Кытайлык кыргыздар Ала-Тоодо

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун жана Кызыл-Суу аймагынын маданият өкүлдөрүнүн элүүгө чукул чыгармачыл делегациясынын иш-чарасы 27-сентябрда башталган эле. Алгач борбордогу Улуттук тарых музейинде Шиңжаң-Уйгур автоном районунда жашаган 13 улуттун кийимдеринин, музыкалык аспаптарынын көргөзмөсү ачылды. Кыргызстандын эгемендигинин 20 жылдыгына жана кытай-кыргыз дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына арналган бул маданий күндөрдүн алкагында Улутук опера жана балет театрында президент Роза Отунбаеванын катышуусунда өнөрпоздордун чоң программадагы концерти тартууланды. Концерттин жыйынтыгында Кызыл-Суу автономиялык облусунун ыр жана бий ансамбли ардак грамота жана кытайлык кыргыз ырчысы Дүйшөкан Сейит кызы жогорку мамлекеттик сыйлык «Данакер»ордени менен сыйланды. Андан соң касиеттүү Ысык-Көл жээгине, Чолпон-Ата шаарында болушту. 1-октябрда Бишкек гуманитардык университетинде концерт беришти.

Шиңжаң-Уйгур автономиялык районунун саясий кеңешинин төрагасынын орун басары Мамбетасан Токталы мырза өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелерди маданий байланыш аркылу өнүктүрүү, чыңдоо зарылдыгын белгиледи. Элдин данакери болгон «Манас» эпосун аздектеп ыйык тутушаарын жана борбордук Ала-Тоо аянтына Айкөл Манас, Чыңгыз Айтматовдун айкелдерине гүл чамбар коюшуп, маданий иш чараны башташканын айтып, «кыргыз өкмөтү эми элдин мүдөөсүн аткарыптыр» деген баасын берди. Мамбетасан Токталы белгилегендей Жуңгодогу 2010-жылдагы эл каттоо боюнча 189 миң кыргыз бар. Кытай бийлиги майда улуттарга, алардын арасында кыргыздардын билим, маданият тармагына өзгөчө көңүл бурууда. Мисалы, Кызыл-Суу автоном облусунда атайын көркөм өнөр үйрөмөсү бар. Андан тышкары ар кайсы райондордо, ар бир айылда китепканалар бар. Ошондой эле 1-класстан 10-класска чейин кыргыз тилинде окуу китептерди чыгарып, алар акысыз таратылып берилген. «Жамандык, жакшылык күндөрдө бири-бирибизге жардам берип жашайлы. Мындан аркы ынтымагыбыз учурдагыдан дагы жакшы болот деп ишенем. Эки элдин достугу чыңдалышына чын ниетимден үмүт кылам»-деп сөзүн жыйынтыктады.

Ооба, алар маданияттын өнүгүшүнө алгылыктуу карашаары концерттин жүрүшүндө айгинеленип турду. Чимирилип бийлеген кыздар-балдары, обондуу ырлары жана «Манас» эпосунан үзүндүнү өзгөчө форматта комуздун, кыл-кыяк, чопо-чоордун коштоосунда сахнага алып чыгышты. Аларда кытай, уйгур, кыргыз маданияты жуурулушуп турганына ынанып турдук.

Ыбрай Турганаалы, Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун ыр, бий ансамблинин жетекчиси, мамлекеттик экинчи даражадагы композитор:
«Силерде уруу-урууга бөлүнүү күч экен, бул абдан кейиштүү көрүнүш»
— Ыбырай ага, Сиздер жакта жашоо-тиричилик кандай деңгээлде?

— Биздин жашообуз жакшы. Баардыгы эле кыйын болсо керек ал жакта деп ойлошот. Андай учур илгери болгон ата-бабаларыбыз жашаган учурда. Азыркы учурда кытай элинде бир жакшы жери ынтымакта жашайбыз. Бөлүнмөй, уруучулдук деген жок. Өнүгүүбүз да зор. Өкмөтүбүз дыйкан жана малчыларга 80 кв. метр жерге үй короо -жайы менен салып берип жатат. Ошондой эле айлык акы да берип турат. Учурда малчы, дыйкандардын жашоосу эң жакшы.

— Канчанчы жолу келип жатасыздар?
— Биз быйылкы жыл менен бешинчи жолу келип жатабыз. Мындан кийин да келип турабыз.

— Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөрдү байкай алдыңыз?
— Мындан бир жыл мурда келгенде башкача эле. Аябай деле өзгөрүп кетиптир деп айта албайм. Бирок, мына Манас атанын жана Чыңгыз Айтматовдун айкелдери тургузулуптур. Мындан кийинки келишибизде дагы бир ганча өзгөрүүлөр болот деген үмүттөмүн.

— Ансамблиңиздер качан түзүлгөн, кандай жетишкендиктер болду?
— Ансамбль 1956-жылы түзүлгөн. 50 жылдан ашык убакыттан бери көптөгөн жолду басып өттүк. Ансамблдин курамында 80ден ашык артист иштейт. Маданиятыбыз жогорку деңгээлде өнүккөн десем болот. Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу областы бир канча мамлекеттик сыйлыктарды алганбыз. Кыргыз мамлекетине келип да сыйлык алдык. Буга башыбыз көккө жете кубандык. Мына ушундай деңгээлге жетип жатканыбызга «Манас» эпосунун, Манас атанын арбагынын колдоосу чоң. Манас эпосу- маданиятыбыздын туу чокусу. Манас айтуу өнөрү менен биз дүйнөлүк деңгээлге чыгабыз деген ойдобуз.

— Канча улут жашайт, уруу-урууга бөлүнүү деген барбы?
— Бизде 56 улут жашайт. Ал эми уруулар бар бугу, сарыбагыш жана башка ушул сыяктуу. Бирок, биз урууларга анча көңүл бурбайбыз. Элибизге ынтымак, ырыс берсин деп жашап келебиз. Айта кетчү нерсе сиздерде уруу-урууга бөлүнүү деген катуу деңгээлде болот экен. Бул абдан кейиштүү көрүнүш деп айтаар элем.

— Кыргыз журтчулугуна каалоо-тилегиңиз.
— Кыргыз калкы касиети күчтүү Манас эпосу менен дүйнөгө таанылган. Манас эпосун туу тутуп, ынтымакта, бейкуттукта жашай бериңиздер. Тынчтык болсун, эли-журтуңуздар менен эч капачылык көрбөй өмүр өткөрө бериңиздер. Алдыдагы президенттик шайлоону ийгиликтүү ишке ашырып алыңыздар. Сиздер дайым биздин жүрөгүбүздөсүздөр.

Гүлзат САДЫРБЕК кызы, «Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 06.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий