Идеология эмнеден башталат?

Ар бир элдин идеологиясы анын улуттук ар-намысы менен улут рухуна тыгыз байланышта болот, ошого жараша калыптанат. Соңку жыйырма жылдын ичинде бүт баарыбыз тарыхчы болуп, өз элибиздин качан жаралганын, кандай калк болгонун, кандай жол басып өткөнүн, дүйнө элдеринин тарыхында кандай орунду ээлегенин жапатырмак жабыла жазып, кытай тили түгүл кытай алфавитин түк билбесек да, байыркы кытай жазмаларында ушундай маалыматтар бар деп талашкандарды ташка алып, кашая каяша айтып апенди акылманчылык кылып келатабыз. Айрымдарыбыз аз-аз жерден дүйнө элдерин кыргыздардан таратып жибере жаздайбыз. Макул, дүйнө элдери бизден тараса, биз кимден тарайбыз? Буга да жооп табылган. Ушундай-ушундай ой-пикирлерди окуганда тообо деп жакаңды кармап, Жараткандан кечирим сурап жибересиң. Бардыгына токтолбойлу, жогорудагыдай ойлорду жылдан-жылга тынымсыз өркүндөтүп, кимдир-бирөөгө өчү бардай өрттөй жана айтып, өз алдынча концепция түзгөндөрдүн экөөнү айталы. Анткени, экөө тең белгилүү, ары билимдүү, кыргыз үчүн чын эле тагдырын сайып, өмүрүн бергенге даяр адамдар. Алардын бири – Дастан Сарыгулов да, экинчиси – Асан Жакшылыков. Мен буларды атайын бөлүп, айтылган сын-пикирди туура түшүнөт деп алып жатамын.

Д.Сарыгуловдун айрым ойлору менен маалыматтары ойлондурбай койбойт, кызыктуулугу жана жаңылыгы аркылуу кадимкидей намыстантат. Бирок, а кишинин кыргыздарды эң байыркы, улуу жана аалам башкарар акылман эл катары айткан ойлору, калп айтканда болобу, каратып туруп кан кызытып, жан кашайтып жиберет. Башкасын айтпаганда анын кыргыз элинин тарыхына байланыштуу айткан: “Кыргыз элинин беш миң жыл илимий деңгээлде далилденген тарыхы бар”, — деген пикирине мен, мисалы, чөнтөк толо пул берсе да кошула албайм. Айтылгандарга акыл токтотуп караңыз, “беш миң жыл илимий дең-гээлде далилденген” тарыхты айтып жатат. Маңкурттай маң болуп турганда бул айткандарын “жаңы табылгалары” менен толуктап, кыргыздардын алты миң жылдык тарыхы бар экенин ачык жазат. Божомол эмес, “илимий деңгээлде далилденген” тарыхты айтып жатат. Чын эле ушул такталган тарыхый чындыкпы?! Эл жазуучусу А.Жакшылыков Д.Сарыгуловдун жогорудагы “табылга-фактыларына” тайманбастык менен так кесе түзөтүүлөрдү киргизет. Ал кыргыз элинин беш-алты миң жылдык эмес, элүү миң жылдык тарыхы бар экенин баса белгилейт. Эмне дей алабыз?!

Экинчиден, теңирчилик эч качан улуттук идеология боло албайт, ошондой эле ал бир адамдын, бир саясий же мамилелеш топтун кызыкчылыгын гана көздөгөндө өзүнүн накта маанисин ачып, калыс милдетин аткара албайт. Белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер И.Раззаковдун айтылуу сөзүнүн калыбына салганда идеология сенин ар-намысыңдан, менин ар-намысымдан жаралган улуттук ар-намыстан өнүгөт. Улуттук ар-намыс канчалык күчтүү болсо, аны башка улуттар да ошончолук ыйык, касиеттүү сапат катары кабыл алат, сыйлайт жана ызааттайт. Ошондуктан улуттук идеология эч качан таңууланбаш керек, ага эл ишеним артып, өздөрүнүн ыйык касиети бар санат сөзү катары урматташы зарыл. Кесе айтканда, улуттук идеология улуттук интеллектуалдык менен улуттук мада-нияттуулуктун жана улуттук аң-сезимдин ширөөсүнөн жаралышы керек.

Кызык, азыр эмнелерге гана күбө болуп жашоодобуз, таң кала турган эч нерсе деле калбады. Биз бул жактан дүйнө элдеринин эң улуусубуз, мынча миң жыл мурда эле тарыхыбыз башталган деп кытайларга кыр көрсөтүп жатсак Бириккен Улуттар Уюмунун атайы түзүлгөн комиссиясы кыйкырган кыргыздардын тили жакын арада, бара-бара же келечекте эмес, түз эле жакын арада жоюлуучу тилдердин катарына киргизип алды. Мунусу аз келгенсип, батыштын эң көрүнүктүү аналитиги, дүйнөлүк аты бар стратег З.Бзежинский да алатоолуктардын акылын айран-таң кылды. Ал түз эле минтип айтты: “Кыргызстан өз алдынча мамлекет катары жашоосун токтотот, дүйнөнүн саясий картасынан ордун жоготот”. Кудай сакта, З.Бзежинский дегендин буга чейин көптөгөн ойлору чын чыгып, айтканы айткандай келип турганы бар экен. Ал жогорудагыдай оюн тилибиздин азыркы абалынан, маданиятыбыздын кыйрап бара жатканынан жана улуттук мүнөздүн жоголуп баратканынан, улуттук ар-намыстын муунтулуп коюлгандыгынан, бийлик менен элдин ортосундагы нраванын, байланыштын жоктугунан көрөт. Бул автордун тил боюнча айткандарын кезегинде С.Жигитов да кыргыздардын намысына тийип, мындайча курч ойлорун айтканы бар: “Еврейлер өзүнүн өлгөн тилин тирилтип, илимдин тили кылып өркүндөтүп жатат. А кыргыз тирүү турган тилин өлтүрүп жатат. Мындай элдин болушу мүмкүн эмес, мындай элдин жашаганга да акысы жок”.

Чынында жогорку эки автордун ойлору туйган-билген адамдарга чечекейге мык каккандай эле безилдетет. Дүйнөлүк коомчулук, ал тургай Бириккен Улуттар Уюму кайра-кайра жанагинтип айтып жатса, өзүбүздөн да чок баскан тооктой чырылдап тургандар турса, бул жөнүндө кыргыз коомчулугу, кыргыз интеллигенциясы, ачык айталы, элин кырып салса да кабагым-кашым деген биздин бийлик башындагы намысы жоктор бир козголуп койдубу?! Жок. Бизде демократия, бизде шайлоо, бизде митинг. Башка кылар ишибиз жок.

Дагы бир-эки мисал айталы. Жогорудагы З.Бзежинскийдин пикириндей пикирди жалтанып-жазганбай эле көптөр айта баштады. Бир чети мактансак да болот, анткени дүйнөлүк атак-даңкы ашкан адамдар биздин келечегибизге кызыгып, биз жөнүндө айтып жатышпайбы! Мына Американын дүйнө тааныган футурологу Фу-нуяма 2050-жылдагы дүйнө картасын жакында эле түзүптүр. Анда кызыл туу­луу Кыргыз Республикасы түп-орду менен жок, чак түштө чырак жандырып алып карасаң да кайран жерди таппайсың. Муну тигил чыгаан футуролог негизинен буга чейин айтылып келген ойлорго жакын пикири менен түшүндүргөн да, саясий картага Кыргызстанды киргизген эмес. Мындай уйкудан жүрөгүңдү оозуңа тыгып ойготкон маалымат КМШ өлкөлөрүндө да айтыла баштады. Алардын ою боюнча биз мамлекет катары жок болуп кетишибиз мүмкүн, муну эгемендик мезгилдеги саясий-экономикалык, социалдык турмушубуз ырастайт.

Ийе, жогорудагы ой-пикирлерди айткандарга терикпеш керек, Телибай тентек тура деп Теңирин кошо сөкпөш керек. Талдап-таразаланган ойлор жараткан чындыкты айтып жатышат, экинчиден, улуттук ар-намысыбыз ойгонсун, акча деп акылынан азгандар, бийлик үчүн элди унутуп калгандар арына келээр бекен деп алдын-ала эскертип жатышат.

Ырас, биз байыркы элбиз, эл болгондо да ошол байыркы этникалык аталышыбызды сактап калган калкпыз. Кезегинде Борбордук Азия­ны да мекендеп, жашаган жерлерин кайра-кайра которуп, ал түгүл этникалык аталыштарын өзгөртүп же андан ажыраган элдер канча. Алар тарых дүйнөсүнөн да жоголуп кетишти. Гунндар, сактар, усундар, карлуктар, түргөштөр, кыпчактар ж.б. ушундай тагдырга кабылышканы чындык. Кытай тарыхынын атасы аталган Сыма Цяндын “Тарых жазмаларында” эң байыркы мезгилден биздин замандын 98-жылдарына чейинки мезгил камтылган. Анда кыргыздардын аты гэгундар деп берилгендиги белгилүү. Академик В.В.Бартольт Сыма Цяндын аталган эмгегиндеги маалыматтарга таянып, болжол менен биздин заманга чейин 201-жылда гунндар
Гэгунь (кыргыз) хандыгын басып алгандыгын жазат. Кыргыздын байыркылыгы ушул маалыматтан улам айтылып жүргөнү тамырды жалын кылбаган талашы жок тарыхый чындык. Ошол күндөн ушул күнгө чейин жок болбогон кыргыз эртең болбосо бүр­сүгүнү тили менен мамлекеттүүлүгүнөн жер муштап ажырап калабы?! Жогорудагы саясат таануучу аналитиктер тигил жак менен тил табыша сүй­лөшкөн олуяларбы?

Эгер “тил – элдин жаны” болсо, анда улут болуп сакталып калыш үчүн, мамлекет катары жоголбой туруш үчүн ушул эки түшүнүктүн эң биринчи зарыл белгиси саналган тилибизди энебиздин ак сүтүндөй ыйык көрүп коргошубуз керек. Ал үчүн ар бир кыргыздын улуттук ар-намысы сөзсүз болушу кажет. Бардык нерсе ар-намыстан башталат экен. Ал ар-намыс куру кыйкырык, жеке кызыкчылык эмес, жаралгандан каныбызга сиңген, төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки өмүр жолубузда миң кубулуп, миң чайкоочулукка барбаган мүнөзүбүз болушу зарыл. Азыр бизде ошондой сапаттар барбы? Тарыхчылар жана мекенчил интеллигенция өкүлдөрү кыргыздар жоодон жалтанбас, биримдиги менен бийлиги болоттон бекем, акыл сөзүнө таазим кыла билген, эл-жеринин даңазасын башка элдерге туу кылган калк болгонун кайра-кайра жазышып, ал ойлорун улам-улам жаңы маалыматтар менен байытып жана бекемдеп келишет. Бул – тарых, чындыкты жараткан фактылар. Кезегинде, кыргыздардын ооматы орноп, келкели келип турганда андай иштер болгон. Катылгандын кабыргасын сындырып, душман колун тыптыйпыл кылып талкалап, жерин канга боёп турушкан. Алардын жеңишинен кийин касташкандар тараптан иттин үргөнү менен короздун чакырганы, аялдын кошок кошкону менен баланын ыйлаган үнү угулбай калчу экен. Тыптыйпыл деген ушундай кыямат-кайым турбайбы. Ошол ар-намыс, ошол эрдик, ошол биримдик кайда кеткен?! Кыргыздардын уй бөйрөк болуп турушу каргашадай болуп кайдан чыга калды экен? Дагы бир мисалга, тарыхка учкай кайрылып көрөлүчү.

Азыр түрк эли менен мамиле майдай-сүттөй. Алар Мустафа Кемал Ататүрктүн бийликке келиши, түрк элине түрк элинин ким экенин таанытышы менен эбегейсиз бактылуу эл болуп саналышат. Анткени Ататүрк ар дайым “биз кимбиз, ким элек да, ким болдук?” деген суроолорго жооп издеген да, акыры анын жообун өзү тапкан. Алар алты жүз (!) жылдан ашык мезгил араб, перси ж.б. дүйнөнүн көп элдерине баш көтөрткүс үстөмдүгүн жүргүзүп келишкен. А бирок ошол түрк элин өйдө карай алгыс залим башкаруу аркылуу өздөрү да билинбестен жергиликтүү эл менен аралашып отуруп, акырындан арабдашып, тилин буруп, кан алмашып баратканын билишкен эмес.

Каада-салт да, ырым-жырым да, ал тургай аң-сезим да, психология да аралашып калганын байкаган кыраакы Ататүрк түрк тарыхына намысы кайнап кайрылат. Осмон түрктөрүнүн, анан Огуз түрктөрүнүн, Улуу Түрк, анан Хуни ордолорунун тарыхын көшөрө изилдеп чыгат. Ошондо акыл жактан Жаратканы жарды кылып жаратпаган Ататүрк азыркы түрктөр – осмондор өздөрүнүн байыркы тамырынан, эзелки мүнөз-психологиясынан алда канча алыстап, чаар эл боло баштаганын сезет. Экинчиден, түрк психологиясы менен түрк ар-намысына да “мите курт” түшө баштаганын туят. Түпкү атын да, таза кандуу затын да акырындан өзгөртүп бараткан түрктөргө алар осмондор эмес, байыркы даңазалуу түрк эли экенин таанытмак болот. Ал үчүн түрк элинин улуттук аң-сезим менен улуттук ар-намысты ойготуу реформасын иштеп чыгат, анын негизги таянычтарынын бири – улут руху болорун түшүнөт. Түрктөрдүн улуттук психологиясы менен улуттук ар-намысы үстөмдүк бийликтен улам интернационалдашып калганын так байкайт. Өздөрүн “осмондор” же “мусулмандар” деген эл далай тоскоолдуктардан кийин түрк аталышын алат. Анан тил реформасы кыйынчылык менен ишке ашат.

Оюбузду тактап алалы, эгер түрктөр бийлик жүргүзүү саясатынан улам жогоркудай тагдырга туш келген болсо, кыргыздар кандай абалдан, кандай жагдайдан, кандай тарыхый окуялардан улам азыркыдай кеп жебес жана баш бербес кырдаалга туш келип, жазмыш-жашоо тузагына илинип калды экен? Дагы бир жолу өткөндүн өзүнө кайрылалы.

Кыргыздардын душмандарын талкалаган тарыхын дем албай эле жазып жатабыз, а бирок касташкандары канын суудай төккөнүн, калчылдатып бийлик жүргүзгөнүн анча айтпай келебиз. Бул түшүнүктүү. Алыс барбайлы, калмактар менен болгон мамилени эле айталы. Ал мезгилдеги кызыл кыргын, кара сүргүндүн, баскынчылык зомбулуктун айынан бытыранды жашап калышкан калмак тайпалары Хара-Хула бириктирип, бир баш, бир сөзгө келтирет. Андан соң 1635-жылы анын уулу Батур коңтайша Жунгар кандыгын негиздейт. Ал кыргыздар менен казактарга эки жолу (1643, 1652) чоң чабуул жасап, кызыл кыргын салат да, жерин кеңейтип, бийлигин чыңдайт. Батур өлгөндөн кийин так талашуу жүрүп, кичүү уулу Галдан бийликке жетет. Бул мезгилди тарыхчылар 1674-жыл менен белгилеп жүрүшөт. Ошондон баштап калмактар кыргыздарга күн көр­гөзүшкөн эмес. Баш көтөртпөй кырып-сүрүп, кыргыздарды кызыл кыргынга салышкан. Алардын мындай көз ачырбас, кыргыздын жүрөгүн тилип, өтүн ичкен, кайра-кайра кайталанган согушу бир кылымдан ашык мезгилге (1643-1756) созулган. Андан соң казактар тынчтык бербеген. Ал бүткөндө 1710-жылы негизделген Кокон хандыгы кан ичме саясатын жүргүзүп, 1830-жылдарда кыргыздардын бүт аймагын өзүнө бириктирген. Бул бул болду, андан соң Россиянын бийлиги тымызын жортуул жасады. Анын саясаты акыры кыргызды 1916-жылкы кыргынга алып келди. Чынын айтыш керек, бул тукумкурут кылуудан Совет бийлиги  алып калды. Ошентсе да анын кулакка тартуу, репрессия деген саясаты кыргыз элин кара алачык кылып мүңкүрөттү.

1916-жылдагы окуя өз эркиндиги үчүн, өз Ата Журту үчүн күрөшкөн кыргыздарды текши кыргынга учуратса, 1937-жылдагы репрессия улут тагдыры үчүн, улуттун келечеги үчүн кан-жанын аябаган интеллигенциянын чыгаандарын, болгондо да мамлекетибиз улуттук мүнөзгө ээ болсо экен деп самагандарын санап-санап, “эл душманы” атап атып салышты. Жогорудагы эки кырдаал кыргыздарды баш көтөрүп сүйлөбөс байкуш, койдон жоош, коёндон коркок кокуйкүн кылды. Улуттук ар-намыс интернационалдык ар-намыска, улуттук психологиябыз менен идеологиябыз советтик психология менен советтик идеологияга айланды. Улут жөнүндө, анын тагдыр-турмушу, тили тууралуу ооз ачкандар улутчул, Совет бийлигине каршы турган адам катары айыпталды. Ушундай кырдаалдар кыргыздардын кулчулук психологиясын, кулчулук аң-сезимин жаратты.

Ушундан соң кыргыз интеллигенциясы улут ар-намысы түгүл ой-пикирин толук айта албаган жалтанчаак, өзүнөн өзү айбыккан, ашыкча сүйлөп аламбы деп тайсалдаган, жогоркулар жолукса калпагын алып жол бошоткон жетеленме, айдама болуп калды. Кыйчалыш мезгилдин кылычынан улам биздин улуттук адабиятыбыз менен тилибиз, маданиятыбыз менен илимибиз да дал ошондой көз карама, тизе бүгүп жүгүнмө болуп калыптанды. Улуттук көркөм ойлоо маданиятындагы жаңы, өзүн-өзү таанып-билүү башталмасын баштагандар “эл душманы” аталып атылып жатса, алардын чыгармалары, жараткан эмгектери “зыяндуу”, “Совет мамлекетине каршы” деп табылып өрттөлүп турса, анан ким эле улуттук башталмага башын байласын! А.Токомбаев, Ж.Бөкөнбаев, Т.Сыдыкбеков, М.Элебаев, Ж.Турусбеков, К.Баялинов өңдүү ошо кезде акын-жазуучу катары таанылып калгандар көбүнчө М.Горькийдин, В.Маяковскийдин, М.Шолоховдун ж.б. пролетариат жазуучуларынан таасирлендим, тигил же бул чыгармасын  туурап жаздым дешкени да бекеринен эмес. Б.Пастернакты окушса да окуган эмесмин, Бунинди билишсе да билбеймин дешкен. Саясат, а бирок… А кийин А.Токомбаев менен Т.Сыдыкбеков тигилерди туураган да, аларга таасирленген да эмесмин деп жазып чыгышпадыбы. Ал мезгилдин өкүмү ошондой болгон, ага азыр андай-мындай деп сын тагуунун, кыяпат кеп айтуунун кереги жок. Андагы талап-милдетти бардыгыбыз башыбыздан өткөргөнбүз.

Жогоруда айтылгандардан кыскача жана жөнөкөй гана тыянак чыга-рууга ниет кылып турабыз. Улуттук идеология жок, тыяктан же бияктан алуу керек дегенден көрө аны жаратыш керек. Аны жаратыш үчүн биздин улуттук ар-намысыбыз болушу зарыл. Ар бир адамдын ар-намысы, көз карашы, принциби анын идеологиясы болот да, андан ал адамдын психологиясы, кулк-мүнөзү көрүнүп турат экен. Эгер ошондой болсо ар бир кыргыздын ар-намысынан, акыл-эсинен, мүнөзүнөн, эмгегинен жана тагдыр-турмушунан улуттук ар-намыс, улуттук идеология жаралат. Буларды бири-биринен бөлүп кароого караманча мүмкүн эмес. Экинчиден, улуттук идеологиянын тарыхы, сабагы болмоюнча анын туруктуу салты жаралбайт. Ал үчүн улуттук ар-намыс болгону зарыл.

Самсак СТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”, 11.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий