болгондугун, мындай адаттын зор күчкө ээ болуп, жайылышына биз жашап жаткан коомубуздун аракетсиз-алсыздыгы кейиткен. Мына ушундай көрүнүштүн баарын чыгармасына камтып чыгарарда цензуралык, же дагы башка тыюу салуунун айынан кай бир жерлери алынып салуу менен жарыкка чыккан (8-том, 446-бет). ”Кыямат” романындагы наркомания окуясын камтыган бөлүгүнүн баш каарманы Авдий Калистратов диний илим-билимге ээ болгон, жан дүйнө­сү таза адам болгон. Ал тозоку болгон баңгилик менен алпурушкан жаштар менен өз алдынча күрөш жүр­гүзүп, аларга түшүндүрүү жолу менен эч майнап чыкпасына көзү жетип, алар менен жакындан аралашып, өз көзү менен көрүп, ийне-жибине  чейин иликтеген соң гана гезит  беттерине жарыялоо жолу менен күрөш жүр­гүзүүнү чечкен. Авдийдин бул демилгесин жетекчи кызматкерлер колдошкон эмес, ошондуктан ал жалгыз күрөшкөн. Себеби, жогоруда айтылгандай бийликтегилердин өз кызыкчылыгы болгон. Авдий өз өмүрү­нүн коркунучта экенине карабай, өңгө­лөрдү сактагысы келген ички дүйнөсү таза каарман. Ал да акыры кыяматка дуушар болот.

Ал эми баңги колдонгон жаштарыбыз жазага татыктуу болушса да жардамыбызды аябай, кантип да болсо бул оорудан айыктырышыбызга милдеттүү экенибизге Чыкебиз жаны кейип жазган.

Жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сессиясында депутаттар бул маселеге кайрылышты. Бирок, жыйынтыгы болбоду. Чынында көп жылдан бери бул тозокуну өзүбүздөн-өзүбүз жашырып келдик. Менимче, биз үчүн жаштарды эч ким тарбиялап бербейт. Аларды дарылоо, айыктыруу жолун изденишибиз керек. Кийин оңолуп кетээр деген ишеним бул кайдыгерлик, опурталдуу иш. Азыркы мезгилде ачык айтып, ак сүйлөшүүнү аздектөө – учурдун талабы. Баңгичилик оору өлкө­бүз­дө таратылып, жаш жарандарыбызды кучагына алып, куралсыз согуш жүрүп жатат. Канчалаган бей­күнөө үй-бүлө мүчөлөрү тирүүлөй өрттөлүшүп, кенедей кыз баланы мазакташканы, ууру-кескилердин кө­бөйүшүнүн бир себеби ушул илдеттин айынан болууда. Ислам дини да бул көрүнүшкө каршы турат.

“Дин адам баласын кайрымдуулукка, мээримдүүлүккө, боорукер­дүүлүккө элди бөлбөй-жарбай бириктирип турса, ошондо гана ал чыныгы дин болот” – деп, Чыңгыз агабыз айткандай, өз доорунда классик жазуучу Лев Толстой да чыныгы ислам динин дүйнөдөгү эң таза, калыс, адамды туура жолго үндөгөн дин экендигин, ал тургай өзү да ушул динди туткусу келгендигин жазганы маалым. Өлкөбүздө кай бир жаштар ислам экстремизм-вахавизмдерге адашып кирип кетип жатышат. Жылына канча жүздөгөн кыргызстандык жаштар чет өлкөлөргө: Пакистан, Иран, Афганистанга медреселерге окууга кетти деген шылтоо менен канчасы исламдык радикалисттердин таасиринде калаары бизге белгисиз. Алар ички согушту тымызын улантып жатышпайбы.

Ч.Айтматов айыл жеринде жашашкан адамдардын моралдык принциптерди бийик тутаарын, алардын кай бири сабатсыз болсо да гумандуулукту бийик сакташаарын жана алардын арасында тубаса академиктер бар экендигин айтып өткөн. Айыл жеринин жаңыча болуп өзгөргөнү кубантат дейт, бирок, кээ бир нерсе өкүнтөт, алар элдик салттарды унутуп бара жатышат, өздөрүнүн башка элдерге окшобогон кайталангыс маданиятына маани бере албай да, ар дайым урматтай да билишпейт.

– Менин чыгармаларымдагы ойлор, мүнөздөр, образдар мына ушул адамдардын турмуш жолунан келип чыкты, – деп эскерет  Ч.Айтматов, ал тургай аларды дарылоо касиетин да эскерип кеткен жери бар (5-том, 411-бет). Чыңгыз Төрөкулович бала кезинде тиши абдан катуу ооруп, үч күн уктабай калат. Чоң энеси берген дарыга да айыкпаган соң, элдик табыпты ээрчитип келет. Чыңгызды оозгу үйгө жалгыз калтырып, жуурканды үстүнө чүмкөп, табып үнүн катуу чыгара, кобурап, жараткандан сурана баштайт. Ошол кезде үч күн тынбай ооруган тиши тып эле басылып, жаны жыргай түшөт. Жуурканды үстүнөн алып, астын караса майда кара таштар жаткан экен. Чыкебиз ошол окуянын жообун өмүрүнүн акырына дейре таппай келген.

Ал элдик каада-салт, жөрөлгө­лөрдү, ишенимдерди, максаттарды, үмүттөрдү табият менен тыгыз байланышта экенине көзү жеткен.

Ал эми жалпы эле жазуучу жө­нүндө, анын жандай көрүп жараткан, баласындай бапестеген китеби жөнүндө улуу жазуучубуздун жазгандарына токтололу.

“Чыныгы сүрөткер (художник) – байланыш жасоонун ачкычы, – деп айткан Ч.Айтматов. – Эгер мен жолугуп калган адам Чеховдун чыгармаларын жактырып сүйөрүн билсем – ал менин досум болот. Ал эми буга чейин дегеле көрүшпөгөн киши, мейли ал кайсы улуттан болсун, “Манасты” биринчи жолу угуп, океандай чалкыган эпостун көңүлдүү күүсүн, анын улуулугун, сулуулугун сезсе – ал менин тууганым болот”.

Ал эми адамдардын өз ара катташуусунун универсалдуу каражаты китеп экенин билебиз. “Менин балалыгым эске түшөт, – дейт Ч.Айтматов, – Мен китепти дайыма ыйык нерсе катары калтыроо жана абдан кастарлоо менен кармап көрөр элем. Ал кезде мен үчүн начар китеп деген болуучу эмес, мен китептин ар бир тамгасына аябай суктанаар элем, ал эми китеп жазган киши менин көзүмө ар дайыма Пушкиндей жана Толстойдой залкар көрүнөр эле (Рустан Рахманалиев, “Культура чтения великих писателей”, Ф., “Мектеп”, 1989, 170-бет).

Бүгүнкү мен кыйынмын деген чыгармачыл бир инсан Чыңгыз Төрөкуловичти эскерүүдө бейит башына барып алып, оозунан ар кандай сөздөрдү чыгарып, жаны ачыган болуп саймедиреп олтурбайбы. Ата бейитке барганда жакшы ойлонуп, акылдуу сөздөрдү сүйлөө парз, өзгөчө жашы улгайып калган чакта. Ал адам, адам кемчилигинин эң залалдуу күнөөсүн мойнуна жүктөп кеткенин туйбай калды көрүнөт. Анын айтканындай улутубуздун сыймыгы болгон жазуучубуз алыста жүрүп ар кимдин ушагына муктаж болгон эмес. Анын илгертеден ишенимдүү бир гана кишиси белгилүү айтматовчу – академик Абдылдажан Акматалиев болгон. Андан бардык маалыматтарды алып турган. Булардын мамилеси чыгармачылык байланыштан барып өрчүп, бир туугандай мамилеге чейин жеткен. Улуу элде мындай деген макал бар эмеспи: “Сен жакын досуңду айтчы, мен сенин ким экениңди айтып берейин”  деген.

А.Акматалиев залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун жолун туткан шакирти катары журт алдында ачык-айкын ызаатын кылды, Чыңгыз Төрөкуловичтин экинчи өмүрү болгон эмгектеринин жашоосуна шарт түзүүдө. Чыңгыз Айтматов таануучу деп оңой эле көрүнгөнү менен алдыда дагы зор иштер жатат. Мамлекетибиздин да улуу бабабыз Манас менен бирге улуу жазуучубуздун айкелин орнотуп, элибиздин мүдөөсүн ишке ашырып жатканы кубанаарлык иш эмеспи. Бул иш-чарага кол кабыш кылып жаткан эр-азаматтарыбызга сыймыктануу менен бирге, узун өмүр тилейбиз.

Мырзабек ТОЙБАЕВ, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, филология илимдеринин кандидаты,
«Кыргыз туусу», 07.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий