Түрк ааламына түгөл таанымал Түгөлбай Казаков

Жашыл троллейбус
Кайсы бир кечте көчөдө катарлаш кобураша басып, анан троллейбуска түшкөнбүз. Жүргүнчүлөр жапырт бурулуп, негедир биз тарапты карап калгандай сезилген. Эмне болуп кетти? деп жүрөм ичимден.

Байкасам, журттун баары Түкөмдү жалт карайт турбайбы. Айрыкча ыр жандуу кыздардын мойну үзүлүп кетчүдөй. Ошондо троллейбус айдаган адам гана жолдон көзүн бура албай, бирок сүйүктүү ырчысына күзгүдөн суктанып баратса керек.

Баскан жолго баа берүү оңой эмес. Жаркын жылдар, жылдыздуу элестер көз алдыма шурудай чачырап, бир тизимге бирикпей турганы. Түкөм экөөбүз троллейбуска чогуу түшпөй калганыбыз качан!..

70-80-жылдар кыргыз улуттук обон тарыхында өзгөчө бир өнөгөлүү доор болду го. Рыспай, Сардарбек, Калыйбек, Аксуубайлардын көчүн улай чыккан Түгөлбай Казаков менен адеп комсомол съездинде таанышкам. Ысык-Көлдөн шайланган делегат менен маегим «Ленинчил жашта» жарыяланып, экөөбүздүн ортобузга көпүрө болгон. Кийин анын талапкерлиги дал ошол «Ленинчил жаштан» комсомол сыйлыгына көрсөтүлүп, лауреат атанган.

«Жакшынын шарапаты» дегендей, Түкөмдүн аркасында музыка дүйнөсүнүн чыгаан чыкмалары менен аралаштым, арбын тилек, көп кызыкка күбө болдум. Маэстро А.Жумакматов, төкмө акын Э.Турсуналиев баштаган С.Жумалиев, З.Үсөнбаев, А.Керимбаев сыяктуу таланттар менен аралаш-куралаш мамиле түздүм.

Жаштыктын бир жаркын кечинде Мукан Рыскулбековдун үйүндө Түкөм, Токон Эшпаев төртөөбүз чогулуп калганыбыз эмдигиче эсимде. Мукан маркум анда гитаранын кылдарын сыздатып, Токон токтобой ырдап, Түгөлбай кыякты боздотуп турган кезеңи. Шаңдуу кечтин шарданын мен да коштоп, колду кере шилтей ыр окугам. Өнөр сайыштын кызыгын ушундан билиңиз, убакыт кандай өткөнүн, таңдын кандай атканын төртөөбүз тең байкабай калыппыз.

Кызык, азыркы «жасалма жылдыздар» андагыдай жылдыздуу учурларды башынан кечире алар бекен? Нагыз жылдызга айлануу үчүн башкаларга жарыгыңды тегиз чачып туруу зарыл эмеспи.

Өнөр адамы өзү кубанганы бир тең, өңгөлөрдү кубантканы бир тең. Жекелеп «Мерседес» минбей, жашыл троллейбуска эл менен бирге түшүп жүргөн ошондогу жаш обончулар нагыз бактылуу муунбу деп кетем.

«Насыйкат» кантип жазылган?
Көлдөн каттаган сайын Түкөм редакцияга кайрылып, чыгармачыл пикир алмашып, ысык ымалада болуп кеттик. Кайсы бир келишинде мага күтүүсүз сунуш айтты. Кандай дебейсизби?

Кадимки Карамолдо черткен «Насыйкатты» ырдасак дейт.

Адеп макул деп баш ийкеп койсом да, ал сунушка кантип киришип, кандай орундоону билбей жүрдүм.

Күү деген күү. Түпсүз, чексиз мухит сыяктуу. Күңгүрөнө күмбүрлөп, сырын ичке жашырып, купуясын ашырып чертилет. Ар ким ар кандай кабылдайт. Анан калса «Насыйкаттай» залкар күүгө эмне деген сөз жазып, кандай жан киргизүү керек? Тилсиз күүгө кантип тил бүтүрөм?

Арадан айлар өтө бергенден улам Түкөм менин абалымды түшүндү. Акынга шыкак керек. «Кыргызстан» мейманканасына жайгашкан экен, ошондо чакырды. Маңдай-тескей отуруп алып «Насыйкатты» угабыз. Колуна комуз кармап, шартылдата чертет. Кайра күүлөйт комузду. Анан «Насыйкатты» аккордеонго салып аткарат. Мага түшүнтүү үчүн домбурага салып иймейи да бар. Айтор, тажабай кайра башынан түшөт.

Бул көрүнүш бир эмес көп кайталанды. Шаарда экөөбүздүн тең турак-жайыбыз жок болгондуктан «Ленинчил жаштын» иш бөлмөсүндө, тааныш-билиштердин үйлөрүндө изденген күндөрүбүз арбын болду. Акыры менин кум куюлган кулагым ачылып, залкар күүнүн табышмактуу кайрыктары сезимде жаңыра баштаган сыяктуу: бу-бу, бу-бу…, бу-бу, бу-бу…

Бул тыбыштар жүрө-жүрө «Бул Насыйкат, бул Насыйкат» деген сөздөргө бирикти. Андан ары «Бул Насыйкат сага калган, бул Насыйкат мага калган» деген сүйлөмгө жалгашты. Кекилик кармаган баладай кытылдап сүйүнгөнүмдү айтпаңыз!

Түшүндүм. Толук аңдай элек болсом да «Насыйкат» үч бөлүмдөн турарын боолголоп түшүнө баштадым. Эпилог, пролог, анан албетте ортодогу негизги бөлүм. Кандай гана классикалык үлгү, кандай так композиция. Көөнө кыргыз күүлөрүндө классикалык музыканын, симфониянын мөлтүр башаты жаткан тура. «Насыйкат» ырдалат тура. Ушуну калт кетирбей байкаган Түкөмө баракелде!

Күүнүн кайрыктары кулагымда жаңыра баштаган күндөн тарта анын кириш жана корутунду бөлүмүнө сөздү тез эле жазгандай болдум сыңары. Бирок негизги бөлүмдүн өзөгүн кайсы сюжет жана кандай окуя түзүүгө тийиш, эмнени баяндап, эмнени түркүк кылуу зарыл?

Түкөмдүн айтымына караганда, Карамолдо атабыз бул күүсүн черткенде тек гана «насыят күү» деп койчу экен. Музыкага тиешелүү китептерди өзүм да аңтарып көрүп, буга кошумча жарытылуу маалымат таба албай кыйналдым. Эмне кылуум керек?

Ар акын өз тажрыйбасына, көргөн-билгенине таянат. Мен дагы бала кезден уккан бир болумушка кайрылгым келди. Боом капчыгайынын ичинде Кыз-Күйөө делинген жер бар. Чоң атабыздын конушу андан алыс эмес болгондуктан Кыз-Күйөөнүн кайгылуу тарыхын эртелей эшиткем. Бирок канча тытмаласам да бул окуя негедир залкар күүнүн залкар жүгүн көтөрө албоочудай.

Албетте, «Насыйкаттын» өзөгүн жалпы улутка тиешелүү чоң тарыхый болумуш түзүүгө тийиш. Ошентип элдик санжырада кеңири таралган Чыңгыз Айтматовдун чыгармасында да баяндалган Бугу-Эне жөнүндөгү уламышты залкар күүгө өзөк кылып алдым.

Бул санжырада өмүр менен өлүмдүн, үмүт менен күдүктүн кармашы жүрөт. Мүйүзүнө бешикти иле качкан Бугуну кара күчтөр кубалайт. Кара ниет күчтөрдү жалпылаштыра мен Жебе деп алдым. Бугу менен Жебенин кармашы кантип бүтүүгө тийиш? Жебени жеткирип койсоң элдин тукуму соолуйт. Жок, жеткирбей койсоң жөнөкөй жомокко окшошуп калат.

Ошондо мага «Манастан», «Семетейден» калган элдик философия аян берип, көмөккө келди көрүнөт. Эң кыйчалыш кырдаалда «Эй! Жебе жетеби, жанып өтөбү?» деген суроодон кийин «Кайып болуп кет эми» деген ой кайыптан бүттүбү ырасы?!

Түкөм ырдап чыкты, ырдаганда да кандай! 70-жылдары «Насыйкат» таңды-кечке радио менен теледен түшпөй калды го…

Кетмен-Төбө жергесине сапар буйруп, экөөбүз райондун борбору Токтогулда катарлаш баратканбыз. Көчөдөгү радиодон «Насыйкат» жаңырат. Бизге бет маңдай туштан чыккан балпайган ак байбичеге баш ийкей сыпаа учураша өтө бердик.

— Айланайын, Түгөлбайсыңбы? — деп кайрылган байбиче бетинен өөп, алкышын айта баштады: — Өркөнүң өссүн! Өнөрүң өркүндөсүн ылайым! «Насыйкатың» жер жарып, дүбүртү катуу чыкты. Элге жакты. Күнү кечээ неберелүү болуп, атын сенин ырыңдан Насыйкат койдук!

«Баламдын аты сенин ырыңдан!» — өнөр ээсине мындан ашкан бата, мындан ашкан бакыт жок! Кадимки Карамолдо атабыз кастарлап черткен, досум Түгөлбай кайра жаңырткан «Насыйкатка» акын катары менин да тиешем болуп калганына ичимден ийип, сүйсүнүп турдум.

Ырасында, «Насыйкаттын» сөзү татаал. Ырдын муун сандары муунакталып, узарып же кыскарып, улам өзгөрүлө берет. Бир «аксакал музыковед» аны талдай келе, ырдын аягы так эмес, табышмактуу бүтүп калган деген пикир жазганын окугам. Мен муну тактоо эмес мактоо деп түшүнөм. Анткени, ар бир ырдын өз табышмагы, катылуу сыры болууга тийиш. Артынан сая кууган Жебеден кутулуу үчүн Марал кайып болуп кеткени — бул менин табылгам эмес, элдик философиянын туу чокусу.

Кыргыз күүлөрүн ырдап чыгууга башка композитор, ырчылар дагы аракет кылып көрүштү, бирок негедир максатка жетпеди. Менимче, ырдала турган күүнү табуу үчүн Түкөмдөй кылдат угуп, терең түшүнө билүү зарыл. Бул бир. Экинчиден, ошол күүлөргө жазылган тексттерде эч табышмак болбой, элди бир укканда тажатып коюп жүрбөсүн?

Түкөм мага «Насыйкатты» ырга салалы» деп кайрылганда, мынчалык ийгилик болот деп күткөн эмесмин. Кыргыз жергесинин туш тарабында Насыйкат аттуу кыз балдар кызгалдактай кулпуруп чыга баштады. Менин өз иним дагы кызынын атын Насыйкат койгон.

(Уландысы бар)

Акбар Рыскул, акын, “Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 07.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий