Жалил Садыков

 

Жалыл Садыков жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Кыргыз эл акыны Жалил Садыков: «Бир кайрылып келе кет…»

Сыймыктуу унутулгус өмүр

Жарыкка айланган Жалил акын

Залкар акын, драматург Жалил Садыков дүйнө салды

“Жалил Садыковдун чыгармачылык изденүүлөрү” (Жыргал Бейшеева, Филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациянын авторефераты)

Ырлар

Саякбай (Избранные стихи и поэма в переводе на русский язык). 

Кыргыз жери (тандалган ырлары).

 

ЖҮРӨК ЭҢСЕЙТ

Мезгил тынбай жылган сайын күнүгө
Мен суктанам ар бир өткөн күнүмө.
Анткендиги, айланчыктайт жаштыгым
Ал кездеги сенин сунган гүлүңө.

Ошол гүлдү сенин көзүң тандаган,
Ошол гүлдү сенин колуң кармаган,
Ага коштуң жаштык, сүйүү жалынын,
Мен да сага жаштыгымды арнагам.

Гүл кучактап, гүл балтырга чалынып,
Турар элек көзгө көздөр чагылып,
Күндөр келсе, жылдар келсе жаңырып,
Жүрөк эңсейт ошол гүлдү сагынып.

Ошол гүлдөр соолуса да түгөнүп,
Жүрөгүмдөн кайра жаңы гүл өнүп,
Ал күндөргө башка күндү теңебей,
Кыялымда жашай берет түбөлүк.

 

СҮРӨТҮҢӨ

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм, мейли өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап, көргөн түшчө кеттиң жөнөп.
Байкатпай баштагыңдай жүргөндүрсүң,
Башканын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүретүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

 

АВТОБУСТА БАРАТЫП

Мен кез-кезде автобуста баратып,
Туруп калам сулуу кызга жанашып.
Эл шыкалат, жөлөнүшүп жөнөйбүз
Аргасыздан жылмайыша карашып.

Мен ойлоном: Далай жигит ага ашык,
Далай жигит жетпей жүрөт талашып,
А мен болсом кыналышып бир турам
Адам толгон автобуста баратып.

Жогор жакта туткаларга жармашып,
Кетет капыс колдор колду кармашып.
Андай чакта оттук чагып жүрөктөр,
Көздөрүңө көзүм калат арбашып.

Көз арбашса көңүл жипсиз байланып,
Көөдөнүмдө Чолпон жанып, Ай жанып…
Ошол бойдон токтобосо автобус,
Жердин үстүн чыккым келет айланып…

 

БИР КАЙРЫЛЫП КЕЛЕ КЕТ

Күн чыкканда карагын
Күндүн чыккан тарабын.
Аппак тоолор байкайсың
Алтын болуп калаарын.

Анан кайра карагын
Айдын баткан тарабын.
Аппак тоолор байкайсың
Алмаз болуп калаарын.

Ошол чакта карагын
Ысык- Көлдүн абалын.
Шарт- шарт этип тарыхтын
Ачып жатат барагын…

Мезгил өтүп зымырап
Түндө чыксаң бир убак.
Көк бетинде жылдыздар
Каухар болуп кубулат…

Ай шооласын себелеп
Айтып бүткүс керемет.
Чокуларды, булуттар
Чокмороктойт тебелеп…

«Жериң кандай эле?» деп
Суроо берип не керек?
Билгиң келсе бул жакка
Бир кайрылып келе кет.

 

МЕН СҮЙӨМ

Күз өтүп, кыш жакындап калган чакта,
Кетишип келгин куштар ысык жакка,
Көрүнбөйт зымга конгон чабалекей,
Көрүнбөйт чыйырчыктар конгон бакка.

Сайраган күкүк кайда? Булбул кайда?
Бүт кеткен алда качан ысык жайга.
Жадаса араң учкан сасык үпүп,
Жоголду келбечүдөй мында кайра.

Бийикте каркыралар бүл-бүл этип,
Жаага окшоп учуп барат сансыз чекит.
Бул жерде торгой калды, чымчык калды,
Жаздагы келгин куштун баары кетип.

Ошентип, келгин куштар кетти бүтүн,
Кыш катуу… Сезет алар кыштын күчүн.
Мен сүйөм торгой менен таранчыны,
Мекенин таштап кетпей жүргөн үчүн.

 

Соц тармактар:

Жалил Садыков: 2 комментария

Добавить комментарий