Улуттук музыка менен дүйнө кезген «Ордо-Сахна»

Кыргыз элим өркүндөп өссө экен, кыргызым татыктуу жашоого умтулса экен деген тилек ар бир кыргыздын жүрөгүндө эмеспи. Буга «Ордо-сахна» фольклордук этнографиялык ансамблинин өз салымы бар. Алыскы Америкадан тарта чет элдик угуучуларын багындырып, алардын дагы жүрөгүнөн түнөк таап, кыргыздын салттуу музыкаларын дүйнөгө жаңыртып келишет. «Ордо-сахна» ансамблин 1998-жылы негиздеген Ордо ТВ телерадиокомпаниясынын генералдык директору Шамиль Жапаровдун айткандарын тыңдап көрөлү.

Фольклор
— Элдин тарыхын, маданиятын, чыгармачылык жаатын азыркы заманбап музыка менен биргеликте улуттук аспаптарды, салттуу музыканы жана кыргыз фольклорун сактап калуу, аны өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу максатында «Ордо-сахна» музыка-этнографиялык ансамбли түзүлгөн. Ал элдик аспаптар аркестринен жана кичинекей бий тобунан турат. Топ жаңы түзүлгөн убакта Кыргызстандагы фольклордун абалы өтө оор эле. Фольклорду чакан чөйрө гана укчу. Ага кызыккандар да сейрек болгон. Көптөгөн элдик музыкалык аспаптар унутулуп калган. Ошондо биз кайрадан акырындык менен кичинекей болсо да, фольклордун ордун тургузууга аракет кыла баштадык. Жаштарды фольклор жаатына кызыктырыш үчүн, салттуу музыка менен катар фольк-джаз стилиндеги музыкалык композицияларды жараттык. Биздин аракеттер жакшы жыйынтыктарды берди.

«Кайберен»
— Алгач, өзүбүзгө чоң аудиторияны тартыш үчүн биз угуучуларга «Музыка уламышы» деп аталган СД дискин чыгардык. Бул дисктин максаты элди кыргыздын фольклордук аспаптары менен тааныштыруу эле. Андан соң, «Көчмөндүн ыры»,»Тогуз Ак» аттуу музыкалык видеофильм тарттык. Ал 9 клиптен турат. Бул долбоор көп убакыт бою телевидениеде кеңири көрсөтүлгөндүктөн, элдик музыка элге сиңе баштады. Биздин топ кандай концерт берсе дагы анын тарбиялык мааниси өтө зор эле. Мисалы, «Ордо-сахна» ансамблинин «Кайберен» аттуу долбоору жаратылышка көбүрөөк басым кылат. Анда жаратылыштын өзүнүн духу тууралуу айтылат. Дал ошол дух чектен чыгып, жаратылышты талкалаган адамдарды жазалайт. «Кайберен» адамдарды жаратылыш менен гармонияда болууга үндөйт. Бул түгөнбөгөн түбөлүк темалар болуп эсептелинет. Бүгүнкү күндө да бул тема абдан актуалдуу. «Кайберен» долбоору аркылуу кыргыздын уникалдуу улуттук оймо-чиймелери чагылдырылган кийимдер тигилген. Ошондой эле ага ылайыктуу музыкасы да жазылган.

Жерди сүйүү башталган жерде
— «Ордо-сахна» 10 жылдан ашуун убакытта башынан көп кыйынчылыктарды өткөрдү, чалынды, жыгылды, ооруду, көңүлү калды. Ошол убакта таштап кете берсек деле болмок, бирок кыргыз элинин салттуу музыкасына, фольклорго, башка жерде жок эң кооз жерибизге болгон сүйүүбүз баарыбызды бириктирип турчу. Бул топтун келечеги кең экенин ичибизден туюп билчүбүз. Ошондуктан, бирдиктүү команда менен оор кырдаалдан чыгууга бардык күч аракетибизди жумшадык.

Бүгүнкү күндө «Ордо-сахна» бул өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңири билген мобилдүү чыгармачыл команда деп коркпой айта алабыз. Бизди бир гана мамлекеттин ичинде эмес, дүйнөнүн булуң-бурчтарында өтө турчу конкурс, фестивалдарга чакыра башташты. Кыргызстанда жашап туруп, биздин музыканы Кыргызстандын сыртындагы элдер угуп атканын билип абдан кубанабыз. Анткени, кыргыз тууралуу дагы көптөгөн адамдар маалымат алып, биздин маданият менен таанышууда.

«Манас» залды транска түшүрөт
— Байыркы убактарда кыргыздын музыкалык аспаптары улуттун сыймыгы аталып дайыма сыйлуу жерлерде илинип турчу. Чынында эле кыргыздын комузу, ооз комуз, кернейи, чопо чоору негизи эле музыкалык аспаптары өтө баалуу, суктанууга татыктуу экендиги талашсыз. Бизге көнүмүш болуп калган ошол эле комуз жана башка аспаптар чет элде антиквариат сыяктуу мамилеге ээ. Чет мамлекеттерге коюлган концерттерде чоң ийгиликтерге жетишип келебиз. Мисалы, «Манас» эпосун уккан зал транска түшүп калгандай сезилет. Сөзүнө түшүнбөшсө да чоң кызыгуу менен угушат. Залга толгон эл «Манас» айтылып бүткөндөн кийин 4-5 мүнөт өткөн соң өзүнө келип, анан кол чаап башташат. «Манас» эпосунун күчү кандай зор экендигин алардын кабыл алуусу эле далилдеп турат.

Эстетикалык ырахат
— Учурда «Ордо-сахнада» алты бийчи, жана оркестрда 11 адам эмгектенет.

Репертуарында 6 сааттык чыгармасы бар. Ошондуктан ар бир концерттин программалары ар башка. Биз акча табуу максатында эмес, кыргыздын кудуретин, кыргыздын касиетин баалашсын деген максат менен алектенүүдөбүз. «Кыргыздын улуттук колориттеги музыкаларын чет элдиктерге тааныштырып, музыка менен өзүбүздүн дүйнө таанымыбызды, келечекке болгон умтулуубузду ушул музыка аркылуу жеткирсекпи деген тилегибиз бар. Анткени музыка адамга эстетикалык рахат тартуулоо менен анын ошол элдин маданиятына, баскан жолуна болгон кызыгуусун арттырат деп ишенебиз.

Жыгач ооз комуздун касиети
— Учурда бул коомдук-маданий агартуу «Ордо-сахна» фонду АКШнын кырктан ашуун штаттарына барып концерт коюп келген. Чет өлкөгө кыргыздын маданиятын толук кандуу жеткирүү максатында «Рure Nature Music» (АКШ) 3 жылга келишим түзүлгөн. Америкалык угуучулар кыргыз фольклордук музыкасына кызыккандыгы болуп өткөн концерттерде ачык-айкын көрүнүп турат. Биздин ата-бабалардан калган жыгач ооз комуздан чыккан коңур үн алардын кулактарынын кумарын кандырып тургандыгы алардын кол чабуусунан да байкалат. Буга чейин «Ордо-сахна» ансамбли Чикаго, Питсбург, Филадельфия, Сиэтл, Нью-Йорк, Сан-Франциско, Беркли, Сакраменто, Седана, Лос-Анджелес жергелерине атак-даңкын чыгарып келишкен. Андан тышкары Франция, Япония, Түштүк Корея, Турция, Германия, Россия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерге гостролдорго чыккан. Биздин топтогу ар бир аткаруучу өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланып турат. Мисалы, манасчы Рыспай Исаков «Манас» эпосун айтып көпчүлүк күйөрмандарды таң калтырат. Кайсыл мамлекетке барбайлы улуттук стилдеги декорацияларды, шырдактарды, кийимдерибизди ала барабыз. Концерт аяктаган соң, кыргыз маданиятын, салттарын, дегеле кыргыздар, Кыргызстан жөнүндө билгиси келгендерге биздин мекенибиз жөнүндө айтып беребиз.

Нургүл ИБРАЕВА, “Кереге” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.10.2011-ж.

«Ордо-Сахнанын» аткаруусундагы айрым кыргыз күүлөрүн, ырларын бул жерден уга аласыздар.

Соц тармактар:

Добавить комментарий