Батма түзгөн Бакыяндагы музей

Жаш муундарды окутуп-тарбиялоо ишинде талыкпай эмгектенип келатышкан мугалимдердин эмгеги зор. Бүткүл өмүрүн, мээнеттүү түйшүгүн билим берүүгө арнап, бактысын балдардан тапкан эмгекчил мугалимдер бизде миңдеп саналат. Алар окуучулардын кулк-мүнөзүнө, кабыл алуусуна жана жаш өзгөчөлүгүнө жараша ар түрдүү көрсөтмө куралдарды пайдалануу менен, сабакты кызыктуу өткөрүп, балдардын кыял чабытын арттырышат. Мына ушундай мээнеткеч мугалимдердин бири Батма Байымбетова. Ал Талас облусунун Карабуура районундагы Эшеналы уулу Сейитбек атындагы мектепте тарых сабагынын мугалими болуп көп жылдардан бери эмгектенүү менен бирге балдар үчүн эң сонун тарыхый-улуттук мураскана (музей) түзгөн. Төмөндө Батма менен болгон маекти окурмандардын назарына сунуштайбыз.

– Батма, мектептеги музей качан ачылган жана бул идея сага кандайча келгенин айтып берсең?
– Музей ачуу идеясы менде студент кезимде пайда болгон. Анда Союз мезгили эле. 1981-жылы бизди Москва, Ленинград шаарларынын музейлерине алып барышкан болчу. Ошондо дүйнөлүк этнографиялык музейге кирип, орустун жөпжөнөкөй кайырмагы илинип турганын көрдүм. Музей уюштурсам деген идея Эрмитаждан пайда болуп, Кудай буюрса, окуумду аяктагандан кийин тарыхый-улуттук мураскана түзөм деген ой менин жүрөгүмдө калган.

Ошентип дипломумду колума алгандан кийин Бакай-Ата районундагы Кыргызстан орто мектебинде эки жыл эмгектенип, тарых кабинетин түзүп, элүүдөй экспонат чогулттум. Анан турмуш шартка байланыштуу Бакыян айылындагы Эшеналы уулу Сейитбек атындагы мектепке которулуп, ушул күнгө чейин аталган мектепте иштеп келатам. Мектептеги тарыхый-улуттук мураскана 1990-жылы ачылган.

– Улуттук мурасканаңда канча экспонат бар жана алар эмнелер?
– Баш-аягы 1000ге жакын экспонат жана ички жасалгалары менен көчмөнчүлүккө шартталган улуттук төрт канат боз үй мурасканада жайгаштырылган. Мурасканада байыркы кыргыз элинин маданиятын, кол өнөрчүлүгүн чагылдырган буюмдар бар. Маселен, териден жасалган чанач, көөкөр, көөрүк, сабаа; жыгачтан соку-сокбилек, күү бишкеги менен; арчадан жасалган үкөк, кесе, табак, чара, кашык ж. б. Ал эми жез буюм­дарынан: ар кандай формадагы чайнектер, самоорлор, кумган, кеселер, ошондой эле карапа идиштери орун алган. Мындан тышкары нумизматикалык бурч, ошондой эле  аялзатына тиешелүү бурчта күмүштөн шөкөттөлүп жасалган чач учтуктар, сөйкөлөр, билерик, шакек, топчулар, оймоктор, ошондой эле күмүш ийиктер коюлган.

– Таштан жасалган  буюмдардан эмнелер бар?
– Таш буюмдарынан: шаардын сүрөтү чегилген таштар, Орхон-Енисей жазуу эстеликтери, тогуз коргоол таштары, жаргылчак, бүлөө таштары, темин таш, ок таш, Аккуланын туягы жана башкалар. Ал эми мектептин кире беришинде салмагы 1,5 тоннадан кем эмес тегирмен ташы, “Манас­тын батеги” деп аталган 5 таш турат. Дагы бир бурчубуз ушул айылдан чыккан подполковник, “кыргыздын Островскийи” аталган калемгер Кененсары Сапарбаевге арналган.

– Батма, ушунча экспонатты кайдан таптың? Аларды чогултуу оңойго турбаса керек?
– Ушул улуттук буюмдарды чогултууда эмне гана кыйынчылыктарды башыман кечирбедим дейсиз. Мен кечпеген кечүү, мен баспаган тоо, мен жүрбөгөн жол калган жок десем жаңылышпайм. Бир гана экспонатты табуунун тарыхын айтайын. Карасуу айылынын суу жээгинде жаткан тегирмен таштын салмагы 1,5 тонна экен. Ал мезгилде колхоз учуру болчу. Колхоздун башкармасы Исмаилбек Чакиевге барып, кран, трактор, машина сурап, анан ошол тегирмен ташты казып, 1-сентябрда жылаңайлак суу кечип, мектепке алып келгем. Ошентип өпкөмө катуу суук тийип, Боотерек ооруканасында бир ай дарылангам. Ушул сыяктуу кыйынчылыктар ар бир буюмду табууда мени коштоп жүргөн. Ошол кездерде “Батма мынча ирик-чириктерди эмне кылат? Батмадан талаадагы таш калбайт, иттин ит аягы да калбайт” деген сөздөр мага багытталып, айрым түшүнбөгөндөр тарабынан көп айтылчу. Итке да талангам, жөө-жалаңдап кыдырган күндөрүм арбын болгон. Ошондой кыйынчылыкты баштан кечирсем да жүрөктөгү ой-максатымды иш жүзүнө ашырганыма өзүмдү  чексиз бактылуу сезем.

– Сенин бул эмгегиң чыныгы мээнет экени көрүнүп турат. Келечек муундар үчүн зор күч жумшап, табылгыс мураскана жаратыпсың. Ал эми сабакты кандай мүнөздө, кайсы ыкмаларды пайдалануу менен өтөсүң?
– Мен келечек муундар үчүн эң сонун жемиш жыйнапмын. Азыр биздин мектепте тарых сабактары музей менен башталып, музей менен бүтөт. Түйшүгү түмөн эмгектин акыбетин, мөмөсүн окуучуларга сабак өткөн кездеримде сезем. Бул учурда башыман өткөн түйшүгүм түккө арзыбай, сыймыктануу менен өтөм. Окуучуларды боз үйдүн ичине уй мүйүз тарта отургузуп алып сабак өткөн өзүмө аябай жагат. Миң жолу айткандан бир жолу көргөн артык деп, унутулуп бараткан буюмдарды көргөндө балдар да абдан кызыгып, кубануу менен кабыл алышат.

– Музейди түзүүдө сага кандай жардамдар болду?
– Мураскана мектептин экинчи кабатында жайгашкан, бөлмө­нүн узундугу 12,5, ал эми туурасы 4 метр. АРИС программасы буга чоң көмөк көрсөтүп, долбоор жазып, 68000 сомдук грант утуп алышкан. Мына ушул долбоордун негизинде музейдин ичи талапка ылайык жасалгаланган.

– Батма, элдер сенин дагы бир музей түзгөнүңдү айтышат. Ошол жөнүндө да кыскача айта кетсең?
– Мен негизи эки музей түздүм. Экинчи музейим ушул райондун Бейшеке айылында. Өзүңүздөргө белгилүү акын Сатин Абдыкеримова Бейшекеде туулуп-өскөн. Ушул эженин чыгармачылыгына кызыгып, изилдеп, анан 1995-жылы айылдын мектебинде Сатин Абдыкеримованын этнографиялык-тарыхый музейин уюштургам. Анда эженин чыгармалары, пайдаланган буюмдары, элибиздин көркөм дөөлөттөрү – туш кийиз, шырдак, саймалары жана башка кооз жасалгалары коюлган.

– Элдин көз алдындагы адамга элден ар кандай мүнөздөмө болот эмеспи. Сени “Батманын бою бир карыш, ою миң карыш. Ал басып келатса жер солкулдап турат. Ал эми анын үнү угулганда огороддогу чымчыктар да уча качышат” – дешкендерин угуп калабыз. Дегеле, дагы кандай өнөрлөрүң бар экени кызыктырат.
– Туура айтасыз, мен өзүм кара жумуштун майын чыгарам. Ошондой эле үн созуп ырдайм, жамактап кошом. Андан тышкары жазмакерлик өнөрүмдү көптөр билишет. Өзүмдү журналист катары да таптап келем. Ал эми бакчада иштөө мен үчүн ырахат. Өстүргөн жашылча-жемиштерим мени билген бардык адамдардын купулуна толот десем жаңылышпайм.

– Ушунча өнөр-касиетке эгедер кыздын сыйлыктары бар болду бекен?
– Эл агартуунун отличнигимин. Мындан тышкары облусубузда 2008, 2010-жылдарда номинация боюнча жылдын мыкты инсаны болгом.

– Мугалимдерге  кандай каалоо-тилектериң бар?
– Жаш муундарды тарбиялап өстүрүүдө жалпы кесиптештериме чың ден соолук, түйшүктүү иштеринде ийгиликтердин көп болушун каалайм. Алтын билим өнөр­дүн «сүтүн» окуучуларына берип, күчүн аябастан окутуп-тарбиялап жатышкан мугалимдерди өткөн кесиптик майрамы менен куттуктайм.

Айша АЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”, 11.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий