Кезегинде Жусуп Абдырахманов Сталинге да эскертүү бере алган

Менин маектеш агайым Зияш Бектеновдун ысымы окурман журтчулукка кыйла тааныш. Бул маек да мындан 20 жыл илгери ал да өзүнүн замандашы агасы мамлекеттик чоң ишмер, бул күндөрү ал кишинин да 110 жылдыгы төрөлүп-өскөн айылында белгиленип жаткан Жусуп Абдырахманов жөнүндө болгон эле. Эң сонун педогог, жазуучу жана окумуштуу Зияш агабыз үстүбүздөгү жылы 100 жашка толмок. Мына ушул датага байланыштуу сөзмөр, эске тутуусу ашкере мыкты Зияш абаны эскерүү иретинде «Кыргыздын эң сонун уулу Жусуп» деген маекти гезит бетине жарыялоону туура көрдүк. Маек менен таанышкан адам Жусуптун да, Зияштын да кандай адамдар болгондугунан кабардар болушат.

О. Тенти: Кийинки совет доорундагы кыргыз тарыхына көз чаптыра келип элибиздин адабияты менен маданияты тууралуу кеп кылбай эле бүгүн ошол жылдардын аралыгындагы коомдук, партиялык ишмерлердин берден-бир көрүнүктүүсү Жусуп Абдыракманов болуп жатат. Ал көптөгөн замандаштарынан өзүнчө бөлүнүп турган инсан экени даана байкалууда. Ал киши Кыргыз Республикасына, кыргыз элине бир топ эмгек калтырып кеткен экен. Менимче ал киши элинин арасынан өз кезинде суурулуп чыккан жеке кана мамлекеттик ишмер эмес журналистик да таланты бар экенин анын «Күндөлүктөрүн» окуп отуруп ишенбей койбойсуң. Эми ошол кишиге сиз биринчи ирет кайдан кезиктиңиз эле? Мүмкүн ал кишиге көзмө-көз кезигүүдөн мурда анын дарегин угуп жүргөн чыгарсыз? Бүгүнкү эскерүү баянды ушул суроодон баштасак?
Б. Зияш: Мен ошол кездеги Бишкек калаасына 1925-жылы окууга келген болчумун. Кыргызстан эл агартуу институту биринчи жолу ачылып ага кирип окуп калдым да! Ошол кезде Ташкендин, Алматынын эл агартуу инсттитуттарынын даярдоо курстарында окуп жүрүшкөн 60тай бала келишти. Аларга толуктап дагы жаңыларды алып кошумчалашканда алардын арасына биз дагы кошулуп калдык. Ташкенден келген балдардын ичинде Жапар Таласбаев деген бар болчу. Ал Ысык-Көлдөгү Таштак кыштагында туулуп өскөн бизге тууганчылыгы бар эле. Ал Жусуп Абдыракмановдун чиркей деген уруусунан болгондуктан ага туугандык да жайы боло турган. Ошол Таласбаевдин курдашы Токо Абдыракманов деген бала бар экен. Ал Ташкенде негизги класста окуп жүрүп ошол жакта калыптыр. Мен ошол бала менен тааныштым дагы Таласбаев аркылуу Жусуптан көбүрөөк маалымат алып калдым. Жусуп Абдыракманов 1901-жылы азыркы Жаркымбаев (мурдагы Таштак) кыштагында Абдыраман деген болуштун үй-бүлөөсүндө жарык дүйнөгө келиптир. Аны өзү окуп жүргөндө Абдыраман дебей Абдыракман деп оңдотуп алган экен. Ал 1918-жылы өз каалосу менен Кызыл Армиянын катарына кызмат кылып кетиптир. Ошерден Жусуп партияга өтүп, ал гана турсун капитан деген чин алууга чейин жетиптир. Ал 20-жылдарда эле Жети-Суу облустук комсомол комитетинин биринчи катчысына чейин жетиптир. Анда бир жылдан ашыгыраак иштеп калгандан кийин Жусупту Туркистан республикасына чакырып ТүркЦИИКтин жоопту катчысы деген кызматты иштөөгө келген экен. Ал 1924-жылы азыркы Кыргызсттан Кара Кыргыз автономиялуу область болуп өзүнчө бөлүнгөнгө чейин Түрк ЦИИКтин жоопту катчылык кызматта иштеп турат. 1924-жылы Орто-Азиядагы республикалар бөлүнгөндө 9 кишиден турган атайын комиссия түзүлүп анда анын төрагасынын орун басары болуп дайындалып, төрт республиканын чек арасын бөлүүдө кыдырып чыгыптыр. Фергананы кыдырып жүрүп андагы Анжиян шаарын Кыргызстанга кошуу керек деген маселени коюптур. Комиссиядагылар Анжиян шаарына келип ичин текшерсе анда жашаган кыргыз жок экен. Анын тегерегинде төрт райондун төртөө тең кыргыздар экен. Абдыракманов чатак кылып далилдесе: «Кой, айланасы кыргыз райондору болгону менен шаардын өзүндө бир да кыргыз жок,» — деп болбой коюшуптур. Эгер Абдыракмановдун ою боюнча Анжиянды кыргыздар алып калышса, кыргыз облусунун борбору Анжиян шаары болуп калышы да ыктымал экен. Ал эми казактар: -Ташкенди алабыз, өзбектерге Самарканы жетет, ал борбор да болууга толук мүмкүнчүлүгү бар, — дешсе Ташкендин ичинде да казактар жок экен. Ал эми анын айланасында төртпү, бешпи район казактар экен?! Ушундан улам комиссиядагылар: «Кой болбойт» дешип Ташкент дагы өзбектерге берилип төрт республиканын чек арасы бөлүнөт. Ошондон кийин кыргыз областынын борбору 1925-жылдын баш ченинде Бишкекке көчүрүлүп келинет.

О. Тенти: Сиз айта кетсеңиз, Абдыракманов кайда жана кандай кызматтарда эмгектенди? Ал киши Москвада иштеген экен? Аерде канча жал жана кандай кызматта иштегенине токтолсоңуз?
Б. Зияш: Андан кийин Абдыракмановду Москвага ВКП(б). Борбордук Комитетине чакыртып ал жерде бир топ ай БКП (б)нын партиялык уюмунун кайра шайлоо чогулушу болуп Абдыракмановду аерде парт уюмунун катчысы кылып шайлашат. Бир жарым жылга чукул убакытта Кремлдеги партиялык уюмдун катчысы болуп турат. Биз бир жолу мындай имиш-имишти угуп калганыбыз да бар. Бир жолу партиялык жыйналышты ачып жатса ага Сталин он мүнөтчө кечигип келиптир. Ошондо Жусуп Сталинди ордуна отургузбай: «Жолдош Сталин, сиз эмне үчүн жыйналыштан кечигип жүрөсүз?» -десе Сталин да отурбай туруп: «Жолдош Абдыракманов, мен УВЧ менен бир зарыл мамлекеттик маселе боюнча Болгария менен сүйлөшүп кармалып калдым. Кечирип кой мындан кийин кечикпеймин!»-деп айтыптыр деп биз айың кылып айтып жүрөр элек. Ошондон анча деле көп өтпөй 26-жылдын орто ченинде Жусуп Абдыракманов Бишкекке келиптир деп угуп калдык. Келип эле биздин окуу жайыбызга катышып жалпы жыйналышта доклад жасады. Ошондо биз анын сын-сыпатын карасак, өзү жапжаш, көзү жайнаган, өңү кара сурунан келген келишимдүү узун бойлуу лакыйган буту-колу түз жигит экен. Ал кышында генералдын узун шинелин кийип жүрчү дагы жазындагы биринчи май майрамдарында моряктардын чоң командирлеринин кийимин кийип парадка чыгып сүйлөй турган. Келери менен эле ал киши Орозбекводун орун басары болуп иштей баштады. Ал андан кийин да бир, эки жолу келип доклад жасап:

— Жакшы окугула айланайындар, силер жакшы мезгилде келип окуп-билим алып жатасыңар, -деп бизге бир топ акыл-насаатын айтты. 1926-жылдын декабрь айында болсо керек биздин дагы бир жыйналышыбызга келип кетти. Эртеси эле биздин окуу жайдын директору Петр Кузьмич Юдахин:

— Москвага бара турган болуп жатабыз. Жакшы окугула, өкмөт башчысы өзү келип убадасын берип кетти деп калды. Мен биринчи жолу Жусуп менен ушундайча тааныштым да. Биздин эле жаныбызда көчөнүн күн батышында биз тамактанчу ашкана, күн батышында үйдө Абдрахманов жашачу. Азыркы Бөкөнбаев менен Кызыл Октябрь көчөлөрүнүн кесилишкен жеринде. Ишемби, жекшемби күндөрдө Таласбаев мени ээрчитип Жусуптукуна көп-көп барчу болдук. Таласбаевди Жусуптун өзү алып барып окууга киргизген экен. «Жүрү Жусуп абаныкына баралы» деп эле мени ээрчитип жүрүп калчу. Баарыбыз, барсак кээде жалгыз отурат, кээде Тыныстанов экөө сүйлөшүп отурушкан болот. Ошол учурда бул кишилердин айткан -дегендерин, сүйлөгөн кеңештерин көп угуп жүрдүм. Ал өтө жөнөкөй, кенедей да бой көтөрбөгөн, балдар менен балдарча, чоңдор менен чоңдорчо сүйлөп мамиле кылган өтө сергек адам эле. Анын айткан сөздөрүнүн дээрлик баары насаат сөздөр болчу. Ал Жапар экөөбүзгө:

— Ой айланайын балдар силер жакшылап окуп билим алгыла! Келечек силердики, силер окуп жаткан институтуңарды жакшы аяктасаңар толук билимдүү азаматтардан болуп чыгасыңар. Силер окууну бүтүп келгиче ЦИИКте иштеп жатам. Минстрлер Советине которулган кезинде да ошол эле сөзүн кайталап:

— Мына Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеп жатам. Мен азырынча силердин бүтүп келишиңерди күтүп орунду сактап гана турам. Силер илим-билимге сугарылып бүтүп кетсеңер дароо ордунду бошотуп берем. Чын-чынына келгенде менде жарытылуу деле билим жок. Мен болгону Каракол калаасындагы орус-тузем мектебинин үч классын гана бүтүргөмүн. Андан башка мен эч жерде окуган киши эмесмин. Кеп илимдин баардыгын чогултуп куржунга салып алууда деле эмес, кеп адамдарга адамдарча мамиле кылып, адамдар менен адамдарча тил табышууда. Жакшы кишилер өзүнүн камын анча ойлобой, эл камын ойлоп эл үчүн иштөөнү ойлошубуз керек. Маселен, Орто-Азияда элдеринин ичинен эң артта калгандардын бири биз- кыргыздарбыз. Биздин элдин 98 пайызыбыз кат сабатыбыз жоюлбаган, биринчиден ошолорду сабаттуу кылышыбыз керек. Ошолорду жоюу аркылуу элибиздин деңгээлине жеткизишибиз милдет. Бул жагын эле кеп кылганыбызга силердин алдыда кыла турган милдет өтө чоң экенин да ойлошуңар керек. Жакшылап окуу жайын бүткөргөндөн кийин сиздерди ушул сыяктуу иштер күтүп турат. Ушулар силердин эстен эч качан чыкпасын, -деп айтчу.

О. Тенти: Бир кезде ал кишинин иниси Токого байланыштуу бул кызыктуу окуясын айтканыңыз бар эле. Аны эстегенимде кыргыздын «Улук болсоң кичик бол!» деген эң сонун учкул сөзү эске түшөт.
Б. Зияш: Бир жолу Жусуптун иниси Токо Ташкенден Бишкекке кышында каникулга келип калды. Ошондо да бир жекшемби күнү үйүнө барып калсак Жусуп үйүндө жалгыз отурган элек. Ал дагы адатынча биз менен ээн-эркин сүйлөшүп отурдук эле кеч кирүүгө жакындап тышта кар бапылдатып жаап турган. Эшиктен иниси Токо кирип башбагып коюп эшикти жаап пальтосун чечип карын тазалоого киришип калганда Жусуп ордунан ыргып туруп жүгүрүп чыгып шетканы алып эле инисинин пальтосундагы карды тазалап калды. Токо өзү 1909-жылы туулган бала болчу. Ошондо ал агасына кайрылып:

— Ой койсоңузчу, отуруңуз! Мен өзүм эле тазалап алам. Менден улуу десе улуу, дарожаңыз деле чоң болуп туруп менин карымды тазалайсыз! Коюңузчу! Десе деле болбой:

— Жок, мен талазайм, эмне үчүн тазалабайм -деп анан тазалап берип экөө тең ээрчитип бөлмөгө киришти. Ал отурганда эле инисине кайрылып:

— Ай Токо, сен экөөбүз жатындаш бир тууганбыз. 1916-жылдагы үркүндө ата-энебиз өлүп экөөбүз тең айылдарга барып тилемчилик кылып жүрүп өлбө, жаным, өлбөлөп жүрүп ушул даражага жетпедик беле? Мен армияга кетип, сени алып келип окууга кийрип. Мен сенин бир чети бир тууган агаң, экинчи жагынан сенин ата ордуңа карманган дагы кишиңмин! Эми ошол өзүнүн өбөк-жөлөк болот деген инисинин сырт кийиминдеги карын күбүп койсо эмне болмок эле. Же мен бир андан тактыман түшүп, бир нерсем кем болуп калабы? Мындан эч кандай намаз бузулбайт. Сен менин бир тууганымсын, -деп бир топ нерселерди айтып жиберди. Дагы бир жекшемби күнү барсак Тыныстанов экөө сүйлөшүп отурушуптур. Экөөнүн мамилеси аябай жакшы болчу. Биз ал экөөнүн жанына бармак белек. Мындай четирээк жагында отурабыз да!Анан ошондо Жусуп Касымга кайрылып мындай деп калды:

— Ай Касым, сен орусча таза сүйлөйсүң да, бул жагынаң сабаттуулугун да мыкты. Илимпоз да болуп аталып жүрөсүң, ырларың да чыгып жатат. Эл агартуу комиссариатысың. Обкомдун пленуму болсо эле Калим Рахматуллин, Тойчинов. Аалы Токомбаевдер сенин үстүңө чыгып алып тепкилешип киришет. Чындыгында сени коргоп, сенин сөзүңдү сүйлөй турган деле киши арабызда жок. Өзүңдү-өзүң коргоп чыгышың керек. Сен өзүң ырды орусча жаза аласыңбы? Кыргызча жазылган ырларыңды орусча котортуп тигил жогору жактан чыгарып жибербейсиңби? Эгер сенин китебиң орусча басылып чыгып кетсе жалпы союзга таанымал акын болосуң да каласың. Натыйжада, бул жердегилер сага жакындай албай калат, -деп калды. Анда Касым күлүп:

— Мен орусча ыр жазганды да байкаштырып көргөмүн. «Жаңыл Мырза» поэмасынан кийин мен «Продналог» деген поэманы баштагам. Анын башкы бөлүктөрүн жазып келип таштап койгом. Ошондо мындай деп жаздым эле деп айрым саптарын кыргызча айтып:
Эл жыргалдуу жайда экен,
Эмне болгон кайда экен
Ушундай болгон
Продналог кайда экен, -деп бирдемелерди которгондо мындай болду деп калды. Биз буга таң эле болдук. Жусуп: -Касым, эми мындан ары жаза турган ырларыңды орусча жаз. Көрсө эки парт конференцияда ырды алгач кыргызча окуп андан кийин орусча кадимкидей ыр түрүндө которуп окуп берген экен.

— Мындай кылыгыңа пленумдун мүчөлөрүнүн, райкомдун, канткомдун секретарларынын баардыгы кол чаап сени жактап атпайбы, -деп бир чети тамашага чалып күлкү кылганы күнү бүгүнкүдөй эсимде.

О. Тенти: Зияш аба, сиз жогоруда Жусуп Абдыракман уулунун турмушу, ишмердиги, жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, далай жылдап окубаса да, тубаса билими жөнүндө айтып өттүңүз. Биз бетме-бет отуруп маектешүүбүздүн башында Жусупта жеке эле мамлекеттик ишмердик талант эмес, тубаса журналистик да барбы дейбиз, анын «күндөлүктөрүн» окуп отуруп деген пикирди эскерткен элек. Мына ал кишинин талантын ошол кездеги жоро-жолдоштору сиздин тегерегиндеги жаштардын чөйрөсү билишчү беле? Эл арасында деги эле анын жазуучулук, журналисттик жөндөмү туурасында кеп-сөз жүрчү беле? Мына ушул жагдайда кандай пикирди ортого салар элеңиз?
Б. Зияш: Жусуп Абдырахмановдун адабиятка аз-маз киришип жүргөнү ошондо эле даана сезилчү. Мен анда жокмун. Дагы бир жолу Жусуп Касым Тыныстан уулу менен ангемелешип отурганда мындай деп айткан экен. Мен тиги Москвада бир жарым жыл иштеген учурумда Маяковский менен жакшы таанышмын достошуп жүрдүм, -деген экен. Анан кийин 1930-жылы Маяковский өзүн-өзү атып өлтүргөндө эки-үч күн аябай аза күтүп жүрдү да.

Бул сөздү Таласбаев мага айтып берген эле. Жогоруда токтолуп өткөндөй ал биз менен маектешип отурганда дайыма:

— Орустун тилин жакшы билмейинче жакшы жазуучу да, жакшы журналист да жана жакшы илим кызматкери да боло албайт. Маселең ошол кезде Фрунзеден Москвага 5-6-суткада поезд менен араң барышчу да. Чеховдун 5-6 томун чемоданыма салып алып Москвага жеткиче бир, эки томун окуп кете берем. Ал жактан кайра тартканда да ушул ишти кылам. Чеховдун чыгармалары укмуш, адамдарга өзүнчө бир лаззат берип, көп нерселерге ыраазы болуп, өзүнчө бир керемет дүйнөгө кабыласың деп көп айтаар эле. Бул сөзүнө караганда адабиятка абдан жакын экенин ачык билүүгө болот 1926-жылы 1916-жылдагы кыргыз үркүнүнө он жыл болду да! Ошол датага карата Жусуп «Предвестник Октября» деген көлөмдүү макала жазган экен. Мен окууну бүтүрүп бир жыл районо болуп иштегенден кийин 1931-жылы Москвага барып борбордук басмакананын кыргыз бөлүмүнүн жоопту катчысынын орун басары болуп эмгектенип калдым. Бир жолу ошо жерде Кыргызстандын Кожокан Шооруков деген элчилиги бар болчу. Ошол мени, келип кеткин деп чакырып калды. Жоопту редакторубуз Касымалы Баялинов эле. Ал киши бир жакка кеткен. Чакырык боюнча барсам ал:

— Кече Жусуп кожоюнуңуз келип эс алууга кетти. Мына бул «Предвестник Октября» деген макаланы кыргыз тилине которуп кыргыз бөлүмүндө өзүнчө китепче кылып басып койгула, -деп тапшырып кетти. Машинага бастырып, бир топ жериндеги үтүр, чекиттерин ондошуптур. Мен аны алып кеттим да аны котордум, бул 1932-жылдын башталышына туура келип калды. 1932-жылдын январь, февраль, март айларынын бири болсо керек Орто-Азия бюросунда бир тарыхчы макала жазып, Абдырахмановдун «Предвестник Октября» деген макаласында саясый каталар бар, -деп аябай жамандап чыгыптыр. Мен ал макаланы которуп даярдап берген атсам эле бир убакта:

— Ой баягы Жусуп Абдыракмановдун макаласын баспай кое тургула! Бул жакта чатак болуп жатат, -дешти. Бул кабарды угар замат ошол макаланы алдырсак ал макалада Абдыракмановду аябай согуп 1916-жылдагы кыргыздардын козголоңун кыймылдаткыч күчү эл болбой манаптар болгон деген айып жагылыптыр. Бюродо бул иш Жусупка эскертилип айтылыптыр.

О. Тенти: Зияш аба, сиз жогоруда Жусуптун макаласынын кемчилиги эл болбой, ал көтөрүлүштө манаптар негизги күч катары жазылган деген авторго айыл коюлган деп жатпайсызбы. Мүмкүн бага жогортодон атайын тапшырма да берилген чыгаар. Ал жылдар негизинен репрессия башталган жылдарга тушма-туш келип жатпайбы. Мына ушунун баары ошол мезгилдин чындыгы. Эми ошондон кийин Абдыракмановдун өзү менен кездешип бетме-бет сүйлөшө алдыңызбы? Сүйлөшсөңүздөр эмне жөнүндө кеп сөз-болуп ал киши сизге эмне деп айткандары эсиңиздеби?
Б. Зияш:
Мен 1931-жылдын орто ченинен кийин болсо керек, Абдыракманов сьездге Моквага барып калды. Кыргызстандын элчилиги турган иммаратта дайыма эки бөлмө Абдыракманов үчүн бекип турчу. Ошондо макаласынын кетирген саясий ката жөнүндө өзү айтып:

— Көтөрүлүштүн негизги жетекчиси Кочкор жагында Канат кан, Тиги Көл башында болсо Ырыскелди деген болуштар жөнүндө сөз болгон эле. Ошолор туура эмес калыптыр, ошондуктан китепчи кылып чыгарбадык деп жана ушул сөздү айтты. Ошо жерде отурганда андан тышкары Кыргызстан союздук Республикага өтөбүз деп тигил жактагы жетекчилер менен сүйлөшүлөр жүрүп жаткан кези экен. Анда ал:

— Союздук Республика болтурууга мен аябай эле аракет кылып жатам. Кыргызстан бүт бойдон табыйгы кен байлыктын чордонунда турат. Алтын, күмүш, темир, көмүр, сыяктуулардын баары бар. Жошоого керектүү байлыктардын баары бүтүлдөй кыргыздын Ала-Тоосу менен жеринен табылар. Ошонун баарын түшүндүрүп жатабыз. Биз өзүбүзчө союздук республика болушубуз керек. Экинчиден Кытай менен да чектешбиз, -деп аракет кылып жатабыз. Анын натыйжасы кандай болуп, качан чыгаарын болжош кыйын, -деп көп-көп нерселерди сүйлөп отурду.

О. Тенти: Сиз жогоруда Абдыракмановду узун бойлу кара сур жигит эле деп айтпадыңызбы. Деги эле ал кишинин мүнөзү, токтоолугу, сабырдулугу кандай эле? Деги эле адам катарында сүйлөп жатканда үнүнүн өзгөрүшүнө четин байкаган болсоңуз, ал жагы кандай эле?
Б. Зияш:
Жусупту көп эле жолу көрдөм, жогоруда айтып өткөндөй ал киши менен сүйлөшкөн учурларым да болду. Бул киши биринчиден өтө жөнөкөй, бой көтөрбөгөн, мен андай мен мындай деп үнүн көтөрө сүйлөгөн киши эмес. Жыйналыштарда, митингдерде чыгып сүйлөгөнүн дагы бир топ уктум. Митингдерде, эл көп чогулган жерде сүйлөгөндө үнү аябай бийик эле, сайдан аркырап суу ташып жаткандай колдоп шаңдуу угулчу. Орусча да абдан жетин сүйлөп чыкканда аны угуп турушкан орустар да:

Пай-пай тилди мынчалык кайдан үйрөнүп алды экен? Жеткен жаактууга жай бербеген чечен турбайбы дешип таңданышып турушчу. Ал эми өзүнөн кичүү биздей студенттер, инилери менен сүйлөшкөндө:

— Жаш кезде илимге тынбай умтулуш керек. Ал өзүнөн өзү эле мен мындамын деп келе калбайт. Илимге түн уйкусунан, күн тынымынан кечип ар качан тынбай аракет кылып китепти жырткандар гана жетет. Ага жөн эле жете койбойт. Анын жолу абдан татаал-татаал, -деп кайталап айтып отурчу. Мына ушуну жигиттер эч качан оюңардан чыгарбашыңар керек.

О. Тенти: Жусуп Абдыракмановдун мүмкүн катары жакшы жактарын айтып жанатадан бери кеп учугун чубап отурабыз. Мына ушунун баары жакшы. Ал киши өзү өлсө дагы сиз сыяктуу окуучу-шакирттерин, инилерин калтырып кеткен экен. Бул жагынан да ал таалайлуу киши экен. Ал кишинин жеке адамдык дүйнөсүнө байланыштуу дагы бир маселеге да токтоло кетсек оң болчудай. Кыргыздар кылым кыйрынан бери алып келе жаткан эң ыйык музыкалык асбабы комуз. Ошол сыңары качан жаралып, канча кылымдан бери жашап келетканы бул күнгө чейин тактала элек улуу дастан айтылуу «Манас». Бул дагы элибиздин каны менен жанынан бүткөн. Мына ушул эки касиетке Жусуп агабыз кандай мамиле кылчу эле? Ушул жагдайга байкоо салып калган жагыңыз болуп жүрбөсүн.
Б. Зияш:
Эми бул «Манас» эпосу туурасында ал кезде олуттуу маселе көтөрүлө элек болчу. 1928-жылы Касым эл агартуу коммссариаты болуп турган чакта Казакстанда казактын бүткүл музыкалык дөөлөттөрүн чогултуп жүргөн. Затеевич деген окумуштуунун чакырып келди да! Ал киши 3-4 ай мейманканада жатып анда Касым Карамолдону Ысык-Көлдөн, Токтогулду Кетмен-Төбөдөн, Кеминден Муратааланы чакыртып келди. Токтогул Жолой деген дагы бир кыякчы карыяны дагы ээрчите келди ошолорго:

— Баланча саатта баланча жерге келип жаздырасыңар деп жаздырып жатты. Аларды андан башка ишемби жекшемби күндөрдө келип бизге бир, эки жолу концерт коюп беришкен болчу. Ошондон кийин Тыныстанов менен ангемелешип отурганын да Жусуп мындай деп сурап калды:

— Сен Затеевичти каякатан таптың?- дегенде Касым:

— Ал киши улуту поляк экен. Музыкалык фольклорду жыйнап казактар менен кыргыздарга көбүрөөк келген окумуштуу. Ушул кишинин жөн жайын угуп атайын жаздырайын деп чакырттым. Комуз күүлөрүн толук жаза алган жок. Эмдиги жылы дагы келиңиз, -деп чакырдым. Эмки жылы апрель, март, май айлары жаз салкынында келипь жазмак болду, -деди. Үчөө-төртөө тең бойго жетип калган, алардын жашыраагы эле Кара Молдо. А беркилер 60-70 ке чыгып калышкандар да.

— Анда Жусуп:

— Мунун түзүк экен, эң жакшы иш кылып жатыпсың. Республикабыздагы баардык маданий маселеси боюнча эки тизгин, бир чылтыр өзүңдүн колуңда. Жогоруда айткандарың эң жакшы экен. Колдоого гана татыйт. Калганын дагы аягына чейин улант, -деди Ал эми «Манас» жөнүндө эмнелер сүйлөштү кудай аны укканым жок «Манас» көбүнчө отузунчу жылдан өткөндөн кийин болду. Ал жылдары Абдыракмановду мен көп көрбөй калдым. Отузунчу жылдан кийин гана: -Орозбаковдун «Манасында диндик саптар көп экен» деген маселелерди Тыныстанов койду да. Ошол кезде Карасаев чыгыш таануу интитутун бүтүп бул жерге келип калган болчу. Касым Кусеинге:

— Мына бул жагынан өткөн окумуштуу жок. Ошондуктан Сагынбайдын вариантын карап чыгып кемчилигин көрсөтүп рецензия жаз. Эгер кемчилиги көбүрөөк болсо «Манастын» башка вариантын издейбиз да, жакшы вариантты билген манасчыларды таап жазабыз, -деп 30-жылдарда «Манас» эпосуна карата сунушту койгон болчу.

Тенти Орокчиев, «Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий