Алтайдагы кыргыздардын рухий борборунун жетекчиси Акай КИНЕ: «Бүгүн кыргыздар чоң сыноонун алдында турабыз»

Акай мырза, Уркуя Салиеванын Ноокат жергесиндеги 100 жылдык мааркесине кантип катышып калдыңыз?
Жалпыга маалым, Уркуя Салиеванын уруусу — төөлөс. А Орусиянын Алтайын байырласак да менин уруум- төөлөс. Мына, жакында тээ Бразилияга кетип жатам. Ал жакта төөлөстөрдүн бүткүл дүйнөлүк жыйыны өтөт экен. Ошого барып катышам.

Мен өзү Алтайдагы Төөлөс көлүнүн боюнда төрөлүп, чоңойгом. Ошондуктан, учурдан пайдаланып Кыргызстандын булуң-бурчунда, айрыкча Ат-Башыда жана Баткенде жашаган уруулаштарымды чоң ынтымачылыкка чакырмакчымын.

Мына, чыгаан аял Уркуя Салиеванын дагы уруусу төөлөс экен. Ошондуктан, анын жүз жылдыгын моминтип чогуу майрамдап, белгилеп турабыз. Деги кудайдын көзү түз болсун. Кыргыздар, анын ичинде төөлөстөр жер бетинде өмүр бою жашасын!

Деги Уркуя Салиеванын жүз жылдык мааракеси Сизге кандай таасир калтырды?
Дүйнөнүн булун-бурчуна чачыраган төөлөстөрдүн минтип биригип турганы мага, чындыгында, абдан жакты. Анын аркасы менен жер шарынын ар тарабына чачыраган кыргыздар минтип биригип, Манастан ураан чакырчу мезгил келди. Мен дагы ушул тапта кандаштарыма бекем ынтымакчылык жана букат жашоо каалап турам.

Бишкек шаарында айкөл Манастын айкели орнотулбадыбы. Буга кандайча карап жатасыздар?
Биз дагы кыргыздардын кырк уруусунан тарагандар улуу Манастын түпкү Мекени Алтайда боз үй тиктик. Ал байкаган адамга чөлкөмүбүзгө жарашып эле жатып калды. Ошондон кийин гана Хан Теңгриге барып Манастын арбагына куран түшүрдүк. Ага улай кыргыздарга жаркын келечек тиледик.

Баса, биздеги кыргыздардан айырмаланып Алтайдагы кандаштар чачын Сизге окшоп узун өстүрүп жүргөндүгүнүн себеби эмнеде? Мунун жашыруун сыры жокпу?
Илгери кыргыздар бизге окшоп узун чач күтүшкөн. Аны тарых деле танбайт. Анткени, биз Көкө Теңирдин урпактарыбыз. Мунун өзү, менимче, чоң жоопкерчилик дегенди туюндурат.

Дегеле чачыңыздардын узундугу Сиздердин монголдошуп кеткениңиздерди туюндурбайбы?
Жо-жок! Мындай адат илгерки кыргыздардын салтында болгон.

Баса, Кыргызстанда 30-октябрга президенттик шайлоо белгиленди. Улутташтарыңызга бул ирет эмнени кааламакчысыз?
Ырас, ушул тапта Манас баатырдын жоктугу абдан катуу билинип жатат. Ошого карабастан бизге ушул тапта ата-бабаларыбыздын тушундагыдай ынтымак-ырашкерлик абадай зарыл болуп турат. Бул сапар кандаштарым акыл-эстүүлүгүн карматып, ынтымакка келет го деген терен үмүттөмүн. Ансыз өлкө ичинен ыдырап, өнүгүүсү ого бетер кыйындайт.

Ушул тапта Кыргызстанды аял киши башкарып турбайбы. Сиз Роза Отунбаеванын ишин кандайча баалайт элеңиз?
Мына, Алтайды кош турна айланып, артынан жерге нур түштү. Эненин заманы деген ый да угулду. Өзү эл башына күн түшкөндө өлкөнү эненин башкарганы абдан туура. Анткени, аялзаты ашкере акылдуу, көтөрүмдүү жана көрөгөч. Ашыкча кадамдарга барбайт. Эң башкысы ачууга алдырбайт.

Бүгүнкү күндө Роза Отунбаева ушундай касиеттерге эгедер деп эсептеймин. Ошон үчүн ал мамлекетти аша чаптырбай башкарып атат. Ал «Президенттик шайлоодон кийин тактыны ишенчиликтүү бирөөнө тапшырып кетем» дегени эстүүлүктүн жана акылмандыктын кашкайган үлгүсү.

Ал эми Роза Отунбаеваны президенттиктен кеткенден кийин кастарлап алуу кийинки бийликтин абийириндеги иш.

Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, «Айгай пресс» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 20.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий