Акындыкты алып калган атадан, / Замикем да өз доорунун залкары!

Ар бир доордун өз залкары, өз могиканы бар деп келебиз. Эгер ошондой болсо, анда Замирбек агабыз да, дал ушул азыркы доордун залкары экенин ким танат? Алтымыш жаш курагына келип, өзүнөн мурунку аталар жагып кеткен акындыктын очогун өчүрбөй, жибек жибин үзбөй кийинки муундардан шакирттерди даярдоого үлгүргөн агабыз жалпы кыргыз эли үчүн ат көтөргүс эмгек кылды деп айтсак, жаңылбаспыс. Себеби, айтыш өнөрү, акындык менен төкмөлүк — кыргыз элинин улуттук улуу сапаттарынын бири эмеспи. Элестетип көрүңүзчү, акындык өнөрдөн кемиген кыргызды…Андай күндү Жараткан кыргызымдын маңдайына жазбай эле койсун! Бул асыл өнөр солгундап, соолуп бараткан мезгилдер да болгон. Эгер, залкар төкмөбүз Алымкул Үсөнбаев атабыздын кулуну Замирбек ага өз мезгилинде акындык өнөрдү туу тутуп, андан ары улаганга бел байлабаса, кыргыздын азыркы мууну береги кошуна казактар сыяктуу жамакчылыкка ооп, ошонусуна каниет кылып калышы да мүмкүн эле…

Айтыла турган сөздүн ачыгы жакшы да, жалпы кыргызга кызмат кылып, кыргыз элинин асыл сапаттарынын бири болгон акындыкты кастарлап келген агабыз — Кыргыз Эл Баатырлыгына татыктуу эмеспи? Карап көрсөк, бардык тармактарда үзүрлүү эмгектенип келе жаткан кеменгерлерибиздин ичинен чыккан Баатырларыбыз бар. Бул жерде, баягы эле сыйлыкка умтулуу деп түшүнгөндөр болушу мүмкүн. Бирок, ошол сыйлыктын көркүн чыгара турган инсандарыбыз арабызда эле ийиндеше иштешип жүргөнүн кээде байкабай да калат окшойбуз. Анткени, асыл адамдар — карапайым да, жөнөкөй да, сыпайы да келет эмеспи. Ар бир асылдыкты өз убагында барктап-баалап алуу менен уюткулуу кыргызымдын учугу узарып, ырыскысы толбосо, асти кемибейт… Сөз багып, сөздү барктаган адам — анык эл адамы болоору анык.

«Айкын саясат» гезитинин эмгек жамааты — алтымыш асыйдын суулугунан кармап турган агабызды кутман курагы менен куттуктайт жана акындык өнөрдү аздектеп, кыргыздын салттуу өнөрүнүн залкары болуп жүрө берүүсүн каалайт. Эмесе, Замирбек ага менен болгон маекти жалпы окурмандарга сунуштайбыз.

Замирбек ага, алтымыш жаштын айдыңын кандай сүрөттөйсүз?
Алла-Таалам буйруптур,
Алтымыш деген жаштамын.
Кырк-элүү деген белести,
Кыйналбай эле ашкамын.
Өйүздө эле жүргөнсүйт,
Ойлонсом, кайран жаш чагым…
Эми, ар бир жаштын өзүнүн керемети болот экен, баарына толук түшүнүп, тажрыйбаң да топтолуп дегендей. Мурдагы залкарлар айткандай, улам жаңы ойлор пайда болуп, мурунку ырдаган ырларыңды, мурунку чыгармаларыңды кандайдыр бир башкача, сын көз караш менен карап, азыркы турган деңгээлден көз жүгүртүп калат экенсиң… Тажрыйба деп атканымдын себеби, көз ачкандан баштап залкарларды көрдүм, улуу адамдарды. Андан кийин эле жүрүп отуруп, өзүм комуз алып ырдап чыкканда, ошол залкарлардын щакирттеринен болгон, андан кийинки залкарлар менен иштештим, аны менен баа жеткис өнөр мектебинен өттүм.

Улуу залкарлардан кимди көрүп, кимиси менен ырдашып калдыңыз?
Улуулардан мен Ысмайыл Борончиев аксакалды гана көрүп калдым, өзүм ырдап, учурашып калгандан, андан кийинки Ашыкем, Тукем, Током, Эстекем менен үзөнгүлөш болуп, бирге иштешип, бирге ырдашып, бири-бирибиз менен алым сабак айтышып жүрдүк. Мына ушунун баары көп нерсеге эл астында жоопкерчилик артты: алар менен жүргөн күндөрдүн баарын чагылдырып, китеп жазууну мен өз милдетимдей көрдүм. Буюрса, бир китеп даярдап жатам, көзүн көрүп калган улуу залкар Ысмайыл Борончиев аксакалдан тартып, кийинки өзүм менен кошо иштешкен залкар агалар тууралуу.

Акындык өнөрдүн өз дүйнөсү бар дешет, элге анчейин байкалбаган, ошолор тууралуу айтсаңыз…
Акындык өнөрдүн бир жери өкүнүчтүү, ошо турган жерден эле ойду айтып, ырдап жибересиң, аның ошол жерде калып калат экен… Анан да, бир керемети — жалаң эле мен эмес, менден мурдагылар деле ошондой болгон: эл алдында чыга калып ырдаганда, миңдеген элдин көңүлү көтөрүлүп, кандайдыр бир башка маанай пайда кылат. Эл да кубанып, ырдап аткан ырыңды башкача кабыл алышып, сени менен бирге болот. Мен акындык өнөрдүн ушул кереметине өзүнчө сүңгүп кирип ырахат алып, ошо менен алаксып…эмес, аны менен жашап келатам. Бул мен үчүн өзүнчө бир кереметтүү дүйнө! Бир гана өкүнүчтүүсү, жогор жакта айтпадымбы, ырдаган ырың каерде ырдасаң — ошол жерде калат, аны кайтара албай каласың. Албетте, жакшы саптары элдин кулагында калып калат: «Замирбек минтип ырдаган» деп айтылып калат. Ошол саптарды кийин өзүңө аласың, бирок, төгүлүп ырдаганда ошол-ошол жерде калып калды дей бер. Бул жалаң эле менин ырчылык өнөрүмдө эмес, мурунку аталарыбызда да болуп келаткан көрүнүш.

Бул — акындык өнөрдүн бир эле убакта кереметтүү, ошол эле убакта орду толбой турган жактары. Антсе да, сөздөрдү ордуна толук келтире албасаң да, оюңду сактап калууга кудуретиң жетет.

Сиздин бул өнөр жолуна түшүшүңүзгө тикеден-тике таасир берген адамдар кимдер болду?
— Мен жаңы ырдап чыккан кезимде, бул — Совет доорунда, ошондо акындык өнөрдү жаштардан улап чыккан мен эле болчумун. Ошо кезде бул өнөргө кызыгуу деле жок болуп калган. Мен ырдап кетемби-ырдап кетпеймби, коомчулук тараптан анча деле кызыгуу болгон эмес. Бирок, филармонияда иштеп жаткан агаларыма келип кошулганда, акын агаларымдан таалим алып, бул асыл өнөрдү сөзсүз улаш керектигине, кийинки муундарга жеткириш керектигине толук көзүм жетти. Анткени, бул өнөр кыргыз барында сакталып калыш керек. Анан, буга түрткү болгон Чыкем — бир эле кыргыздын эмес, дүйнө элин дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматов агабыз болду деп айта алам. 1978-жылы Чыкемдин 50 жылдык юбилейи эң салтанаттуу кырдаалда белгиленди. Ошол мезгилдерде мен ырдап калган болчумун.

…Чыкемди бул дүйнөгө берген Таластын Шекер айылы. Маданият Үйүндө салтанат болуп, куттуктоо сөздөр сүйлөнүп жатты. Бир гана Кыргызстандан эмес, Казакстандан, жана башка республикалардан келип, катышып атышкан. Мага да кезек келип калбаспы… Анда президиум деген болчу эле. Микрофон ары жакта, туруп ырдаганга ыңгайы келбей атты. Элге карап ырдасам, Президиумга артымды салып калат экем. Ошентип ыңгайсызданып, президиумдун алдына барып эле туруп калдым. Президиумдагылар «элге карап ырдай бер» дешти. Төрт жүз кишилик Маданият Үйүндө жык-жыйма элдин алдына туруп ырдап калдым…

Бүткөндөн кийин Чыкем элге кайрылып: «Замирбек Үсөнбаев деген акын ушул. Атасынын акындык жолун улап келатат. Ушул өнөрдү андан ары уласын, Кудай буюрса, атасындай акын болсун кыргызга. Биздин кыргызыбыздын даңкын чыгара турган акын болсун, ушу балага бата берип коюңуздар!» -деп элге кайрылып, өзү алакан жайып бата берип жиберди.

Ошондо канча жашта элеңиз?
26дан 27ге кеткен чагым эле. Ага чейин Чыкемдин маңдайына чыгып ырдаган эмесмин да, жаш болчумун. Чыкемдин бул батасы — мен үчүн ушу күнгө чейин эстеп келген зор окуя болуп кала берди. Ошол эле учурда «Ии, улуу адамдар ушунчалык баа берип жаткандан кийин, абдан ыйык өнөр турбайбы, бу, акындык дегени» деп калдым. Мен деле баалачумун дечи, бирок, анчалык баалай элек кезим окшойт. «Эми, бул акындык дегенди багып өстүрүш керек экен» деп, акындыктын артынан мурункуга караганда эки эселеген, үч эселеген аракет менен кириштим.

Ал аракетиңиздин акыбети кайтты да.
Ооба, көп узабай эле, бир жылдан соң Чыкем менен элдин батасы тийдиби, Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгын алдым. Буга түздөн-түз түрткү болгон — кыргыздын залкар инсаны Сүймөнкул Чокморов агабыз болду. Сүймөнкул агабыз — Кыргызстан комсомолунун Борбордук Комитетинде жаштардын чыгармачылыгын колдоо секциясын жетектеп турган ошол мезгилдерде. Ошо, бир чогулушта Сүймөнкул агай айтыптыр: «Жаштардан көрсөтөлү, бул сыйлыкка» деп 3-4 кишини айтып, алардын ичинен менин атымды да атаптыр. Ошону менен алып калдым. Ушундай улуу кишилердин колдоосу, батасы, шарапаты тийди.

Ал сыйлыкты алгандан кийин өзүмдүн биринчи жеке чыгармачылык концертимди бердим. Концерт эки күн катары менен болду. Анда филармония азыркы «Тунгуч» театрынын имаратында болчу. Эки күн тең эл толуп, батпай келип берди. Ашыкем, Эстекемдер келип: «Биринчи өзүң баштап көр, жашсың, сыйлык алып жатасың, топ жарып бер» дешип тамашалашып батасын беришти. Ошондо акын агаларым абдан колдошту. Концертти мен бергеним менен, ар бири сахнага келип отурушуп, мен ырдап жатканда ордуларынан турушуп, Ашыкем биринчи баштап: «Ушу Алымкулдун баласы менен бир айтышып көрөйүнчү, мактап эле жатышат» деп ордунан туруп келип, анан улуулата — Током, Эстекем куттукташып…Мен эмне, алардын баласындай элемин да. Ушундай бир колдоо көрсөтүшкөн — чыгармачылык жактан. Мына ушундай алгачкы чыгармачылык ийгиликке жеткен окуялар кантип эстен кетсин.

Илгерки акындар эл аралап ырдачу экен, сиз да элге чыктыңызбы?
Деги эле элди көп аралаганга аракет кылдым. Гастролдор деле болчу, тынбай чыгып турчубуз а кезде. Бирок, андан тышкары, өзүм жалгыздап элди кыдырганга аракет кылдым. Өзүмдүн чамамды көрөйүнчү, канчалык экен? дедим. Ошентип, эл ичин аралап он-он беш күндөп концерт коюп келчү элем. Мектептерде жолугушуулар болчу, Ленин комсомолунун лауреаты деп, а кечинде — концерт. Жалгыз ырдаганымдын себеби, өзүмчө болоюн деген эмес, заманга жараша ырдайынчы дедим да. Ал мага пайда гана алып келди, аны менен өзүмдүн чыгармачылыгымды байыттым. Аткаруучулук жакты таптадым, көп ырларды үйрөндүм элден. Эл менен жолукканда, эртеден кечке эле төгүп ырдай бербейсиң да, аксакалдардын сөзүн үйрөндүм, билбегендеримди сурадым. Анан, дайыма айтып жүрөм, апамдын кеп-кеңешин уктум. Мени акындыкка тарбиялаган — апам болду. Атабызды көрүп калган аксакалдардын көзү тирүү эле, куйма кулак, ошолордон угуп калдым. Эл аралап жүргөнүм мага өзүнчө чоң тажрыйба болуп калды, баа жеткис байлык берди.

Анын баарын шакирттериңизге бере алдыңызбы?
Ошолордун баарын, мына кийинки 20 жылдан ашык убакытта сабак берип кайра шакирттериме бердим деп айта алам. Педагог катары балдарга тарбия берүүдө алган тажрыйбаларым жардамга келди. Мисалы, шакирттериме Калык акындын чыгармачылыгы тууралуу сабак өткөндө, Калык ким болгону, кандай акын болгону — баары китепте жазылуу. Ал киши кайсы обон менен ырдаганы, кандай дастанды кандай ырдаганы — булар китепте жок да, жазуусу жок. Анан ошону жаштарга «Калык момундай ырдаган, Жамбылга моминтип жолугушкан жана минтип айтышып ырдаган» дегенди китепке жазылбаса да, оозеки айтып, окутуу каражаты катары пайдаландым.

Өзүңүз «Осмокем: Кыргызстанда мен чай ичпеген чыны, кармабаган кашык калган жок» деп айтып калчу эле» деп эскересиз. Сиз деле өз кезегинде кыргыз жерин, кыргыз элин узун-туурасынан кыдырып ырдап чыктыңыз. Ачыгын айтыңызчы, элдин бөлүнүп турганын көрдүңүзбү?
Эми мен минтип айтаар элем: Мына, азыркы заманда кыргыз элибиз, жанагы түндүк-түштүк, батыш-чыгыш болуп бөлүнгөнү туура эмес. Мен мисалы, өзүмдүн тажрыйбамда тээтиги Нарындын алыскы айылына барамбы, же болбосо, Көлдүн казактар менен чектешкен айылына барамбы, же Баткендин тажиктер менен чектеш айылына барамбы — мени ошол жердин кулуну катары мамиле жасап, тосуп алышат. Мен ушуга аябай ыраазымын. Эл бизди көргөндө сагынып, кубанып турушкандай сезилет. Өнөр адамдарына кылган мамилеси өзгөчө кыргыз элинин. Мен «Замирбек» деп баалашып, сыйлап, даңкыма — даңк, баркыма — барк кошкон кыргыз элиме ыраазымын. Бир жерден да «Замирбек ушундай экен» деген бир тескери сөз уккан жокмун, ушу жашка чейин. Эми мындан ары да укпайт болушум керек, себеби, өзүмдүн чыгармачылыгым менен, өзүмдүн мамилем менен, өзүмдүн улуулардан алган тарбиям менен ошондой баага жеттим окшойт. Элге кандай мамиле кылсаң, ошого жараша болот баары. Эли-жерди сыйлап, урматтап туруу — ар бирибиздин милдетибиз.

Улуттук филармонияда иштегениңизге канча жыл болду?
Турдакун аксакал айтмакчы, филармонияда 68-жылдын май айынан тарта иштеп келе жатам. Ал киши ушинтип айткан: эч качан «мынча жыл иштедим» деп айтпа, «мынчанчы жылдан бери иштеп келе жатам» деп айткын деген. Аксакал кишинин айтканын угуп, «ии мен дале көп нерсени билбейт турбайымбы» -деп калдым…

Андан бери көп залкарлар менен иштештим, үзөнгүлөш болуп көп жерди, элди кыдырдык. Азыр эми ошо, өзүмдүн жыйнаган тажрыйбам, өнөр жагынан болобу, турмуш же адамгерчилик жагынан болобу — кай жагынан болбосун, пайдасы тийип жатат. Айрыкча жетекчи болгондон бери.

Өнөр адамдарын — чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсүн кандайча түшүндүрө аласыз?
Эң негизгиси, бу чыгармачылык адамдардыкы — көңүл. Сахнага чыкканда, элдин алакан чапканында жакын жерден көрсөңүздөр, же жакын келип сүрөткө тартып алсаңыздар — бир башкача көрүнүшкө туш болот элеңиздер. Сахнада алар өздөрүн башка бир планетада жүргөндөй сезишет. Анткени, өнөр адамдарына эң кымбат баа — шатырата кол чаап, сүрөөн-кыйкырык менен бир тутам гүл берүү. Ушундай мамиле болсо эле ,тим эле Нобель сыйлыгын алгандай баага жеткендей болот, кыргызча айтканда, төбөсү көккө жете сүйүнүшөт, кубанышат, сыймыктанышат.

Филармонияда жалпы канча адам эмгектенет?
Филармонияда азыр 350дөй адам эмгектенет. Анын эки жүздөн ашыгы чыгармачыл адамдар. Бизде Жумакматов атындагы академиялык оркестр, Жумакматов атындагы камералык хор, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестри, «Ак Марал» Мамлекеттик бий ансамбли, камералык оркестр, «Камбаркан» фольклордук ансамбль, Алымкул Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик фольклордук ансамбль, «Эл ырчысы Эстебес» тобунун мүчөлөрү эмгектенип жатат. Андан тышкары, филармониянын алдында эки жылдык окуу жайы — студия бар.

Азыркы кездин залкарлары: Кыргыз Эл артисттери — Самара эже Токтакунова баштаган Нурак Абдракманов, Нуржамал Табалдиева, Анарбек Ибраев, Саламат Садыковалар үзүрлүү эмгектенип келишет. Ошондой эле КР эмгек сиңирген артисттери Майрам Дүйшекеева, Бермет Байкелова, жаштардан Бакыт Шатенов, Дильшат Кангелдиевалар чыгармачылык изденүүнүн үстүндө. Бир жылдан ашып калды, эриш-аркак иштешип жатабыз. Азыр программалар жагын жаңыртуунун аракетинде жүрөбүз.

Ишиңиздерде эч кандай деле тоскоолдуктар, кыйынчылыктар деле жокпу?
Жок деп айта албайм, кыйынчылыктар бар. Бар болгондо кандай, эми адам болгондон кийин ар кандай адамдар болот экен. А мен жашыман ушундай тарбияланып калыпмын,бирөөнүн жетишкендигине кубанып, колдон келсе жардам бергим келет, жаш болсо — акыл айткым келет. А бирок, бирөөнүн ийгилигин көрө албастыктар да болот экен. Андай бут тосуулар болгон, боло берет… андайларга мен көп көңүл бурбайм. Өзүм ушул жамаат ичинен чыгып, коллективдин өтүнүчү менен келгенден кийин түшүнүшүү менен иштешип жатабыз.

Азыр, элдин баары эле депутат же министр болууга, керек болсо, түз эле барып президенттик орунга отурууга умтулушат. Сизде ушундай умтулуулар болгон жокпу?
90-жылдарда, 2000-жылы деле кайрылышты «Депутат бол» дешип. Бир эле Талас жергесинен эмес, Оштон, Көлдөн, Жалал-Абаддан деле кайрылышкандар көп эле болду. Кезегинде Маданиятка министрлик орунга кел дешкен, ушунун баарына барган эмесмин. Туура эле кылыптырмын! Демдүү, жаш кезде иштеп алдым, саясатына аралашпай. А бу жолу мага «Качанга чейин башка жактан келип эле бизди башкара берет, көңүлүбүзгө да карабай» дешкенинен, филармонияга башчы болууга макулдугумду бергем.

Деги, сизден башка чыгармачыл адамдар жетектептирби, филармонияны?
Жок, уюшулгандан бери 75 жыл аралыгында жалаң чиновниктер, парткызматкерлер жетектеп келиптир. Коллектив өзү тандагандан кийин, «Ата-бабаларыбыз түптөп кеткен ыйык жерге колдон келишинче иштеп берейин» деген тилек менен отурам.

Филармонияда залкарлардан кимдер иштеген?
Токтогул атабыз менен Куйручук атабыздан башка залкарлардын баары ушул жерде иштеп кетишкен. Алсак, Мураталы Күрөңкеев, Алымкул Үсөнбаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акыев, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев, Ыбырай Туманов, Шаршен, Муса, Саякбай манасчы өңдүү залкарлар иштеген, бул куттуу жайда.

Маектешүүбүздүн аягын Замирбек аганын төрт сап ыры менен аяктайлы:
Ак калпак кыргыз барында,
Ак таңдай тилим табында.
Кыргыз элим барында,
Кызыл тилим табында!

Залкар аталарыбыздын өнөрүн өчүрбөй улап, өзүңүздөн кийинки муундарды кыргыздын канындагы уюткулуу өнөрдү аздектөөгө тарбиялай бериңиз. Бар болуңуз!

Сүйүнбай Эралиев, Кыргыз Эл Баатыры:
ЗАМИРБЕКТИН КАДЫРЫ КАЛКЫНА СИҢДИ
Замирбек — азыркынын залкар төкмөсү. Атасы Алымкул төкмөнүн жолун жолдоп, эң жакшы жолдо келатат. Угуп-көрүп жатпайбызбы, төкмөмүн деп оозуна келген ар кайсы нерселерди эле ылгабай «ырдап» аткандарды. А Замирбек андай эмес. Башкалардан өтө айырмаланган таланттуу акын. Сөздөрү даана, так, жагымдуу, олуттуу жана пайдалуу. Төкмөлөрдүн ушундай болгону жакшы. Анан да, белгилеп коюучу нерсе, анын адамгерчилиги да бийик, маданияттуу. Замирбекти мен бул замандын эң бир белгилүү эр азаматтарынан деп тааныйм жана анын кадыры калкына сиңди деп эсептейм.

Жоомарт Кадыралиев, Кыргыз Эл сүрөтчүсү, 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси:
«АККАН АРЫКТАН СУУ АГАТ»
Алтымышка чыкканда адам баралына келип, акылы толуп, жетилип турган курагы болот. Кыргызда «Аккан арыктан суу агат» деген накыл кеп бар го, атасы Алымкул Үсөнбаев кыргыз элинин залкар төкмөсү болгонун баарыбыз билебиз. Анан дагы, бир сөз бар эмеспи: «Атадан артык уул, атага тең уул, атадан кем уул» деген. Менин тилегим — атасынын, улуу залкардын Алымкулдун деңгээлине жетсе дейм.

Замирбек — кыргыз элинин руханиятын, маданиятын көтөрчү эр уулдарыбыздын бири экенин эч ким тана албайт. Андан чыгармачылык эргүүнү күтөм. Азыр ал Филармонияны жетектеп, түйшүктүү жана жооптуу милдетти мойнуна жүктөп алыптыр. Эми, өзүнүн дагы, жалпы жамаатынын дагы чыгармачылыгын өйдө көтөрөт деп ойлоймун. Буга Замирбектин акындык дарамет деми, күчү, тажрыйбасы жана чыгармачыл эргүүсү жетерине ишенем.

Шайлообек Дүйшеев, Кыргыз Эл акыны, 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси:
САНАЛУУ АДАМДАРДЫН БИРИ — ЗАМИРБЕК
Замирбек төкмөлүк өнөрдүн эң мыкты мектебинен өткөн талант. Атасы Алымкул төкмөнү ким билбейт. Апасы да ырдабай калган төкмө. Кыргыздын каада-салтын сактап, жолдошуна жол берип, сөз баккан, сөз кадырына жеткен зайып болуптур го. Мына ушул эки дайранын өзүнөн агып чыккан акын Замирбек 60ка чыгып отурат. Ушу кезге чейин ал өкмөттөн да, элден өзүнө татыктуу сыйын көрүп келет.

Бирок, айтыла турган мындай бир ой бар: Бизде, кыргызда саналуу гана адамдар бар, мамлекет өзү багып-карап ала турган. Иштетип, болгон чыгармачылыгын, болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланыш керек болчу алардын. Керек болсо 50-60-100 миң сомдон айлык коюп берип, жалаң чыгармачылыкка коюп койсо, не деген кереметтерди жаратпайт беле! А мындай акчалар казинолордо эле калып жатпайбы. Замирбектей өнөрлүү адамдарды барктап-баалап алсак, ал — элдин бай казынасына, кыргыздын түгөнбөс кенчине гана айланмак.

Айкын саясат(“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий