Алыкул менен Айдайдын көөнөрбөгөн сүйүүсү

Учурда кыргыз поэзия чолпону Алыкул Осмонов жөнүндө толук метраждуу тасма тартылууда. Анын сценарийи жазуучу Памирбек Казыбаевдин «Мезгил жана Алыкул» китебинин негизинде жазылган. Тасманын режиссеру Айдай Чотуева. Сюжетте негизинен акындын сүйүүсүнө басым жасалат. Тасмада 30-жылдар менен 50-жылдар аралыгындагы мезгил чагылдырылат.

Айдай ЧОТУЕВА, режиссер: «Коомчулуктун пикирин күтөбүз»

Айдай айым, кино тармагына кантип аралашып калдыңыз?
Мен Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классына катышып, үч кыска метраждуу кино тарткам. Былтыр Памирбек Казыбаевдин «Мезгил жана Алыкул» китебинин негизинде «Сүйүү жана Алыкул» деген аталышта кино тартып, Алыкулдун 95 жылдыгына карата КТРК аркылуу коомчулукка көрсөткөнбүз. Бул кинону тартуу үчүн алгач Алыкул жөнүндө жазган, изилдеген адамдар Памирбек Казыбаев, Мундузбек Тентимишев (Кеңеш Жусуповду таппай калдык) менен жолугушуу өткөрүп, мен көптөн бери жазып жүргөн сценарийди окуттук. Биртоп убакыт өткөндөн кийин Памирбек агай алчу жерин алып, кошчу жерин кошуп сценарийди редакциялады. Ал киши сценарийдин редактору. Анан кастинг жарыялап, кастингге 120 адам келди.

Актерлорду кантип тандап алдыңар?
Чыңгыз Мамаев спектаклдерде Алыкулду ойноп жүргөндүктөн, ага Алыкулдун ролун сунуштадык.Тасмада Алыкулдун замандаштарын, ошол кездеги жазуучуларды, окуя отузунчу жылдар менен элүүнчү жылдар аралыгындагы мезгилде болгондуктан профессионал актерлорду тартууга аракеттендик. Ошол кездеги жазуучулардын образын «Дем» театрынын, жаш көрүүчүлөр театрынын актерлору ойношууда.

Алардын атын атай кетсеңиз?
Көркөм тасмада Алыкул — Чыңгыз Мамаев, Айдай Жигиталиева — Назира Бердигулова, Зейнеп — Гүлнур Асанова, Аалы — Акылбек Мураталиев, Темиркул -Аскат Сулайманов, Түгөлбай — Марат Козукеев жана башкалар.

Тартуу качан башталды, качан бүтөт? Каржы жагын кантип атасыңар?
Тасма август айында он күн тартылды. Эми күз мезгилин чагылдырыш үчүн ноябрдын аягында, кыш мезгили үчүн декабрь айында тартабыз го деп турабыз. Кыргыз поэзия ааламынын туу чокусу аталган Алыкул жөнүндө тасма тартууда коомчулуктан жаман пикирлерди угуп калбайлы деп ар бир кадамыбызды жети өлчөп бир кесип иш жүргүзүп атабыз. Көркөм жетекчибиз Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Акылбек Мураталиев. Сүрөтчүбүз Ороз Абсаттаров 20-жылдардагы имараттарды, жерлерди Сокулуктан, Кашка-Суу айылынан таап, «мен өзүмдүн ишиме жооп беришим керек» деп иштеп атат. Жазуучулар союзунун төрагасы ушул жерге Алыкул отурган экен, жаңы стилде ремонттойлу десек, тарыхый жерлер жаңыланбаш керек деп уруксат бербей койду деп тасма тартууга бир бөлмөсүн бошотуп берди. Техника жагынан Эрнест Абдыжапаров, кийимдер, буюмдар жагынан «Кыргызфильм» киностудиясынын башчысы Таалай Кулмендиев колдоп беришти. Каржылык жагын ким колдогону сыр эле бойдон калсын. Буюрса, тасманы февраль же март айларында коомчулукка тартуулап, 2012-жылы күзүндө өтө турган фестивалга катышабыз деген ниетибиз бар.

Чыңгыз Мамаев, «Учур» жаштар театрынын актеру: «Алыкул мага дагы эле ачылбаган сыр»

Алыкулдун образын кантип жаратып калдың?
— 2005-жылы тележурналисттер Рахат Жуманазарова менен Ырыс Окенова Алыкул Осмонов тууралуу «Талант сыры» деген телепостановка тартмак болуп, мага улуу акындын образын жаратууну сунушташкан. Албетте ар бир актер улуу адамдардын образын жаратууну самайт. Биз бул көрсөтүүнү акындын өзүнүн кичи мекени болгон Каптал-Арыкка, Көлгө барып тарттык. 3-4 күн иштеп, биринчи бөлүгүн бүткөрдүк. Кийин дагы уланды. Чындыгында ошол эки кыздын күчү менен бул көрсөтүү жакшы чыкты. Мени Алыкулдун күйөрмандары ошол телеберүүдөн улам тааный баштады. Андан кийин өзүбүздүн «Учур» театрыбыз койгон «Алыкулга гүлдесте» деген спектаклде да башкы каарманды мен ойноп калдым. Мугалимдер Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгы боюнча ачык сабак өтөлү деп чакырышып, аталган спектакль менен Бишкек шаарындагы бардык мектептерди кыдырдык.

Алыкулдун образына кирүү сага кыйынбы же жеңилби?
— Чындыгында мен мектепте жүргөндө эле Алыкулдун чыгармачылыгына кызыгып, анын ырларын, ал тууралуу жазылган материалдарды баса калып окучумун. Бирок телепостановканы тартарда мен Алыкул тууралуу аябай аз билеримди сездим. Көрсө, Алыкул деген чоң киши экен. Казса түгөнбөгөн кен тура. Андыктан Алыкулга Алыкулдай мамиле кылыш керек деп, анын ырлары кандай стилде жазылган, мүнөзү кандай, билүүгө аракеттендим. Ошон үчүн акындын образын жаратууга болгон аракетимди жумшадым. Кийинки спектаклде да Алыкулдун жазган ырларын, ал тууралуу китептерди ийне-жибине чейин карап чыктым десем болот. Бирок бул деле аз. Алыкул мага дагы деле ачылбаган боюнча калгансыйт.

Сахнада өзүңдү Алыкул сезип жүргөндө жандүйнөңдө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болобу?
Чындыгында бул улуу инсандын образын жаратуу оор. Алыкулдун өзүнүн бир өзгөчө күчү, табышмак сыры бар. «Алыкулга гүлдесте» спектаклинде анын образына киргенде жаагым карышып, башым ооругансып бир кызык жагдайлар болгон.

Сен буга чейин Алыкулдун образын телепостановкада, сахнада жаратып келгенсиң. Театр менен кинонун айырмасы бар. Киного тартылып жатканда кыйналган жоксуңбу?
Театрда биз залда отурган көрүүчүлөргө үнүбүз жетсин жана кыймыл аракетибиз таасирдүү болсун деп жараткан образдарыбызды эмоция менен ойнойбуз. Ал эми кинодо анын кереги жок, мында актердун көзү менен жүрөгү иштеп туруш керек экен. Ошондуктан мен үчүн бул толук метраждуу тасмада Алыкулду ойноо кыйынга турду. Негедир бир нерсе жетпей аткан сыяктуу боло берди. Бирок кинодо кээде өзүң ыраазы болбой калган ролуң экрандан жакшы чыгып калышы мүмкүн. Эми аны көрүүчүлөр баалайт.

Өнөктөш актер, актрисалар канааттандырабы?
Айдай менен Зейнептин ролун жаратып жаткан кыздар жакшы эле ойноп жатат. Гүлнур буга чейин эки-үч чоң киного тартылган экен. Режиссерлор Назира тууралуу да жакшы пикирлерин айтышат. Кыскасы, экөөнүн тең актрисалык чеберчилиги мыкты. Эми бул жараткан образдарыбыз кандай чыкканын кинону эл көргөндөн кийин угабыз го.

Жеке турмушуңда Айдай менен Зейнеп барбы?
(күлүп) Алыкулдун талантын кайталай албагандан кийин тагдырын кайталабай эле коеюн. Менин келинчегим өзүмдүн кесиптешим, актриса Элмира Тагаева. Ал Бакен Кыдыкеева атындагы театрда эмгектенет. Экөөбүз группалаш болчубуз. Экинчи курстан баштап сүйлөшүп, үчүнчү курста үйлөнгөнбүз. Азыр бир уул, бир кызыбыз бар. Мен Айдайына жеткен бактылуу Алыкулмун.

Назира БЕРДИГУЛОВА, актриса: «Айдайдын образынан чыга албай жашап аттым»

Улуу акын Алыкулдун сүйүү-сүнө кантип «татып» калдыңыз?
Айдай Жигиталиеванын ролу мага оңой эле тие калган жок. Кастингдин акырында искусство институтунда окуган бир кыз экөөбүздүн бирөөбүздү тандамак болушту. Эки күн чакырып экөөбүздү ойнотуп көрүшүп, аягында мени тандап алышты. Айтор, тарыхый фильмге тартылып атканыма абдан кубанычтамын.

Буга чейин өзүңүздү актриса катары сынап көрдүңүз беле?
Буга чейин биртоп фильмдерге тартылгам. Учурда» Манас жаңырыгы» телеканалында «Алтынчы күнү кечинде» программасынын алып баруучусумун. Учурда көркөм жетекчибиз Акылбек Мураталиев менин Айдайдын образын ачып беришиме ар тараптан жардам берип, көз караш, мимикалардан өйдө көңүл буруп атат. Образга кирип алгандан кийин чыгыш кыйын дейт эмеспи, мен тасма тартылып аткан учурда жашоомдо да Айдайдын образынан чыга албай жашап жүрдүм. Айдайга Алыкулга жар болууга ата-энеси каршы болот эмеспи, ошол жерин тартып атканда( Кашка-Суу айылында болчу) күн да суук тартып, жамгыр жаап менин жандүйнөм да, өзүм да үшүп атып тартылдым.

Чыныгы сүйүүгө кабылган кыздын образын ачып берүүдө кыйналган жоксузбу?
Мен сүйүп көргөм, сүйгөндү билем. Чыныгы сүйүүгө кабылган кыздын образын ачуу мен үчүн оңой.

Эгер сизге да Айдайдын тагдыры туш болуп, ата-энеңиз сүйгөн жигитиңизге турмушка чыгууга каршы болсо эмне кылат элеңиз?
Ал кезде кыздар сүйүүсү үчүн күрөшө алчу эмес да. Ал эми азыр болсо ата-энемди да, сүйгөнүмдү да таштамак эмесмин. Сүйүүм үчүн аягына чейин күрөшмөкмүн.

Бетти даярдаган Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий