«Менин жашоом заманага байланган»

Кыргыз Республикасынан Эл акыны Майрамкан Абылкасымова менен маек

— «Үшүк» деген китебинизде Атаке баатырдын сүрөтүн көрдүм, ким тарткан муну?
— Ал көлдүк бир сүрөтчү айым. Атакенин өңү кандай болгонун урпактар улап айтып келишкен. Ошонун негизинде сүрөтү тартылган.

— Кеминде эстелиги да коюлуптур Атакеге…
— Ооба, Акаевдин учурунда коюлган. Медет Садыркуловдун салымы чоң, ошол иштерди өзү аткарган.

— Эмне үчүн, Атакеге тиешеси барбы?
— Медеттин энеси Дүр атанын кызы. Дүр Мамбеталы уулу болсо, Атакенин чебереси. 1919-жылы эл душманы деп атылган. Менин атам Абылкасымды ошо киши чоңойткон.

— Демек, Медет Садыркулов сизге жакын эле жээн болгонбу?
— Ошондой болгон. Атакеге, Шабданга, Манапка эстеликтерди тургузуу иштерине Медет катышкан. Сайлык деген айылдагы Дүр атанын мектебин салдырган. Бул балабыздын эмгеги зор…

— Атаке жөнүндө жазган драмаңыздын тагдыры кантип жатат?
— Ал кыргыз драма театрында 2004-жылы коюлган, ушул пьесам үчүн «Манас» ордени менен сыйлангам. Улуу бабамдын арбагынын астындагы милдетимди аркардым окшойт. Түлкү баатырга арнап поэма жазгам, анан ошонун негизинде киносценарийди жараттым, бирок, тасманы тартууга спонсор чыга элек, чыгаар.

— Бул өтө трагедиялуу сюжеттен спонсорлор чочуп жатса керек. Шекспирдин окуяларындай эле нерсе да. Эл ичинде айтылгандарды жаздыңыз беле мында?
— Ооба, биздин уруубуз ошол Түлкүдөн тарайт. Жаңыл мырзынын жаасынан өлгөн. Ары жагын айтпайын, билесиңер. Акбар Рыскулов «Жаңыл жаңылганда» деген ырды жазды.

— Менимче, өзүнүн намысын коргогон Жаңыл мырза жаңылган жок…
— Тарыхтын издерин жаңылбай сактап жүрүш керек. Бул биздин ыйык мурасыбыз.

— Туура айтасыз. Эми Василий Шукшин жөнүндө айтып берсеңиз. Мындай укмуш адам менен кантип дос болдуңуз эле?
— Аны менен мени Валентин Распутин тааныштырган. Москванын бир ресторанында. Шукшин мага китебин белек кылды, аңгелемер жыйнагы экен. Ошо китепти Сагын Наматбаев кыргызчага которгон. Распутин, Белов жана Шукшин жакын жүргөн достор эле. Мен алар менен далай жолу пиво ичкем. «Пиво с раками» деп коюшчу, бирок рактарын жеген жокмун, жаман көрөм андайды. Бул үчөөнү анан Иссык-Көлгө алып барып меймандаган күндөр да болгон. Сагын болсо Шукшинди өтө жакшы көрчү, анын эки томдук жыйнагын кыргызчалаган. Ушундай эркектер менен дос болуп жүрдүм. Москвага жылына эки жолу барып тургам, себеби СССРдин Жазуучулар Союзунун башкармасынын мүчөсү болуп шайлангам. Сагын Наматбаев болсо ошол кезде СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты болчу, аны менен да Москвага чогуу барып тургам. Римма Казакова деген белгилүү акын айым менен таанышкам Москвадан, ал менин ырларымды орус тилине которгон.

— Совет доорундагы идеология үлгүлүү беле, же андай эмеспи?
— Азыркы партиялардын идеологиясын мен түшүнбөйм. Совет доорунда «один за всех и все за одного» деген лозунг бар эле, «жулуп алам жана жутуп алам» дегендерге каршы болчу. Азыр болсо «жулунгандарга» жол ачык. Совет дооруна чейин бизде ар бир тукумдун идеологиясы болгон, бирок ошонун негиздери бүтүн элдин жашоосунан алынган. Жекеден жалпыга, уруудан улутка, жерден элге — мына ушу кыргыздын идеологиясынын түпкү тамыры. Башканы мен түшүнбөйм.

— Эмне себептен совет доорундагы идеологторубуз Калыгул менен Арстанбекти архивге «кулпулап» салышкан?
— Аларга компартия тараптан жол жабылган, себеби өтө курч ырларды жаратышкан. Менин чоң атам ошол ырларды үнүн акырын чыгарып, мага айтып берчи. Мен согуш жылдарында «лезгинканы» бийлеп машыгып алгам, ушуга байланыштуу мени башка өнөргө бурайын деп Калыгулдун ыры менен тааныштырган экен.

— Бул кавказдардын бийин ким үйрөткөн?
— Согуш башталганда чечендер келген биздин айылга. Ошолордон өзүм эле үйрөнүп алгам. Ошондо сатиралык бир пьесаны да жазгам, жаштарга жагып, аксакалдарга жакпай калган аным.

— Эмнеге жакпады?
— Жалкоолор жөнүндө жазгам, колхоздун чөбүн уурдагандар жөнүндө, айтор, болгон былыктарды келтиргем да. Ошондо чоң атам мага «лезгинканы бийлебе, артист болбо, андан көрө ыр жаз, Калыгул бабаңдай акын бол» дечү. Чоң атам менен сырдаш элем, айтканын аткарчымын. Акын болдум акыры.

— «Үшүк урду элимди да, жеримди» деп жаздыныз Аскар Акаевдин учурунда. Китебиниздин аты да «Үшүк» экен. Эмне себеп болду буга?
— Жаңы эле мөмөдөй болуп ачыла баштаган демократиянын жемиштерин токсонунчу жылдарда «үшүк» басып кетпедиби. Жаздым, себеби ушу.

— Орусчага «үшүктү» которсок «заморозки» болуп калат. Акаевдин жасоолдорунун жиндери келген жокпу бул сөз үчүн?
— Келди, кантип келбесин? Болот Жанузаковго «эмне үчүн силер ажодон чындыкты жашырып кошомат кылып турасыңар?» деп айткам. Бизден чыккан Каныбек Иманилев деген балабыз да Акаевдин учурунда кошоматчылардын камчысын чапты. Сарыбагыштар бийликти өтө жакшы көрүшөт, буларга байлыктан да бийлик жакын. Умтулуп эле турушат.

— Эми бийлик болбосо, байлык жок, бул эки нерсе «близнецы-братья» дегендей эле. Саясый лирикаңыз чиновниктердин намысына катуу тийди окшойт?
— Ошол кезде бийик кызматта турган Осмонакун Ибраимов да «үшүк» деген сөздү жактырбады, себеби Аскардын доорун ал «бейиш» деп түшүндүрүп жүргөн, ажосунун үй бүлөсүнө кыл тийгиздирбей. Ушундай чиновниктер президентти ажыдаарга айланткан. Чиновниктерибиз акыры жасаган кылмыштары үчүн учуру келгенде жооп беришет, бирок калың элди кантебиз, өзүбүз колдогонбуз Акаевди да, Бакиевди да. Иштерин баштаганда шек келтирбей ишенгенбиз. Буга тиешелүү минтип жазгам, окуп берейин.

«Мезгилдин талабына жарабадык,
Баарыбыз күнөөлүүбүз өткөндөргө,
Сен качпа мага шылтап баардыгысын,
Кечээ эле баш ийгенбиз көпкөндөргө»

— Бул сөзүңүз чучукка чейин жетип турат. Эң туура, күнөө баарыбызда, ошон үчүн эки жолу «көңтөрүп» салдык «көпкөн» бийликти. Бирок сиз үмүтүнүздү үзбөй турасыз, «Неге алдыма эртеңкини караймын, өмүрүмдүн жазы кайра келчүдөй» деп, ушундайбы?
— Үмүтсүз жашоо бар бекен, үмүт үзүлбөйт. Бизге да мыкты жетекчи келет, келбей койбойт. Абийир менен намысыбызды, өзүбүздүн жерибизди сактап калалык. Мен Чүйдүн камчыга сап болгон жигиттерине айткым келет: «Сары-Өзөндүн тарыхын сыйлагыла, эр жүрөк бабаларыңардын салтын улагыла, келгендерге жерлериңерди тарттырып, кул болуп калбагыла келечекте». Мындай сөзгө негиз бар, себеби чүйлүктөр чоң кызматка келсе, дароо ага-эжелерин унутуп басып кетишет, анан кызматтан ажыраганда, бөйпөңдөп калышат. Ушундай ыкмасы бар булардын. Арасында биримдик жок, кошоматтын жолуна өтүп алышкан, ар бир ажого сыйынып турушат. «Культ личность» деген нерсени ушулар ишке ашырышты. Чүйдүн эли качан минтип жүрчү эле. Чүйлүктөр илгери башкаларга дайыма үлгү болуп келишкен. Азыр эмне болдук…

— Ачуу сөз экен, бирок калыс жана таамай айттыңыз. Мындайлардан кутулбайбыз окшойт. Эмне дейбиз, өзүнүздүн эки сап ырыңызды ушуларга арнайлык.
«Журт тагдырын чече албаган бечара,
Эл ичинде эптеп өмүр сүрүшөт»
— Ушуга сен айткан саясый лирикадан дагы башка саптарды кошуп койгум келип турат, себеби, баягы эле үмүт бар.

«Эсиң болсо журтка кылгын башчылык,
Ыдырытпай тең бардыгын кармагын,
Бөлүп жарбай бир-бирине кас кылып»

— Эми «семейный» лирикага өтөлү, макул болсоңуз. Сагын байкебиз менен кайсы жерде беттештиңиз эле?
— Гонорар алганы келгем кассага, ал дагы келиптир, таанышып калдык. Эми мага көз салгандар көп эле болгон, бирок, мен өзүм тандап, башын айландырып, анан таштап кеткенди эп көргөм. Сагын жетим бала экен, чоң атама көрсөттүм аны, ал ага абдан жагып калса боло. «Ушу жигитке тий» деди, тийдим. «Жок, тийбе» десе, ошондой эле кылмакмын.

— Сатиралык саптарыңыз да бар экен, Байдылданын таасири эмеспи?
— Сагын байкең Байдылда Сарногоев менен бир класста окуган, дос болгон. Ал мага дайым тамашалуу ырларды белек кылчы, «эшек дептеримден» деп койчу. Ошол жалындуу жылдар эстен кетпейт. «Ленинчил жаш» аттуу гезиттин астында жаш таланттардын бирикмеси бар эле, биз ошого мүчө болчубуз. Күлкү, тамаша менен өткөн күндөр…

— Бири-бириңизди тергеп жүрдүңөрбү, же мамилеңер официалдуу гана түрдө түзүлгөнбү?
— Эми мынча болду, айтып эле берейин. Бексултан Жакиевди «Петя Буйный» деп эркелетип жүрдүк, Кеңеш Жусуповду «Кеша Тихий» деп, Салижан Жигитовду «Саша Лысый», Жолон Мамытовду «Жорка Сытый», ал эми Кубатбек Жусубалиевди болсо «Куркут» деп койчубуз, карагайдай болгон боюна жараша…

— Өзүңүздү да алар башкача аташса керек?
— Албетте, мени «Маргатер Тэтчэр» деп тергешкен, себеби, шляпа менен шым кийгенди жактыргам. Шляпалар көп болгон менде. Азыр да шляпа кием.

— Гезиттерди окуп жүрөсүзбү?
— Баарын окуйм, атап бер десең мына — «Учур», «Алиби», «Агым», «Аят», «Форум», «Кыргыз Туусу», орус гезиттерин да окуйм — «Дело», «Вечерний Бишкек». Реклама кылып койдум окшойт гезиттерге. «Азаттык» радиосун да күнүгө угам.

— Андай болсо «политически грамотный» турбайсызбы, азыркы саясаттын салмагын билет экенсиз. Астыдагы шайлообуз жөнүндө «прогноз» кылып бересизби?
— Аттарын атабайм, эч кимисине үгүтчү болбойм. Менин оюмча эки тур болот, экинчисине экөө чыгат — бирөө түндүктөн, бирөө түштүктөн. Андан аркысы кандай болоорун бир кудай билет. Акылыбыздан адашсак, коңшу өлкөлөргө жем болобуз. Бирок адашпайбыз деп ишенем.

— Мен да ушуга ишенем. Эми армандуу ырыңыз болсо айтып бересизби?
— Совет доорунан кийин 20 жыл өттү. Акаев иним мыкты кадрларды өстүрбөдү. Бакиев да буга жарабады. Эки ажобуз келечек үчүн иштешпеди. Качып кетишти. Ырым болсо мындай, окуп берейин, төрт эле сап:

«Душманыма таштай катуу турамын,
Күнөө кылбайм, чөгөлөбөйм эч кимге,
Сен барыңан мен ошондой Ата-Журт,
Сен жок күнгө тирүү бойдон жеткирбе»

— Мындай сөздөргө эмне дейбиз, Расул Гамзатовдун ыры эске түшөт экен -«Эне тилим эгер эртең жок болсо, бул дүйнөдөн бүгүн эле кетемин». Аман болуңуз, эжей. Беш жылдан кийин, кийинки юбилейинизде, дагы ушундай таасирдүү саптарды өзүңүз эле окуп бериңиз.

Маектешкен Кубан Мамбеталиев, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 13.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий