«Байчечекей багына жаралган редактор, же КР эл акыны Токтосун Самудиновдун бейнесине сүртүмдөр

Алгач сөздү макаланын аталышынан баштайын. Учурда 70 жаштын кырында турган Т.Самудинов «Байчечекейдин» багына кантип жаралып калды? Алла буйруп, маңдайына жазып койсо айла жок тура. Угушума караганда алп жазуучубуз Чыңгыз агабыз КПСС БКнын ошол кездеги идеологиялык секретарына кирип, маселени чечип чыккандан кийин жаңы басылманын башкы редакторлугуна аңгемелешүүдөн өтүп келүү үчүн биздикилер бир аксакал акыныбызды жиберет. Ток этерин айтканда биздин БКдагы идеологиялык бөлүмдүн кызматкерлеринин андагы биринчи секретарыбызга алдыртадан жасаган жагынуучулук аракеттери ишке ашпай, Маскөөдөн «Эмне алтымыштагы аксакалдан башка жаштар жокпу» дегендей зекиген коңгуроо болгондон кийин ары-бери тартып олтурушуп, ал учурда «Ленинчил жаш» газетасынын башкы редакторунун орун басары болуп иштеп турган Токтосун акенин кандитатурасына токтошот. Табиятынан карьерага жулунбаган Токтосун аке ошентип «Байчечекейдин» башкы редактору болуп калат.

Биз сөз кылып жаткан юбилярдын жетимишин экиге тең жара бөлгөн «Байчечекейдин» алгачкы «багбандарын» да айта кетейин, юбилейдин шарапаты менен. Алар — Абзий Кыдыров, Жайлообек Бекниязов, Зейнеш Абакирова, Гуля Абдралиева болгон. Мына ушул бир «табактык» чыгармачылык топтун аракети менен «Байчечекей» гүл ача баштаган. Адилеттик үчүн айта кетчү кеп. «Байчечекей» алгачкы күндөн кадамын шар таштаган. Мында өзгөчө Токтосун акенин бөбөктөр дүйнөсүнө дүрбөлөң салуучу чыгармачылык изденүүсү жана сүрөтчү Г.Абдралиеванын жолдошу Султан Макашовдун эмгеги зор. Журналдын бир саны экинчисине окшобой бөбөктөр эле эмес, чоңдорго да жагымдуу маанай тартуулап турган. Анын ар бир санын барактаган сайын баштагысын кайталабаган жаңы-жаңы рубрикаларды жолуктурасың. Муну профессор Үмүт Култаева да эң туура байкаган: «Бөбөктөргө арналган бул басылма жөн эле журнал эмес. Бир саны экинчисине окшобогон «Байчечекей» чынында эле чыгармачылык изденүүлөрдүн, жаңы табылгалардын лабораториясы, наристелердин ажайып жан дүйнөсүнүн ажарын ачууга багытталган аруу рухий гүл азык». (Кыргыз туусу, № 69. 23557).

Раматылык Байдыкенин «Самандын» үстүндө төрөлгөнүн эскере келип, ойноп жаткан балдарын карап олтуруп:
Ойногон оюнчуктары,
Өзүнчө чакан араба.
Ойносом деймин кошулуп,
Окшошпойм бирок, локуйуп,
— деген саптары бар. Анын сыңарындай Токтосун акебиз «Байчечекейге» «локуйган» кезинде келсе да бала менен бала болуп, бат эле тил табышып «ойноп» кетти. Ойногондо да ар саны сайын аларга жаңы «оюндарды» ойлоп таап, аларды — окурманын тажатпай, учур талабына, жыл мезгилине жараша материалдарды, жарашыктуу сүрөттөр коштогон «бир араба» оюнчуктары бар «Байчечекейин» тартуулап турду ай сайын». «Байчечекей» журнал эле эмес ар кыл жанрларды камтып, ар кыл авторлордун чыгармаларынан топтолгон эң сонун китеп.

«Байчечекей» журналынын жарыкка келиши балдар үчүн жазган авторлордун да катарын арбытты десем болот. Алардын ана башында бүгүнкү юбиляр Токтосун Самудинов менен раматылык Жайлообек Бекниязов турат.

Мен 1998-жылы окурмандарды «Чалкандын» жаңы редколлегия мүчөсү менен тааныштыруу максатында төмөндөгү саптарды жазган элем:
Самудинов Токтосун, «Бир сырдуу, миң кырдуу дегендей, тозокко айдасаң да, томпойуп кете берчү кебелбей, кыргызым деп кызыл кекиртектенип айгай салбаган, кыргыз үчүн калемин бек кармаган, акыйкатты туу туткан, ал «өлгөн» жерде уу жуткан, анды-дөңдү аралай чаппаган, ала-була иштерге баспаган, көрүнгөн менен көчө-көчөдөн ичпеген, көз айнеги көзүнөн түшпөгөн, ак жоолукчандарга атырылып тийбеген, астыртан Сиз деп сүйлөгөн, «Тоолор гана көрүшпөйт, деп, «Салам катын» жазган, түшүп кетсе да Асман, «Кол чатырын көтөрүп», «Бешик ырын» терметкен, «Мээр чөптү» тиштеп, «Ат чабышта» эр жеткен, «Жашынмак», «Кол чатыр», «Чаң баспаган сөздөр» жыйнактары үчүн А.Осмонов, Тоголок Молдо атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон, сентябрдын бешинде элүү жетиге мелт-калт толгон, он бир ыр жыйнактын автору, «Байчечекейдин» башкы редактору, «Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» а бирок дагы эле арбын аткарганынан аткарчу иштер, Улуу Ата Мекендик согуштан бир жаш улуу, (1941-жылы туулган) кичүүгө ардактуу ага, улууга ыймандуу ини, Токтосун Самудин уулу, Чакенин редколлегиясынын жаңы мүчөлөрүнүн бири деп. Соңку жыйнагы — «Сүзөнөк ырлары же 101 пародия» жакында жарыкка чыкты, биздин оюбузча орто саар эмес, мыкты. Кыргызча айтканда бир тайчалык бар, бармагыңы тиштебейсиң, кезиккен жерден кетенчиктебей сатып ал».

Токтосун аке «Чалкандын» редколлегия мүчөсү катары «сый конок» болгондордон эмес. Журналдын сапаттуу чыгышы үчүн өзүнүн омоктуу ой, сунуштарын айтып келаткан жана активдүү авторлорунун бири. Анткени Токоң табиятынан юморго жакын «кебез менен мууздаган» сатирик акын.

Мындан жыйырма жыл башта эле азыркы акындардын шаасы Шайлообек жазгандай:
Поэзиясын баласындай бөпөлөп,
«Байчечекейди» колунан жетелеп.
Током келди элүүгө
Кубалап ойноп көпөлөк.
Арыбасын ылайым,
Аткараар иши өтө көп.

Ооба, дал ошондой. Андан бери Токтосун аке «ойноп» олтурган жок «Чыгармачылыгы зуулап барат, Чычымдардын чанасына окшоп», «Той кечеге тостор», «Даанышман ойлор», «Тандамал», «Эпиграммалар, пародиялар» жыйнактардын автору болду.

Токтосун аке баш-аягы он төрт китептин автору. Көптөгөн ырлары орус, казак, украин, белорус, өзбек тилдерине которулду. Бир топ чет өлкөлөргө Токтосун акенин ырлары эле эмес, өзү да туристтик, чыгармачылык сапарда болуп келди.

Урматтуу окурман! Ушул жерден мен бир аз артка кылчая кетейин.

Токтосун аке 1968-жылы «Ленинчил жаш» газетасынын адабият бөлүмүнө кызматка келгенден баштап, мен курактуу жаштардын чыгармаларына астейдил көңүл буруп Т.Муканов, Т.Эргешов, Ш.Келдибекова, Р.Карагулова ж.б. «бир короо» жаш акындардын тушоосун кескен, сырттан болсо да (заочно) устат, насаатчыбыз болгон. Менин окууну бүтпөй туруп, акыркы курста 1971-жылдын 19-февралынан баштап «Ленинчил жаш» газетасында иштеп калышыма ушул Токтосун акенин аздыр-көптүр салымы бар деп ойлоп жүрөм. Анткени 1970-жылдын ноябрь айынын орто ченинде «Ленинчил жаштын» коридорунда турсам башкы редактору, раматылык Калыбай Жусупович Осмоналиев кабинетинен чыга калып, мени көрүп эле: «Жанагы Бергеналы деген сен болосуңбу?» — деп кабинетине чакырып алып, менин «төркүн-төшүмүн» баарын сурап, акыл-насаатын айтып келип: «Сенин ырларыңды билем, жакшы жазып жүрөсүң. Мындан ары студенттик турмуштан бат-бат кабар жазып тур. Калем акысын жакшылап коюп беребиз, өзүң студент экенсиң» — деген. Бирок мен бир дагы кабар жазган жокмун. Бул ортодо эки үч ирээт көлөмдүү ыр топтомдорум жарыяланып кетти. Анан дипломдук ишке чыкканда К.Калмурзаевден чакыртып алып: «Сен калпычы жигит экенсиң» (кабар жазбаганымды айтып жатат) деп кабыл алганы менен «Ыр жазган киши макала да жаза алат» деп кечээки кишини чакыртып «дайындап» кошуп берген. Ошентип, жакшынын шарапаты дегендей журналисттик чыйырым башталган.

Токтосун аке кайсыл жерде иштебесин так жана ак жүрүп, «нанын» актап жеген адам. «ЛЖнын» адабият бөлүмүн башкарып турганда «Кыз жүрөгү — ыр түнөгү», «Ыр кесипти тандабайт», «Дилдеги сырлар», «Тепкедей ырлар», «Студент жаш акындар жазышат», «Тушоо кесүү» ж.б. рубрикаларды ойлоп таап, ондогон жаш акындардын багын ачкан.

Ал эми пропаганда бөлүмүнө башчы болуп которулганда «Күчүбүз биздин достукта», «Бешик бооңор бек болсун», «Куш бооңор бек болсун», «Атанын сөзү — акылдын көзү», «Республиканын жолдору менен…» деген ондогон рубрикаларды ачып, айлана-чөйрөнү жана жаратылышты коргоо тууралуу «Жашыл арча» деген атайын бет даярдап, ай сайын берип турган.

Токтосун аке мейли чоңдор, мейли балдар үчүн жыйнактарында болсун китептен китепке өсүп турган изденгич акын. Анын чыгармачылык мүмкүнчүлүгү (потенциалы) келечектүү экенине мындан отуз алты жыл башта эле баамдай билип, көзү жеткен азыркы академик А.Эркебаев «… «Жыйнак чыгарыш үчүн бир жакшы ыр жазгандан бир жакшы жыйнак чыгаргандай деңгээлге көтөрүлүш керек. Ал үчүн турмуштук тажрыйбанын жетиштүүлүгү менен катар поэтикалык көз караштын ырааттуулугу калыптанган абалга жетиши, поэзияга карата мамиленин аныкталгандыгы керек. Мына ошондой жыйнак деп Т.Самудиновдун «Салам катын» эсептейбиз? «Жаштар үнү», «Кыргызстан маданияты», № 47, 24.04.1975-ж. деп жазган экен.

Мына, жетимиштин мөмөсүн терип жатса да, баскан-турганы шайдоот. карылыктын капканына чалынбай секирип өтүп, сексендин сересине ат койгон кези. Алтымышка жетпей алжыган айрым бирөөлөрдөй болуп, өөдүр-дөөдүр сүйлөп «аксакалыңарды сыйлагыла» деп ар кимге «өлүмтүгүн» арткан «куу сакалдардан» эмес, Токтосун аке. Мүнөзү абалкысындай эле токтоо, жибек. Ушул убакка чейин бирөөлөр менен кекиртек сыйпалашмак тургай, кер-мур айтышканын угуп да, көрө да элекмин. Анткени тегинде ак сөөктүк, мырзалык бар да. Кантсе да 1942-жылы согушка кетип кайтпай калган соттун уулу да.

Турмушта да, чыгармачылыкта да Токтосун акенин үлгү алчу асыл сапаттары арбын. Качан көрсөң «он алтынчы жылкы» кийим болсо да, жаңы жуулган жүз аарчыдай тап-таза, чыкыйып жүргөнү жүргөн. Иш бөлмөсү да ошондой, кире калсаң көңүлүң чайыттай ачылып, көтөрүлө түшөт. «И-ии, келегой, — деп сылык-сыпаа кабыл алып, чалканча чалып сүйлөсөң да борс-борс күлүп өзү да жыргап калат.

Ал убакытка мүрөк суусунун тамчысындай аяр, камкор карап, ал «тамчынын» граммын да текке коротпогон адам. Саат «чык-чык» деген сайын андан аша «тыпы-тып» этип бир нерсе менен алек болуп олтурганы, олтурган.

Акын китептен китепке өскөндөй эле анын алган сыйлыктары да жылдардын өтүшү менен тепкичтен-тепкичке көтөрүлүп олтурду. 1972-1987-жылдары үч жолу КР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 1994-жылы «КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер», 2004-жылы «Даңк» медалы, ал эми 2007-жылы КР Эл акыны деген ардактуу наамга ээ болгон.

Урматтуу Токтосун аке! Сиздин 70 жашка келип калганыңызды аңдабай эле «Байчечекейдин» жаңы санын барактап олтуруп, ушул жылдын баш ченинде

«Байчечекейдин» багына,
Жаралган редактор — Сиз!
Өчөймөк небак бул журнал,
Өзүңүздөй редакторсуз.

Кор болуп калат «Байчечек»,
Колунда калса бирөөнүн.
«Бомжу» ойлор кээде кылт этсе,
Болк эте түшөт жүрөгүм! —
деп шилтеп койгон элем.

А көрсө Сиздин жашыңыз өйдөлөгөн сайын «Байчечекейдин» тагдырын ойлоп жүрөктөрү «болк» эткендер толтура экен. Алардын бири, акын иниңиз Жакыпбек Абдылдаев:
Акыны эле биз бала кезибиздин,
Мен да «6»мыш менен кезигиштим.
Бала болсун Токобуз кайрадан деп,
Нөлүн чийип салсакпы «70»тин
— деп турбайбы.

А мен:
Сурактын да болуш керек ченеми,
Сен айтканга Аллатаалаң көнөбү?
Жетиңди кой, насипти тый, Жакыпбек,
«Байчечектин» рулуна олтурган
Отуз бешин эле кайрып берели!
— деп, Сиздин жетимишиңизди желбиреп тоскон калемдеш, санаалаштарыңыздын бири — Бергенаалы БАЗАРБАЕВ, «ЧАЛКАН» журналынын башкы редактору.

Алиби (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий