Тулпардын туягы

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси,  төкмө акын Мир Үсөнбаевдин бейнесине сүртүмдөр.

Өнөрдүн төрөсү төкмө акындык сейрек туулган таланттардын тагдырына гана буйруган. Дүйнөдөгү башка элдерден айырмаланып, кыргыз элинде гана бар мындай касиеттүү шыбага. Кыргыз элинде не деген төкмө акындар өз замандарынын керемети болуп өтүштү. Алардын аттары бүгүнкү күнгө чейин кылымдарды карытса да  элдин жүрөгүндө жашап келет. Жыйырманчы кылымдын чыгаан төкмө акындарынын далайынын батасын алып өскөн “акыркы могикан”, ак таңдай акын Мир Үсөнбаев. Андан кийинки тай күлүктөр өзүнчө муун.  Мирдин өнөрүн кемелине келтирген төкмөлүгү менен мукам үнү, анан куйма кулактыгы. Атасы Алымкул төкмөнүн замандаштары  болгон залкар акындардын айтыштарын, ырларын дал өзүндөй эсинде сактап,  ырдап элге тартуулаганы эле канчалык! “Залкарларды эскерүү” деген ат менен Арыстанбектен баштап, эң аягын Ашыраалы Айталиев, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиевдин ырларын кыргыз радиосунун алтын коруна жаздырды.

Мир обондуу ырларды дагы жаратат. Анын “Ашык элем”, “Кечирип кой” аттуу ырларын белгилүү ырчылар аткарып жүрүшөт. Улуу муундагы залкарлардын ырларын заманбап иштеп чыкканга да уста. “Көк сулуу”, “Көзал кыз” деген ырлары буга мисал.

Учурда Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын башкы директорлук кызматын аркалоодо. Чыгармачылык кош тизгинди кармаган таланттуу төкмө Мир Үсөнбаев алтымыш жашка кол берип турган учуру.

Аалы Токомбаевдин койгон аты

Совет мезгилинде 1-сентябрды Эл аралык тынчтыкты сактоо күнү деп белгилешчү. Айтылуу ак таңдай төкмө Алымкул Үсөнбаев  депутат катары  жыйында олтурган эле. Ошондо ага уулдуу болгонун сүйүн­чүлөп калышты. Аалы Токомбаев ушул тынчтыкты сактоонун эл аралык күнүндө төрөлгөн болочок акындын атын Мир коюуну айтып калат. Аксакалдар коштоп, ошондон Мир аталып калган. Кийин эл алдына ырдап, төкмө акын катары  таанылып калганда  эл өзү эле Замирбек атап, ошондон бул ысым  элден энчиленип калган. Мирдин  дагы бир аты бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Таласка айылга барганда аны Тобокел деп аташат. Анткени айылдагы Тобокел деген адам жүзгө чыккан экен. Мир туулганда ырымдап, таякелери аны ошо Тобокелдей жүзгө чыксын деп аташкан экен.

Ал комузду эрте чертти. Эске тутуу жөндөмү күчтүү болгон. Алымкул атага келген ырчылардын ырдаганын бир укканда, кайра сөзүн дал өзүндөй кемелине келтирип ырдап койчу. Ошонун баары анын талант көрөңгөсүн ойготуп, ага түрткү болгондой сезилет. 

Мир орус мектепти бүтүргөн, бирок, ага эч ким ишенбейт. Анткени анын жан дүйнөсүнүн табияты накта кыргыз экенин айтып турат.   Ата-энеси каникулга чыкканда үч айга айылга жиберчү. Айылдын балдары менен чүкө ойноп, кезүүдө кой кайтарчу. Алымкул ата айылга барганда жорго минчү. Ошо жоргону токуп минип, айылдагы балдардын турмушу кандай болсо, ошонун баарын көрдү.

Алымкул ата кайсы жерге барбасын Мирди таштабай өзүнүн жанында ала жүрчү. Мирдин эсинде Осмонкул акын менен атасы көп ээрчишип жүргөнү унутулбай калды. Ушул кезге чейин эстейт. Саякбай манасчы, Карамолдо кошулуп, элге барганда, атасын ээрчип жүргөн Мир алардын жанында отуруп, анан балалык менен уктап калчу. Бир убакта көзүн ачканда дагы эле ырдап отурушкан болот. Алымкул ата ошо уулунун кулагына сиңсин деген жакшы тилек менен жанынан чыгарбай ээрчитсе керек.

Саякбай атанын “Манас” айтканын Мир мындайча эскерет: “Биздин айылга бир жолу залкарлар барып калышты. Анан кечинде бактын арасына эл чогулду. Бир убакта ойгонсом эле таң атып калыптыр, эл жаңы эле тарап жаткан экен. Ошого чейин алар айтышып, ырдашкан экен да. Эл дагы ошону кетпей укканын айт!”

Ал өнөр адамдары жүргөн жерде, дайыма ыр угулган, комуз чертилген жерде жүрдү. Ушунун баары ага чоң таасир этти. Мирдин өнөр ааламына тартылышынын дагы бир себепкери – апасы.  А киши эскиче билимдүү киши болгон.  Алты жашынан он төрт жашына чейин арабча медреседе окуган экен. Кат тааныганына жараша акын аял болгон, ырларды жазган, бирок элге ачыкка чыкпаган. Мир кээде апасына “Апа, неге ырдабай калдыңыз?” десе, “Ээ, балам, сенин ырдаганың, менин ырдаганым” – деп койчу экен. Эне жүрөгү аяр эмеспи. Мирдин ырдаганын алгачкы убакта 15-16 жашка чейин эч кимге айттырбай, көргөзчү эмес. Үйгө киши келгенде “Балаң ырдайт экен го?” десе, “Жо-жок балам ырдабайт, кайсы ыр…” – деп койчу. Анан айтчу экен “Балам алар сенин ырдаганыңа деле карабайт. Баягы Алымкулдун баласы деген ар кандай көзү тийчү кишилер бар. Көзүгүп каласың” деп. Кийин сахнага чыгып ырдап калганда маңдайына келип отуруп, Мир ырдаган сайын ал да оозун кыбыратып  уулу менен кошо ырдагансып олтурганын далайлар көрчү.

Алар таң агарганча ырдашкан

Мир  азыркы бай репертуарындагы  залкарлардын айтышы, санат ырлары, айрыкча Алымкул атанын ырларын, ким менен жолугуп, кантип айтышканын көбүнчө апасынан укканы аркылуу ырдап калганын айтып төмөндөгүчө эскерет:

– Мен аларды китепке кошуп жатам. Атабызга апамдын кантип жолукканын, үнүн да жазып калдым. Мен мисал үчүн атамдын ким менен ырдашканын кайдан билем. Ошонун көбүн ушул апам айтып берген. Ал кишинин башы тим эле компьютер болчу.

Ошол убакта ырдаган залкарлардын айтыштарын дагы апаман угуп айтып калдым. Аксакалдардын өзүнөн дагы угуп калдым. Анын үстүнө менде алардын элеси калган да. Шаршен, Муса, Атай аксакалдарды эле көрбөй калдым. Калгандарынын баарын, Осокем, Саякбай ак- сакал, Карамолдо, Молдобасан, Коргоолду да көрүп калдым. Он күндө бир, шерине жешкенде көрүшчүбүз, бирок тим эле бир жыл көрүшпөгөн кишилердей болуп калышчу. Бул сыйлаганы, урматтаганы. Анан апам айтып калчу, “Балам, мына Калык улуусу, андан кийин Осокең, анан атаң эң кичүүсү, ушулардын бири “Ой Алымкул!”, же “Ой Калык!” деп үнүн көтөрүп айтуусун уккан жокмун. Өмүр бою “Калыке!”, “Осоке!”, “Алыке!” деп өтүштү. Кимисинен сураса да “Осокем менен Калыкемдей болобу!”, же “Алыкем менен Осокемдей болобу!” деп айтышчу. Өзгөчө адамдар да. Мен жатып алып кээде ойлоном, биз го эми азыр ашып кетсе төрт саат ырдайлы, а алар күн-түндөп таң агарганча бир поэманы (кенже эпосторду) бир эле ырдап койгон да. Ал эми Осокемдин эс тутуму абдан да күчтүү экен. Апам айтчу “Кыргыз эмес, 20 дуңгандын атын бир сыйра айтса да ошону кошуп шыр ырдап кетчү” деп. Анан мен сурачумун:

– Апа, биздин атабыз кандай эле?

– Анын үнү улам сайын шаңдуу чыкчу. Ошентип отуруп таң атырып жиберчү. “Кожожашты” айтып, “Манасты” да комуздун коштоосунда ырдаган. Бирок анысы жазылбай калган,-деген апам.  “Манас” айтканды мен деле билем. Чет мамлекеттерге барганда айтам. Бул чоң өнөр. Манасчылар, төкмөлөр деген баары эле түпкүлүгү бир акын го. Мисалы, биз айтсак бизге жеңилирээк. Биз бараткан жеринен кошуп кетебиз. “Манас” өзү ушинтип, ар ким ар кайсы жерин толуктап отуруп жаралган, – дейт Мир Алымкулович.

Токтогулдун комузу төрүндө илинип турат

Коргоол акын 1957-жылы борбор калаага келип, Алымкул атанын үйүндө болгон экен. Ал киши комузду эртең менен жалгыз чертет экен. Анан Коргоол атанын комузун кенедей Мир ала коюп кыңгырата койсо:

– Сен да чертесиңби? – деп сүйгүнчүктүү  карап,  башынан  сылайт.

– Менин көкүрөк күчүгүм ушу,- дептир Алымкул ата.

– Эми анда мен ырымдайын, бул комузду Токтогул черткен, анан мага берген, мен муну кырк жыл черттим. Ушул көкүрөк күчүгүң мендей, Токтогул атасындай болсун, – деп батасын бериптир. Илгерки улуулардын салабатын карачы, азыр ушундай жакшы тилектүү ырымды жасап, бата берген улуулар сейрек. Ошондо Алымкул ата сүйүнүп Коргоолго чапан жаап, колуна башка комуз карматып, өзгөчө сыйлаган экен. Ошол Коргоол акын тартуулаган улуу акын Токтогулдун комузу ушу күнгө чейин Мирдин үйүнүн төрүндө эң сыйлуу орунда турат.

Мир чыгармачылыктын босогосун чындап аттаганы 1968-жыл эле. Ошо жылы мектепти аяктаган. Жогорку окуу жайына тапшырайын десе  ошол кездеги филармониянын директору Арген Эсенкулов үйгө телефон чалып, “Залкарларды эскерүү” аттуу концертке катышуусун өтүнөт. Ошентип үч күн ал филармонияда ырдайт. Мирдин талантынын дареметин көргөн филармо­ния­дагылар аны кетиришпей:

– Сен биз менен эле кал. Окууну окуп аласың, – дешти. Ошо бойдон Токтосун Тыныбеков, Эстебес Турсуналиев ээрчитип жүрүшүп, элге алынып, филармония анын экинчи үйүнө айланат. Кийин “Элдик таланттар” чыгармачыл тобун түзүп, ушул күнгө чейин чыгармачылык менен узанып келет.

Филармонияга эң алгач келгенде Токтосун Тыныбеков менен алым-сабак айтышып чыккан. Кочкордо концерт коюп жүргөндө механизаторлордун слету болуп, он беш кишиден ашык тизмени беришип, ошону төгүп ырдамай болушат. Ошондо бир укканда эле адамдардын аттарын жаттап алып, сахнага чыгып алым-сабак айтып төгүшкөн эле.  Ошол биринчи гастролдогу бир ай Мирге чоң мектеп болуп берген. Андан кийин Ашыралы Айталиев менен айтышып ырдап калды. Эстебес Турсуналиевдин үйүндө Ысмайыл Борончиев менен айтышып ырдады. Андан соң, шыр кетти да Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Мамбет Таранчиев деген акын менен, дегеле ошол кездеги улуу-кичүү акындардын баары менен учурашып, алым-сабак айтышып ырдап жүрдү. Мунун баары ага көркөм өнөрдүн казнасын ачкандай эргитти.

Акыркы жылдары филармониянын башкы директору болуп эмгектенүүдө. Чыгармачылык менен чиновникти бирдей алып кетүү дагы өзүнчө татаал жол сынагы болсо керек. Анткени чиновниктик такыр башка кесип. Бирок, Мирге бул кызмат анчалык деле оор сезилген жок, филармонияга ал кымындай кезинде келди да. Филармониянын артиси катары дүйнөнү кыдырды, акын катары казактын үч жүзүн толук кыдырды.  Жамаат менен бир боордой жакын болуп калган, ар биринин мүнөзүн да, өнөрүн да жакшы билет.  Чарбачылык жагын жөндөп койсо болот. Ошентсе дагы чыгармачыл жамаатка чыгармачылык мамиле керек. Камералык хор жана оркестр, Асанкан Жумакматов атындагы симфониялык оркестр, “Камбаркан”  фольклордук-этнографиялык тобу, Алымкул Үсөнбаев атындагы фольклордук ансамбль, “Эстебес” ырчылар тобу, “Ак марал” бий ансамбли болуп чоң жамаат кыргыздын искусствосунун бай түп дарагындай элге өнөр тартуулап келишет.

Үсөнбаевдин мектеби

Мир Үсөнбаевдин айрыкча өнөр ичиндеги сейрек жанр болгон төкмөлүк мурастын билигин өчүрбөй, кийинки муундардан жылт эткен жылдыздарды алып чыгууда эмгеги зор. 90-жылдан баштап ал жаш төкмөлөрдүн устаты катары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көркөм өнөр окуу жайында кафедра ачып, ошол жерде сабак берип келе жатат. Мисалы, төкмө өнөрүндө кыргыз, казак элине таанылып келе жаткан филармониянын таланттуу солисттери Азамат, Аалы баштаган жаш акындарга акындыктын гана эмес, дастанчылыктын да сырларын үйрөттү. Ал турсун манасчылыкка дагы сабагын берди.

Кыргыздын биримдигин дайыма өнөр адамдары бекемдейт. Ушул убакка чейин кайсы жерге барбасын Мирди да эл өз баласындай сүймөнчүк менен кабыл алышат.  Аны эл көбүнчө төгүп ырдап бер деп суранат.  Элдин уулу болуудан өткөн  сыймык барбы. Сыймыгыңыз сыйлыкка улана берсин, Мир!

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 18.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий