Түрк ааламына түгөл таанымал Түгөлбай Казаков

(Уландысы. Башы)

Мюнхен келишими
«Сексен кырлуу, бир сырлуу» дегендей, Түкө кайсы ишти болбосун ийине келтирет, күйүнө жеткирет. Кээде ойлойм, балким чыгармачыл эмес чарбачыл кесипти тандап алган күндө дагы көч башында жүрмөк. Табият тартуулаган уюштургуч, калыс касиетинен улам Түкө кыргыз журтуна мамлекеттик кызматкер, коомдук ишмер, саясый серепчи катары да жакшы таанылды.

Саясат таануу илиминин доктору Жумагул Сааданбеков бул туурасында басма сөздө калыс пикирин жазып чыкты: «Эгер шарты келишсе физик да, лирик да, академик да, космонавт да болору чын экен». Мен бул пикирди коштой, Т.Казаков эл аралык деңгээлдеги иштин ажаатын ачкан, өзүм күбө болгон бир жагдайды ортого тартайын.

1992-жылдын июнь айы. Мюнхендеги «Эркин Европа» радио түйүнү.

Ооба, ошондо Кыргызтелерадио комитетинин төрагасы Түгөлбай Токтогул уулу Казаков, байланыш министри Эмил Зияш уулу Бектенов үчөөбүзгө жөнөкөй эмес жооптуу тапшырма жүктөлгөн. Дүйнөлүк массмедианын өкүлдөрү менен байланыш түзүп, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүү жеңил иш эмес. Биз үчөөбүз «Эркин Европанын» көп жылдар бою жабылуу турган эшигин ачып, босогосун төрүнө чейин расмий түрдө аттаган алгачкы кыргыз өкүлдөрү болуп калдык көрүнөт.

Анда жаңыдан түндүк көтөргөн жаш республикабыз үчүн дүйнөлүк маалымат каражаттары менен ымала түзүү, алыс-жуукка текши таанылуу аба-суудай керек кези. Туңгуч президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси катары мага берилген тапшырма айкын: мурдатан касташып келген «Эркин Европа» менен эми достошуп кайтуу зарыл эле.

Сүйлөшүү башталар ара-чолодо сүрдөбөй да койбодук, бирок келген максатыбызды так түшүнттүк. Байланыш министрибиз Э.Зияшов дагы республикада техникалык камылга жетиштүү экенин билдирди. Кептин төркүнү Кыргызтелерадио комитети менен эл аралык радионун байланышын кантип жана кандай шартта чыңдоо керек деген маселеге такалды.

Мына ушунда Т.Казаков өзүнүн жакшы адис, мыкты жетекчи экенин ырастады. Кылдат даярдалган сунуштар, бухгалтердик эсеп-чот, графикалык далилдер, каналдардын жыштыгы, эң башкысы эфирдин максаты кандай болорун далилдеп, кызыл чеке талашты. Бир күндүк сүйлөшүүбүз үч күнгө созулуп, үзгүлтүккө учурай тургандай болуп барып акыры ийгиликтүү аяктады.

Т.Казаковдун аракетинин бардыгы өзү жетектеген Кыргызтелерадиосуна кам көрүү, айланып келип ата журтка адал кызмат кылуунун белгиси эле. Мюнхенде максатка жетип Бишкекке кайтар маалда Түкөм менин көзүмө бир сөөм, бир карыш бийиктей түшкөндөй сезилген.

«Эркин Европанын» Мюнхендеги жетекчиси чын пейилден ыраазылык билдирип, ар бирибизге тапшырган белегин азыркыга чейин аяр сактап келем. Бул — Германияны Батыш менен Чыгышка бөлүп турган дубалдын, жаңыдан гана ураган Берлин дубалынын топурагы салынган айнек идиш. Ошондо Түкөбүз өз кесиптешине ары орундуу, ары жөндүү жооп кайтарып, белекке «Манас» шахматын ыроолошунда дагы терең маани бар эле.

1992-жылы биз кол койгон келишим «Эркин Европа» үналгысынын «Азаттык» бөлүмүндө иштеген кыргыз кабарчылары үчүн олуттуу окуяга айланган. Айрыкча «Азаттыктын» жетекчиси Аким Өзгөндүн сүйүнгөнүн айтпаңыз. Койнундагы кубанычын жашыра албай, ак пейилден төгүлө немис жергесинде муну айткан:

— Тарыхий шартнамеге кол койдуңуздар!.. Жакшылыкка көпүрө салдыңыздар, ага тарых өзү күбө… Азыр эми мындагы алмандык кыргыздар сиздер менен — өз агайындары менен жолуксак дейт. Убакыт болсо кайрыла кетиңиздер.

Негизги ишибиз жыйынтыкталып калган соң бул сунушка макулдук билдирдик. Кечке жуук «Азаттыктын» кабарчылары жана алмандык агайындар болуп он беш чакты адам кездешип, бир дасторкондо даам татып, аңгеме куруп отурдук. Алардын ар биринин тагдыры ар түркүн болсо да, ата журтка деген сагынычы бирдей экен.

Бул сезимдерди аксакал кабарчы Төлөмүш Жакып уулу саруулай түшүнтүп, туулган жерге — Ала-Тоого деген сагынычын ортого жайды. Анан сөздүн нугу элдик ырларга ооп, негизги көңүл обончу Түгөлбай Казаковго бурулду.

— Түкөн иним, сенин ырларыңды күү табакка жаздырып алып машийнемде угуп жүрөм, — деп калды «Азаттыктын» аксакал кабарчысы.

— Тыңлайт… «Жамгырды» тыңлай-тыңлай жашый береди, — деп коштоду Фатима жеңебиз. Жанаша отурган бой жеткен кызы да бул пикирди ырастагандай баш ийкеди.

— Ошол Түкөбүз мына, арабызда… Бир ырдап берсе, өз оозунан уксак төбөбүз көккө жетчүдөй, — деп өтүндү Аким Өзгөн.

Жапырт дуулдата кол чаап суранышты чет элдик агайындар. Түкө адеп тартынды. Концерттик зал болбогон соң ылайык келер бекен дегендей ыйбаа таанытты. Аздан кийин көзү жайнай түшкөнүн байкадым. Көрсө, сыр билги Аким Өзгөн алман жергесинде жасалчу «Валтмейстер» аккордеонун таап көрүнөө жерге койгон тура. Аңгеме-дүкөн ары жалгашып, журт көңүлү башкага бурула түшкөн маалда Түкөбүз кыякка жакындай басып капталынан сылай кармап, боосун ийнине артынды.

Андан аркы көрүнүштү сүрөттөп айтуу үчүн атайын көркөм чыгарма жазуу зарылдыр.

«Валтмейстердин» үнү ичтен сызыла чыгып, анан калактай карууга кирип, кыргыздын жандуу кайрыктары лепилдей төгүлдү. Евразиянын батышында, немистин Мюнхен шаарында Ала-Тоодон жеткен обондор жогору оболоду. Түгөлбайдын атын алыстан угуп, өзүн алгач ирет көргөн чет элдик кыргыздар анын тунук булактай талантына, тамчыдай мөлтүрөгөн ырларына эбедени, эт жүрөгү эзилди.

Көпчүлүгүнүн көзүнө мөлтүлдөй жаш имерилди. Сууланган кирпиктерин ирмей бере кыялдын деңизине чөмүлүштү. Кайрадан кайра дүркүрөтө кол чабылды. Кыргыздын «Насыйкатын» немистин «Валтмейстери» коштоп турду…

Кыргыз кайда жүрсө да кыргыз эмеспи, ата журттун кудурети анын ырларынан айрыкча даана таанылат белем.

Азыр «Азаттык» үналгысынын берүүлөрү Ала-Тоо койнунда расмий жаңырган сайын Мюнхендеги тарыхый күндөр дээриме имерилет. Кыргыз Республикасы 90-жылдардын башында дүйнөлүк басма сөз тарабынан «Демократия аралы» деп аталса, ага биздин да салымыбыз болсо керек деген ой жүрөктү жылытат.

Түгөлбайдын ырлары түрк ааламына текши таанылды. Алматы, Астана, Бакы, Асгабад, Ыстамбул менен Анкарада, тоолор менен чөлдөрдө, талаалар менен калааларда жаңырды. Маселен, боордош казак тойлоруна Түгөлбай Казаковдун ырлары көрк кошконуна көп ирет күбө болдум. Орустар «Ой, мороз, мороз» дегендей, тили тектеш түрк агайындар «Жамгыр, жамгыр» деп калбадыбы, чиркин!

Түкөнүн жамгыры жазында да жаайт, кышында да көз ачырбай төгө берет.

Чыныгы чындык, кайдасың?

Түкөм менен кандуу көйнөк куралдаш болбосок дагы кадыры өткөн курбалдаш болуп жүргөнүмө кубанам. Жаш кездеги сезимдер жыл өтө бекемдеп, замандаш жана каламдаш, кудай кошкон кошуна катары көп жагдайды баштан чогуу кечирип келебиз. Апта сайын дебесек да апта аралата бир баарлашып, бильярд ойномоюбуз бар. Жашыл сукно көзүбүзгө жайлоодой элестеп, көңүлдө көктөгөн сырларды бөлүшөбүз.

Өмүрдү кандай өтөдүк? Кеп төркүнү ушул суроого барып такалат. Менин баамымда Түгөлбай Казаков чынчыл, акыйкатчыл, ар-намысчыл өмүр аркалап келет. Антпесе, обологон обондору чек ара менен чектелүүнү билбей, кыргыздын гана эмес боордош калктардын жүрөгүн текши жибитер беле?!

Түкөнүн ою да нуска, колу да уста. Бишкекке өз колу менен уядай жылуу там салды, уюткулуу үй-бүлөнүн атасы болду. Жары Гүлсүнай — үйдүн куту, музыка дүйнөсүндө Түкөнүн кесиптеши. Кичүү кызы Мунаранын жарык дүйнөдөн эрте кайтканы гана бул бактылуу бүлөнүн кабыргасын кайыштырып кетти. Бирок азыр алар эрке небересин колунан жетелеп, жарааттын орду жамалып келаткансыйт.

Албетте азыркы коомдук абал, турмуштук жагдайлар бизди ойлонтпой койбойт. Кээде пикирибиз төп келишпей, талашып-тартышкан учурлар арбын эле. Чындыктын изинен чыкпай, акыйкаттын тамырын тартуу кыйын ар кимге. Кыжаалат болгон учурубузда дагы Түкөм таамай сүйлөп, так далилдерди таба билет. «Улутман» автордук берүүсүн уюштуруп, саясый трибуналарда мизи майтарылбай, жетекчилик иште топтогон тажрыйбасы көмөккө келет. Бир жазуучу агабыз айткандай, «жалгыз өзү экөөлөп, үчөөлөп кетет».

Мындайда мен тамашалай, «болбосо эгер интеллект, тоонун гүлүн ким терет?» деп кутулам. Же ушул уйкашты башка кырынан оодарам: «Болбосо эгер интернет, бул шарларды ким термек?» Күлүп калабыз. Апенди чалыш тамашанын түбүндө чындык уялап жүрбөсүн?

Интернет демекчи, курдаш, сырдаш адамдар арасында телепатиялык байланыштар болот. Алыста жүрсөң да анын ал-абалын сезип, жаныңда жанаша тургандай таасир келет. Мындан төрт жылча илгери компьютерде иштеп отурсам Түкөм оюма түштү. Көрсө, дал ошол күнү туулган күнү экен. Ага арнап жазган жаңы ырымды SMS аркылуу салып жибергем. Ошол ырды бир аз жаңыртып, макаламдын соңуна кошуп койсом деп турам.

Калбай барат убакыт
Куттук айтып, кудулуңдап сүйүнө,
Курбум, бүгүн баралбадым үйүңө.
Бир тууганды бир тууганга кошпойбу,
Виртуалдуу биз жашаган дүнүйө?!

Элүү алты! Эрте да эмес, кеч эмес,
Эл артисти эс алуучу кез эмес.
Тентек тана телефондон куттуктаар,
Мен тек гана салып ийдим SMS.

Туулган күнүң! Тууруңа толуп кут,
Түкө, балким биз бул кечте жолуктук.
Жалгаштырды спутниктер пейилди,
Алмаштырды дасторкондуноутбук!

Актанбадым көңүлүңдү жубатып,
Мактанганым өзүң менен бу бакыт.
Качандыр бир кадырыңа жетемби,
Калп айтууга калбай барат убакыт!

Алыкулдун «ырыма бир мертебе калп айта албайм» дегени Түгөлбай Казаковдун чыгармачыл жолун дал ырастап тургансыйт. Эл артисти эл алдындагы парзын абийирдүү өтөдү. Эми да өтөй берет. Эчен «мыштарга» келсең да чыгармачыл эргүүңөн жаза көрбө, Түкө! «Жакшы учак жакшы учат» эмеспи ар дайым. Менимче, чыныгы чындыктын жолу ушу.

Акбар Рыскул, акын, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий