Кырк жылдын кыйырындагы мээнет

Бардык эле акын-жазуучулардын балдар үчүн жазган бирин-серин чыгармалары бар. Бирок балдардын жан дүйнөсүн, кулк-мүнөзүн, психологиясын терең изилдеп, баш-оту менен балдар адабиятына кирип кеткендери саналуу гана. Алардын ичинде Тоголок Молдо, Нур Молдо, К.Эсенкожоев, А.Осмонов, Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, Ш.Бейшеналиев, М.Жангазиев, Ш.Садыбакасов, Т.Кожомбердиев, А.Кыдыров, Т.Самудинов жана башкалар кыргыз балдар адабиятынын төрүнөн орун алган. Мына ушулардын катарында белгилүү балдар акыны Байтемир Асаналиев да бар. Анын патриоттук, лирикалык ырлардан турган “Булак күүсү”, “Кыял сапары”, “Кездешүү”, “Ойлонуу” деген китептери поэзия күйөрмандарынын сүйүп окуган чыгармаларына айланган. Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев аны “Нагыз лирик” деп атаган. Ошентип ал чоңдор поэзиясына салымы бар акын болсо да, аны балдар адабияты, балдар дүйнөсү биротоло азгырып алган.  Бүгүнкү күндө кыргыз балдар адабияты жөнүндө сөз болгондо анын ири өкүлдөрүнүн катарында Б.Асаналиевдин да ысымы аталат.

Б.Асаналиевдин 1967-жылы “Мектеп” басмасынан чыккан “Жаз боёгу” аттуу тунгуч китеби балдарга арналган. Аны ошол мезгилде окурмандар абдан жакшы кабыл алып, басма сөздө кеңири сөз болууга арзыган. Мына ошондон бери ал балдарга “Булак күүсү” (1970), “Табышмактар” (1966), “Мен кыялкеч баламын” (2008) ж.б. китептерди тартуулап, өзү 20 жылдай мезгилден бери балдардын “Байчечекей” журналында жооптуу катчынын кызматын  аркалап келет. Чыгармалары кенже курактагы балдардын сүйүктүү чыгармаларына айланды. 2010-жылы чыккан “Ыр куржун” аттуу көлөмдүү жыйнагында да балдар ырларына кеңири орун берилген.

Акындын тарбиялык маани-маңызы, эстетикалык кунары, дидактикалык күчү кыйла жогору болгон чыгармаларынын негизги темасы – бүгүнкү күн, негизги каарманы – бала. Демек, акын ар кандай темага бүгүнкү күндүн көзү менен карап, аны баланын ой-чабытынын, таанып-билүүсүнүн өрүш алышы үчүн кызыктырып өзүнө тарткан ыкма менен чечмелейт.

Автор ырларында балдар ойногон оюндарды, жаратылыш кубулуштарын балдардын табияты менен жуурулуштуруп жиберет, балдардын кабылдоосу үчүн жеңил болгон кылдат юмор менен берет. Ырларынын тематикасын кыргыз жергесинин кооздугу, балдардын жаратылыш кубулуштарын аңдап билүүсү, ар нерсеге кызыгуулары жана кыялдануулары жөнүндөгү чыгармалар түзөт. Анын балдар дүйнөсүнө чукул болушу эмгек жолун мугалим болуп баштап, кийин “Мектеп” басмасында жана “Байчечекей” журналында жалпысынан 40 жылдай балдар адабиятын чыгаруу менен иштегендигинен болсо керек.

Анын ырлары негизинен мектеп жашына чейинки бөбөктөр менен мектеп жашындагы кенже балдарга арналган. Алсак “Айбанаттар паркында” деген ырлар циклинде бала бакчадагы балдардын кылык-жоруктарын, ой жүгүртүүлөрүн элестүү чагылдырат. Ошондой эле акын өзүнүн балдар поэзиясында улуттук атрибуттарды, каада-салттарды да кылдаттык менен берет. Мисалы, “Мурас” деген ырында:

“Ата-Баба мурасы:
Боз үй,
Комуз,
Ак калпак.
Унутпастан буларды,
Уруналы ардактап”
– дегени баланын патриоттук сезимин ойготуу менен, улуттук өзгөчөлүктү, аларга аяр, урматтоо менен мамиле жасоону астейдил туюндурат.

Ал эми Б.Асаналиевдин табышмактары да өз алдынча ыкмада берилип, балдарды тез ой жүгүртүүгө, ойлоно билүүгө чакырып, тапкычтыкка, баамчылдыкка үйрөтөт:

«Түбүн жалын аймаган,
Түрдүү аш анда кайнаган.
Атын тапчы Асан
Анын аты – …”
– дегени табышмакты окуп жаткан баланын “Казан” деп кубанычтуу кыйкырып жиберүүсүнө алып келет. Автор кандай гана теманы албасын курулай акыл үйрөтүүнү, дидактиканы алдынкы планга койбой, балдардын тили менен оюн түрүндө, чоң окурманды да жылмайткан жумшак юмор менен чечмелейт.

Мисалы:

– Жейт элем, – деп Абдыбек,
Сүрөттөгү алманы.
Мына кызык апасы,
Конфет берсе албады.

Же болбосо:

Таңкы чөптө шүүдүрүм,
Таасир этти Буланга.
Айтып жүрөт ар кимге:
– Ыйлайт экен тулаң да.

Же болбосо:

Өскөн менен күрөшүп,
Жыгылып калды Төлөсүн.
Алдында жатып коркутат:
– Турсам бирди көрөсүң.

– деп баланы ойлонто турган олуттуу жыйынтык чыгарат. Айтор акындын жеткинчектер үчүн ушундай таасирдүү ырлары арбын.

Акындын “Куурчак” деп аталган дагы бир татынакай ыры бар. Анда куурчактын:

Ырдатышса – ырдаймын,
Ыйлатышса – ыйлаймын.
Кичинекей кыздарга,
Кирпигимди ымдаймын.
Алар менен кошо ойноп,
Айтор кечке жыргаймын
, – дегени бала бакчадагы куурчактай болгон кичинекей кыздын, чыңкылдап декламация айтып жатканын элестетет. Ошентип автордун баланын тили менен кыял-жоругун, кылыгын чагылдырган, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүн таанып билүүчүлүк багытындагы ырлары бүгүнкү күндө кичинекей окурмандардын сүйүктүү чыгармаларына арналган. Бир катар ырларына обон жаралган.

Б.Асаналиев орус жазуучусу И.Тургеневдин “Түркөй”, К.Чуков-скийдин “Эр жүрөк персе”, А.Бартонун “Кышкы токойдон гүл терүү”, Е.Мардын “Найзадагы желек” ж.б. көптөгөн акын-жазуучулардын чыгармаларын чеберчилик менен которуп, кыргыздын төл чыгармасы катары балдардын кабыл алышына зор салым кошкон мыкты котормочу. Алсак казак акыны М.Алимбаевдин “Көк желе” деген ырында жамгыр жаап басылгандан кийин чыккан күндүн желесин карап туруп, ошол көрүнүштүн кооздугуна суктанган баланын:

Чыксачы деп күнүгө,
Тилей бердим үңүлө.
Алып келип койсомбу,
Бир үзүмүн үйүмө?
Аттиң боюм кичине…
Аттиң колум кичине…
  – дегени котормо эмес эле, накта кыргыз акыны жазгандай таасир калтырып, андагы жумшак юмор аргасыз жылмайтат. Б.Асаналиевдин өзүнүн айрым ырлары да бир катар чет тилдерге которулган.

Б.Асаналиевге “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардак наам, кыргыз балдар адабиятына кошкон олуттуу салымы үчүн балдар адабияты боюнча Тоголок Молдо атындагы сыйлык ыйгарылган. 2009-жылы “Азур” басмасы “Балдар китеби – 2009” деген адабий конкурс жарыялап, жыйынтыгында поэзия номинациясында Б.Асаналиев 2-орунду ээлеген. Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун балдар адабияты секциясынын жетекчиси. Балдар адабияты боюнча хрестоматияларга, журналдарга редколлегия мүчөсү.

Автордун ырлары, табышмактары, жомоктору, аңгемелери “Байчечекей”, “Кырчын” ж.б. журналдарга, мезгилдүү басма сөздүн балдарга арналган беттерине байма-бай жарыяланып келет. “Адеп”, “Кыргыз тили”, “Мекен таануу” окуу китептерине, көптөгөн хрестоматияларга киргизилип, мектепте кеңири колдонулууда.

Балдар адабияты – жалпы эле адабияттын бир бутагы гана эмес, жеткинчектердин дүй­нөнү таанып-билүүсүнүн башаты. Ошондуктан балдар жазуучусунун мойнундагы милдети өтө чоң. Ал балдардын жан дүйнөсүн, психологиясын жакшы билиши кажет, ал түгүл жаш балдардай кыялкеч болушу зарыл.  Ушул жагдайдан алганда балдар үчүн чыгарма жазуу өтө эле оор. Мындай иш бардык эле акындардын колунан келе бербейт. Демек, балдар  жазуучусунун келечек муундарды тарбиялоодо ролу чоң.

Мына ушундай зор милдетти Байтемир Асаналиев бүгүн жетимишинчи ашуунун туу кырында туруп, жеткинчектер үчүн талыкпай аткарып келет.

Жогоруда айтылгандай, балдар адабиятына башын сайып коюп иштеген авторлорго теңсинбөө­чүлүк мамиле жасалып, көп көңүл бурулбай, алардын чыгармачылыгы изилдөөгө алынбай, сын-пикирлер айтылбай, бааланбай, кур жалак калып жаткандыгы өкүндүрөт.

Мына ушул жагдайдан алганда кыргыз балдар адабиятына бараандуу эмгек жасаган Байтемир Асаналиевдин эл акыны деген наамга эчак эле эмгеги өткөнүн белгилеп кетким келет.

Ысмайыл КАДЫРОВ, балдар акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын лауреаты
«Кыргыз туусу», 18.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий