Эски кыргызчада сүйлөгөн Ван кыргыздары

САЛТ-САНААСЫН УНУТУП БАРАТЫШКАН ООГАНДЫК УЛУТТАШТАР
Алакандай кыргыз эли кылымдардан бери башынан түркүн тарыхый мезгилдерди өткөрүп, алардын кесепетинен убагында Ала-Тоодон туш тарапты көздөй тарап да кетишкен. Бүгүнкү күндө  биздин улутташтарыбыз Кытай, Ооган сыяктуу бир топ өлкөлөрдү байырлап келишет. Мекендештерибиз жердеп калган өлкөлөрүндө ар кандай шартта турмуш кечиришет. Алардын ичинен эң оор шартта Оогандык кыргыздар жашашат. Ооган кыргыздары сабатсыз, техника дегенди билишпейт. Азырга чейин боз үйдө очок жагып жашашат. Көпчүлүгүнүн паспорттору жок. Кыйын шарттардан улам 50-60 жашка чыкпай каза болушат, анткени медициналык жардам алышпайт. Аял, эркек ортосундагы сандык катыш тең келбегендиктен  эркектеринин көбү үйлөнбөй калышат. 12, 13 жашында турмушка чыккан кыздар төрөттөн каза болушат. Ал эми мургаптык кыргыздар айлап-жылдап электр жарыгысыз олтурушат. Билим алуу маселесинде да көйгөй көп. Кыргыздар үчүн кыргыз тилинде китептер да жок. Анткен менен  азырынча биздин миграция жана билим берүү министрликтери бул маселелерге тийиштүү деңгээлде көңүл бура элек. Жок дегенде мекендештерибизге кыргыз тилин окутуп туруу жагын колго алсак болмок. Анткени аларда тил маселеси өтө эле оор.

ВАН КЫРГЫЗДАРЫ
Бүгүнкү күндө Түркияны жердеген кыргыздар  Ван кыргыздары деп аталып келет. Алар түрк жерине Тажикстандын Мургап районунан орус баскынчыларынан качып, Ооганстанга, андан Пакистанга өтүп, Рахманкул хандын  башчылыгы астында  1982-жылы Истамбулга ооп барган. Түрк Өкмөтү аларга Ван облусунан  атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, оңоп,  Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Андагы  кыргыздардын саны  5000ге жетет.

Ван кыргыздары турган аймак тоолуу район. Ошондуктан, алар  мал чарбачылык, дыйканчылык менен алектенишет. Мырзалардын кээ бирлери аскердик кызматтарда иштешет.

Вандык кыргыздар Ооганстандан ооп баргандыктан каада-салттары оогандык кыргыздарга окшош. Кийим-кечек кийүү маданияты да оогандык кыргыздардыкындай. Ал эми улуттук оюндары, тамак-ашы бизден  айырмаланбайт. Кадимкидей кой союлуп, шорпо  куюлуп, боорсок жасап, конок күтүү аларда да  сакталып калган. Ат чабыш, улак тартыш, эңишке чыгуу, ат оюндарын кудум эле биздегидей ойношот.

Вандык кыргыздарды бизден айырмалап турган нерсе – кыргыз тили. Түркияны жердеп жашаган кыргыздардын көпчүлүгү азыр кыргыз тилин унутуп баратышат.  Улуу мууну гана кыргыз тилинде сүйлөбөсө, жаштардын баары мектепте түрк тилинде окуп, бири-бири менен түрк тилинде пикир алышат. Вандык кыргыздарда улуттук музыканы билген өнөрпоздор жокко эсе. Түркиялык кыргыздар комуз дегенди унутуп калгандыгын айтып өкүнүшөт. Түркия мамлекети болсо, Кыргызстандан мугалимдердин келип, вандык кыргыздарга кыргыз тилинде сабак беришине каршы эмес. Керек болсо, каржылап беребиз дешет. Бирок, алардын өздөрү кыргыз тилин үйрөнүүгө анчейин дилгирлене беришпейт. Анткен менен улуу муундагы мекендештерибиздин оозунан кыргыз тилинде колдонулбай калган айрым сөздөрдү угууга болот. Алсак, вандыктар адамдын дене мүчөлөрүн толугу менен өз аттары менен аташып, жада калса мурун астындагы вертикалдуу сызыктын да аталышын билишет. Кыргыздар мурун астындагы сызыкты “уруй” деп аташчу экен. Бул сөздү бир гана вандык кыргыздардан угууга болот.

КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАР
Ал эми Кытайды жердеп жүргөн 170 миңден ашык кытайлык кыргыздардын кыргыз тилине жасаган мамилеси вандыктарга караганда жакшы. Алар кытайды кылымдардан бери жердеп, өмүр бою ошол жерде жашаса да, кыргыз тилин унутушкан эмес. Кытайда кыргыз тилин билбеген кыргызга кыргызча  сөздүк берилет. Адистер кыргыз тилинин сакталып келе жаткандыгы мына ушундан деп айтышат. Аларда айрыкча  кесиптик сөздүктөр менен иштөө жолго коюлган. Антпесе кытайлык кыргыздар ар кошкон эл. Уйгур, кытайлар менен аралашып жашашат. Тилдин, дилдин өзгөрүп кетиши эч кеп эмес. Андыктан,  бир кыргызча сөздү жалпылаштырыш үчүн кеминде жыйырма жылдай убакыт кетет. Ошентсе да, алар тил үйрөнүүдө дилгирлигин көрсөтүп келишет. Кытайлык кыргыздар бизде колдонулбай калган эскирген сөздөрдү көп колдонушат жана котормо жагынан мыктылыгын көргөзүп келишет.  Кыргыз тилине кытай тилинин таасири күчтүү, ошондуктан, алар муундарга басым коюп, үндү бийик көтөрүп сүйлөөгө үйрөнүшкөн.

ООГАН КЫРГЫЗДАРЫ
Ооганстанда биздин мекендештерибиз  V кылымдан бери жашап келе жатышат.  Муну тастыктаган таш жазуулар жана тарыхый маалыматтар аябай эле көп табылган. Оогандык кыргыздар – саны 3500 дөн ашып калган жергиликтүү кадимки кыргыз тилинде сүйлөгөн кыргыздар. Бизди кубандырганы алар Ооганстанда биздин Жалал-Абад, Ош облусунун территориясына барабар жерди ээлеп жатышат.

Мал чарбачылык менен алектенген  оогандык кыргыздар кой, ат, төө, топоз багышат. Бирок, салт-санаасы мезгил өткөн сайын оогандыктардыкына ооп баратат. Бул аймакта жашашкан мекендештерибиздин көбү кыргыз тилин убакыт өткөн сайын унутуп баратышат. Аларга коңшу жашаган элдердин таасири күчтөй. Айрым сөздөр такыр эле унутулуп калган. Сүйлөө маданияты да башкача.  Кыргыз тилин үйрөнүү сыяктуу маселелер ордуна коюлган эмес. Жашоо образын да оогандыктардыкындай.

ТАЖИКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР
Тажикстандык кыргыздардын көбү  негизинен тейит, найман, кесек урууларынан болушат.  Ал эми башка уруулар Алайдан кийинчерээк ооп баргандар. Андыктан тажикстандык кыргыздар кыргыз тилин сактап калуу жагынан да башкалардан айырмаланып турушат. Алар тилди атайын салынган 14 кыргыз мектепте окуп үйрөнүшөт. Анда жалаң кыргыз мугалимдери иштешет. Кыскасы, тажикстандык кыргыздарга кыргыз тилин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Бир гана жери мамлекеттик кызматтарда иштеген кыргыздардан тажик тилин билүү, тажик тилинде гана сүйлөө талабы коюлган.

Мургаптык кыргыздарды Сарыкол кыргыздары деп да атап жүрөбүз. Сарыкол  өрөөнү Ооганстандын, Тажикстандын, Кытайдын территориясында созулуп жатат. 1892-жылы орус падышачылыгы, Кытай империясы жана Англия биригип Сарыколду үчкө бөлүшкөн. Ошондо Сарыкол өрөөнүндө жашаган кыргыздар  оогандык, тажикстандык, россиялык, кытайлык болуп бөлүнө баштаган. Мына ошол убактан баштап, кыргыз тилинин бирдей калыпта өнүгүү жолу да айрылган.

Мургаптык кыргыздар кыргыз тилинде ыр жазууга кызыгышат. Бирок ырларда бөтөн тилден кирген сөздөрдү байкабай койгонго болбойт.

Жыгылганда хыдыры
Жыловудан колдосун
Айнанайын күйөөжан
Карчыга консун кашыга,
Эңкейгенде хыдыры,
Эгериден колдосун.
(күйөөгө узап бараткан кызга айтылган насаат)

ӨЗБЕКСТАНДЫК КЫРГЫЗДАР
 Өзбекстанда 370 миң 230 этникалык кыргыз жашайт. Фергана өрөөнүндөгү, Ташкен, Сырдарыя, Жыззак кыргыздары болуп топ-топко бөлүнгөн кыргыздар этно маданиятты, салт-санааны сактап калышкан. Бирок, аларда кыргыз тилин так билгендер азайгандан азаюуда. Ташкен, Сырдарыя кыргыздары кыргыз мектеп жок болгондуктан казак мектептеринде окуп, казак тилинин таасири астында калышкан. Жыззак кыргыздарынын басымдуу бөлүгү өзбек тилинде сүйлөшөт. Ал эми Ферганалык кыргыздар гана улуттук тилди жакшы сактап калышкан.

Негизи эле өзбекстандык кыргыздарда тилди өнүктүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүктөр жок. Мисалы, Хорезмде жалгыз кыргызча телеканал бар. Ал “Кыргызаяп”  каналы деп аталат. Өзбекстандык кыргыздар мына ушул каналдын бар экендигине кубанышып, биздин аймакта кыргыздар жок. Бир гана “Кыргыз аяп”” бар деп тамашалашат.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА, “Эркин Тоо”, 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий