Кыргыз искусствосунун кайраткерлери. Тазалыктан тайбаган жашоо образ…

(Үсөн Мурадиллаевдин жаркын элесине арналат)

Мен бир топ жылдан бери куттуу театрда эмгектенип келем. Бирок, көңүлүмө туура келген Үсөндөй таланттуу партнерду кезиктире албадым. Мындан ары да чыгармачыл өнөктөш катары Үсөн Мурадиллаев менен гана иштешким келет».
Сабира Күмүшалиева

* * *
1998-жылдын 19-октябрында кыргыз искусствосунда кейишке батырган кайгылуу өксүк орун алды. Бул күнү таланттуу актер — Үсөн Мурадиллаев мезгилсиз дүйнө салган.

Жигердүү жөндөм, талбаган күч-кубат менен чыгармачылыкка старт алган актер шашыла канат күүлөгөн ылаачын сымал жалгандан эрте кош айтышты.

«Үсөндүн ички кайрыгы өзү менен бирге кетти… Ал уулунун ийгиликтерин көргөнгө үлгүргөн жок» деп кейиш менен эскерет жубайы — КРнын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева.

Дал ушул чыгармачыл жубайларды театр дүйнөсү табыштырган. Кийин бул үй-бүлө искусство тармагында бирин-бири толуктаган үчилтикке айланмак. Бактыга каршы, Үсөн Мурадиллаевге узак жашоо буйрубаптыр…

* * *
Театралдык студияны аяктаган Үсөн Мурадиллаев андан ары билимин тереңдетүү максатында Ташкенттеги Н. Островский атындагы театралдык институттан окуп келет. Алгачкы эмгек жолун таланттардын борбору аталган уюткулуу Нарын театрынан баштаган.

Үсөн Мурадиллаев театр сферасында өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин ак мээнети менен татыктуу эмгектенген.

Офелия Еркимбаева, Искен Рыскулов, Алмаз Сарлыкбеков өңдүү профессионал режиссерлор Үсөн Мурадиллаевдин башкалардан кескин айырмаланган актердук чеберчилигине тереңден маани беришкен.

Айрыкча, биздин каарманыбыз «Манастын уулу Семетейде» — Семетей, «Көл жээгиндеги үй» спектаклинде — Таалай, «Катын шайтан семирсе» пьесасында — башкы каарман Эркектин ролун көрүнүктүү планда алып чыгып, ынанымдуу мастерствосу менен көрүүчүлөрдүн эсинде калган.

Үсөн Мурадиллаевдин жаркыраган таланты, ичтеги оргуштаган дарамети ачылып, театр сүйүүчүлөрү тарабынан сүймөнчүлүккө арзыса да, ал өзүнүн жеке баасын ала алган жок.

«Үсөн абдан жумшак адам эле. «Адамдын жумшагын адам жейт…» эмеспи. Натыйжасы, эмгеги кезегинде өз баасын албай калды. Татыктуу болуп турса да, ал сыйлыктарга көрсөтүлгөн жок. Мындай акыйкатсыз мамиле убагында кайталангыс таланттын шагын сындырып, ышкысына суу сепкен» дейт жубайы.

Ырас эле, нагыз көксөөсү, жан дүйнөсү «Театр!» деп жашаган профессионал актердун эмгеги мезгилинде калыстык менен каралбай калган. Бүгүн деле так ошол кайдыгерлик… «Арбагы ыраазы болсун!» деп эки ооз сөз эскерүүсүн айта албаган (же айткысы келбеген) замандаштарын көрдүк. Эх! Түбүң түшкөн пендечилик! Кейиштүү! Биз ЖАКШЫ ОЙЛОРДУ айтып, аны жар сала албагандыгыбыз кейиштүү!

Антсе да, акыйкат жол дайым жаркып турат. Аны калкалап калуу же өчүрүп коюу мүмкүн эмес.

Үсөн Мурадиллаев адал ой, ак ниет менен таза, татыктуу жашап өттү. Ал кыска, бирок, нускалуу өмүр сүрдү. Актердун чындыктан тайбаган жашоо образы театр сүйүүчүлөрү тарабынан терең урмат менен эскерилет.

Замандаштар эскерет

Офелия Еркимбаева, режиссер:
Үсөн Мурадиллаев бүтүндөй дүйнөсү менен театрга байланган кесипкөй актер эле. Сахнада ал көрүүчүлөрдү толук ишендире алчу. Өзү да аткарып жаткан образдарынын ичине сүңгүп кирип, кесибине чын дили менен мамиле жасай алган.

Ал бир катар ролдорду жаратты. Өзгөчө Токтаалы Ысмайыловдун калемине таандык «Катын шайтан семирсе» пьесасынын негизинде коюлган спектаклде башкы кейипкер — Эркектин образынын бардык тарабын таң калаарлык элестүүлүк менен иштеп чыгып, театр жаатында чоң көңүл бурууга татыган.

Адам катары Үсөн айланасындагыларга колунан келген жардамын аянбаган кең пейил жигит эле. Чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрү али алдыда күтүп турган асыл адамдын арабыздан эрте кеткени өкүнүч жаратат.

Мираида Далбаева, КРнын Эл артисти:
Жөнөкөй, ийкемдүү, ак көңүл жигит — Үсөн Мурадиллаев ар дайым замандаштарынын көңүлүндө турат. Биз анын улууларга дайым урмат менен мамиле жасай билген сылыктыгына баа берчүбүз.

Ал көп ролдорду келиштире ойногон мыкты актер эле. Тагдыр экен. Мезгилсиз көз жумса да, артында жолун улаган уулу калды. Өң-келбети, адамкерчилиги жагынан Азиз атасын жазбай тартканын көрүп, кубанып калабыз.

Мурадиллаевдердин үй-бүлөсүнүн театр искусствосунда сыймыктуу орду бар.

Асанкул Осмонов, КРнын Эл артисти:
Театрга келген алгачкы күндөн тарта Үсөндүн жөндөмү дароо байкалган. Кийинчерээк «Манастын уулу Семетей» спектаклинде мен Бакайдын, Үсөн Семетейдин ролунда ойноп калды. Репетиция убагында Үсөн менен көбүрөөк пикир алмашып жүрдүм. Агалык көп кеңешимди айттым. Ал улуулардын кеп-кеңешин жокко чыгарбай, чын ниети менен уга турган. Анын куудулданып, жаркылдап-жайнап сүйлөгөн жароокерлигин эстеп калам.

Талаа-түздө гастролдоп жүргөндө кыйынчылыктарга майышпай, «Кабагым-кашым» дебеген көтөрүмдүүлүгү менен башкаларга үлгү болчу. Жолдошчулукка бекем, анык азаматтыгына ичим жылыган.

«Атага тең уул» демекчи, Үсөндүн артында калган туягы Азиз Мурадиллаев бир кезде атасы жараткан Семетейдин ролунда ойноп жүрөт. Жубайы — КРнын Эмгек сиңирген артисти Анара Сыдыгалиева да бир топ жылдан бери театрдын ысык-суугуна күйүп, чын дилден эмгектенип келе жаткан кесипкөй адам. Үсөн Мурадиллаев эрте кетсе да, анын чыгармачылыгын уланткан ажайып үй-бүлөсүнүн маданият жаатындагы ишмердүүлүгүн сыймык менен айтууга болот.

Тамара Абдразаева, КРнын Эмгек сиңирген артисти:
Ташкенттеги Н. Островский атындагы театралдык институтта Үсөн да биз менен бирге окуган. Ал адамдарга аяр мамиле жасаган жумшак, сыпаа, интеллектиси жогору, таза жан эле. Тамашакөй, ак көңүл мүнөзү көз алдыбызда калды. Театрга келээри менен кесиптештеринин бөлмөлөрүнө кирип, баардыгы менен жайдары маанайда учурашып чыкчу. Кызыктуу ойлордон айтып, күлдүрүп, жагымдуу атмосферанын түзүүчүсү болгон. Кыздарды дайым «Гүлдөр» деп атап, артыкча сыйлаганын көрдүк. Өзү да гүлдөрдү жакшы көрсө керек.

Эсимде, гримденүүчү бөлмөмө көз жоосун алган чоктой кызыл гүлдү өстүрүп, коюп койгом. Бир сапар Үсөн ал гүлдү менден сурап алды.

Арадан жылдар өттү. Үсөндүн да көзү өтүп кетти. Кийин мен Мурадиллаевдердин үйүнө барып калганда: «Атаңар мага гүл карыз болчу» деп тамашалап, ортодо Үсөн тууралуу жагымдуу элестерди айтып калчубуз.

Дагы бир ирет бул куттуу үй-бүлө менен олтурганымда, Үсөндүн небереси: «Атабыз алган гүлдү сизге тапшырабыз» деп таттуу тили менен баарыбызды кубантып, атайын мага арнап өстүрүлгөн татынакай гүлдү тартуулаган. Бул мамиле ал үй-бүлөнүн ынтымагын, бийик касиетин айгинелейт.

Жан дүйнөсүнүн кирсиздигинен улам болсо керек, эмнегедир, Үсөн аппак өңгө жакын эле. Эки-үч айлап гастролдордо жүрсөк да, жигит болгондугуна карабастан, өзүн таза, тыкан кармап, аппак кийимдерди көбүрөөк кие турган.

Китепти да көп окучу. Айрыкча, Омар Хаямдын рубаилеринин дээрлик көпчүлүгүн жатка билип, жакшылык-кечелерде көркөм үнү менен айтып берип, бизди таң калтырчу.

Курсташыбыздын адамдардын артынан сөз айтпаган жигитчилик мүнөзүнө тен берээр элек.

Чыгармачылыктын катаал сыноосу окшобойбу. Үсөн теңдешсиз актер болгондугуна карабастан, өзүнүн сый-белегин албай кетти. Буга ичтен сызып жүрдү. (Ал алдыга озуна бербеген маданияттуу адам эле). Аттиң! Үсөн көз жумганда эң жакын жолдоштон, керемет адамдан айрылганыбызга көнө албай, кабыргабыз кайышып турду. Сөөгүн узатып, айылына да бардык. Ал — кыргыз театры үчүн чоң жоготуунун күнү эле . Эх! Жакшы адамдар узак жашаса эмне!..

“Айкын саясат” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 19.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий