Анарбек Усупбаев: «Кыргыз ислам болбогонун калпак да далилдейт»

Кыргызмын деген мырза калпакты, комузду, камчыны аздектеп колдонуш керек. Бирок, акыркы учурда биздин кыргыздын касиетин, сүрүн берген камчы, комуз, калпагыбызды бирөөлөргө белекке бермей модага айланды. Ушул кылганыбыз туурабы?-деп санжырачы Анарбек Усупбаев мырзага суроо салдык.

— Анарбек агай, кыргыздар чет мамлекеттен келген конокторго баш кийимибизди кийгизип, колуна камчы карматып, жонуна чепкен жаап узатып жүргөнүбүзгө көп болду. Кыргызда «баш кийимди башкага бербейт» деп укканыбыз менен, ушуну токтотууга эркибиздин жетпегенин себеби эмнеде?
— Туура айтасың. Чепкенди мейли кийгизели, баш кийимди бербеш керек. Бул деген өзүңдүн кутуңду, энергетикаңды берүү дегенди билдирет. «Баш кийимден башкасын бергилечи» дегенди укпай аткандар, тексиз кыргыздар.

Калпак — бул теңирчилик дүйнө таанымынан чыккан баш кийим. Анын төрт бөлүккө чийим менен бөлүнгөнү да бекеринен эмес, өзүнчө философия жатат. Тарыхты карасак, бизди гунндар деп коюшат. Кыргызча айтканда, «күнэлдер». Кыргыздын күн деген сөзүнөн алынган. Кыргызда минтип айткан: атабыз күндүн нуру, энебиз жер, каныбыз суу, жаныбыз обо деп. Мына ушул төрт нерсе кыргыздын баш кийиминде да камтылган.

Анан кыргыздын кутун учуруп, башкалар баркын билбеген калпакты эмнеге беребиз?

Калпак боюнча дагы бир айта кетчү нерсе, кыргыздар азыркы кийип жүргөндөй тилик калпак эмес, туюк калпак кийишкен. Илгери, бала бир мүчөлү жашка (12, эненин ичиндеги менен кошкондо 13 жашка) чыкканча «көз тийбесин» деп калпагын тилип койгон. Азыр баары ошондой жаш баланыкындай, тилик калпак кийип жүргөнүн көрүп, ушуну да билбей жүргөнүбүзгө кейийм.

-Калпакты азыр көпчүлүк учурда жамандыкка эле кийишет. Эмне үчүн жай-жагдайда кийишпейт?
— Өткөндө жакшы демилге көтөрүлдү. «Калпак күнү» деп. Бирок, мен калпакты бир күн эмес, бир жылда 365 күн болсо, ошончо күн ыйык кармашыбыз керектигин айтаар элем. Өткөндө бир-эки депутат инилериме да айттым: парламентте калпак кийип отургулачы. Силер кайкайып калпак кийип отурсаңар, башка улут сүрдөйт эле, а өзүбүздүн улутка сабак болот элеңер деп.

Сен айткандай, калпакты кээде гана жамандыкка кийип барышпаса, көбү жылаңбаш жүрүшөт. А илгери жылаңбаш кулдар жүрүшкөн. Анткени алар дайыма кызмат кылып, ар убак жүгүнүп турушкан….

А биздин бабалар асман тиреген калпакты кийип, көкүрөгүн, башын бийик көтөрүп жүрүшкөн. Ал эми кыргыздын кыз-келиндери чачтарына чачпакты байлап, кайкалай басышкан. Чачпак дагы аялдын чачын артка тартып, башын ылдый кылганга жол берген эмес.

Ал эми азыркы биздин кыргыздар өздөрүнүн салт-санаасын, үрп-адатын, тилин, дилин билбеген маңкурт болгон үчүн калпак кийгенден уялып жүрүшөт.

— Сиздин сүрөтүңүздү көрүп мен чын эле мырзаларга тийиштүү буюмдарды байкадым. Камчы, калпак, анан кемер кур…
— Туура баамдагансың. Кемер кур да кыргызга тиешелүү аздек буюм. Муну да пайдаланбай келебиз. Кемер кур- эркектин белин бекем кармап, суук тийгенден коргойт. Ошондой эле, тыкандыктын белгиси. Эркектин салаңдаган курсагын тартып турат. Ушуну жок дегенде төкмө акындар тагынып алышса. Болбосо, сахнада чепкени менен ичин кымтылап, ичи ооруп аткан немедей болуп турушканын көрүп эле жүрбөйбүзбү.

Өткөндө бир министр мырзанын иш бөлмөсүнө кирсем, араб тамгаларын, анан бир арабдын сүрөтүн илип алыптыр. «Кыргыздын уулу эч качан кайсы бир адамга сыйынган эмес.

Кыргыздын үйүндө камчы, калпак, комуз илинип туруш керек. Китеби «Манас» болушу керек. Уялбайсыңбы, кайдагы бир арабдын сүрөтүн дубалыңа илип алгандан» деп айттым.

Ушинтип ким эмне десе, айтканын угуп, кыргыз качанкыга чейин исламист, вахабист, иегово болуп бөлүнүп жүрө беребиз?…

Жакында эле Жалал-Абадга барып жаным кейип келдим. Элдери ислам динине сугарылып бүтүшүптүр. Аларга «Качан араб айтканы менен эмес, кыргыз айтканы менен болот? Силерге 5 араб келип башыңарды айлантса, алардын тилинен чыкпай турган деңгээлге жетипсиңер. Эгерде ошол 5 араб келип мээңерге чай кайнатып, «ушул жерде эмне кылып жүрөсүңөр? Силер Сибирге кетишиңер керек» десе, кете турган жөнүңөр бар экен. А алар биздин бейиштей болгон жерибизден кууп кетире албай жүргөндөрү менен ишиңер жок» дедим…

Кыргыз эч качан ислам болбогонун калпактын мисалында эле алып көрөлүчү, калпак менен эч качан намаз окуй албайсың туурабы?

— Камчы боюнча эмнелерди айта аласыз?
— Камчынын үч бөлүктөн (чачыктан) жасалганы,Теңирчилик дүйнө таанымына же диндердин башаты Теңирчилике тиешелүү экен. Теңирчиликте аалам-дүйнө үч бөлүктөн турат: Эң жогоркусу -Көк(Асман) же Жарыкчылык, Ортоңкусу-Жер-суу же Тиричилик, Төмөнкүсү-Жер асты же Караңгылык -өлүм. Камчынын үч бөлүгү-дүйнөнүн үч бөлүгүнүн башын бириктирип, бир Фараондун башчылыгынын астында экендигинде. Быйыл 2011жылы жалган куран (февралдын) айынын башында Алтайдагы чоң бакшы Акай Кине деген кыргыз тууганыбыз келип калыптыр, ошол тууганыбызга жогорудагы Фараондордун (көчмөндөрдүн бийлеринин) сүрөттөрүн көргөзсөм, таң калды айрыкча камчысына. Көрсө, Акай Киненин да камчысынын өрүмү үч бөлүктөн турарын, Теңирчиликтин дүйнө таанымы экендигин, ал да тастыктады.

— Баса, ошол Фараондор өзү кыргыздар болгон деп айтканыңызды уккан элем…
— Египеттин биринчи Фараону биздин заманды кошкондо 5200 жыл илгери «МЕНЕС» деген адам болгон экен. Мен англис тилиндеги тарыхый булактардан издесем, биринчи Фараондун атын Манас деп эле окудук. Мүмкүн бул биринчи Фараон Манастын өзү болбосо да, Манастын урпагы экени колундагы эн тамгадан байкалат.

Мен алардын сүрөттөрүнөн дагы бир нерсени баамдадым. Фараондордун бетинин көп мүчөлөрү, айрыкча мурундарынын талкалангандыгын. Көрсө Фараондордун бетин талкалангандыгы, Гиксостордун же болбосо көчмөндөрдүн тарыхын эч ким билбесин дегендигинде экен. Египеттин бир тарыхчысы менен болгон маегимде мага жогорудагыдай түшүндүрүп берди. Ушундай эле эстеликтердин беттерине залал келтиргендер Индия, Пакистан, Ооганстан мамлекеттеринде болуптур. Анткени ушул доордун башында Кушан деген мамлекет болгон. Бул Кушан мамлекети 300 жыл доор сүргөн, азыркы Кытайдын Синзян-Уйгур автономиясынын жеринде пайда болгон, кийин Ооганстан, Пакистан, Индия мамлекеттери кирген. Кушан мамлекетин түзгөн кыргыздын кушчу, кытай (кидань), дуулат (саруулар) жана базыс уруулары.

Ага болбой эле акыркы убакта жөөт эли далбастап биздин улуу Манасыбызды талашып жаткан убагы. Жөөттөрдүн тарыхта пайда болушу Авраамдан (Ыбрайым пайгамбардан) бери эле, болгону биздин заманды кошкондо 3400-3500 жыл.

Бул жөөттөрдүн кыялданган тарыхы. Авраам деген болсо, эч болбосо бир жердин, суунун аталышы болот эле, андай эч жерде жок. Андыктан, азыркы жөөттөрдүн Израиль мамлекетинин жеринде илгери, биздин Манас бабабыздын урпактарынын жашагандыгы чындык.

Эльмира Мадиева, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий