Өзү да, сөзү да ийги инибиз

Жылган суудай береги,
Жылдар өтө береби, — деп, акын Сүйүнбай агабыз айткандай, арт жакта арбын жол калып, кечээ эле бизге тай кулундай секирип, ойноок бала көрүнгөнсүгөн Санарбек инибиз азыр 70 деген кутмандуу курактын жээгине келип, бир атанын балдарынын эле аксакалы эмес, ар тараптуу таланттардын уюгу айтылуу Жумгал районунун да Ардактуу атуулу наамына (2008) ээ болуптур. Көргөндүн көзү, уккандын кулагы сүйүнсүн! Мындай бийик наамга инибиз маңдай тери, ак эмгеги менен жеткени жүз пайыз чындык. Эл калыс тура. Ошон үчүн элден айланса болот дейбиз да.

Ал эми Санарбек инибизди биз, кесиптеш агалары, 60-жылдардан тарта көрүп-билип, бирге даам татышып, бирге иштешип, сырдакана болуп келаткан жайыбыз бар. «Алыскы туугандан жакын кошуна өтөт» дегендей, балким, Сакебиздин жарым кылымдан ашуун өмүр жолу калаада өтүп келаткандыктан, анын кулк-мүнөзү, адамдык сапаттары бизге жакшы белгилүү болуп калбадыбы.

… 1967-жылы январь айында «Кыргызстан маданияты» жумалык чыга баштап, элибизди тээ илгери «Эркин Тоо» гезити чыккандагыдай өзгөчөлүү бир кубанычка бөлөгөн. Анда иштөөгө кадрларды ал кездеги компартиянын Борбордук Комитетинен баштап, айтылуу Абдумомунов агабыз жетектеген жазуучулар союзу нечен элек-чыпкадан өткөрүп, тандап алышты. Ошондо адабий сын бөлүмүнүн башчылыгына жаш сынчы катары таанылып калган Санарбекти аспирантурадагы окуусун бүтө электе эле чакырып дайындашканын эшиттик да, мындай тынчы жок, ызы-чуусу бүтпөй турган бөлүмдү жетектегенге ал жаштык кылбас бекен деген күмөн саноолор да болбой койгон жок.

Мына ошол шакардай кайнаган редакциянын турмушунда Санарбекти жакындан таанып-билип, анын сынчылык, журналисттик дараметинин кыйла экенине күбө боло баштадык. Т. Абдумомунов, М.Жангазиев, Т.Аскаров, К.Каимов, С.Жетимишев, И.Исаков ж.б. баш-көз болгон редакция жамааты «бир жакадан баш, бир жеңден кол» чыгарышып, жумалык тез эле эл арасына кеңири тараган кызыктуу басылма болуп, нускасы 60-80 миңге жетти.

Санарбек жетектеген сын бөлүмү «Бир китепке эки пикир» деген жаңы рубрика ачып, адабий чөйрөдө пикирлердин ар түрдүү болушуна шарт түздү. Сынчыл ойлордун кеңири кулач жайып, адабий процесске чапчаң аралашуусу үчүн бүт күчүн үрөдү. Редакциянын профсоюз уюмунун жетектөө да ага тапшырылды, чогулуштарды өткөрүү, алардын протоколдорун да жазуу анын мойнунда. Биз улуулар анын «Атка жеңил, тайга чак» экенине ыраазыбыз. Ал кезде ишембилик, айыл чарба жумушу деген өнөктүк дайыма болуп турчу. Мында да негизги түйшүк Санарбекке жүктөлөт. Барган жердин башкарма, бригадири менен сүйлөшүү, кетмен, күрөк, чалгы менен камсыз кылуу, жылуу-жумшак жатакана, кыскасы бардыгы ойдогудай бүтөт. Барган жерде Сакебиздин өнөрлөрү көрүнө баштайт. Кол ойнотуп, залкар күүлөрдөн чертет, созолонтуп, Мыскал, Атай, Мусанын ырларын созот. Андай учурларда маданият бөлүмүнүн башчысы Керимбек Ибраимов: — Эгер Санарбек музыка жагынан окуса, чоң композитор болмок, — деп санын бир чабат. Көрсө, ал 5-6 жашынан комуз черте баштап, айылдагы аксакалдар кичинекей баланын өнөрүнө маашырлана эрмек кыла беришип, аны жетилтип коюшкан тура. Кара жумуштан каржалган кезде бири-бирибизге «асылмай», шакаба чекмейлер башталат. Мында да, Санарбек чектен өтпөй ыймандуулугун, тарбиялуулугун көрсөтүп, жумшак, орундуу юморлору менен баарыбызды күлдүрүп, черди жазат.

Чаба албай жаман чалгыны,
Чаалыгып Какем калдыбы? — деп мага эркелей, колумдагы чалгыны ала коюп, шартылдата кайрап, кайра кармата салат. Бир жолу жалакайланып, тамекисин бурулдата четке чыга берген Тору-Айгырлык акын Совет Урманбетовго жазуучу, журналист Жапар Саатав жайынча эле:
— «Сокем тоотпой бизди турубу?» — деп калды эле, анда Санарбек да жайынча гана: — Ооба, анткени, Сокем Тору-Айгырдын кулуну, — дей салбаспы! Мындай учурлар көп болор эле…

Санарбектин ошондой элпек, кичи пейил мүнөзү редакцияда иштеген кезинде да көп пайдасын тийгизген. Сынды сүйбөгөн, өзүн эң мыкты сезген терс кыял, оор мүнөз калемдеш бир боорлорубуз кудайга шүгүр, бир топ эле эмеспи. Андайлардын арасында кашка тиштин ортосунан шилекейди сыгылта «чыйт» түкүрүп, акыл айтып, көрсөтмө бергенди жакшы көргөндөр да болот. Андай авторлор келгенде баякы тамашакөй, шайыр Санарбек жок. Талтөөндөй олуттуу болуп, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй, теңтушка теңтуштай мамиле жасап, талаш маселелердин «тамырын» оңду-солду кармап, бат эле «диагнозун» коёт да, оппонентин капа кылбай, эшикке колтуктап чыгарып узатып койчу. Акыл азуусу чыгып калган биз да оңойлук менен тил табыша албаган андай «тежиктер» негедир терс аяктанбай, ыраазы болгондой түр менен келип-кетип, кызматташып жүрүшчү.

1967-1968-жылы редакция Санарбектин демилгеси менен эки чоң талкуу уюштурду. Жумалыктын «чу» деген эле №1 — санына сынчы Качкынбай Артыкбаевдин «Адабиятыбыздын алгачкы башатына көз чаптырсак» деген макаласы жарыяланып, анда VI-VIII кылымдардан калган Орхон-Енисай таш жазуучуларындагы тексттер, кошоктор, XI кылымда жашап өтүшкөн Баласагындык Жусуп менен Кашкардык Махмуттун айтылуу эмгектери барыдан мурда кыргыздарга тийиштүү адабий мурас катары изилденип, окутулушу керек деген маселе көтөрүлүп, биринчи талкуунун «мотору» ошону менен от алды да, ал бир жылга жакын созулду. Бирок, ал кезде көп маселелердин башы анча ачыла элек, тарых илими да али көп нерселерди тактай элек болгондуктан, талкууга коюлган маселени бышыктоо кийинки мезгилдин үлүшүнө калтырылган. Акыры «ак ийилип, бирок, сынбастан», азыр аталган мурастар кыргыз адабиятынын тарыхына кирип, мектептерде, жогорку окуу жайларында окутулуп жатат. А кезинде айрым ак жүрөктөр улутчул аталуудан сактанышып, БКга кат жөнөтүшүп, макаланын автору да, редакциянын жетекчилери менен бөлүм башчы С. Карымшаков да кайра-кайра жогору жакка чакырылып, КГБнын да сураганынан өтүшкөн. Мына ошондой опурталдуу учурларда Санарбек өзүнүн камылгасы мол, билими жетик адабиятчы экенин көрсөтө алып, бул маселе али талкууга гана коюлуп жаткандыгын, анын партиянын саясатына эч кандай тиешеси жок экендигин, тескерисинче, элдик мураска мамиле кылуунун маркстик-лениндик жоболору жетекчиликке алынып жаткандыгын алардан цитата келтирүү менен ырастап, бул маселе коңшу элдерде небак чечилип, окулуп аткандыгын фактылар менен бекемдеп, чагымчыл пикирлерди төгүнгө чыгарган бир нече жоопторду, справкаларды да жазган.

Жумалыктын аброюн алда-канча көтөрүп, окурмандарын көбөйткөн экинчи талкуу «Акындарга үч суроо» деп аталып, анын өзөгүн кыргыз поэзиясында салттуу ыр формасы менен эркин ыр, ак ыр формасы «ынтымакта» жашап кете алабы? -деген маселе түзгөн.

Учурунда бул маселе да далай «найзаны» сындырып, нечендерди «жоолаштырып», бүйүрдү кызытып, көп маселенин көзүн ачкан. Мындай бир чети жооптуу, бир чети кооптуу талкууну уюштурууда да Санарбек уюштуруучулук жөндөмүн, билимин толук жумшап, аны кызыктуу, принципиалдуу, маданияттуу өткөрө алды. А. Токомбаев, Т. Үмөталиев, К. Маликов, Б. Сарногоев бир тарапта болушуп, кыргыз поэзиясынын салттуу формасы кылымдарды карытып, эч эскирбестен эле келатат, ал эми ак ыр формасы ак урган думанадай, же короого адашып келген чоочун эчкидей кыргыз поэзиясына жат көрүнүш деген сыяктуу позицияны тутушса, С.Эралиев, Р. Рыскулов, М. Абылкасымова, О. Султанов ж.б. бир жээкте болушуп, азыркы космос доорундагы илимий-техникалык революция адам баласынын аң-сезимине алып келип жаткан бурулуштарды салттуу ыр формасы менен эле сабалатып отуруу мүмкүн болбой калды. Азыркы учкул замандын элесин өзүндөй жаңыча форма, ритмика менен берүү керек деп туруп алышты.

Сынчылардын ичинен таланттуу сынчы К. Укаев эки өйүздүн тең айткандарын таразага тартып туруп, окурмандарга кандай гана формада жазылбасын, аларды толкундаткан нукура поэзия керектигин, ал эми халтура салттуу формада да, жаңы формада да кездешип жаткандыгын айтып чыкты.

Ошентип, бул талкуу да өз максатына жетип, акындык чеберчиликке жетишүүнүн жолдору канчалык машакаттуу экендиги тууралуу кең-кесири пикир алмашуу менен поэтикалык изденүүдөгү аракеттер өз жемишин бере баштаган.

Санарбек мына ошондой кызуу кандуу талкууларга катышкан мүнөздөрү ар кандай авторлордун баары менен тил табышып, эч кимисинен жеме укпай, эч кимисин капа кылбай (редакцияда андай учурлар өтө көп болот), тескерисинче, жагымдуу атмосфера түзүп, жакшы сапаттары менен купулубузга толгон. Өзү да адабиятыбызыдын ар түрдүү маселелери боюнча сын макалаларын, көркөм котормолору менен очерктерин байма-бай жарыялап, тили жатык, ой өрүшү кеңири адабиятчы, журналист экендигине бизди ынандыра баштаганда анын тырышчаактыгына, аракетчилдигине ыраазы болчубуз. 1968-жылы «Турмуш саптары» деген сын макалаларынын туңгуч жыйнагын чыгарып, баарыбызга кол тамгасы менен тартуулаган. Ал учурда жеке автор сынчынын жыйнагын чыгаруу ишин партиянын Борбордук комитети өзү көзөмөлгө алып турганын эске алсак, бул иш Санарбек үчүн чоң утуш да, көп нерселерге милдеттендирген чоң жоопкерчилик да болгон. Анын үстүнө анын ысмы жазуучулар чөйрөсүндө, докладдарда, макалаларда ошол кездеги жаш сынчылардын «ак сакалы» катары алгачкы болуп айтыла баштаган. Комсомолдун Ардак грамоталары менен сыйланып, майрамдар сайын редакция алкыш жарыялачу.

Редакцияда эки жылча иштеп, адабий сын бөлүмүнүн иши жолго түшүп калгандан кийин Санарбек өзү «баш тоголотуп» таптап жүргөн чыйрак, билими да жетик Аман Токтогуловду ордуна сунуш кылды да, илимий иштерин улантуу үчүн чоң философ, азыркы академик Азис Салиевдин өктөм талабы боюнча башкы редакторубуз Касым Каимов аргасыз макул болуп, которулуп кетти.

Биз өзү да, сөзү да ийги Санарбек инибизге ак бата тартып, чыгармачылык чыйырында ийгиликтерди кааладык. Таза, так иштеп, «Атка жеңил, тайга чак» болуп жүргөндүгү үчүн борбор шаарыбыздын түштүк өңүрүндө жаңыдан курулуп жаткан абасы таза 7-кичи райондон 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырдык да, компартиянын мүчөсү болууга сунуштарыбызды бердик. Ал эми тиги 3 бөлмөлүү үйдү Т.Абдумомунов менен К. Каимов БКга чейин барып атып, редакцияга райкомдон атайын Санарбек үчүн бөлдүрүп келишкен эле. (Анткени, алар мөөнөтү бүтө элек аспирантты ишке аларда ушундай убада беришиптир). Мына, ал кездеги жетекчиликтин жаштарга көргөн камкордугунун бир эле чети.

Бирок, Санарбек биз менен дайыма кызматташып, илимий темасына байланыштуу эстетика, сын багытындагы макалаларын жарыялоону уланта берди. Анын ой өрүшү кеңейип, чыгармаларга талдоо жүргүзгөндө калыстыгы, обьективдүүлүгү арта түшкөнүнө ыраазы болуп жүрдүк. Бир аз кийинчерээк СССР жазуучулар, журналисттер Союздарына, КПССке мүчө болду. Бул ал кездеги жаштар үчүн өтө кыйынга турчу сыймыктуу даражалар эле.

«Кыргызстан» басмасы, «Кыргызфильм» киностудиясы, маданият министрлиги сыяктуу абройлуу мекемелерде бөлүм башчы, башкы редактор ж.б. жооптуу кызматтарды ал кезде акысыз иштелип, алтындай убакыттын баарын сорчу парторг, профорг, редколегия мүчөсү сыяктуу кошумча коомдук иштер менен катар отуз жылча аткарып жүрүп, бир нече макалаларын, жыйнактарын («Толкундар арасында», «Көркөм образдын табияты», «Көркөм сөз күчү» ж.б.) да чыгарууга үлгүрүп, белгилүү, беделдүү сынчыларыбыздын катарына кошулду.

Адистердин айтуусуна караганда жана өзүмдүн да жеке ишенимимде инибиздин чыгармачылык чыйырында профессор К. Артыкбаевдин илимий-сынчылык ишмердиги боюнча коргогон кандидаттык диссертациясынын негизинде жарык көргөн ошондой аталыштагы монографиясы орчундуу орунду ээлейт экен. Ал эмгек жеке бир окумуштуу сынчынын чыгармачылыгын изилдөөгө алган туңгуч эмгек болуу менен мындан ары да ушул багыттагы илимий иштердин жүргүзүлүшү үчүн «күрткү бузган» жаңылык катары баалуу экендиги тууралуу адилет пикирлер арбын эле айтылды.

Агаларынын ишеничин актаган инибиз Санарбек көп жылдардан бери педагогдук ишти аркалап, бул түйшүктүү майданда да жаш кезиндегидей эле шымаланып иштеп жүргөнүн студенттер менен жолугушуу кечелерине барып калганда көрүп жүрөбүз. Өзүм да кыйла убакыттан бери жогорку окуу жайларында «оозеки китеп» деп шарттуу аталган сабагым боюнча адеп-ахлак, ыйман, улуттук каада-салттар боюнча дарстар окуп жүргөнүмдө студенттердин колунан Санарбектин китептерин көрүп калам.

Демек, анын окурмандары көбөйгөн экен… Баса, андан таалим-тарбияланган студенттердин айрымдары элибизге белгилүү инсандар болуп калышыптыр (мисалы, Каныбек Иманалиев, Кубат Оторбаев, Бектур Исаков ж.б.).

Мына ушулардын баарын көз алдыман өткөрүп жатып, ушу тапта 70 жаш кутман курактын жээгинде чайынып-тайынып отурган профессор иниме батакөй чал катары берээр батам: Арыба, иним Санарбек! Мындан аркы жолуң да байсалдуу, шыдыр, жолдошуң, колдогонуң кыдыр болсун! Анткени, сенин өмүрлүк жарың, жан шеригиң — менин карындашым Роза касиеттүү Кыдыр акенин чөбөрөлөрүнөн эмеспи!

«Айтылбай далай сыр калды» дегендей, эмки кептерди кийинки мааракелериңе сактап коеюн!

Калканбай АШЫМБАЕВ, КР Эл жазуучусу, И.Арабаев атындагы КМПУнун Ардактуу профессору,
«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий