Арбагы бийик датка энебиздин мааракеси

Той да бүттү. Өтүп жаткан жылды Алай ханышасынын урматына Курманжан датка жылы деп белгилеп, анын эки кылымдык тою менен кошо Алымбек датканын 210 жылдыгын да майрамдадык. Тойдун жүрүшүн кыргыз телеканалдары жакшы эле чагылдырышты. Салтанатка жеринен катышып келген күбө катары айрым кадрга кирбей калган, бирок элге билдирип кое турган маалыматтарга гезит бетинен орун берүүнү эп көрдүк.

Салтанаттын салымы
Адатта күркүрөтүп той берип, тойдон кийин эки колду мурунга салып туруп калмай көрүнүш кыргызда көп кездешет. Буга дал ушул Курманжан датканын 180 жылдыгы, Куйручуктун 145 жылдыгы өңдүү чоң тойлорду киргизсек болот. Мисалы, 20 жыл мурунку Курманжан датканын юбилейинде той ээн талаада өтүп, акчанын баары асманга сапырылып жок болгонун билебиз.

Бу жолу акылдуу болуп калган Алайдын эли мааракени райондун борборунан 3-4 чакырым алыстыкта турган Коңур-Дөбө айылында эле өткөрөбүз деп, юбилейге карата 3,5 километр жолго асфальт төшөттүрүштү. Борбордук стадионду толугу менен реконструкциядан өткөртүшүп, музейлерге капиталдык ремонтторду жасап, Гүлчөдөгү 3 паркты жаңыртышып, көчөлөргө көздүн нурун алган жарыктарды койдуртушуп, тоо койнунда жайгашкан аймакты көркүнө чыгарып, жашаган жерине биртоп ыңгайлуу шарттарды түздүртүп алышты. Той бүткөндө конокко келген чоңдор дагы бүтпөй калган иштериңерге деп алты нөлдөрү тизилген сумманы алайлыктардын капчыгына салып кетишти. Бул каражат да Алай жерин жакшыртууга, көрктөндүрүүгө жумшалаары белгилүү болду.

Жинди суусуз жети күн
Өткөндө Куйручуктун тоюн жазганыбызда Соң-Көлдүн боюнда бир КамАЗ арак бир саатта жок болду дедик эле, Алайдын эли мындан сабак алганбы, айтор, октябрдын башынан баштап той бүткөнгө чейин ичимдиктерди сатууга катуу тыюу салышыптыр. Майрамга келген көпчүлүк маанай көтөрүүчү ичимдиктер жоктугуна капаланбады. Анткени, Коңур-Дөбө айылынын оң канатында жайгашкан талаада өтүп жаткан улуттук оюндардын түрлөрү, майрамдык концерт карапайым көрүүчүлөрдү алаксытып турду. «За то» эл үчүн чоңдор менен артисттер чөйчөкчөлөрдү көтөрүп жаткандарын теледен өзүңүздөр деле байкасаңыздар керек. «Пайы» жок да конок тосчу беле деген кыргызың желим бөтөлкөгө куюлуп, кышкыга деген кымызын конокторго узаткан соң, артынан орустун «кымызынан» куюп жатышты эле, эл назарында жүргөн чоңдорубуз чекеден оңкосунан түшө башташты. Айрым ырчыларды сахнага чыгарбай эле коелу дегенине карабай, кызып калган булбулдар мен ырдаганы келгем деп түз эфирге чыгып жатышты.

Самарканд өрттөнгөн жок
«Саман күйсө…» деген жакшы сөзүбүз бар эмеспи, ошол сыңары Алайда ат оюндарында бир нече киши тебелендиде калып өлүптүр деген сөз эл арасына тарап кетиптир. Жеринен күбө болгон киши катары болгонун жазалы.

Кыз куумайга түшөм деген кыз оозу катуу атты минип алып, аны башкаралбай күлүк ат ала качып кеткенде аны токтотууга аракет кылгандардын айынан ал сулуу кулап түштү. Бул бир. Экинчиси, көк бөрү ой-да кызып жатканда оюн талаасынан алыс тургула деген алып баруучунун сөзүн укпаган элди көздөй жөнөгөн улакчылардын жоон тобу бир абышканы кулатып кетишти. Аксакал тура калып калпагын күбүп, ырсайып койгону эле болбосо баары жакшы эле бойдон калган. Анан эң өкүнүчтүүсү, көк бөрүнүн финалы бүткөндө улакчылар чапкандан калган улакты алып кетүүгө кызыккандар жоон тобу менен улакты башаламан кыймыл менен талашып жатып бир адамды тебелеп кетишти. Ал адамды бир мүнөткө жетпей «тез жардам» машинасы салып кетти.

Байтал алса эмне экен, Бийлигинен кем бекен?
20 чакырымга чуркаган күлүк-төрдүн аламан байгесинде марага биринчи болуп Тачанка деген ат менен таанылган Нарындын жылкысы келди. Жеңил машинени жеңип алган бул жаныбарга казактар кезегинде 100 миң АКШ долларын сунуш кылышкан. Куйручуктун тоюнда да баш байгенин башын сындырган Тачанканы ээси сатпады. Бул чемпионду жакшы таанып калган өлкө президенти Роза Отунбаева ой-да мактап сүйлөсө, өкмөт башчылыгын аркалап аткан Өмүкең ажо айымды коштоп турду. Эл арасында баш байгени байтал жеңиптир деген сыяктуу сөздөр дуу дей түштү эле, 7-апрелде деле ким президент болот дегенде эркектердин баарын Отунбаева артка калтырган, анын үстүнө Курманжан датканын тоюнда байтал жеңсе эмне болуптур деп күлүп калышты.

Эгендин эрке иниси
Ачыгын айтканда, Алайда баш байгеге коюлган 8 машиненин жок дегенде экөөнү алып калыш керек деген сөз болгон. Ат үстүндө чоңоюп, ар бир үйдө жок дегенде бирден тулпар кармаган тоолуктар жеңил машинени ат оюндарынан алабыз деп үмүттөнүшкөн. Эр оодарышта финалда утулуп калган алайлык жигиттен кийин той ээлери маанайсыз турушкан. Анткени, күрөш боюнча финалга чыккан алайлык 21 жаштагы жигит болгону 100 килограмм салмакта болсо, анын атаандашы 160 килге семирген экен. Мындай айырмада жеңишке жетүү өтө кыйын эле. Кызуу өтүп жаткан таймашта жалалабаддык Алмаз аттуу жигит алайлык Автандилди 4 жолу так көтөрүп, бирок тарамыштай жабышып алган жигитти чаба албай койду. Бул көрүнүштүн баарын түз эфирде чоң экран аркылуу көрсөтүп жаткандыктан чоңдор да алыстан жакшылап байкап турушкан. Алайлык жигит Алмаз акесине жакшы эле «конок экенсиз, биринчи орун менен экинчи орундун байгесин тең бөлүп албайлыбы» деп сунуш кылып жатты эле, тиги макул болбой койду. Алмаз палван бешинчи жолу көтөрүп эми чабайын деп баратканда Автандил баатыр дөөдөй жигитти жерге жабыштыра чапты. Муну көргөндө алайлык депутаттар менен катарда Акматбек Келдибеков да ордунан тура калып сүйүндү. Анткени Келдибековдун атактуу аттарын улакта чаап жүргөн белгилүү Эген палвандын иниси Автандилди Жогорку Кеңештин төрагасы жакшы таанычу.

Улуу атты уят кылбай…
Учурдан пайдаланып мен да мактана кетпесем болбой калды. Он жылдан бери жогорку лигада волейбол ойноп келем. Апта сайын Бишкекте райондор аралык турнирде алайлык жигиттер райондун намысын татыктуу деңгээлде коргоп келчүбүз. Муну байкаган волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиевдин демилгеси менен Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков президент болуп «Алай датка» деген клуб ачканбыз. Бир жыл ичинде чемпион болбосо да орто команда катары оюн көрсөтүп жаткан. Алайда баш байгеге машине сайылат экен дегенин укканда Кыргызстандын «менмин» деген оюнчулары команда түзүп жетип барышты. Алсак, Алмаз Атабаев, Мурат Исаков, Нияз Гапаров, Кылыч Сарбагышев өңдүү спортчулар бир эле Кыргызстанда эмес чет өлкөлүк клубдарда ойноп келген спорт чеберлери. Ошолордун катышуусунда өткөн турнирде чемпион болуш түшкө кирчү иш эле.

Спорттук оюндарга коюлчу жеңил унааларды ар ким бөлүштүрүп алган. Волейболдун баш байгесин алуу бактысы Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековго буйруптур. 7100 долларга «Ниссан Альмериа» үлгүсүндөгү койкойгон унааны сатып алган облус жетекчисинин байгеси башка жакка кетпей Ошто калсын деп оштуктар Ош шаары жана Ош облусу деген эки команда коюшуптур. Калыстар да колунан келишинче Оштун командаларына тартып жатышты. Адатта турнирдин кожоюндарына тартышчу эле, бу жолу Алайдын командасы ак эмгеги менен утуп алганын оюндун жүрүшүн көргөндөр айтып берээр. Курманжан датканын тоюнда датка деген атты уят кылбай, чемпион болууга жетишкен «Алай датка» командасынын капитаны катары кыргыз спортун өнүктүрүүгө зор салымын кошуп жатышкан эл уулдары, клубдун президенти Акматбек Келдибековго, ЖК депутаты Марат Султановго, волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиевге, Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбековго, Алай райондук кеңешинин төрагасы Таалай Сарыбашовго, жеке ишкер Жыргал Калмаматовго жана жалпы «Алай датка» волейбол клубунун күйөрмандарына ыраазычылык билдиребиз.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ, Бишкек — Алай – Бишкек, Агым, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий