Сыймыктуу унутулгус өмүр

Байдылда Сарногоев экөөбүз Маскөөдөгү Максим Горький атындагы Адабият институтунда окуп жүргөндө кез-кези менен Ленин китепканасына бара калып, Кыргызстандан жиберилип турчу гезит-журналдарды окучу элек. Ошондо Жалил Садыков деген жаш акындын ырлары менин көңүлүмдү өзүнө тартканы эсимде. Анын Фрунзедеги университеттин студенти    экендигин билип, өзүм кат жазып, экөөбүз сырттан таанышканбыз. Ошол кезде чыккан “Толкун” аттуу адабий альманахка кирген кырктан ашуун жаш акындардын ичинен Жалил Садыковдун ырлары гана мага жаккан болчу.

Бир жылдан кийин мен “Ала-Тоо” журналынын башкы редактору болуп иштеп, Жалил Садыков менен жакшылап таанышып, анын ырларын журналга жарыялай баштагам. Көп өтпөй 1958-жылы анын “Убада” деген тунгуч ыр китеби басмадан чыгары менен ал китеп жөнүндө “Жалил Садыковдун убадасы” деген макала жазып, журналга жарыялаганмын. Биздин чыгармачылык байланышыбыз ошентип башталган.

Анын чыгармачылык өмүрү биздин көз алдыбызда башталып, биздин көз алдыбызда аяктады. Бир сөз менен айтканда, калемди алгач кармаган жаш акын кыргыз адабиятынын асманында жарык жанган жылдыздардын бири болуп атагы алыска угулган кыргыз элинин сүйүктүү классик жазуучусу болууга чейин өсүп жетти.

Орустун чыгаан акыны Сергей Есенин өзүнүн өмүр баянын жазып келип, эми калгандары менин ырларымда деген. Ошол сыяктуу Жалил Садыковдун өмүр баянына байланыштуу маалыматтарды анын ар мезгилде жазган ар кыл ырларынан тапса болот. Анын өмүрү кыргыз элинин тагдырына, турмушуна, максатына тыгыз байланышкан. Анткени, акын дайым эл арасында жашап, эл менен тыгыз байланышта болуп, элдин мүдөөсү, тилеги, жакшы ойлору аныкы менен эриш-аркак келгендигин анын көп ырларынан бай-коого болот.

Балалык чагы каардуу согуш мезгилине туш келген болочок акын он жашка араң чыкканда талаада соко айдашып, атасы күнөөсүз көп жылдар абакта жүргөн мезгилде кээ бирөөлөрдөн “контрдун баласы” деген суук сөзүн укса да, жакшы адамдардын жылуу мамилелеринен жүрөгү эргип, турмуштун ачуу-таттуусун көрүп чоңоёт, ушунун баары ага сабак болот. Айрыкча ал адамдардын көңүл көтөрө турган сөздөрүнөн, табияттын көркүнөн, алгачкы сүйүүдөн алган таасирлери анын дилгир дилинде уюп калат да, алгачкы ырларын жаратууга түрткү берет. Элдин өтүп жаткан турмушу аны эч качан кайдыгер калтырган эмес. Айрыкча элдин эртеңи, болочогу, кайда бара жатканыбыз жөнүндө санаркоо, бушайман ырлары бирине бири уланып, өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин жазылганын көрөбүз.

“Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот” деген элде сөз бар. Мен Жалил Садыковду Ала-Тоодо жаралып, анын асманында учуп чыккан шумкар деп элестетсем, анын бир канаты поэзия, бир канаты драматургия деп, куйругу болсо поэзия котормосу деп элестетемин. Ал кыргыз адабиятынын ушул үч жанрында эмгектенип келди, жөн эле эмгектенбей, ийгиликтүү, жемиштүү, олжолуу эмгектенип, өзүнүн көксөгөн мүдөөсүнө жеткенине биз бардыгыбыз күбөбүз.

Поэзияда ал өзүнө теңтуш акындардын арасынан дароо эле суурулуп чыкты. Көркөмдүгү, мазмуну жагынан окурмандын табитине шайкеш келген көп ырларды жаратты. “Саамалдай болуп көбүрүп, саамайдай ылдый төгүлүп, шар аккан тоонун суусуна жайкысын түшсөм чөмүлүп, көңүлдө кирим тазарып, көп жылга өмүр жашарып, көксөймүн менде болсо деп, көк кашка суудай тазалык!” деген сыяктуу ыр саптары окурмандардын көңүлүндө унутулбай калды.

Анын өзү жазып жаткан ырына карата талабы абдан катуу эле. Ошондуктан анын ырлары дайым ойдогудай чыккан, адамдын көңүлүн өзүнө тартып турган, канааттандырган. Начар ырларды жазуудан акын окурмандардан уялган. Бул жөнүндөгү оюн окурманга ачык эле айткандыгын төмөнкү ыр саптарынан окуйбуз: “Ырларды окшоштуруп жамаачыга, дит барбайт сени тетир каратууга, акым жок жаман ырды жаратууга”. Акындын өзүнүн ырларына кылган мамилеси ушундай, өтө айкын.

Ушундай акын кант диабети деген оңой менен айыкпай турган ооруга дуушар болуп, узак жылдар бою өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин бул оорунун азабын тартты. Бирок, оорудум деп калемин таштап койгон жок. Ооруп жүрүп ооруганын сездирбей канаттуу ырларды жаратып жүрдү. Ооруп жаткан учурларында да көңүлүндө ырлар тургандыгын бул саптарда жазгандыгын көрөбүз: “Жан кейип, жан кыйналып жатсам дагы, сезимде жарк-журк этет ырдын сабы”. Бул оюн акын андан ары улап, тактайт: “Өлөм деп мен ойлобойм жандын камын, ар кимден артык эмес менин жаным. Ойлоном: “Не болот деп мээде жүргөн, ырлардын жаңы ойлорун, жаңы сабын”.

Өзү өлбөс талантын жо-гору баалап, даңазалап ырдаган акын Алыкул Осмонов жөнүндө “Алыкул акындардын акыны экен, аз жашап, бирок өлбөс ырлар жазган” деген ыр саптарын жазган Жалил Садыковдун өзү Алыкул Осмоновдон кем калышпаган акын экендиги талашсыз. Бул оюбузду атактуу акыныбыздын өмүр бою талантын бүт жумшап, жазып кеткен ыр, поэмалары далилдеп турат.

Жалил Садыковдун “Калча”, “Саякбай”, “Унутулгус обондор”, “Байыркынын дастаны”, “Күтүлбөгөн кездешүү”, “Жаратканга жалынуу” деген поэмалары көркөм каражаттарды өз-өз ордуна ыгы менен жумшаган, окурмандардын көңүлүн бүт тартып алып, күчтүү таасир берген талантынын көп кыры сарпталган, чыныгы сөз зергерлиги таасын көрүнүп турган чыгармалар.

“Бушаймандар” деген циклге кирген көлөмдүү ырларда биздин азыркы турмуштун орун алган социалдык жана моралдык маанилүү маселелер баяндалган. Бул ар бири поэмага тете оор ырларды жазып жаткан убакта акындын көңүлү чөгүп, кыйналууга дуушар болгону окурмандарга байкалса керек. Өткөндө уйкашсыз ырга өтөбүз дешип оолугушуп, дүүлүгүшүп, чытырман токойго кирип кетишип адашып, өз ордуна кайрылып келишкен кээ бир акындарга окшошпой Жалил Садыков баштатан бери калыптанып калган кыргыз поэзиясынын салттык ыр формасында эмгектенип ырдын сонун, мазмундуу үлгүлөрүн жаратып, өзүнүн чебердигин көрсөттү. Өзүнүн ээлеген чыгармачыл позициясында бекем туруп, башкалар жете албаган чоң бийиктиктерге чымырканып жетти. Жалил Садыков тунук акылдуу, тунук сезимдүү, тунук таланттуу залкар акын.

Жалил Садыков акын катары кыргыз элине кеңири таанылгандай, белсемдүү драматург катары да өзүн эл алдына даана көр­сөттү. “Эр Төштүк”, “Жукеев-Пудовкин”, “Терең кечүү”, “Ак Мөөр”, “Ормон хан” сыяктуу пьесаларын миңдеген көрөрмандар көрүшүп, авторго ыраазы болушкан. Айрыкча Манас жөнүндөгү үч пьесасы ага бийик атак-даңк алып келип, спектаклдери сахналарда узак ойнотулуп, дайым аншлаг болуп турганына күбө болгонбуз. “Манастын уулу Семетей” деген пьесасы боюнча коюлган спектакли жөнүндө мен гезитке макала жазганмын.

Кыргыз эл акыны ал пьесасы үчүн Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын алган. Манас жөнүндөгү спектаклди көргөн адамдардын патриоттук сезими ойгонуп, биздин элдин өткөндөгү мезгилдеги эрдиктерине сыймыктанып, шыктанышкандыгы, спектаклдин аягында Жалил Садыков да пьесанын автору катары сахнага чыгып, роль аткарган актёрлор менен бирге көрөрмандардын кол чабууларын кабыл алып, салтанаттуу учурларды башынан өткөргөнүн бир нече жолу көргөнмүн. Эл аны мыкты, тажрыйбалуу драматург катары билишкен жана урматташкан.

Ал поэзиянын машыккан, дасыккан котормочусу катары өзүнүн жакшы эмгектери аркылуу элге кеңири таанылган. Башка тилдеги поэзия чыгармаларын кыргыз тилине өзү мыкты акын болгондор ийгиликтүү которо ала тургандыгын көп жылдык тажрыйба ырастады. Ошондой мыкты акыныбыз Жалил Садыков көп жылдардын ичинде башка республикалардагы мыкты акындардын чыгармаларын өз тилиндеги жакшы касиеттеринен ажыратпай, кемитпей кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуу кылгандыгын калыстык менен айтуу керек. Ага Жалил Садыков которгон Омар Хаёмдун, Александр Пушкиндин, Юрий Лермонтовдун, Расул Гамзатовдун, Кайсын Кулиевдин, Музафар Алимбаевдин, Кадыр Мырзалиевдин жана башкалардын ырларын айтсак болот.

Жалил Садыковдун котормолорунда башка тилдеги акындардын түп нускадагы ырларынан жакындыгы, тактыгы, көркөмдүгү менен айырмаланат. Айрыкча Омар Хаёмдун төрт саптарын, Расул Гамзатовдун сегиз саптарын, Кадыр Мырзалиевдин “Аргымак” аттуу ыр китебин кыргызчага которууда акын өзүнүн талантын жана мүмкүнчүлүгүн толугу менен жумшаган котормочулук чебердигинин сонун жактарын көрсөтө алган.

Ал жасаган Омар Хаёмдун жакшы котормолоруна кыргыз обончулары обон чыгарып, кадимки кыргыз ырларындай сахнада ырдалып жүрүшү бекеринен эмес, бул котормочуга берилген жогорку баанын өзү.

Бул макаланын баш жагында акындын башынан өткөндөрдү анын ырларынан байкоого болот деген ойду айткан элек. Чынында акындын ырларын окуп отурганда анын кубанычын, кайгысын, өкүнүчүн ошол ырлардан байкайбыз. Акын өзү жөнүндө, ырлары жөнүндө, адамдар менен болгон мамилеси жөнүндө окурмандарга ачык айтып бергиси, окурман менен ырлары аркылуу сүйлөшкүсү, маектешкиси, сырдашкысы келген. Ошондой ырлар аркылуу акындын кулк-мүнөзүн, ойлогон ойлорун, максат-тилектери, каалоолору да билинерин баамдадык.

Биз Жалил Садыковду сыртынан оор басырыктуу, сабырдуу, адамгерчиликтүү, кээде өтө кубанган, кээде басмырт, абройлуу, чынчыл адам экенин биле турганбыз. Анын “Табылган акча жөнүндө” деген ырынан адамдарга өтө боорукердүү акын экендиги көрүнүп турат. Бул ыр аркылуу акын өзүнүн мүнөзүн ачып берген. Бул ырга жана акынга ишенбей койгуң келбейт. Ушундай акын жана адамга ким жамандык кылып, кара санасын деген ойго ке-лесиң. Бирок, акын-дын “Тандалган чыгармалар” (2003) жана “Кеч күздөгү мөмөлөр” (2007) ыр китептеринде үйүнүн төрүнө төшөк салып жаткырып, даамдуу тамактарын берип бөпөлөп сыйлаган достору бара-бара кас чыгып, көңүлүн ооруткандыгы жөнүндө ырларды окууга туура келди. Чыгармачылык жактан улам өсүп, ардактуу наамдарды алган, зоболосу өргө көтө­рүлгөн акынга сыртынан дос, ичинен кас болушуп, ичи тардык, көралбастык кылышкандыгы жө­нүндө акын ырларында иренжүү менен жазган.

Жалган, жасалма достор жө­нүндө мындан миң жыл мурда жазган Омар Хаёмдун ыры менен Жалил Садыковдун ыры үндөшүп турат. Омар Хаём:

Азыр барбы дос күтүүнүн кереги,
Жандай көрүп, ага ишенбесең эми.
Акылыңдын көзү менен карасаң,
Душман чыгат дос дегениң береги

– дейт. Демек, жалган достук  байыртан бери адамдардын арасында уланып келаткан көрүнүш экенине ишенүүгө болот. Ошентип, Жалил Садыков жалган достордон жана айыкпас оорудан азап тарткан.

1995-жылы менин 70 жылдык мааракемде мен жөнүндө Жалил Садыков “Саяпкер устатым” деген макала жазганда мен ага ыраазы болуп сыймыктанганмын. Кийин ага арнаган ырымдын аягын:

Акындыктын, адамдыктын байрагын,

Асмандата көтөрө бер, Жалилим,

– деп бүткөн элем. Чынында да ал адамдык, жазуучулук ыйык парзын адал актап, Жараткан ага ыраа кылган куракты жашап, өз өмүрүн элине, Мекенине бүт арнап дүйнөдөн өттү. Анын аты кыргыз адабиятынын тарыхына алтын тамгалар менен жазылууга татыктуу. Анын жаркын өмүрү сыймыктуу жана унутулгус өмүр.

Сооронбай ЖУСУЕВ, Кыргыз Республикасынын Баатыры, кыргыз эл акыны,
«Кыргыз туусу», 18.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий