Таттыбүбүнүн өлбөстүгү

Кыргыздын чыгаан кыздарынын бири, Совет бийлиги үчүн жанын курман кылган Уркуя Салиеванын 100 жылдык мааракесине карата теледен берилген «Уркуя» фильмин көрүп отуруп, аргасыздан Таттыбүбү эске түштү. Уркуянын өңү балким башкача эле болгондур. Бирок анын ролун Таттыбүбүдөй сулуу актриса аткарган үчүн Уркуя дешсе — Таттыбүбүнүн өңү менен эстешет. Кыргыз элинин легендарлуу тарыхында калган Акмөөрдү эскеришсе — Таттыбүбүнүн ай чырайлуу келбети менен элестетип ой жүгүртүшөт.

Таттыбүбүнү эскерип калганым, мен актрисанын аталаш синдиси Раиса деген кыз менен 70-жылдары 9-10-класстарда чогуу окуп калдым. Рая эжеси менен кат жазышып турчу. Эжесинен кат келгенде чогулуп окуп, жетине албай сүйүнүп калчубуз. Болжол менен 73-жылдар болсо керек, «Уркуя» кинофильми тартылып, айыл жериндеги көрүүчүлөр түп көтөрө түрүлүп көрүп, Таттыбүбүнүн чоң ролду аткарганына ичибиз элжиреп, биз жактан ушундай сулуу кыз чыкканына мактанып калганбыз. Арал айылында болгон «Уркуя» киносунун бет ачарына Таттыбүбү агасы Нуркан экөө келип, айылдык клубда эл жык-жыйма жыйылган. Булардын атасы Мырзаалы деген сулуучумак, узун бойлуу өнөрлүү кишини ошондо көрдүк. Эл алдына чыгып комузду келиштире черткен. Нуркан аккордеон тартып, Таттыбүбү кадимки «Ай баратат» ырын ырдап берген. Азыркы радионун алтын фондусуна жазылып калган «Ай баратат» ыры андагыдан башкачараак угулат мен үчүн. Эл дуулдап, Таттыбүбүнү суктанып караганын ошондо бир көрүп калдым. Синдисинин айтымында, Таттыбүбүнүн жеке жашоо-турмушу абдан жөнөкөй болгон. Үй алуунун кезегине көптөгөн кыйынчылыктардан кийин жеткен.

Ошентип, «Уркуя» кинофильмин көргөндөн кийин биздин класстын кыздары өзгөчө таасирленип калдык. Өткөөл курактагы кезибиз экен да. Өзгөчө мен басам- турсам Уркуядай болгум келип, ошондой кийинип алам. Бир күнү кыздар чогулуп алып Таттыбүбүгө кат жаздык. Катыбызда «мектепти бүткөндөн кийин актриса болгубуз келет, актрисанын окуусуна өткөнгө жардам бериңиз» дегенбиз. Көп өтпөй эле Раянын атына жооп келди. Андагы «Актриса болуу таланты барлар үчүн да оор кесип, таланты жоктор үчүн андан бетер кыйын. Эмне кыласыңар уруш-талаш чөйрөгө өз каалооңор менен кирип? Андан көрө мугалим, доктур болгула…» деген сөздөрү эсимде калыптыр. Бала кезде сөздөрдүн маанисине толук түшүнгөн эмеспиз. Себепти өзүбүздүн бой келбетибизден, өңү-түсүбүздөн издегенбиз, «албетте, актрисалыкка Таттыбүбүдөй сулууларды жаратышат да» дедик.

Жылдар өтүп, орто мектепти аяктагандан кийин Улуттук университеттин журналистика факультетинде окуп калдык. Ошондо мен сыяктуу Таттыбүбүнү кумир туткан Базар-Коргондон келген Ракыя деген кыз менен курсташ болуп калдым. 80-жылдары студенттик курагыбыз. Ракыя да актриса болсом деп тилектенчи экен. Ал кыз Кыргыз драмалык театрына барып Таттыбүбүнү издеп таап, таанышып алды. Үйүнө да барып жүргөн. 2-курстагы кезибиз. Бир күнү Ракыя мени да ээрчитип алып Таттыбүбүнүн үйүнө жөнөп калдык. Мен бир чети сүрдөп, бир чети тартынып атып макул болуп кошо жөнөдүм. Токтогул көчөсү менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишкен жердеги төрт кабаттуу үйдөгү эки бөлмөлүү квартирасына келип, эшиктин коңгуроосун бастык. Ракыя сүйлөшүп койгон экен, эшик шарак ачылып, Таттыбүбүнүн жарк эткен жүзү көрүндү. Ашканасына кирип отурдук. Балдары мектептен келгиче деп камыр жайып, манты жасамакка кам уруп жатыптыр. Ракыя экөө ачык-айрым шакылдап сүйлөшүп жатышат. Мен баш көтөрбөй уялып, камыр жайган колдорун карап отурам. Манжалары узун, апапак, үбөлүктү алакандары шыпылдап айлантат. Ошондогу эсимде калган сүйлөшүүлөрдүн мааниси мындай болчу:

— 1-Май майрамын кандай майрамдадыңыздар, эже?
— Эч жакка деле чыккан жокмун. Ишенсең, майрамга кийип чыгар көйнөгүм жок. Балдарды жалгыз бой карайм. Театрда чыгармачылык атмосфера кыйын болуп кетти. Жаңы пьесаны алып чыгалы деп режиссёр башкы ролду мага ылайыктаса эле, аялдардын арасында күндө уруш чыкчу болду. Майрамдык дасторкондо күлүп-жайнап чын дилден ырдап койсом, советтик моралга жатпаган кылык-жоругуң үчүн деп партчогулушта талкууга алышат. Спектакль бүткөндөн кийин жогорку бийликтегилер, чогуу иштегендер бура бастырбай колумду кармап турушуп, коньяк, шампан ичиришет. Аягында чын эле жыгылып түшөм. Эртеси маданият министрине чейин чуу түшүшүп, жеме угам. Кандай жашашты билбейм. Кээде биздин коомдогу ызы-чуулуу талаш-тартышка түшүнө албай, башка чоң окууга кирип, билимди өстүргүм келет…

Ушул сыяктуу бир топ сөздөрдү айтып жатып Таттыбүбү ашканадагы суу түтүгүнөн сууну шаркырата ачып, колу-бетин жууп, чачын да суулаганы эсимде. Ичимдин күйгөнү, азыркыдай техниканын жетишкен заманы болуп колубузда диктофон, фотоаппарат, видеокамера болсо, далилдүү тарыхый сүрөттөрдү, сөздөрдү алып калмак экенбиз.

Аңгыча камырын жайып бүтө электе эле театрга чакырып жатат деп бир жаш бала машина менен келип калды. Телефон чалып баралбайм деди эле, болушпады окшойт, айласыз кийине баштады. Кийген кийими өтө эле жөнөкөй, биздикине окшош эле плащы бар экен. Ошол Таттыбүбүнү акыркы көргөнүм болуптур. Мезгилдер өтүп, Таттыбүбү да дүйнө салды. Атактуу адамдардын кеп-сөзү көп болот эмеспи, бир ойлогонум, атактуу актриса коомдун курмандыгы болгонун убакыттын тарыхы далилдеп отурат…

Аттиң ай, ошол кездеги өз коомунун адамдары, кесиптештери жыгылган кезде жөлөп-таяп, аяй билип, кечирип, өстүрүп жүрүп отурушса, бул дүйнөдөн ыйлабай кетет беле? Өңгөнү кой, Таттыбүбүнү бир көргөндөгү секелек кезимде мен ыйлаганын көрүп калдым. Анан кантип Таттыбүбү кыргыз элинде өлбөстүккө айланып калды дейсизби? Өлбөстүгү — кыргыз аялзатынын ичинен Теңир Таттыбүбүгө гана өзгөчө сыйкырлуу кооз үндү, келишимдүү бой-мүчөнү, айдай сулуу жүздү, таланттуу өнөрдү кыдыр даарып тартуулаган. Дүйнөдө сулуу аялдар толтура, бирок Таттыбүбүгө ким окшош? Канынан жаралган кызы деле союп таптагандай окшош эмес.

Таттыбүбүнүн өлбөстүгү — кыргыз аялзатынын жүзү ушундай болот турбайбы дедиртип, дүйнө жүзүн караткандыгы.

Таттыбүбүнүн өлбөстүгү — кыргыз айжаркын аялынын сулуулугунун символун кыргыз искусствосунда калтырып кеткендиги.

Биздин милдет — Таттыбүбүнүн кыргыз маданиятына таамай түшүргөн эмгегин ар убак эстеп, баалап, кийинки муунга түшүндүрүп берип, таланттуу актрисага арналган иш-чараларды уюштуруп, сулуулук жөнүндө сөз болгондо, сулуулуктун символу — Таттыбүбү деп талбай айтып жүрүү. Кыргыз элинде өнөрлүү, таланттуу, намыска айланган адамдар бир бирден эле жаралышкан. Манас -бирөө. Чыңгыз — бирөө. Раззаков — бирөө, Сүймөнкул — бирөө. Бүбүсара — бирөө… Ооба, көп таланттуулардан кийин Таттыбүбү да бирөө эле экен…

Атыркүл Кудайбергенова, КУУнун журналистика факультетинин ага окутуучусу

Сахна жылдызы
1944-жылы жайдын саратанында Жумгал районунун Чаек айылында жашаган Турсунбаевдердин үй-бүлөсүндө кыз төрөлүп, сүйүнгөн Турсунбай чоң ата небересин таттуу болсун деп Таттыбүбү атады. Үйдүн кенжеси болгон Таттыбүбү үч агасына жана ата-энесине эркелеп, мээримге муктаж болбой чоңойду. Үйдө агалары, көчөдө эркек балдар менен ойноп үйрөнгөн Таттыбүбү мектептеги спорттук ийримдердин бирин да калтырчу эмес. Баскетбол, волейбол ойноп, ар кандай мелдештерге катышчу. Бий жана вокал ийримдерине да катышып, аларга кызыкканы менен негизги сүйүүсү киного багытталган эле. Ал ошондо эле келечекте белгилүү актриса болорун аныктап койгон. Анын канында чыгармачылык шык бар эле. Чоң атасы белгилүү комузчу болсо, атасы Мырзалы кадимки Токтогул Сатылгановдон сабак алган жайы бар эле. Ал эми апасынан Таттыбүбүгө келишимдүү өң-келбет өткөн.

Бир жолу Таттыбүбү элдик ыр аткарып республикалык кароого катышып калат. Анын шыгын байкаган комиссиянын жетекчиси бийкечке Москва консерваториясынын вокал бөлүмүнө тапшыруусун сунуш кылат. Таттыбүбү ага тапшырмак болот. Бирок акыркы убактарда оюн өзгөртүп, Ташкенттеги театралдык институттун актёрлук бөлүмүнө тапшырат. Анткени, анын максаты ырчы эмес, актриса болуу болчу. Студент кезинде «Салиманын ыры» фильмине тартылып, киноискусствосуна биринчи кадамын таштайт.

1966-жылы окууну бүтүп келгенден кийин Кыргыз драма театрында иштей баштаган. Ал ар бир ролго ар башка образ берчү. Мына ушундай сапаты менен улуу актриса атыккан. Сахнада 100дөн ашык роль жараткан. Ал эми экран үчүн жараткан көрүнүктүү ролдору Ак Мөөрдүн жана Уркуянын ролдору болуп калды.

Таттыбүбү Ташкентте 1-курста окуп жүргөндө аны белгилүү актёр, ал кездеги кырчындай жаш жигит Болот Бейшеналиев сүйүп, колун сураган. Бирок Таттыбүбү жаштыгы менен Болоттун чыныгы сүйүүсүн сезбей, сунушун кабыл алган эмес. Ошого карабай актёр аны өмүрүнүн акырына чейин сүйүп өткөн. А Таттыбүбү болсо Имаш Эшимбековго турмушка чыгат. Аны менен да студенттик жылдарында таанышкан. Асел, Канат аттуу балалуу болушуп, экөө он жылдай бирге өмүр сүргөн соң эки айрылыш жолго түшүшөт. Анын себеби Имаштын кызганчаактыгы, анын айынан жубайына кол көтөргөндүгү болгон.

Таттыбүбүнүн трагедиясы — анын баладай ишенчээктиги эле. Ушунусунун айынан кесиптештери тарабынан да көп запкы жеген. Чыгармачылыгынын гүлдөп турган маалында, 37 жаш курагында ал бул дүйнө менен күтүлбөгөн жерден кош айтышат. Өлүмүнүн себеби ошол эле көрө албастык, бут тосуулар болгон дешет. Бирок так себеби ушул күнгө чейин аныкталбай, анын өлүмү табышмак бойдон калып келет.

Айназик Раимкулова, “Леди.KG” («Кыргыз гезиттер айылы»), 18.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий