Айкөл Манаска аш берилди беле?

Буга чейин Манастын ашы тууралуу манасчылардын вариантында айтылбай келгенин манасчы Талантаалы Бакчиев баяндайт. Жакында эле Талантаалы мырзанын вариантында жазылган «Манастын ашы» аттуу китеби жарыкка чыкты. Кыргыздын улуттук оюндарын, Желмогуз менен Манастын согушу жана башка кызыктуу окуяларды камтыган китептин мазмуну тууралуу автор сөз тизгинин алды.

— Жакында эле «Манастын ашы» аттуу жаңы китепти жарыкка чыгарыпсыз…
— Биринчи кезекте «Манастын ашы» деген окуянын тагдыры татаал болгон да. Тоголок Молдонун, Ыбырай Абдрахмановдун кол жазмаларында, Академиядагы азыркы кол жазмалар фондусунда ушул окуя бар экен. Тилекке каршы, ал кол жазмаларга менин колум жеткен жок, көрө албадым. Менин билгеним боюнча, илгери Көлдөн Дыйканбай семетейчинин биртууган уялаш иниси Алмабек Тойчубеков «Манастын ашы» деген окуяны кол жазма түрүндө небереси Кубанычбек Алмабековго калтырып кеткен экен. Анан Тыныбек дагы учурунда «Манастын ашы» окуясын айткан. Бирок, ал кол жазма жазылып калынганы менен кайда экени белгисиз. Азыр мен атап өткөн жана башка көптөгөн манасчылардын айтуусунда бул окуя кездешпейт. Саякбай атабыздын вариантында «Манастын ашы» деген окуя жок, анда минтип айтылат: «Билгендерге Манастын ашы болсун, билбегенге Семейтейдин тою болсун» деп Букарда Семетейдин тоюн берет.

— Эмнеге «Манастын ашы» экенин билдиргилери келген эмес?
— Себеби «Манаска аш бергендин өзү кандай болот, анын деңгээли кандай өтөт, ага чейин Көкөтөйдүн ашы өткөн, ошол Көкөтөйдүн ашына жетеби, жетпейби?» деп кээ бир манасчылар «Манаска аш берилген эмес» деп да айтылат. «Манас атабыз кыргызды бириктирип, кыргызды бир журт кылып, керек болсо башка журтту дагы кыргыздын тегерегине, кыргыздын алкагына сиңирип аткан болсо, анан Манастай залкар, зор, касиеттүү атабызга аш берилбегени кандай?» деген суроо туулат. Анан менде көптөн бери ниет, үмүт бар болчу. Мындан он алты жыл мурда эле «Манастын ашын» өз вариантымда кагазга түшкөн болчу. Бирок ошонун ыгын келтирип, түшүнгөн киши болсо, анан жалпы элге жайылгыдай болсо деген үмүт менен саатын күтүп жүргөм. Кудайым буюруп, быйыл «Манастын ашы» деген окуя китеп болуп, 500 нуска менен чыгып атат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, китепти толугу менен каржылап чыгарып берген Республикалык Манас жаштар ордосунун директору Бакыт Рамановго терең ыраазычылык билдирип кетет элем.

— Он алты жыл бою китептин үстүндө иштедиңизби?
— Жок, иштеген жокмун. Себеби, мунун өзүнүн дагы тартиби бар да. Улам иштей бергендей Манас жазуучулуктагы чыгарма же акындыктагы ыр эмес. Ал бир келдиби, ошол боюнча кагазга түшүп калыш керек. Мунун тартиби илимий жактан дагы ушундай. Эми минтип окуя китеп болуп чыкты. Китепте ашка таандык баардык көрүнүштөр бар. Кыргыз элинин улуттук оюндары, эр сайыш, балбан күрөш, жамбы атыш, төө чечмей ж.б. оюн-зооктордун баардыгы берилет. Мында башка манасчылардан айырмаланып, Манастын ашы Семетей баатыр Букардан келип, Айчүрөктү алып, анан Алтайдагы, Саяндагы, Байкөлдүн жээгиндеги, Кыл-Эртиш суусунун боюндагы мурда Миэсуунун боюндагы, Кызылжардагы кыргызга таандык жерлердин баардыгын кайра кыргыздарга каратып, анан атасынын кунун кууп, ошол кунга Манас атасынын ашын берип атат. «Манастын ашы» деп айтылганы менен Семетей төрт баатырдын: Манас, Алмамбет, Чубак, Сыргактын ашын берип атат. Ошондо бул бир эсептен «Манастын ашы» деп айтылат, бир эсептен «Төрт берендин ашы» деп айтылат.

— Китеп кара сөз менен жазылганбы же ыр түрүндөбү?
— Ыр түрүндө. Кадимки Манас кандай айтылган болсо, ошондой жазылган. Башында кара сөз түрүндө баяндамасы, түшүндүрмөсү бар. Семетей Алтайда атасынын кунун куугандан кийин, бүтүн Саян тоолорун кыргызга караткандан кийин ошол жер кыргыздын жери болуп, Семетейдин жайлаган жери Алтай болот дагы, кыштаган жери кеңкол Талас, Ала-Тоо болот. Алгачкы ирээт Алтайга барып, жайлап жатканда түшүндө Манас атасы кирет. «Башындагы зооту үч жеринен тилинүү дейт, үстүндөгү кийген тону туш-тушунан жыртылуу дейт, астында минген Аккула аты менден жанымды койбой аш сурайт, Канчородон баш сурайт, Гүлчородон жаш сурайт, бул эмнеси болду экен?» деп Семетей эртең менен уйкудан чочуп ойгонуп, абасы Бакайга барып, «ушундай бир түш көрдүм, түйшүккө салаар иш көрдүм, бул эмине болуучу, айланайын абаке, бул түшүмдү жоручу» дейт. Ошондо абасы Бакай «эми таң агарып күн ачылсын, түштүн башы казандай, моюну аттын кылындай болот, кандай кылып жорусаң ооп кетчү жайы бар. Түшүңдү таң атканда жоруйун» дейт. Анан түш жоруганда баатырларга аш бериш керектиги аян аркылуу берилгенин айтат. Аны уккан Семетей атабыз жаны тынбай Ала-Тоого кайра элүү күндө кайтып келип, Кошой баатырды Ат-Башыдан чакыртып алып, кеңеш курат. Кийинки жылы атасы Манас, аяш атасы Алмамбет, агасы Чубак менен Сыргактын ашын бермекчи болот. Аш Каркырада өткөн. Ашка он эки хандын баары, Коңурбайдын уулу Бородой, Нескаранын уулу Жайгара, Жолойдун уулу Жомони, Үрбүнүн уулу Шамшы, Көкчөнүн уулу Үмөтөй, кыскасы он эки хандын мурда-кийин катышы бар жакындары жана катышы жоктору дагы чакырылат.

— Аш тынч өтөбү?
— Аш тынч өтөт, бирок, аяк жеринде Үмөтөй мындай чыр чыгарат. Чырдын жөнү Үмөтөй «сенин атаң Манас менин атамды Кытайларга алып барып, салып берген. Эгерде сенин атаңдын ойго келбеген иш-аракети болбосо, Казатка алып барбаса, менин атам аман калмак, эми мен минтип жетим калдым, энем жесир калды» деп Семетейге айып коет. «Сен магаң айтпай кыргыздардын кунун кууптурсуң, магаң бир ооз айтып койсоң эмне, экөөбүз карын бөлөбүз, мен да барып, атамдын кунун куумакмын» дейт. Экинчи айыбы, «Манастын ашы» деп, Алмамбет, Чубак, Сыргакты кошуп, төрт беренге аш берипсиң, менин атам дагы Алмамбеттен кем беле (?), менин атам Чубак, Сыргак, Манастан кем беле? Менин атамдын ашын дагы чогуу бербейт белең?» дейт. Анда Семетей «айланайын, сенин түтүнүң бөлөк, эли-журтуң бөлөк, атаңдын ашын берем десең, мен деле кошулбайт белем, мен деле кол кабыш кылбайт белем, уулу сен турсаң, өз атаңдын ашын өзүң бер» дегендей жооп кайтарат. Ошондо Бакай атабыз ортого түшүп, Коңурбайдын уулу Бородойдун Алакөк деген тулпарын Үмөтөйгө тартуу кылат, ошону менен чыр жабылат. Бирок, Үмөтөйдүн котур ташы койнунда болуп, кийин кектеп, кайра келе турган болот. Ошондо анан Гүлчоронун колунан өлүп атпайбы.

— Китебиңиздин жыйынтыгы дагы ушуну менен бүтөбү?
— Ооба, китептин жыйынтыгы дагы ушуну менен бүтөт. Үмөтөйдүн чырынан кийин «Төө чечмей» деген соңку оюн болот. Жалпы бата тиленет, эл узатылат. Аштын аягында көзү көрбөгөн сокурлардын көзү көрүп калат дейт, мунжу болуп жүргөндөр оңолуп, кулагы укпай калгандар угуп, ооруп-сыркоолоп калгандардын баардыгы өңүнө келип сакаят дейт. Ошондо Манас атабыздын руху элине ыраазы болуп, ашка келген баардыгын аруулап кеткен экен деп айтылат.

— Манастын ашы Көкөтөйдүн ашынан эмнеси менен айырмаланган?
— Эки аштын окшош жактары дагы, айырмачылыктары дагы бар. Менин китебиме мурда айтылбай келген Желмогуз менен Манастын согушу кирген. Бул согуш Саякбай атабыздын вариантында болгону «Сейтекте» гана айтылат. Желмогуздун уулу Сарыбай Сейтекке келип, «менин атамды өлтүргөн сенин чоң атаң болгон, мен өч алганы келдим» деп айтылат. А бирок, Желмогуз Манастын колунан эмне болуп өлгөнү тууралуу эч айтылбайт. Мына ушул окуяны толугу менен киргиздим.

— Манас Желмогузду кантип өлтүргөн экен?
— Бул окуя өтө кызыктуу. Желмогуз жалгыз көздүү дөө болгон. Адам баспаган жердин баарын кыдырып жүрүп, «чарчадым -чаалыктым, адамдар эмнегедир ат минет экен, мен неге ат минбейм (?), мени көтөрө турган атты кайдан табам?» деп арман кылып отурганда жезтумшуктардын паашасы Моко кемпир жолугуп калат. Ал «айланайын, желмогуз, мен бир кызык көрдүм, кечээ жакында эле мазарлуу, периштелер ойногон жердеги чынардын түбүндө он эки жашар Чубак деген баланы жолуктурдум. Аны дубалап, өзүмө кулдукка алып кетейин деп атсам, кайдан-жайдан белгисиз олуя чал пайда болуп, менин дубамды жандырып, Чубакка Көкала деген ат берип кетти. Чубак ал атты минип алып, Манасты көздөй баратат. Сен эгерде Манасты тапсаң, Чубакты табасың. Чубакты тапсаң астында минген касиеттүү Камбар ата даарыган, кайыбынан кабылган Көкала сындуу атка ээ болосуң. Ал Көкала сени көтөрө ала турган мал» дейт. Ошентип экөө келишим түзөт. Моко кемпир «айтып бергенимдин акысы ушул болсун, Көкаланы сен аласың, Чубакты мага байлап алып келесиң» дейт.

— Желмогуз биринчи Манасты тапканбы же Чубактыбы?
— Желмогуз жер-сууну кыдырып, Манасты таппайт дагы, Жарманас дегенге туш болот. Жердин түбү Желпиниш, жапан элин бийлеген, Желпиништи жердеген Жарманас деген хан болгон. Ал Манастын Акбийке деген эжесинин күйөөсү болот. Жарманас желмогузду шаарына алты ай камайт. Айласы кетип Манастын эжеси Акбийке жолдошу Жарманас экөө Манаска кат жазып, көгүчкөндү учурат. Көгүчкөн барып, Манаска кабар берет. Акбийке «мага кабар ташып турсун, төркүнүмдөн кол үзбөйүн» деп көгүчкөндөрдүн тукумун Таластан ала кеткен. Желмогуз тууралуу кабарды алган Манас он эки жашар Чубакты, Алмамбет баатырды алып, үчөө бир илектей кол алып, Желпинишке барышат. Шаардын тегерек чети саз болгон экен, баары тегеректеп Желмогузду сазга камашат. Желмогуз сазга тизесинен батканда атчан Манаска тең болгон экен. Манас атабыз айласы кетип, «мындай дөөнү эмне кылабыз, кантип айласын табабыз?» деп атканда, Алмамбет баатыр Желмогуздун көзүн мээлеп жаа менен атканда ал башын буруп ийип, жаанын жебеси көзүнө тийбей, мурдун жырып кеткен экен. Айкырык-кыйкырыкты салган Желмогуз жылгындыны, саз чөптү ары-бери жулуп, ыргытып атканда Манас Аккуланы чапкылап, ары өтүп кылычы менен бир чаап, бери өтүп бир шилеп атып, Желмогузду алсыз кылат. Жети күн алышат, жетинчи күнү Желмогуз бир жерден козголбой тура бергендиктен, сазга белинен батып калат. Бою Манастын деңгээлинен төмөн болгондо Аккуланы аркасынан чаптырып өтүп, башын кыя чабат. Желмогуз курман болот. Ошентип Манас Желпиништин элин азаттыкка алып чыгат.

Айнура Касымова, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий