Феномен

Кыргыздар бир кезде Теңир сүйгөн эл болгон экен. Антпесе  бейиштей жерди, табиятты тирүү деп тааныган акылды, дүйнөдө бир да элге бербеген манасчылык менен төкмөлүктү бербейт эле. Эл да муну кут деп түшүнүп, аялуу табериктей мамиле жасаган мезгил артта калып баратат.

Акындардын Жайсаңдан Замирбекке чейинки алтын доорун изилдесе көкүрөккө сыймык болор көп нерсени табар элек. Мисалы, орустар Пушкиндин жагдайга жараша беш-алты сапты шар айтып ийгенине таңыркашып, анын адамдан башкача жаралганынын бирден-бир далили катары айтып да, жазып да келишет. Алар талантты баалаганды да, даңазалаганды да билген эл турбайбы.

Эми бизде болгон бир окуяны караңыз.

Айтышарга теңи жок кеткен айтылуу Жеңижок бир топ киши менен Кетмен-Төбөдөн Анжиянга атчан чыгышат. Бир аз узагандан кийин бирөө Жеңижокко узун жолду кыскартып, кыргоол кандайча жаралганын ырга салып бербейсиңби деп калат. Жеңижок кыялында бүркүттөй шаңшып көккө чыгып, ааламга тегиз көз чаптырып, айтар кебин алмуздактан баштап төгүп жүрүп отуруп кыргоолго жеткенде Анжиянга кирип барышат. Мына, акын кудурети, чексиз фантазия, бүтпөс көрөңгө, терең акыл менен теңдешсиз талант! Бу кереметти даңазаламак тургай ооз ача элекпиз. Же Жеңижоктун бир чалдан кечинде уккан «Карагул ботомду» бир аздан кийин кайра айтып баштап, эртеси шашкеде араң бүткөнүн айтканга жарадыкпы?

Мунун баарын эмнеге айтып жатам?

Төкмө акындар адамдан башкача жаралган, Теңирдин элге берген аманаты. Аманатка аяр мамиле керек.

Президент, депутат, министр, губернатор, аким, коррупционер, эл баатыры болгусу келгендер, кримавторитеттер четтен чыгарын турмуш далилдеди. Ал эми Жеңижоктой төкмө акынга шайлоо жарыялап көрүш­пөйбү. Айлыгы миллион доллар, асманда жашайт, самолет менен ишке барат десең да эч ким чыкпайт.

Колуна комуз карматып, залга партиясын, жердештерин, ОБОНчу аялдарын тизип коюп сахнага чыгарсаңыз, акындарга тыңсынып жүргөндөрдүн оозуна эки сап ыр келеби?

Менимче төкмө акындарды илгерки бай-манаптар эшик алдында ырдатып, өзүн мактатып кошоматчыга айлантып, дүнүйө үмтөткөн дубананын катарына коюп, тың сүйлөсө тындым кылып (Калмурза), итче тытыштырып бирине-бирин душман кылып, (Калмурза-Барпы, Эшмамбет-Калык ж.б.) кийин компартия дагы өзүн, саясатын мактабаганды сахнага чыгарбай, ооздоруна элек байлап, башкача жүгүргөн ойлордун шыйрагын чагып, акындарды жалпы элге түшкөн кут эмей эле кайсы бир съезддин чечиминен пайда болгон рупордой көрсөтүп, ал эми демократтар таптакыр эле унутуп салганы үчүн, анан да элдин акын тагдырына, анын коомдогу статусуна болгон кайдыгерлигинен Жараткан залкарлардын санын азайтты окшойт.

Мына, Жайсаңды жайына коёлу, кийинки эле Арстанбектен башталган улуу көчтөн азыр көзгө сүртөр жалгыз Замирбек Үсөнбаев калды. Казактардын бир ыры бар:

Жакшылар жакшымын деп  айталмайды,
Жамандар жакшымын деп  айхайлайды.
Боорунда күндө көрүп жүргөндөн соң,
Тоолордун бийиктиги байкалмайды.

Ошол эле казактардын өлө калган акындары: «Менден башка кимиң бар? Жалгызмын гой, жалгызмын!» деп кыйкырып калышат. Замике өшөнтүп кыйкырса жарашар эле, бирок анын андайы жок. Деген менен жалгыз экени чын (кийинки чыгып келаткандардын жөнү башка).

Эки бирдей акындан төрөлгөн, изги тарбия көргөн, эки тилде эркин сүйлөгөн…

Айтмакчы, Замикең борбордо төрөлүп, орус мектебин бүтүргөн. Чыкебиз айткандай, орусча билим алып, кыргызча төкмө акын болуштун өзү эле феномен эмеспи!

…80-жылы Баткенге барып калдык. Таң атпай жолго чыгабыз деп ашканага кирип отурганда эле жергиликтүү чоңдордун бири нан ооз тийгизбей туруп «Замирбек, бир төгүп жиберчи» деп калды. Мага аябай осол көрүндү. Таң атпай короз эле кыйкырбаса, анан калса калдырап-шалдыраган ашкананын ичи, араң күйгөн жарыгы, отурган беш-алты адам акынды төгүлтчү жагдайбы? Ырдабайт го дегем. Замике болсо терикпей комузун алып, шаңкылдаган тунук үнү менен заматта баарыбызды шаңга бөлөп ийди. Он миң кишинин алдында ырдап жаткандай улам күчөп, улам эргип, уйкашы куюлуп, салмактуу саптар биринин артынан бири төгүлүп, арасына боорду эзген тамашаларды кыпчып, баарыбызды бу куу дүйнөнү унуттуруп, бир ажайып дүйнөгө алып кирип кетти. Ошондо Замикенин суутулган күлүктөй дайыма формасында даяр турарына, көөдөнү толгон кө­рөң­гөсүнө, оозду ачканда эле атырылган акындык күчтүү кудуретине жана ырын өтүнгөндүн көңүлүн калтырбаган кичи пе­йил адамгерчилигине күбө болгом.

Кийин Алматыга «Тамаша» программасына барсам, ага чейин Замике «Айтышка» барып кеткен экен, анын айтышам деп чыккандарды сабак билбеген баладан экзамен алган профессордой окутканын, тилинин тактыгын, мыкты акынга гана берилчү кооз үнүн, курч акылын, терең билимин, сахнадагы көркүн, айтор эмнеге суктанышса ошонун баарын жеткире айталбай, биринен-бири сөз талашып, бирин-бири толуктап, сөзмөр деген казак туугандар да акындын талантына тете сөз табалбай жаткансып бушайман болушканын көрүп денем сыймыкка толуп чыккан эле.

Байдыкенин «Чыкем кайда? Париж менен Лондондо, Байдылда кайда? Жем берип жүрөт койлорго» дегениндей, Союз кезинде чет өлкөнүн баарына дээрлик Эстеке барып жүрдү. А киши деле «Менден башка эч ким барбасын!» деген эместир. Ушул маселеде Ашыке, Тука, Замикенин Эстекенин көлөкөсүндө калып кеткени бир аз өкүнүч­түү.

Анткени дүйнө кыдырган адамдын жан-дүйнөсү өзгөрөт, кыял чабыты кеңейет, көңүлү көтөрүлөт, чыгармачылыгына дем кошулат. Замикени кайсы өлкөгө жиберсең да Кыргызстандын туусун көтөрмөк, асты түшүрмөк эмес. Анын дагы бир мыкты жери — айрым өлөрман ырчылардай болуп, «Андан башка киши жок бекен?!» деп тытынган жок. Улууну сыйлаганынан жанбаган бекем тарбиясы бар. Ошентсе да Байдыкенин ырында өкүнүчтүү чындык жатат.

Совет доорун сындап келебиз. Бирок ал доор төкмө акындын табиятын терең түшүнгөн экен. Акын бир айтканын эки кайталабасын билип, айрымдарына ырларын кагазга түшүрүп жүрүш үчүн атайын айлык менен катчы бекитип берчү эле. Далай ырлардын ырдалган жерде калганын ойлосок, азыркы техника өнүккөн заманда эмне үчүн мындай мүмкүнчү­лүктү пайдаланбайбыз деген суроого жооп табалбайм. Ошол эле энциклопедия Эстекебиздин ар бир отуруштагы аңгеме-ырларын бир катчысы диктофонго эле жазып жүрсө, бү­гүн кандай уникалдуу казынага ээ болот элек. Андай болбоду. Ушул өкүнүчтөн сабак албайлыбы? Же кыргыздар адам өтүп кеткенден кийин эле жер сабап калгандан башканы билбеген элби?

Учурунда мен ушул маселени көтөрсөм Акаевдин «көсөмдөрү» дагы эмне кылалы деп шылдыңдап коюшту эле. Анда Ашыкенин, Тууганбайдын, Эстекенин көзү тирүү болчу. Эмне болду? Бүтүндөй бир дүйнө кагазга түшпөй кете берди.

Эми куру дегенде алардын акыркысы Замирбекти барктап албайлыбы? «Отурбайбы, деректир болуп бакыйып, дагы эмне керек?» дегендер четтен чыгар. Ооба, азыр кыргыздар адамды кызматына, акчасына карап баалап калган заман.

Ошол эле учурда алыс барбай кошуналарды караңыз.

Кытай Манаска, манасчыларга кандай колдоо көрсөттү?

Заматта миңдеген манасчы чыга келди. Бизде бул маселени ойлонгон бир дагы мамлекет, өкмөт же парламаент башчысы болгон жок. Ал жүк Шерниязовдордун мойнунда келатат. Же Казакстанды алалы. Таразда филармониянын директору болуп отурган Алтынбек Корозбаевди Назар­баев Алматыга көчүртүп келип, «Сен филармониянын тряпкаларын санап отурба, эл аралашың керек, чет өлкөгө чыгып казак маданиятын даңазала» деп, мыкты үй берип, мурункусунан беш эсе чоң айлык коюп, бардык шартын түзгөн эле. Алтынбек болсо кыргыздын орто обончуларынын деңгээлиндеги адам.

Же элчи болуп иштеп келген мурдагы оппозиционерлерине (Сулейманов, Шаханов ж.б.) эми китебиңерди жазгыла деп бак-шагы бар эки кабат үйдүн ачкычын 100 миң доллары менен тапшырганын биз эле уккубуз, көргүбүз келбейт. Эгер Замирбек Казакстанда болсо анын турмуш-шарты, статусу, чыгармачылыгы таптакыр башкача болмок.

Мындайды айтсаң эле «акча жок, кедейбиз» деп ооздорун куу чөп менен жышып киришет. Кедей болсок мурдагы эки бийлик миллиарддарды кайдан алыптыр?

Жыйырма жылдан бери эл аралап келаткан чындыкка таянсак, анда бир эле чиновниктин бир айда алган парасы Замирбек эле эмес, акын-манасчылардын баарын жыл бою бөпөлөп бакканга кенен жетет. Кеп — көр оокаттын кулу болуп бараткан коомубуз менен саясатчылардын ач көздү­гүндө. Болбосо Замирбекке эки кабат үй, алдына мыкты машина, жанына катчы, жан сакчы берип (эч кимге кереги жокторду деле он-он беш киши кайтарып жүрбөйбү!), жок дегенде элүү миң сом айлык коюп, эл аралатып, байма-бай чет өлкөгө чыгарып уникалдуу өнөрдү дүйнөгө даңазалатыш начар бийлик үчүн, албетте фантастика, ал эми мыкты, намыскөй бийлик үчүн кеч болсо да бүтүрчү иш. Анткени Замирбектей феномен улам эле төрөлө бербейт.

Түгөлбай КАЗАКОВ, “Кыргыз Туусу”, 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий