«Чыңгыз Айтматов жана Доор: «Молдобасановдун «Маңкурт баяны»

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк окурмандардын алкоолоруна алынган «Саманчынын жолу», «Кылым карыткан бир күн» аттуу чыгармаларынын негизинде залкар дирижер, айтылуу композитор, СССРдин эл артисти, Социалисттик эмгектин баатыры, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Калый Молдобасанов «Саманчынын жолу» балет-ораториясын, «Манкурт баяны» аттуу балетти жазат. Кабарчыбыз Балбай Алагушов мындан он жыл мурда атактуу композитор менен Айтматовдун чыгармачылыгынын музыкалуулугу, «Манкурт баяны» аттуу балетинин жазылышы жөнүндө баардашкан.

1998-жыл. 19-январь. Жашы, жолу улуу болсо да жандай курдаш болуп жүргөн айтылуу дирижер, атактуу композитор, эл артисти Калый Молдобасановдун Токтогул көчөсүндө жашаган үйүнө атайы барып Калый акенин алдына үн жазгыч аппаратымды коюп, көздөрү өтүп кеткен залкар шайырларды эскерип отурдук. Ан ал өзүнүн сөзүндө чыгармачылык тагдыры, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын өзөгүндө жазган «Саманчынын жолу» балет-ораториясы, «Манкурт баяны» аттуу балетинин жазылышы, өзгөчөлүктөрү, Чынгыз аганын чыгармаларынын музыкалуулугу тууралуу да кеп болгон эле.

— Мен дүйнөнү дүңгүрөткөн алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына кайрылган себебим, улуу жазуучунун чыгармаларына кайрылган себебим, улуу жазуучунун чыгармаларынын баардыгы музыкалуу,-деп айткан эле К. Молдобасанов. — Мен жазуучунун тигил, же бул повестин, романын окуганымда, музыка жазып жатканымда кайсы окуяга кандай музыка, кайсы кейиптерге кандай музыка, кандай бий менен бийлерин көз алдыма элестетип, көрүп, билип турам. Мен «Манкурт баяны» аттуу балетти жазууда жарым кылымча издендим. Ары-бери ойлондум. Акыры Манкурттун тилин таптым. Анан балетти жаза баштадым. Менден жолдош жоролор, көрүүчү-угуучулар: «Кайсы балетиңди жакшы көрөсүң» дешип сурашат. Сөзсүз биринчи баламдай болуп калган элдик музыканын өзөгүндө жазган «Куйручукту» жакшы көрөм. Ал эми «Саманчынын жолу» балет-ораториясы башка стилде, балет өнөрүндө болбогон жанрда жаздым. Манкурттун трагедиясы кылымдын кайгысы. Ошондуктан бул балетимдин музыкасында башка стилде жазууга аракеттендим. Чынын айтсам «Манкурт баяны» аттуу балетимди жакшы көрөм. Эгерде аны жакшылап койсо өтө мыкты балеттердин биринен болмок. Ырас, мүмкүңчүлүктөр бар. Ошондой болсо да «Манкурт баяны» «Саманчынын жолу» балет-ораториядан музыкасы күчтүү. Кыргыз угуучу-көрүүчүлөрү жакшы кабыл алышты.

Ч.АЙТМАТОВ, К.МОЛДОБАСАНОВ ЖАНА «САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ»

Бүткүл адамзаттын түбөлүктүү эң бир орчундуу маселелерине айланган жер, эмгек, махабат, эне, интеллект, гуманизм, адамкерчилик, кан жуткузган кайгылуу согуш жөнүндө жазылган Айтматовдун «Саманчынын жолу» аттуу повесттин негизинде залкар композитор Калый Молдобасанов жаңы жанрдагы «Саманчынын жолу» аттуу үч көрүнүштөгү балет-ораторияны жазат. Ал 1975-жылдын 15-мартында А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрына коюлат.

Ал эми 1976-жылы «Саманчынын жолу» балет-ораториясынын автору жана дирижеру Калый Молдобасанов, балетмейстери Уран Сарбагышев, башкы ролдорду аткарышкан республиканын эл артисттери Рейна Чокоева, Айсулуу Токомбаева СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарынан болушат. Бул кыргыз музыкасынын тархында биринчи жолу жогорку сыйлыкка татыган балет-оратория кыргыз көрөрмандары менен угуучуларын зор кубанычтын кучагына бөлөйт.

1998-жыл. 19-январь. Молдобасановдун атынан үйүнө барып: — Калый аке, мына сиз кыргыз музыкасынын тарыхында алгачкы жолу өмүрүндө такыр жазылбаган, эч качан сахнага коюлбаган Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» аттуу повесттин негизинде атташ балет-ораторияны жаздыңыз. Эмне себептен сизди Айтматовдун чыгармасы кызыктырып, каармандарын балет аркылуу берүүгө аракеттендиңиз деген собол узатканда, Калый аке:

— Биринчиден, Чыңгыз чыгармасында терең философиялык ой жүгүрткөн. Мен бул чыгарманы окуп чыгып, кандай жанрда сахнага алып чыксам деп көпкө ойлондум, көпкө издендим. Чыңгыздын сахналаштырылган, экрандаштырылган чыгармаларынан өзгөчө бөтөнчөлөнгөн кыргыз музыкасында болбогон жанрдагы балет-ораторияны жазууну чечтим. Балетке сөз, хор, бийди коштум. Алар музыка менен коштолду. Себеби булар кошулбаса кургак, супсак, жөнөкөй эле симфониялык оюн болуп калмак. Чыңгыздын чыгармалары үчүн музыка жазыш да оңой эмес, жазуучунун каармандарынын образдарынын ажарларын музыканын тилинде сүйлөтүш жана ачып бериш үчүн каның да кайнатып, жүрөгүңө сиңириш керек. Маселен, Майсалбек кандай кейисе, мен да ошондой кейидим. Советтер Союзунун убагындагы кыргыз музыкасынын тарыхында биринчи жолу СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болду, — деген эле маркум Калый аке.

Балбай Алагушев, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий