Чындыкты жасалмасыз сүрөттөгөн

“Акты ак, караны кара, жакшыны жакшы, жаманды жаман,
адамды адам дей албасак, анда биз кимбиз?”
Д.Казакбаев

Белгилүү жана таланттуу жазуучу, публицист, сынчы  жана философ  маркум Дайырбек Казакбаев  быйыл 70 жашка толмок.

Д. Казакбаев  көп жылдар бою “Кыргызстан маданияты” гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген. Азыркы 50 жаштын ары-бери жагындагы  жазуучу-адабиятчылардын, философтордун өсүшүнө, бүтүндөй бир муундун руханий  жактан жетилишине зор салымын кошкон.

Илимпоз публицист катары Чыгыштын олуялары С.Заратуштранын, Будданын, Конфуцийдин, Аль Фарабинин, Ибн-Синанын, Ж.Баласагындын эстетикалык-этикалык көз караштарын  изилдеген илимий эмгектери өзүнчө китеп болуп окуучулардын колуна тийди.

Жазуучулук-котормочулук, илимий  жана философиялык нуска эсселери, тарыхый илимий эмгектери камтылган китептеринин саны 25тен ашат.

Өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин өлкөбүздүн жогорку окуу жайларында дарс окуп, жазуучулук калемин колунан түшүргөн жок.

Дайырбек Казакбаевдин көзү тирүүсүндө өкмөт тарабынан эмгеги эч бир бааланбагандыгы өкүндүрөт.

Дайырбек Казакбаев ким эле жана замандаштарынын эсинде кандайча калды? Дайырбек Казакбаев – жазуучу, сынчы, философ, өз учурунун билимдүү, маданияттуу инсандарынын бири болчу. Өзүн адабий ишмердүүлүккө даярдап,  Москвадагы  М.Горький атындагы Адабият институтунда билим алды. Кийин ошол эле Москвадан М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде философия адистиги боюнча аспирантурада окуп, философия илиминин кандидаты илимий даражасын алуу­га жетишти. Ал учурда т.а. 70-жылдары Москвада аспирантураны окуп, илимий ишин Москванын окумуштууларынын алдында ийгиликтүү коргогон жаш илимпоздор саналуу гана боло турган. Дайырбек Казакбаев ошол саналуулардын бири жана да көрү­нүктүүсү эле.

Кайсы жерде, кандай кесипте иштебесин көкүрөк керип, жасаган иштерин өзгөгө өктө да кылбады, кээ бир замандаштары сыңары сыйлык, сыймык үчүн жулунбады, болгону өз чарбасын мыкты билген дыйкан катары өзүнүн жандүйнөсү эмнени буюрса, эмнеге ыкласы болсо ошого дил-дымагын берип иштеди. Кай бир грамафон жазмакерлердей болуп, китеп артынан китеп чыгарып, жазганынын санын көбөйтүп, сапатын төмөндөтпөдү. Жазуучу, публицисттин кайсы чыгармасын окусаңыз чындыктын жел аргысы жан дүйнөңдү сергитип, жөнөкөй бирок, ошол эле учурда сөз керемети менен бөтөнчө сулуулук, көркөмдүктө сүрөттөлгөн  реалдуу турмуш көз алдыңа элес, образ жаратып, эс тутумуңда түбөлүк орун алат. Жакшы нерсе аз болот дегендей бардык китептери кирпичтей эмес, аз көлөмдө чыгып келген экен. Кээ бир жазуучулардай биринчи китебиндеги чыгармасын экинчи китебине кошпоптур дагы.

Д. Казакбаевдин чыгармачылык жолу канткен менен да шыдыр, эч кандай тоскоолдуксуз, дайым өргө таяган өнүгүүдө боло бербегендигинен биз бүгүн, кечигип болсо да, кабардар болуп олтурабыз. Минтип айтканымдын себеби анын экинчи өмүргө ээ болуп, өлүп тирилген «Өрттөлгөн өмүр» повесть-драмасындагы (2000-ж.) «Автордон» деген баш сөзүндөгү маалыматтан келип чыгып олтурат. «Автордон» деген баш сөзүндө ал «Чыгарманы окуурдан мурда» деген ат коюп, чыгармасынын тарыхый-тагдырынан окурманга кабар берген экен. Көрсө «Өрттөлгөн өмүр» биринчи жолу 1968-жылы «Ала-Тоо» журналынын №3 санында «Бир болгон окуя» деген ат менен басылгандан көп өтпөй эле Кыргызстан КПБК­нын Бюросунун «Өтө жашыруун» токтому менен чыгарма «тап» катары жоюлуп кеткендиги айтылат. 2000-жылы көптөгөн олку-солкулук, ички карама-каршылыктардан кийин жазуучу кийинки мезгилдердеги өлкөбүздөгү өзгөрүп, жаңыланып жаткан коомдук-саясий, экономикалык кайра куруулардын таасиринен улам чыгармасынын кайрадан жарыяланышын туура көргөн.

Ошондой оор тагдырга туш болгон «Бир болгон окуя» аттуу драма-повестте ошол мезгилдеги советтик-партиялык кызматкерлерди сестендирген эмне бар эле? «Анчейин оңдоолор кирбеген» болгону чыгарманын аты гана «Өрттөлгөн өмүр» деп жаңы аталышта жарык көргөн бул чыгарма бүгүн кандай окулат? Менимче, аталган драма-повесть автордун берген жанрдык аныктамасына дал келүү менен Д. Казакбаевдин жазуучулук, адамдык, жарандык кредосун айкындаган, автордун чыгармачылыгында эле эмес, 60-жылдардагы кыргыз повесттеринин, кыргыз эле эмес ошол мезгилдеги көп улуттуу Совет адабияты деп аталган адабияттын контексттинде өзгөчө орунга ээ чыгарма. Көрсө Д. Казакбаев өзүнүн драма-повестинде Совет мезгилинде Москвадагы эл аралык бир университеттеги студенттердин арасында болуп кеткен бир окуяны чагылдыруу аркылуу ошол доор, ошол мезгилдеги Советтик идеологиянын жүзүн чындыктуу, эч кандай жасалмасыз, эр жүрөктүүлүк менен реалдуу сүрөттөп берген экен. Мен жогоруда «бир болуп кеткен» деген сөз айкалышын атайын колдондум, анткени мындай окуя жаштар же ал тургай чоңдор жашаган жайларда деле бир болуп кетүүчү нерсе. Окуянын чоо-жайы сюжетте мындайча баяндалат.

Студенттик жатаканада жаткан орус Эрнест курсташы Ганалык жигит Джон Икс менен бир саясий маселени талашып жатып, Джон сөз арасында «буржуймун» дегенинен улам, ага кыжыры келип, бир эсе аны сестентип коёюн деп тамаша иретинде атасынан мураска калган мылтыгын атып жиберсе, ок терезеге тийип, айнектер бычырап кетет. Жатаканадагы түнкү үчтө болгон бул окуя бардыгын дүрбөлөңгө түшүрөт. Балээнин баары Эрнесттин Джондун бөлмөсүндө мылтык атып жибергенинен улам терезенин кыйрашында эмес, балээ ушул бир болгон окуяны ар кимдин ар кандай талкуулоосунда болот. Д. Казакбаевдин көркөм кароолго алган маселесинин чордону да ушул маселеге келип такалат. Советтик мезгилде Коммунисттик партиянын жүр­гүзгөн «күчтүү саясаты» күчтүү өкүм сүрүп турганда «бир болгон окуянын» бардыгына саясий өң-түс, баа берилип, ал баа адам тагдырынын ар кыл чечилишин алдын ала шарттап, андай окуялар адатта жалган патриоттордун чырагына май тамызып, кичинекей нерсени көбүртүп жабыртып, ошону менен Мекенге ак кызмат кылып жаткан болуп көрүнгөн көңдөй адамдардын шарданы жүргөнү да чындык. Бу жолу да кудум ошондой болду.

Эрнесттен «запкы жеген» Джондон мурда эле «арабанын алдына түшүп жүгүрүп алган» орус студент Михаил Мошковцев, Джондун чет элдик студент экенин, Эрнест менен болгон инсиденти ал өз элчисине айтса (Джондун ал тууралуу оюна да келген эмес) анда эле иш чатагына айланып, Эрнест окуудан чыгарылып, ал тургай түрмөгө отурарын саймедреп алдын ала айта баштайт. Ага кошумча жатаканадагы комендант, ректорго телефон чалса, Джон элчисине барса… айтор окуянын ушундай нук алып кетиши алдын ала божомолдонуп, Михаилге экинчи бир Астах деген студент кошулуп, отко майды дүртүлдөтүп куюп олтуруп акыры айткандарындай болуп Эрнестти окуудан чыгарып тынышат. Бул окуяга башкача көз караштан мамиле кылган кыргыз студент Дуулат, Малилик студент Гели Мухамметдер да иштин мындай чечилип кетишине эч тоскоолдук кыла алышпайт, (канчалык аракет кылышса да – Л.Ү.) иштин таптакыр башка экендиктерине көздөрү жетип турушса да, Михаил Мошковцевге окшогондордун саясий баталиясынын алдында алсыз эле. «Холодное оружие» катып жү­рүптүр деген күнөө. Бул күнөөнүн ал кездеги масштабы чоң эле. Ошондуктан Эрнест дагы «Жо – жок, бул өлкөдө менин ордум түрмөдө»  (59-б.) деп бекер айтпайт.

Ошол Совет доорунун күчтүү мезгилинде советтик идеологиянын саксынган, эки жакка көз карандылыгын Д. Казакбаев ошол мезгилдин көзүнө карап, «жалтактап олтурбай» эле, өзүнүн каарманы Эрнесттин сөзү аркылуу минтип тарс эле айтып салып олтурбайбы.

– Сен Джонго бекер эле ачууланып жатасың (Эрнест Астахка айтып жатат). Ал – ак, сүттөн ак. Ал сөзүн али айта элек. Элчисине кеткен турбайбы эртелеп. Анын пикирин укпай туруп эле ректорат мени окуудан чыгарып, ишимди сотко өткөзбөдүбү. «Бейбаштык. Уруксатсыз курал күткөн, адамга мылтык аткан»… Мындайга алдын ала чара көрүшпөсө, ректоратыңдын өзү да жаза тартып калбайбы. Эй, досум, идеология! Балык башынан сасыйт дейт, биздин саясат сасык саясат, чет мамлекеттерге коркок билиш: алардын алдында эмне үчүн бөйпөктөйт? Көзүм жетпейт. Бир күнү аларың боорго тебээр бекенби? (56-б.)

Чыгармадагы подтексиз ачык айтылган жогорудагы жылаңач чындык, албетте, Д.Казакбаевдин жана анын каарманы Эрнесттин тагдырын ташпишке салды. Эрнест «бир болгон окуядан кийин» эч кандай күнөөсү моюнга коюлбастан саясатка жүгүнүп кызмат кылгандар тарабынан алдын ала эле окуудан чыгарылып, түрмөгө багыт алды, ошону менен анын дипломатиялык кызматка даярдыгынын күнү бүтүп, өмүрү өрттөлдү. Ал эми жазуучу Д. Казакбаев да «Бир болгон окуяны» чындыктуу жазганынын азабын тартып, китеби «өтө жашыруун» токтомдун кесепетинен колдонуудан алынып салынды. Анын тозогу авторду кетпес кеселдүү кылды.

«Бир гана өкүнүчтүүсү: Мен ондогон жалындуу жаштык өмүрүмдү саясаттын жана идеологиянын кандуу чеңгелинен элеңдеп коркуп, сактанып өткөрүп жибердим» деген автордун оор үшкүрүгүндө айтылбаган көп нерсе жатпайбы. «Бир болгон окуянын» экинчи басылышын «Өрттөлгөн өмүр» деген аталышын жазуучу атайылап ага терең подтекст берүү менен которуп койгондой. Анда бир гана ак жеринен (Джондун актаганына карабай) күйгөн Эрнесттин, же болгон нерсени жалтайлабай, чындыктын көзүнө тике карап сүрөттөгөн автордун өрттөлген өмүрү эмес, эчендеген муундардын арман күүсү, тарыхый тагдыры камтылганын зирек окуучу илгиртпей баамдайт. Бийлик идеологиясынын өңүтүнөн алып караганда да анын адамдык пози-циясынын бийиктигин, жан-дүйнө­сүнүн тазалыгын, баёолугун чагылдырган чыгармалары жазуучулук чоң жүк көтөрүп тургандыгын туйбай койбойбуз. Д. Казакбаевдин калемин мокотуп, жигерин тизгиндеген жогорудай мезгил анын элине бере турган көп эмгегинен куру жалак калтыргандыгы бүгүн бизге окшогон окурмандарын да кейитип, рух азыгынан кемитип олтурат десек аша чапкандык болбос.

Д.Казакбаев «Автордон» деген баш сөзүндө бир убакта аталган чыгармасынын    жарыяланышына кө­мөк көрсөтүшкөн адабияттын көрүнүктүү өкүлдөрү Т.Абдымомунов, М.Абдраев, Ж.Абдыкадыров, М.Жангазиев, Б. Керимжанова, Ш.Садыбакасов, С. Шимеев, К.Саякбаев, Т.Касымбеков, М.Баялинов, Ж.Садыков, Т.Үмөталиевдерге терең ыраазычылыгын бил- дирип, алардын  айрымдары бул  маселе боюнча убагында жабыр тар­тышып калышканын эскерип, алардан кечирим сурайт. Кечирим суроонун, өзүн өзү моралдык-эстетикалык актоонун бир жолу – бул чыгарманы кайра басып чыгаруу деген чечимге келген экен автор.

“Көрсө, кээ бир көркөм чыгарманын табыгый-тарыхый тагдыры ушундай кирипдерге дуушар болот турбайбы” – дейт Д. Казакбаев, ошондой болсо да китепти кайра бастырып жатып, «окурман өзү сот, өзү калыс баа берет. Чыгармадагы көп ойлор, көп көз караштар бүгүнкү жана эртеңки жашообуздун талабына үндөштүгүн таппай койбойсуң» деп окуучусуна кайрылган экен. Кале-ти жок сөз. «Өрттөлгөн өмүр­дө» жазуучу жараткан көркөм турмуш чындыгынын биздин бүгүнкү күн үчүн да бере турган моралдык-нравалык сабактары арбын экендигин өзүң баамдарсың, автордун конфликт түзүү, каармандардын образдарынын психологиялуу чыгышына кам көрүү сыяктуу чеберчилиги, сезимталдыгы эч кимди кайдыгер калтырбайт.

Автордун «Чыгыштан чыккан Жетиген» аттуу илимий публицистикасында «геожайланышына карабастан дүйнөдөгү көптөгөн философиялык агымдар дил, дин байланыштары боюнча б. з. ч. Байыркы жана Орто кылымдагы Чыгыштын Жети өкүлүнүн: Заратуштранын, Конфуцийдин, Будданын, Мухаммад пайгамбардын, Абу Наср Аль – Фарабинин, Абу Али ибн Синдин, Жусуп Баласагындын көз караштарынан агылып келгени, генесизи ошолордон экени ачык байкалат» деп белгилейт да, Чыгыштан чыккан жогоруда аталган Жети Гендин ар бири тууралуу өтө зарылданып турган мезгилде керектүү маалыматтарды берүү менен алардын дүйнө тааным, философияларынын өз­гөчөлүктөрүн, жалпы адамзаттык маанилерин жеткиликтүү ачууда публицистикалык стилде чоң чеберчиликке жетишкен. Автордун максаты – аталган улуу ойчулдардан, акылмандардын энциклопедиялык окууларын азыркы муун ар тараптан өздөштүрүүгө жетишүүсүнө жардамдашуу, көмөк көрсөтүү. Бул китептин баалуу экендиги, албетте, талашсыз.

“Дайырбектин өзүнө  таандык акыл парасаты-философиясы бар эле. Жасалмалуулук  чыгармаларында да, жашоосунда да жок эле. Сөздүн толук маанисинде – интеллигент болчу. Мен ага дайыма ичимен  ыраазы болуп жүрөр элем”.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны.
Лайли ҮКҮБАЕВА, филология илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргыз туусу», 07.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий