Сүйүнбай Эралиевдин адамдык жана акындык эрдиги

Өткөн жылкы кайгылуу, каргашалуу кан төгүүлөрдөн жалкып, жакшылыкты, салтанатты эңсеп калганбы, кыргыз эли, мамлекети быйыл ар кандай мүнөздөгү мааракелерди, тойлорду  эмнегедир көп өткөрдү. Бул да болсо, балким, олуттуу ойлонуп, сабак ала турган биздин бир салтыбыздыр. Бирок, ошондой окуялардын арасында, менин жеке баамымда, дагы бир иш-чара анчалык бааланбай, өз деңгээл-даражасына тете белгиленбей жаткан  өңдүү. Сөз азыркы кыргыз адабиятынын аксакалы, көзү тирүү классиги Сүйүнбай Эралиевдин ушул күндөрү тоголоно турган 90 жашы туурасында баратат.

Ооба, мындай куттуу, урмат-сыйлуу куракка жеткен да, жетпеген да бар. Айрыкча кудай даарып, көркөм шык, табигый талант тамчысы сиңген адамдар арасында. Ал эми жаштайынан эли-жери үчүн кан майданга аттанып, өз сөзү менен айтканда, согуш талаасында үч мертебе о дүйнөгө  жол тартып,  кайра келген, жарааттары ушул күнгө денесинен кете элек С.Эралиевдин дале болсо кара жанын карч уруп калкына  кастарлаган чыгармаларын тартуулап жатканы не деген керемет да, не деген эрдик!

Төмөндө мен кеп кылайын дегеним да ушул сейрек көрүнүш – феномен, анын тек-жайы, өзгөчөлүгү, дегеле С.Эралиевдин адамдык жана акындык тагдыры, азыркы кыргыз адабиятындагы орду, мааниси жөнүндө.

Сөз жок, Сүйүнбай Эралиев – өтөгөн өмүрү, жүрүм-туруму, жасаган иши, чыгармачылык эрдиги аркылуу элине өрнөк болчу адам. Аны эч бир ойлонбостон, тартынбастан туруп азыркы жана кийинки кыргыз адабиятынын классиги десек болот. Минтип айтканга анын кайсы сапаттары негиз берет?

Эң биринчи иретте ал өзгөчө тубаса талантка ээ. Мунун айкын далилдери – анын ченемден тыш сөз туюму (ансыз акын болуш кайдан?), кынтыксыз кылдат сезимталдыгы, кадиксиз табити (айрыкча  сөзгө, добушка, шыбыртка, ыргакка болгон) кыргыз тилин миң түрлөнтүп кубулта алганы, чыныгы сүрөткерлик көзү, бардык нерсенин ченемин так баалап сактаганы. Бул айрыкча акындын табият, махабат, кыргыз тарыхына кайрылган ырларынан жана поэмаларынан бадырайып даана байкалат. Албетте, буга шыкакчы, кошумча түрткү болгон жагдай – анын чыккан тегинде, туулуп-өскөн жеринде, «Манаста», атактуу ырчы-комузчулардын  (тайатасы Орозбай да чоң комузчу, атасы Эралы атактуу саяпкер болуптур) кичи мекени болгон Таласта. Бул жө­нүндө анын «Кошойдун жери» деген дастанында абдан элестүү, ынанымдуу айтылган.

Экинчиден, башка көптөгөн кыргыз акындарынан айырмаланып, С.Эралиев дайыма талбай окуган, тынымсыз  билим алып, аны бапестеп өстүргөн, кыргыз фольклорун, Чыгыш менен Батыштын адабиятын, философиясын чындап өздөштүр­гөн, өзгө элдердин улуу жана мыкты акындарынын чыгармаларын кыргызчага өз деңгээлдерине жеткире которгон жана көзү тирүүлөрү менен алака күтүп, достошкон акын. Карап, баам салып көрүңүздөр: Ата Мекендик согушта кан кечип жүргөн С.Эралиев өз мезгилинде жогорку билим ала албай, андай ишке кийин эр жеткенде (1951-1954) жана атагы акын катары Кыргызстанда эле эмес, СССРге кеңири таанылган жылдары (1965-1967) батынып, атайы Москвага барып адегенде КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепте, андан соң СССР жазуучулар Союзуна караштуу Жогорку адабий  курстарда билимин тереңдеткен. Мындай өжөрлүк, батылдык кур намысты, көйрөңдүктү көтөрө чалган көп­чүлүк акындардын колунан эч бир келбестиги турган иш. Дал ушул  экинчи себептен улам С.Эралиевдин поэзиясы интеллектуалдык кудуретке, философиялык тереңдикке, бийик парасатка ээ.

С.Эралиевдеги суктанчу, үлгү алчу үчүнчү баалуу сапат – тыным билбес эмгекчилдик,  изденгичтик, улам жаңычылдыкка, өрдөн өргө умтулуу, өзүнүн өмүрү жана чыгармачылыгы үчүн бел чечпей күрөшүү. Эски менен  эрегишүү, көндүм көрүнүшкө чыдабоо, жаңылыкка талпынуу – С.Эралиевдин поэзиясындагы туруктуу мотивдерден.

Акырында дагы бир асыл сапатын астейдил белгилөө кажет. С.Эралиев – өмүрүндө жана чыгармачылыгында бир гана максатка, бир гана багытка поэзияга берилген жана байланган акын. Ооба, анын өмүр бою аздектегени, жан кумары, көкүрөк дүйнөсү жалгыз гана поэзия болду.

Ал өзүнүн каны-жаны менен бир бүткөн бул өнөрдү өтө урматтап-сыйлап, ага өтө олуттуу, артыкча жоопкерчиликтүү мамиле жасады. Ошол себептенби, айтор, башка акын-жазуучулар сыяктанып, ада-бияттын ар кайсы жанрларына айталы, проза  менен драматургияга ат үстүнөн чөп башылап мамиле кылып, ар нерсе – бир нерсени чаргыткан жок. Анан калса айрым  акын сөрөйлөргө окшоп жыл сайын же том-том кылып китеп чыгарбай, ырлары чындап бышканда же поэмалары ийге келип бүткөндө гана жарыялап, кээде он жылдап ичтен тынып, изденип жүрдү.  Ал түгүл котормолору да негизинен  көңүлүнө төп келген поэзия алптары  (Гёте, Шиллер, Уитмен, Тагор) болду. Башкача айтканда, С.Эралиевдин карманган чыгармачылык принциби, эстетикалык кредосу – мейли өзүнүн поэзиясы, мейли котормо болобу, жанга жаккан гана ишти кылуу, санга эмес, сапатка кароо, эч качан адабий же саясий тар кызыкчылыктарга (коньюнктура) азгырылбоо, алданбоо.

Албетте, С.Эралиевдин чыгармачылык жолу деле сыдыргыга салгандай тегиз, түз кеткен жок.  Анда дагы башка нукура акындардай өйдө-төмөн жагдайлар, өз-өзүнчө тилкелер, идеялык-көркөмдүк ар түр­дүү  катмарлар, тарамдар орун алды. Айталы, ал адегенде эле адабиятта жарк этип жанбастан, он-он беш жылча окуучулук, шакиртчилик мезгилди баштан кечирди. Анын ортосунда, жогоруда айтылгандай, Москвага барып окуганга, ал жерде орус поэзиясынын тирүү классиги А.Твардовский менен жакындан таанышып, анын атактуу «Василий Теркин» деген поэмасын түп нускага тете кылып которгонго үлгүрдү. Мындай чыгармачылык алака жана бай тажрыйба акыры С.Эралиевди  жалпы  жамырай  журтка тааныткан «Ак Мөөр» дастанына (1958) алып келди. Ошондон тарта С.Эралиев эл оозунда, окурман журтунда айныксыз талантка эгедер акын катары эстелди да калды.

Кадимки салттуу (уйкаш) кыргыз ырына таянган, балдай ширин тилибизге кыт куйгандай уютулган, социалдык бай мазмунга  сугарылган, армандуу да азаптуу махабат баянын ширелүү даңазалаган «Ак Мөөрдөн» көп өтпөй С.Эралиев 1960-жылдардын башында Батыш акындарынын (А.Рембо, П.Элюар, У.Уитмен, Р.Фрост, Э.Верхарн, К.Сэндберг сыяктуу) ырларындагыдай уйкашы жок, бирок күчтүү  сезимдери, терең ойлору бар, жер менен кошо Көктү көксөгөн каармандын эрдиги менен кайгысын талдаган  «Жылдыздарга саякат» аттуу жаңы дастан жазып кыргыз гана эмес, ошол  кездеги бүткүл Союздун окурмандарын, ал гана түгүл аша таанымал акындары менен  сынчыларын бир чети таң калтырып, талаш туудурса, экинчи чети туура түшүнгөндөрүн кадыресе тамшандырды.

Бара-бара ушул эки агым, эки түйүн: бир жагы кыргыз кыртышын, тарыхын, табиятын салттуу ырда зергерчесинен күүлөп  ырдаган, экинчи жагы – Жер, космос, аалам, дүйнө байланыштарын аңтарып, илим менен техника жетишкендиктерин жана алааматтарын жүрөк­төн кардиограмма сындуу өткөргөн эркин формадагы ырлар жана дастандар түзүмдөрүн жаратты. Биринчи топко акындын «Сан тоолор», «Каркыралар», «Кыргыз жаны», «Айыл ырлары», «Биздин суулар», «Кыштак кечтери», «Кызгылт багымдат» жыйнактары, «Жаңыл  Мырзанын керээзи», «Таңкы ойлор», «Кошойдун жери» поэмалары кирсе, экинчи топту азыркы замандын ааламдашуу маселелерине арналган «Атам, жерим жана мен», «Космос поэмасы», «Кесиринсан» (Чернобыл алааматы тууралу) публицистикалык – философиялык чыгармалары  түзөт. Биз муну тек гана форманын көрүнүшү эмес, жаңы мазмунга байланышкан стилди эки башка агым: биринчиден, кубулуштарды, алардын байланыштарын жайбаракат изилдөө, табият, тарых кыймылын лирикалык каармандын ички дүйнөсүнүн өсүшү менен биримдикте жөнөкөй, ачык-айрым көр­сөтүү, экинчиден, дүйнөнү көбүнчө метафоралык каражаттар, жалпыланган символдор, образдар аркылуу чагылтуу катары карашыбыз абзел.

Албетте, бул эки ыкма өз-өзүнчө  обочолонуп, бөлүнүп турган  структуралар эмес, тескерисинче, бири бирин толуктаган, дүйнөнүн, мезгилдин өз ара байланыштарын, биримдигин, бүтүндүгүн ырастаган, бир эле акындын жан дүйнөсүнөн жаралган  көркөм дөөлөт-туундулар. Булар менен катар С.Эралиевдин поэзиясында бөтөнчө устаттык, нукура шекер тил, артыкча назик сезим,  накта коргошундай салмактуу ой менен чегерилген дагы бир катмар бар. Ал – акындын махабат, өмүр жана өлүм, согуш жана муң сыяктуу түбөлүктүү темаларга терең каныккан лирикалык жана философиялык ырлары, «Жол» поэ­масы. С.Эралиевди өмүр бою коштогон, аны күнү-түнү уктатпаган  бул темалар өзү менен кошо кетет сыягы. Мындан башкача болуусу мүмкүн эмес: улуу таланттар, залкар адамдар дал ушундай узанышат жана жашашат.

Мен жогоруда С.Эралиевдин акындык талантына, касиеттерине, өзгөчөлүктөрүнө чыгармаларынан үзүп-жулкуп мисалдар келтирбестен кыскача, жалпыланган мүнөз­дөмө бердим.  Эми ага дагы эки-үч маанилүү нерсени кошумчалагым келет.

Көптөгөн пенделерден айырмаланып, С.Эралиев – коомдук-саясий мансапка, атак-даңкка, наамдарга башынан, заадисинен кызыкпаган, ал үчүн алып сатарлык кылып, мурдагы же азыркы бийликке жүгүнүп шыпшынбаган кыргыз турмушуна жана табиятына арналган ырларындай сыртынан сыпаа, жөнөкөй бирок ичинен кооз, мээримдүү, чыныгы интеллигент жана интеллектуал инсан. Болбосо, ал тээ илгери КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти Москвада алгачкылардан  болуп бүтүп келгенде эле өзүнө бир чоң кызматты сурап же ага тырышып жетишип алса болмок. Жок, ал антпеди. Анын ордуна поэзияны жанындай көргөн, таланты Союзга таанылган  45 жаш курагында адабий билимин тереңдеткени кайрадан  Москвага кетти. Кыргызстандын эл акыны, Токтогул  атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси,  Кыргыз Республикасынын Баатыры деген улуттук ардак наам,  сыйлыктарды да, ачыгын айтыш керек, эмгегине жараша өз маалында эмес, кеч алды.

Ушундай эле ыкыбалга ал СССР убагында туш болду: каны-жанын ошол улуу держава үчүн аябаган  С.Эралиев саясий колдоп-сүрөөнүн жоктугунан таланты С.Наровчатов, М.Луконин, М.Дудин, Э.Межелайтис, Ю.Марцинкявичюс, Р.Рза, С.Рус­там, Г.Гулям, Р.Гамзатов, К.Кулиев, Д.Кугультинов, М.Карим, М.Турсун-заде, М.Каноат сыяктуу ар башка улуттарга таандык акындардан эч кем калышпаса да Социалисттик Эмгектин Баатыры, Лениндик же СССРдеги Мамлекеттик сыйлыктардын ээси деген бийик наам, сыйлыктарга көрсөтүлбөдү.

Өтө өкүнүчтүүсү Москваны андай кой, чыгармалары мурда-кийин өзүбүздө, Кыргызстанда кур дегенде үч том болуп чыкпады. Мындан да таң калычтуусу көрүнгөн бай-манаптын, аты айылынан ары чыкпаган баатыр менен атка минерлердин, ортозаар окумуштуулар менен акын-жазуучулардын аттары жайнаган азыркы Кыргызстандын эч бир шаарында, районунда же айылында С.Эралиевдин ысмы коюлган  маданият үйү, китепкана, мектеп же көчө жок экен. «Колдо бар алтындын баркы жок» деген накта ушул эмеспи.

Бирок, кеменгер Сүкөбүз буга мүчүбөйт да, кейибейт. Анткени анын өмүр жолу жана акындык табияты таптакыр башка.  Бул жөнүндө өзүнүн «Сага айткан сыр» деген  дилбаян  китебинде акылман сөздөр бар: «Адамдагы улуу сыймык – абийир. Башка эч бир наам ага тең келбейт. Абийир – адамдын жүзү, мазмуну жана баасы. Жападан жалгыз  бетке карманары жана сыймыгы». Мындай талап  акынга да коюлат: «Жазуучу үчүн жалгыз курал – сөз.  Сөз – анын жашоосу, бүтүндөй тиричилиги.  Сөзгө ал кун жеткис байлык – кенч катары карайт. Ал үчүн кам көрөт. Аны таза сактоого, өткүр, курч кылып урунууга тырышат».

Ооба, так ушундай. Мунун  акыйкаттыгына, калетсиздигине С.Эралиевдин өзүнүн адамдык жана акындык тагдыры күбө. Ал үчүн да абийирди, ыйманды,  сөздү, кудай берген талантты сатпаган эрдик керек! Ушул мааниде мен С.Эралиев бир кылымдык басма тарыхы бар кыргыз поэзиясын баштаган  К.Тыныстановдун (ал «Жаңыл Мырза» деген поэманы алгач жазган), аны жаңы баскычка кө­төргөн  А.Осмоновдун (ал да кезегинде Ак Мөөрдүн армандуу тагдырына кайрылган) адамдык жана чыгармачылык эрдигин улантты, акындык өнөрдү дүйнөлүк деңгээлге  жеткирди деп эсептегим келет.

Албетте, бул ыйык жана жоопкерчиликтүү жолдо ал жалгыз жүр­гөн жок. Аны  менен классиктер: С.Жусуев, Б.Сарногоев, Ж.Садыков, Р.Рыскулов, О.Султанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Мамытов, М.Абылкасымова, А.Өмүрканов  сыяктуу жолдоштору, шакирттери, санаалаштары чогуу болду. Азыр С.Эралиевдин акындык зор мектебинен чыккан  Ш.Дүйшеев, А.Рыскулов, Э.Эрматов, Т.Бекболотов, К.Кулуев, А.Акбаров, өңдүү дасыккан, элге кеңири таанылган акындар баштаган жоон топ жаштар бар.

Демек, уучубуз куру эмес. Ошентсе да  мындай бир суроо баары бир  кайра-кайра берилбей койбойт.  Эмне үчүн эч бир кыргыз акын-жазуучусу С.Эралиевдей согушта үч мертебе оор жаракат алып, андан аман-эсен келип 90 жашка чыкпады жана жан дүйнөсүн жалгыз Гана поэзияга арнабады?

Ар кандай азгырыктарга алдырбаган мындай өмүргө, эрдикке, албетте, суктанып, андан ар убак өрнөк алуу керек.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, академик, “Кыргыз Туусу”, 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий