Айтурган Темирова: «Чыгармачылык токтобосо, Болот экөөбүздүн турмушубуз улана бермек беле…»

Айтурган Темирова… Көз алдыңа дароо «Ысык-Көлдүн кызгалдактыры» «Ак Кеме», «Бөрү зындан» кинолорундагы каш-кирпиги төгүлгөн ак куудай сулуу кыргыз кызы тартылат. Бүгүн ошол кара көз сулуунун, далай жүрөктөн орун алган ошондогу жапжаш Айтурган Темированын азыркы тагдырын билүүнү көксөп, качан келээрин акмалап жүрүп, таланттуу актрисанын үйүнөн жолуктук. Бизге окшоп күткөн көрөрман канча! Кана эми, баягыдай залкар кинолор тартылып, залга эл батпай турса. Эртеңден үмүт үзбөйлү. Анда ошол жакшы күнгө чейин актрисанын өзү менен маектеше туралы.

— Туулган жерге куш келипсиз, Айтурган эже! Туулган жер көп нерсени эске түшүрөт болуш керек: балалыкты, жаштыкты, алгачкы сүйүүнү дегендей. Чогуу эстебейлиби?
— Албетте, менин тамырым туулган жерде. Дүйнөнүн кайсы бурчуна кетпейин, жарымым ушул кичинекей, жаратылышы ажайып, эли меймандос, баёо, суулары тунук Ата Мекенимде калат. Мен бала кезде чынын айтсам актриса болом деп үч уктасам түшүмө кирген эмес, балалык кыялымда балерина болгум келчү. Мектепте окуп жүргөндө атайын бий ийримине барчумун. Менин ата-энем менин бийчи болоорума каршы болушчу, анткени ал кезде бийчи, ырчы деген биздин менталитетке туура келбеген кесиптер болуп эсептелчү. Бир жолу опера театрында концерт болуп, мен биринчи жолу «Кичинекей ак куулардын бийи» операсында бийлеп калдым. Концертке чоң энем менен таенем келди. Концерттин башталышында индия бийин, андан кийин «Кичинекей ак куулардын бийин» бийлеп чыктым. Алгачкы бийди ыраазы болуп эле көрүп отурган байбичелер операда чыкканымда: «Кокуй, жыйыштыр бийиңди! Кыз баланын жылаңайлак, жарым жылаңач болуп буттарын тайтаңдатканы эмне шумдук?!» деп чалкасынан кетишсе! Ошону менен бий ийримине жибербей коюшту. Балетмейстер атайын ата-энеме келип, «кызыңардын тубаса таланты бар, абдан ийилчээк, мындан улуу балерина чыгышы мүмкүн» деп канча суранса да жибербей коюшту. Апам «политехникалык окуу жайга окуп инженер болосуң» деп тилек кылчу. Күтүлбөгөн жерден «Ысык-Көлдүн кызгалдактарына» тартылып калдым. Киного кабыл алынып, анан съёмкага Алтайга жөнөй турган болгондо ата-энем дагы каршы чыгышты. Атам аскер адамы, апам мугалим болчу. Алардан уруксат алмакка экинчи режиссёр — москвалык аял келди. Бойлуу, абдан боёнгон еврей аялды көргөн ата-энем таптакыр эле макул болбой коюшту. Айлалары кеткенде кинонун башкы редактору Ашым Жакыпбеков байке келди. Ал киши атам менен теңтуш болчу. Ашым байке шашпай чай үстүндө баарын түшүндүрүп, атамды кепке келтирип, менин жоопкерчилигимди өз мойнуна алып макулдатты. Ошентип, алгачкы ролум Каличаны жараттым.

— Кантсе да алгачкы роль, бейтааныш кесип, жат адамдар. Роль ойноо кыйын болгон жокпу?
— Каличанын ролун «бирөөнүн ролун ойноп жатам» деп өгөйлөбөй, мен ушул кесип үчүн төрөлгөндөй тез кабылдадым. Мектепте, үйдө, айтор, бассам-турсам эле кимдир-бирөөнү тууроо, ырдап-бийлөө мага аябай жакчу. Менимче, актриса болуу үчүн окуудан мурун Кудай берген талант зарыл. Эгер талант болбосо, эч кандай окуу жай мыкты артистти даярдай албайт. Мага ыйлоо, анан атка минүү кыйын болчу. Ыйлай албай кыйналганда урушуп коркутушчу, мен болсо ызаланганымдан ыйлайм, алар жанталашып тартат. Жамаат мени кичинекей кыздай этиеттеп, эркелетип турушчу. Дагы бир учур, орусчадан аябай кыйналып, мен үчүн сценарийди кыргызча которушкан. Кийин Шамшиев «Айтурганга эч кимиң кыргызча сүйлөбөгүлө, орусча үйрөнсүн» деп катуу тыюу салып, ошондой зарылдыктан орусчаны тез эле үйрөнүп кеттим.

— Сиздин турмушка эрте чыкканыңызды билебиз. Бүтүндөй жамаат кичинекей деп эсептеген секелек Айтурган кантип тез эле бир бүлөнүн кожойкеси болуп калды?
— Ата-энем кызматына байланыштуу бир жерде туруктуу жашабай көчүп жүргөн үчүн, менин балалыгым таенемдин колунда өтүп, дээрлик таенемдин колунда тарбияландым. Ал киши абдан ак сөөк аял болчу. Анын карамагынан капыстан эле чыгып, жат жерге барганда өзүмө жөлөк, коргоочу издедим окшойт. Мен издеген андай адам менин режиссёрум Болот Шамшиев болуп калды. Бир топ улуу, менин оюмду айттырбай билген бул акылдуу адам менин али аруу, кир кол тийе элек наристе көңүлүмдү тез эле багынтып алды. Биз качан тасмага түшүрүүчү топко үйлөнөөрүбүздү жарыялаганда гримдөөчү орус аял «Айтурган, сен деги Болотту сүйөсүңбү?» деп сурады эле, «билбейм, иши кылып күйөөгө чыгышым керек болуп жатат» деп чынымды айттым. Ата-энем Болотко турмушка чыгуума караманча каршы болушту. Ошондо мага бул ызы-чуунун аягы бүтпөчүдөй сезилип коркконум эсимде. Биздин кичинекей союзду түзүүгө колдоо сурап даанышман таенемдин алдына бардык. Мына ошол кишинин чечими, батасы менен биз баш коштук. Мен Болотко баш кошконума эч качан өкүнбөймүн. Эгерде Болот Шамшиев болбосо, актриса катары талантым ачылбай, мендей актрисанын барлыгын тарых билбей калмак. Биздин ортодо татынакай, акылдуу балдарыбыз бар.

— Балдар демекчи, кызыңызды ымыркай кезинде Шамшиев өзү «Ак кемеге» тарткан деп жүрүшөт.
— Ой, аны азыр эстесем да коркуп кетем. Семёнов капчыгайынын ичинде абдан муздак көл бар. Ошол көлдү тазалап, киного тартып жатышкан. Бугунун бешикти алып чыккан жерин тартуу үчүн жыйырмадай аялды баласы менен алып келишсе, эч кимиси баласын бербей койду. Мен алты айлык кызымды эми эле эмизип, түштөнүүгө барганы камынып жаткам. Болот мага «Айтурган, сен барып мага кезек алып тур, артыңан барам» дегенде эле гример аял «кел, кызың ыйлап калат, мен кармап турайын» деди. Аралыгы бир топ бар. Кезекте турсам эле кызым аябай ыйлап жатат. Үнүн дароо тааныдым да, кезекти таштап чуркадым. Келсем кызым тээ көлдүн ортосундагы бешиктин ичинде ыйлап, мен «Болот, бул эмнеңер, кызымды бергиле» деп ыйлап, жулунуп жатам. Болот болсо «эч ким макул болбосо эмне кылайын, искусство курмандыкты талап кылат» деп коёт. Кызымды колума бергенге чейинки аралык мага кылымга созулуп кеткенсиди. Бир кезде кызымды алып келишти, ошондо да мени жакындата койбой ыйлаган кызымдын жанына бугуну тургузуп коюп, тияк-биягынан тартып жатышат. Ошол түнү кызымдын дене табы 39-40 градуска чыгып, Ананьеводогу балдар ооруканасына түнү менен алып кеттик. Эки өпкөсүнө тең катуу суук тийиптир.

Кийин балдар чоңойгондо экөө тең сабактарын мага текшерткенди жакшы көрүшчү. Анткени Болот режиссёр катары жаттаган ырын, адабий чыгармаларды ролго кирип айтып берүүлөрүн талап кылчу. Кечинде төртөөбүз чогулуп чайга отурган кез бизге абдан жакчу. Кимибизде күн бою эмне болгонун талкуулап, бири-бирибизге жаңылыгыбызды айтып түгөтө албай талашып-тартышып, каткырып күлүп түн бир оокумга чейин отура берчүбүз. Азыр ошол учурларды тез-тез эстей берем.

— Ушундай бактылуу үй-бүлө эмнеден улам туш-тушка тарап кетти? Балким, Болот байкенин кинону баарынан жогору коюп, кызынын ден соолугун тобокелге салганга чейин баруусу түрткү болгон чыгаар?
— Бизди таптакыр башка себептер ажыратты. Болот ата катары, күйөө катары идеалдуу эле десем да болот. Биздин ажырашуубуз, бизди билген көрөмандар үчүн трагедия катары сезилген чыгаар, алар бизди түшүнбөөсү мүмкүн, бирок искусствону билген адамдар бизди түшүнөт деген ойдомун. Бул жерде менин да, Болоттун да күнөөсү жок, бул турмуш. Болот менден таланттуу актрисаны көрчү, мени менен иштөө, мени киного тартуу ага абдан кызыктуу болсо, мага болсо анын киного тартканы, сценарийди жазып, анын үстүндө чогуу иштөө кызык болчу. Бардык жагынан жардам берчүмүн. Кыскасы, биз бири-бирибизди толуктап турчубуз, бири-бирибизге керек элек. Качан киного акча бөлүнбөй, биздин өкмөткө керегибиз жок болгон кайра куруу заманы келгенде, жашоо нугу бизди карайлатып, жолубуздан адашып калдык. Болот «Салам-Алик» кино студиясын ачып, бизнес менен алектене баштады. Мунун баары мага, мага эле эмес Болоттун өзүнө жат жумуш болчу. Искусствонун адамдары үчүн бизнес менен алектенүү — чирип бараткан алманы сактап калууга кылган куру аракеттей эле жумуш. Адам өзүнүн жумушу менен алектенбеген кезде жоголо баштайт. Качан Болот бизнес менен алектене баштаганда менин жардамымдын кереги жок болуп, үйдө эле балдар менен отуруп калдым. Ушундай система бизди ажыратты. Эгерде чыгармачылык уланып турса, биздин турмуш да уланмак беле, ким билет. Азыр кино тартып жатышкан жок, кино тартып ойноп жатышат. Кайда баягы кыргыздын атын дүйнөгө дүңгүрөткөн кинолор?! Азыр эптеп эле акча табуу, көз боёмолоо. Кана эми, азыр деле Шамшиевди пайдаланып кино тарттырып калышса. Бул адам кайра жаралбайт.

— Эже, «Сагынганда бир келээрсиң, Ала-Тоону көргөнү» деген ырды укканда тагдыр маңдайына алыстан күйөө жазган кыргыз сулуулары эске келет. Кантип чет жерге турмушка чыгып кеттиңиз?
— Бул да Кудайдын буйругу болуу керек. Менде турмушка чыгуу оюмда да жок болчу. Неберелүү болуп, кызымдын окуусун үзгүлтүккө учуратпас үчүн баласын мен бакмай болдум. Неберелүү болуу өзгөчө сезим коштогон керемет нерсе экен. Неберемди багам деп баарын таштадым. Кечке аны менен алекмин, киного тартылгандан, теле-радиого, гезиттерге интервью бергенден баш тарттым, тойлорго таптакыр барбай калдым. Уулум Чыңгыз ал кезде Францияда окуп, ага беш миң доллар акча керек болуп калды. Менде кайдагы андай акча, Болот да кыйналып жүргөн. Анан квартираны ижарага берүүнү чечтим. Ошондо квартираны Майкл деген чет жердик киши жалдап, бир жылга алдын ала акча төлөдү. Анан алар менен тааныш болуп, ой бөлүшүп калчу болдук. Майкл бир жылдан кийин кетээрде кошотошуу чайга чакырып, ошол жерде Паул менен таанышып калдым. Көпкө чейин кадимки тааныштардай сүйлөшүп жүрдүк. Бир күнү эле кымбат ресторанга чакырат. Ал жерде жалаң чет жердиктер тамактанаарын билчүмүн. Баргандан корктум, «келиңиз, андан көрө үйдүн жанындагы эле кафеден жолугалы» дедим да, ошондо да ишенбей сиңдимди ээрчитип алдым. Азыр «сен биздин биринчи жолугушууга кичинекей кыздай болуп сиңдиңди ээрчитип келгенсиң» деп күлүп калат. Анын да эки баласы бар экен, биринчи аялы менен ажырашып кетишиптир. Бизди тагдырыбыздын окшоштугу тил табыштырды окшойт, бара-бара мамилебиз тереңдеп отуруп, баш кошууга жетти.

— Сизге кантип сунуш жасады?
— Бир топ тааныш болуп калгандан кийин ал мага үйлөнүүнү сунуш кылды эле, мен: «Паул бизде кыздын макулдугунан мурун ата-энеден ыраазылык сурайт. Албетте, менин ата-энем жок, бирок бой жеткен балдарым бар. Эгер ошолор ыраазы болсо, мен макулмун» дедим. Паул ошол эле күнү кечинде келмек болду. Мен балдарыма айта албай уялып жатып араң айттым. Кечинде Паул келди, үчөө отуруп алып Паул орусча билсе деле англисче чулдурап сүйлөшүп жатышат, мен болсо түшүнбөйм, ашканадан улам тыңшап коём. Жарым сааттай чулдурашты. Бир кезде кызым чыгып, «бүттү, мама, биз макулбуз, куттуктайбыз. Бактылуу болгула» деди. Олуттуу болуп, «ии, макул» деп коём, а ичимден балдарымдын алдында аябай ыңгайсызданып, уялып жатам. Паул болсо «Айка, эмне турасың? Бол, чемоданыңды жыйна, кеттик» деп коёт. Анан кеттик. Ошентип баш коштук. Алгач жат жерде кыйын эле болду. Кээде баарын жыйыштырып салып басып кетким келген күндөр болду. Андайда «Айтурган, сен деген роль ойноп жатам деп элестет» деп өзүмдү алдачумун. Бара-бара көнүп кеттим. Эсимде калганы, Чехияда баары спорттук кийим менен жүрүшөт экен. Алгач барганда алар мени, мен аларды таң кала карап, Паулдан «эмне, силерде баары спорт менен алектенеби?» деп сураганым эсимде. Көрсө, алардын көнүмүш кийими ошондой экен, бара-бара мен да көндүм.

— Сиз ал жактан эмнени үйрөндүңүз?
— Биринчиден, албетте тилди үйрөндүм. Менин чүнчүп жүргөнүмдү Паул түшүндү окшойт, курска барууну сунуш кылды. Курсташтарым менин актриса экенимди, жашымды, таене экенимди үч айдан кийин бүтүрүү экзаменинде жазган дил баяндан улам билишип, аябай таң калышты. Алгач мугалимдер ишенбей интернеттен карап, анан ишенип жатышпайбы.

— Жолдошуңуз сиздин актриса экениңизди билди беле?
— Жок, ал мени аял катары сүйгөн, кийин билгенде абдан таң калган. Азыр, албетте сыймыктанат.

— Кыргызстанга биротоло келгиңиз келеби?
— Албетте, туулган жер өзүнө тартат да турат. Кээде жолдошум «картайганда мени таштап кетесиң го» деп кейип калат. Мен андайда, «картайбаган эмнем калды, таштаган жокмун го. Күч-кубатым барда Кыргызстанга бара берем, алым жетпей калганда анан бара албай калам го. Бирок сөөгүм бул жерде калбайт. Сөөгүмдү сенден сурабай эле алып кетет» деп калам. Чын эле сөөгүм ал жакта калбайт, мен аны так билем.

Айжаркын Эргешова, “Леди.KG” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 11.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Айтурган Темирова: «Чыгармачылык токтобосо, Болот экөөбүздүн турмушубуз улана бермек беле…»: 1 комментарий

  • 14.01.2015 в 17:45
    Permalink

    азаматсын накта кыргыздын кызы экенсиз!

    Ответ

Добавить комментарий