«Кыргыз», «Таш кыргыз», «Чоң кыргыз», «Бурут»… жөнүндө

Кыргыздардын этникалык аталыштары Россиянын тарыхый булактарында

Ак калмак Алгазынын 1707- жылдын 27-августундагы Жунгарияга барып келгенден кийин Кузнецк шаарындагы Буйруктук үйдүн аскер башчысы О.Р.Качановго «бир жактан ак калмактардын (тыргоотордун – Д.С.) жана Енисей кыргыздарынын  буруттарга (тяньшандык кыргыздарга – Д.С.) каршы согуштук аракеттери болуп, биринчилер «алардан бир топ коркунучта жашагандыгы» тууралуу маалымдаган.

«Бурут» термининин келип чыгышы жөнүндө баарыбызга маалым ар түрдүү ой-пикирлер сакталууда. Эң алгачкылардан болуп XIX к. орус синологу И. Бичурин алар «IV кылымда эле азыркы жерлерде (Кыргыз Республикасынын азыркы территориясы жөнүндө сөз болууда-Д.С.) кытайлык болу, булу жана болюй деген аттар менен пайда болушкан. Болу жана булу бурут деген сөзгө окшош, демек «бурут» кыргыздарды кытайлыктар менен монголдор бүгүнкү күнгө чейин атаган байыркы аты» деп болжолдогон.

Кыргыз окумуштуусу А.Абдыкалыков калмак башкаруучулары тарабынан ат катары кыргыздарга берилген бурут монголдун «буруу» деген сөзүнөн чыгып, «туура эмес», «күнөө», «кылмыш» дегенди түшүндүрүп, ага «т» тамгасын кошуу менен «күнөөлөнгөндөр», б.а. «чыккынчылар», «башка диндегилер»  түшүнүгүн берет деген кызыктуу ойду айткан. Ал эми XIX кылымдын аягындагы орус этнологу Н.Аристов бурут «бури» (тагыраак айтканда — бөрү-Д.С.) деген сөздөн келип чыккан, кыргыз тилине которгондо «карышкыр» дегенди түшүндүрөт деп божомолдойт.

Биздеги маалыматтар боюнча «бурут» термини гидрономикалык (б.а. дарыялардын аталышы) же топономикалык (жердин аталышы) негизге ээ жана Бурутала дарыясынын, же Боротала жеринин аталышынан келип чыккан. Бул аталыштар орус архивдик документтерде көп кездешет жана азыркы кезде Балхаш көлүнүн түштүгүрөөгүндө жайгашкан. Дарыя Кытай Эл Республикасынын Эбинор көлүнөн агып чыгып Балхаш көлүнө куйган Каратал дарыясына кошулат. Сибирдик кыргыздардан айырмала-нып бул аймакта жашаган кыргыздардын буруттар деп аталышы толук мүмкүн, бирок бул ат кыргыздардын өздөрү тарабынан, алардын ал райондон калмактардан сүрүлүп чыгуусунан улам, акырындап унуткарылып калган сыяктуу. Белгилүү орус синологу Д.Банзаров Баргужин-Тукум жерин «бургуттар», же «буруттар» жана «буряттар» деген ат менен окшоштуруусу да кызык. Белгилей кетчү нерсе, кыргыз синологу Т. Бейшеналиевдин маалыматына караганда «бурут» ойрот тилинен которгондо «тоолуктар» (Гао шань Цзюй Мин) деп түшүндүрүлөт. Анын ою боюнча ойроттор, б.а. калмактар тяньшандык кыргыздарды ушундай аташкан, бирок мында биз макул болбой турган жагдай, Борбордук Азиянын тоолорунда жашаган башка да этностордун көп болгондугу.

«Бурут» термининин «кыргыз» деген биринин артынан бири катары түшүндүрмөсү менен берилген вариантты 1731-1733-жылдары Жунгарияда болгон башка бир орус дипломаты И.Угрюмовдон кездештиребиз. Мында ал казактарды «Казак ордосу», «казактар» деп атаган.

Кыргыздардын мындан кийинки кызыктуу этникалык аталышы 1749-жылга тиешелүү архивдик документтерде «кыргыз-калмактар» термини «буруттар» деген түшүндүрмө менен айкалышта кездешет. Мисалы Россиянын Тара шаарынын тургуну Григорий Даниловдун билдирүүсүндө келтирилген. Анда калмактардын «кыргыз-калмактарга, алар обочолонгон жерде турган буруттарга» жортуулу айтылат. Бул кебетеси, кыргыздардын бир бөлүгү калмактар менен убактылуу саясий союзда болгондугун айгинелейт.

Сибирь губернатору В.А.Мятлевдин Россиянын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик коллегиясына 1756-жылдын 13-январындагы рапортунда жунгариялык элчилердин кабарлоосу келтирилип, анда калмак ноёну Амурсана 1755-жылдын аягында Цин империясынын басып алуучулук саясатына каршы көтөрүлүшкө чыкканда өз адамдарын Алтайга Омбо зайсанга жиберип «ал өз аймагы менен Амурсанага көздөй чыгып мунгалдар (т.а. Циндерге-Д.С.) жана ак буруттарга каршы согушта жардамдашуусун» өтүнгөнү ырасталат. Бул маалымдоочулардын замандашы жана Сибирь тарыхчысы И.Е.Фишердин корутундулоосу боюнча «Чыгыш элдери түрлөрдүн аттары менен ар кандай түшүнүктөрдү байланыштырышат: ак, мисалы эч кимге баш ийбеген, кызматтан жана алык-салыктан бош дегенди, ошондой эле бакыт жана башка кубанычты алып келүүчү нерсе деп түшүндүрүлөт». Маалымдоочулар алтайлыктардын Жунгарияда моюн сунган абалдагы (мисалы, зайсан Аширмат башындагы) кыргыздарды алардын көз каранды эмес жердештеринен айырмалоо максатында акыркыларды «ак буруттар» деп атоолору ажеп эмес.

Этникалык «Алатай кыргыздары» сөз түрмөгү 1750-жылы Россия Илимдер академиясынын академиги, оренбургдук кызматкер Петр Рычковдун «Татарлар жөнүндө кыскача билдирүү» кол жазмасында пайдаланылган: «Алатай кыргыздары көчмөн жана күчтүү эл, Таш- кенттен ары Чоң кайсак ордосунан беш-алты күндүк аралыктагы Хожент, Найматан жана Марталан (Наманган жана Маргалаң-Д.С.) шаарларына жакын таштуу, эч ким өтө алгыс Ала-Тай тоолорунда Зюнгор ээликтери (Жунгар хандыгы-Д.С.) менен Сыр-Дарья деп аталган дарыянын аралыгындагы Бахалжи жана Каркыра капчыгайларында көчүп жүрүшкөн. Алардын айрым бөлүгү жунгарларга жакын турушуп, алар менен үзгүлтүксүз согушуп тургандыктары менен өзгөчөлөнүшкөн. Согушка алардын чогулушу, жыйырмадан отуз миңге чейин. Яиктин ары жагында көчүп жүрүшкөн кыргыз кайсактар жана үч ордону түзгөн калк, ар кайсы уламыштардын негизинде Алатай кыргыздардын тукумдары…»

Чыгыш Түркстандагы окуяларга байланыштуу 1759-жылдагы тарыхый документтерде XVIII кылымдын II жарымында Кокондун башкаруучусу Ердене ( т.а. Ирдана) бий башында турган «өзбек кыргыздары» эскерилет. Аларды дагы калмактар буруттар деп атагандыгы жөнүндөгү бизге алдыда белгилүү болгон түшүндүрмөлөр бул жерде да берилген. Мында тарыхтын ошол мезгилиндеги Кокон хандыгынын өзбектери менен кыргыздардын саясий биримдикте болгондугун билдирет. Эң кызыктуу маалыматтар 1766-жылы 3-августта Орто жүздүн казактарына барып келишкен башкырлар Казаккул Казакбаев менен Унтей Азлаевдин кабарлоосунда келтирилет. Анда «Аблай султан жайкы жайытка (жайлоого) кетишкен аталган кыргыздардын ичиндеги крыг юздарга согуш менен барды» деп айтылган. Белгилеп кетчү нерсе бул сөз түрмөгүндө муундалып даана бөлүнгөн иреттик сан атоочту көрсө болот: ал «крыгь»-кырк; «юз»-жүз, б.а. кырк-жүз. Бул «кыргыз» деген сөздүн келип чыгышын түркчө түшүндүргөндүгү эмеспи, анткени буга чейин болуп келген ар түрдүү гипотезалардын ичинен жогорудагыдай айтылганы XIX к. аягында немец окумуштуусу В.В. Радлов тарабынан божомолдонгон. Өзүнүн «Сибирь жана Монголиянын түрк урууларына этникалык чабыт» аттуу эмгегинде «менин оюмча «кыргыз» деген ат кырк-йустан келип чыккан» деп көрсөткөн. Эгерде кыргыздардын мындай «кырк» жана «жүз» деген аталышынан түзүлгөндүгүнүн тууралыгын моюнга алууга мүмкүн болсо, анда бир катар жаңы кызыктуу корутундуларды жасоого жана «кыргыз» сөзүнүн, жалпы эле кыргыз элинин этногенези боюнча талкууда белгилүү позицияны ээлесе болот.

Айтмакчы, өз убагында белгилүү синолог Д. Банзаров да «кыргыз» сөзүнүн иреттик сан атооч «кыр-кыз», же тагыраак айтканда «кырклыктардан» келип чыгышын негиздеген. XVI кылымдагы чыгыш булактарында, анын ичинде «Маджму ат-таварихте» да «кыргыз» сөзү «кырк-гыз» же «кырк-/о/-гуз», б.а. кырк огуздан чыккан деген түшүндүрмө келтирилген.

Кыргыздардын дагы бир кызыктуу аталышы академик Петр Рычковдун уулу Николай Рычковдун күндөлүктүк жазмаларында белгиленген. Өзүнүн казак талааларына 1771-жылкы саякаты мезгилинде Улутау жана Алатау тоолоруна түшүнүк берип жатып, Алатау тоолорунда «жергиликтүү кыргыздар» жашайт деп көрсөткөн.

Текстте казактар жөнүндө сөз кылып жатып «кыргыс кайсактар» терминин пайдаланат. Бул дагы бир жолу ошол кезде Алатоо тоолорунда жашаган кыргыздар келгиндер болгон эмес, жок дегенде жарым-жартылай автохтондук (б.а. жергиликтүү) калк болушкандыгын айгинелейт жана казактар алардан бөлүнүп чыгышкандыгы жөнүндө кабарлайт.

1771-жылдан баштап Россиянын архивдик документтеринде «жапайы кыргыздар» деген аталыштар жолуга баштайт. Мисалы, аскер кызматкери Иван Абдулин алгачкылардан аны пайдаланган. Бул аталышты 1771-жылы 9-октябрда казак Абылай султандын конушунан кайтып келгенден кийинки берген кабарлоосунда төмөндөгүдөй жазат: «Дагы кыргыздардан (тагыраагы-казактардан-Д.С.)  Абылай султанга жапайы кыргыздарынын үстүнөн Чоң кыргыз ордонун баланайлык болуштукту (б.а. Улуу жүз казактарынын найман уруусун) талкалашкандыгына даттануу алып келишкендигин уктум…». Мында, биз көрүп тургандай, жапайы кыргыздар деп ал кебетеси бир жагынан россиялыктарга али белгисиз жана казактардан айырмаланган дагы бир  элди белгилесе, экинчи жагынан алардын эгемендүүлүгүн, эч кимге баш ийбөөчүлүгүн көрсөткүсү келген болуу керек. Атаке баатырдын 1785-жылдагы Россияга биринчи элчилигине байланыштуу кыргыздардын каттарынын акыркы котормолорунун тексттеринде авторлору өзүлөрүнүн кандай кыргыздардан экендигин айтышпаса да XVIII кылымдагы орус котормолорунда алар «жапайы кыргыздар» деп берилген.

1795-1796-жж. Санкт-Петербургда «Новые ежемесячные сочинения» журналында жарыяланган Сибирь аскер кызматкери капитан Иван Андреевдин «Кыргыз-кайсактардын Орто ордосун баяндоо…» макаласында «жапайы, кара жана таш тоонун нары жагындагы кыргыздар» аталышы кездешет, акыркысы кыргызчага которулбаган. Биздин оюбузча И.Андреев бул аталыштарды Санкт-Петербургда болгон биринчи кыргыз элчилери менен жолугушкандан кийин колдонгон окшобойбу, анткени өз­дөрүн «кара» деп атоо менен алар чыныгы анык «кыргыз» этнонимин алып жүрүүчүлөрдөн экендигин басым кылып көрсөтүшкөн. Бирок, капитан Андреев аны орусча котормосунда берип кыргызча айтылышы болбой калгандыктан, ал кийинки Россияга кыргыздардын үчүнчү расмий элчилигине чейин, т.а. 1824-жылы Омск шаарына барганга чейин белгисиз кала берген.

1786-1795-жылдары «таш тоо­лук кыргыздар» жана  «таш тоонун нары жагындагы кыргыздар» деген аталыштар кездешет. Алар Ч.Ч.Штрадмандын 1795-жылы 1-февралдагы рапортунда ж.б. документтерде бар, анда баарынан мурун кыргыздардын көчүп жүргөн жерлеринин рельефине – б.а. Тяньшандын тоолуу массивине мүнөздөмөлүү айырмачылык белгиленет. «Жапайы таш тоолук кыргыздар» деген аталышты 1847-жылдын 8-февралынан баштап орус аскер адамы хорунжий Т.Р.Нюхаловдун рапортунан кезиктиребиз. Анда алардын социалдык-маданий өнүгүү даражасы тууралуу эч нерсе айтылбастан, кыргыздардын тоолуу аймактарынын аз өздөштүрүлгөндүгү жана ал өткөөлдөрдөн жол кезип өтүүгө өтө татаалдыгы белгиленген.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору,
«Кыргыз туусу», 11.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий