Улутка ушинтип кызмат кылат!

(Окумуштуу-педагог, публицист С.Байгазиевдин бейнесине сүртүмдөр)

Эмгекке жараша элдик баа
«Советбек Байгазиев» деген ысым-кыргыздын кыйырына тээ өткөн кылымдын 80-жылдарынан бери эле таанылып келатат. Ал өзүнүн ысмын эмнеси менен, кандай эмгеги менен тааныта алды? — деген суроо туулат. Бул суроого ал өзүнүн ар тараптуу ишмердүүлүгү менен, адегенде, балдар адабияты жаатында татынакай аңгемелери менен («Менин боз торгоюм») «жылт» деп бир көрүнүп, андан соң, публицистикада («Иниме кат», «Атуул жана Ата Журт», «Инсандын ич жактан жаңылануусунун зарылдыгы», «Чыңгызга карышкырдан кат» ж.б.), адабият таануу менен адабий сында («Калем изи», «Жаңы конфликтер жана мүнөздөр»,»20-кылымдагы Кыргыз драматургиясынын тарыхы», «Жусуп жана Мукай», «Кыргыз Совет адабиятынын 2 томдук тарыхы (авторлош), «Кыргыз адабияты: талдоолор жана ой жүгүртүүлөр» ж.б.), андан соң 1990-жылдардын башынан тартып педагогика -методикада («Кыргыз тили-адабияты окуу китептерине коюлуучу дидактикалык талаптар»,»Кыргыз адабияты: концепциясы, стандарты, окуу программасы», «Ала-Тоодогу агартуунун тарыхы: 17-кылымдан 17-жылга чейин», «Авторитардык педагогикадан гумандуу педагогикага карай», «Азыркы мектептеги тарбиянын максаты, мазмуну жана технологиясы», ж.б.) соңку жылдарда этика жаатындагы бир топ («Кыргыздын улуу акындарынын этикасы жана педагогикасы», «Ата Мекендик жана дүйнөлүк этика» ж.б.), кажарлуу эмгеги менен тааныта алды- деп, таасын жооп айтсак акыйкат эле болот.

С.Байгазиевдин ушундай ар тараптуу майнаптуу чыгармачыл ишмердүүлүгү туурасында көп эле адамдар, мектеп мугалиминен тартып, философ окумуштууларга чейин оң пикирдеги ойлорун, түз бааларын басма беттеринде айтып-жазып келишти. Аларда С.Байгазиевдин көп кырдуу эмгегин чын пейилден жогору баалап, «чыгаан публицист», «орошон окумуштуу» катары көрүнүп, соңку кездерде «ойчул акын» («Бүркүттүн көз жашы» поэтикалык китебин эске алып жатам, Б., 2008) катары да калыптанып калганын баса белгилешип келет.

Айрымдарын атап кетели. Жакында эле, «Алиби» гезитине жарыяланган публицистикалык макалаларын окуган К.Насер аттуу окурман «Сиз чыныгы патриот экенсиз» деп баа бериптир.

Тээ 90-жылдарды эле, философия илимдеринин доктору Ж.Бөкөшев анын «Иниме кат» аттуу публицистикалык китебиндеги тоталитараризм жана инсан эркиндиги туурасындагы батыл айткан ойлорун жогору баалап: «Кыргыз философтору аткара элек ишти аткарып келатат» деп калыс айтканы бар. Ал эми ушул эле китебин белгилүү педагог карыябыз Ж.Койчуманов окуп чыгып, жүрөгү эргигенинен «С.Байгазиевдин «Иниме кат» публицистикасы өзүнчө эле бир «педагогикалык поэма» деп баалаган эле. Ошондой эле, кыргыз баласынын инсандык аң сезимин көтөрүүгө кылган педагогикалык ойлоруна шыктанган Эл мугалими Б.Исаков «Кылымдын кыйырына, урпактын учуна жеткире айта турган добулбасчы публицист, көйкашка атуул» деп жогору баасын берип отурат. Ал эми жалпы эле чейрек кылымдык эмгегин кылдат байкап-иликтеп келген сынчы, окумуштуу, профессор С.Карымшаков болсо, «окурмандын… жан дүйнөсүн жаңыланткан каражат катары гүлазыкка айланат» деп, мындан аркы чыгармаларына ишеним арта мамиле кылган.

Профессор С.Байгазиевдин зор чыгармачыл эмгегине берилген жогорудагыдай акыйкат баалар мындан ары да өз кезеги менен айтыла берет — деген ойдомун, ошондой эле, ага өзүмдүн да айрым пикирлеримди айтууга мезгил келди деп эсептейм.

Кыргыз педагогика илиминдеги үч салымы
Чындыгында, С.Байгазиев төмөндөгү багыттарда: адабияттаануу, педагогика, этика, публицистика, манастаануу, балдар адабияты жана поэзия жаатында үзүрлүү иштеди. Бул багыттарда, жалпы алганда, 40тан ашуун китеби чыгыптыр. Алардын баары чыккан эмгектеринин тизмесин көбөйтүп, улам сан арбыткан гана катардагы китептер эмес, өзү батынып киришкен багыттардагы жарык көргөн орчундуу чыгармалардан десек, талашсыз. Айрыкча, улуттук педагогикабыздын изилденүүсүнө, анын илим катары калыптануусуна салым кошор «Гумандуу педагогика» аттуу (Б., 2008) 600 беттен турган зор эмгеги педагогикабыздагы жаңылык болду — десек ашыкча деле болот.

Деги С.Байгазиев ушунча эмгегин өтөө менен, кыргыздын улуттук илими менен билиминде кандай орду бар, ага кандай үлүшүн кошо алды? Бул суроого жооп берүү үчүн, жогорудагы чыккан китептеринин ар биринин маани-маңызы менен мазмунун талдап чыгып, анын төмөндөгүдөй үч багытын бөлүп көрсөткүм келет.

Анын биринчиси: С.Байгазиев, жогоруда эскерип өткөндөй, улуттук педагогикалык ойлорубуздун тарыхынын изилденүүсүндө анын өз алдынча илим катары калыптануусунда чоң эмгегин аранады, т.а. ал кыргыз окумуштууларынын ичинен эң биринчи жолу Орхон-Енисей таштарындагы жазуулардын педагогикасын изилдеди. «Таштагы педагогика» деп аталган эмгегинде кыргыз каганы Барсбектин эстелигиндеги эне, ата, мекен темасындагы педагогикалык ойлорду таап чыгышы менен, нагыз улуттук педагогикалык ойлорубуздун тээ алмустактан бери эле түптөлүп келгенин эң сонун фактыларды келтирип жазып берди.

Чындыгында, педагогикалык изилдөөлөрдөн, талдоолордон жана ой жүгүртүүлөрдөн турган жогоруда аталган көлөмдүү китеби анын улуттук педагогикабыздын тамыры кайда экенин табууга жасаган зор аракети болуп саналат.

Китептин негизги лейтмотиви элибиздин улуттук билиминин тамыры классикалык педагогикада эмес, «улуттук кыртышыбызда», улуу «Манас» дастанында, ташта жазылып калган байыркы мурастарыбызда, элдик акындарыбыз-тубаса педагогдорубуз Нурмолдо, Молдо Кылыч, Арстанбектерде, Алдаш Молдонун чыгармаларында, И.Арабаевдин эмгектеринде, макал-лакаптарыбызда ж.б. экендигин эң сонун далилдеп берген. Болгондо да, алар догматикалуу түрдө жаттатып үйрөтүүчү эмес, элдин кан-жанында жашаган гумандуу педагогика экендигин далилдүү айтып берип отурат.

Бул идеяларын кийинки чыккан китеби «Цивилизация жана Ата журт тагдыры» аттуу (Б., 2008, көлөмү 799 бет) чоң китебинде андан ары уланткан (бул китеп тууралуу кийинирээк сөз улайбыз). Ошондой эле Ала Тоодогу алгачкы педагог катары акын-ойчул Нурмолдонун эмгектеринин педагогикалык маанисин жана анын педагогдук эмгегин иликтөө менен, XVII кылымдагы Молдо Кыргыз медресеси — «Кыргыздын алгачкы мектептеринин бири» экендигин айтуу менен, акын-ойчул Нурмолдо кыргыздын биринчи педагогу, эне тилин, Улуу Манас дастанын мектепте окутууга биринчи ирет жол баштаган мугалими да экендигин таасын далилдер менен мүнөздөп берди.

С.Байгазиевдин улуттук илим жана билимибизде кошкон экинчи бараандуу үлүшү — бул, улуттук педагогикалык публицистикабыздын түптөлүшүнө, профессор Б.Алымов менен бирдикте чоң эмгегин арнагандыгы. Б.Алымовдун 1970-жылдардагы «Шакиртиме кат» деген педагогикалык публицистикалык бараандуу эмгегинин изин улантып жазган «Иниме кат» аттуу китеби жогоруда айткан сөзүбүзгө таасын далил болуп берет. Анда СССР деген алп механизмдин бир «тетиги» гана катары көрүнгөн кичинекей айылдык Момунбек аттуу жигиттин интеллектуалдык-маданий жана коомдук-социалдык порттери аркылуу бүтүндөй кенже муундун келечеги жөнүндөгү кайдыгер эмес тынчсыздануусун тарбиячы-педагог-публицистин көзү менен бергени эң кызыктуу болгон. Ал бүгүн дагы, эртең дагы өзүнүн социалдык-педагогикалык жана да философиялык маани-маңызын жоготпой турган эмгек деген ойдомун.

С.Байгазиевдин кыргыз журтунун рухий турмушуна кошкон үчүнчү бараандуу үлүшү- анын орто жана жогорку мектептер үчүн эң эле баалуу болгон «Манастаануу» аттуу көлөмдүү окуу китепти алгач ирет жазып бергендиги. Аталган китептин жазылышы менен, мектептерде улуу дастандын сюжетин гана жомоктотуп үйрөтүү менен чектелбей, окуучулардын илимий өңүттөн карап үйрөнүүсүнө алгачкы кадам ташталды десек болот.

Аталган китептин жазылыш таржымалы мындайча болду. 1996-97-жылдары Кыргыз адабияты программасын кайрадан өркүндөтүп чыгуу мезгилинде С.Байгазиев менен бирдикте, профессорлор: К.Иманалиев, Б.Алымовдор көп кеңеш-пикирлерин берип жүрүштү. Ошондо Билим берүү академиясынын бөлүм башчысы катары мен дагы бул ишке түздөн-түз аралашып калганым бар. С.Байгазиевдин сунушу боюнча Кыргыз адабиятынын программасынын түзүлүшү мындайча болгон: адегенде, V-VI класстар — таза адабияттык окуу курсу, VIII-IX класстар — системалык курстун элементин камтыган адабияттык окуу курсу (анткени мектепте билим берүүнүн негизги курсу болуп, негизги мектеп катары V-IX класс болуп эсептелинип, балдар IX классты бүтүргөн соң, X-XI классты окуу-окубоо өз каалоосу — деген пикир өкүм сүрүп калган), ал эми X-XI класстар нагыз системалуу курс деп түзүлгөн. Буга ылайык фольклордук чыгарма катары «Манас» эпосу VIII класска түшүрүлгөн. Буга каршы болуп, «улуу дастандын мааниси төмөндөп, ролу ылдыйлап калды» деген оюн Манас таануучу С.Мусаев «Кут билим» газетинде билдирген. Ошондо мен профессор К.Иманалиев жана Б.Алымовдорго «VIII класста окуучулар дастандын сюжетин үйрөнүшсүн, ал эми XI класста анын жыйналыш, изилдениш тарыхын, дастандын маани-маңызын жана педагогикалык жагын үйрөнсүн, манасчылар жөнүндө маалымат алышсын, аны «Манастаануу» деп атап, XI класстын башына 15 сааттык көлөмдө коёлу, 1-чейректин материалын андан ары улантып Т.Сыдыкбековдун «Көк асабасын» берели-деп сунуш кылдым. Алар туура көрүштү. Ошентип бир катар талкуулоодон соң, «Манас таануу» курсу 15 эмес, 18 саат көлөмүндө жана «Көк асаба» романы 3 саат көлөмүндө биринчи ирет мектеп курсуна киргизилди. «Манастаануу» курсун ким жазат?» деген да суроо коюлду. Ал кезде С.Байгазиев «Манас-эне тилибиздин тил жана дил бешиги» деген китебин чыгарып, «Манас» дастанынын эне тилибиздеги ролун кенен ачып берген болчу. Ошого негизделип, «Манастаануу» китебин жазуу С.Байгазиевге тапшырылган.

Бул адам тууралуу айта берсек, сөз улана берер эле. Анткени анын улуттук педагогикабыздын тарыхый тамырын издөөгө, анын өнүгүүсүнө, бүгүнкү күндөгү абалына саресеп салган дыйкандык мээнети ошончо сөзгө арзыйт.

Цивилизация менен кагышкан Ала-Тоолук окумуштуунун жан дүйнөсү
Эми ой тизгинин, жанараак эскертип кеткен «Цивилизация жана Ата Журт тагдыры» аттуу көлөмдүү китебине буруп өтөлү.

Китеп философия илимдеринин доктору, профессор А.И.Мусаев жана белгилүү журналист К.Чекировдун баш сөзү менен ачылып, төмөндөгүдөй: «Кыргыз руху», «Цивилизация жана улут тагдыры», «Этика жана педагогика», «Инсан жана коом», «Цивилизация: адам жана табият», «Батыш-Чыгыш маселесине карата» аттуу чоң-чоң бөлүмдөрдөн турат. Китеп көп жылдык изилдөөлөрүнүн жана буга чейин улут тагдырына байланыштуу чыккан бир нече китептеринин толук жыйнагы экен.

Моюнга алалы, ушу кезге чейин улут тагдыры, улуттук ойчулдарыбыздын айткандарынын улуттук чоң тиректерибиз экендиги, Манас атабыз менен Барсбек кагандын осуяттарынын педагогикалык-философиялык, этикалык жана эстетикалык маани-маңызы мынчалык деңгээлде кеп болгон эместиги белгилүү. Калыгулдун, Арстанбектин, Жеңижок менен Токтогулдун, Тоголок Молдонун чыгармалары адабий өңүттөн гана сөз болуп келген болсо да, аталган китепте алардагы этикалык проблемалар, коом жана адам маселеси, бала тарбиясы, үй-бүлө педагогикасы, коомдун жана жеке адамдын инсандык саламаттыгы ж.б. маселелер кургак дидактиканын эмес, кыраакы публицисттин көзү менен, жалпы элдин калың катмарына жетер жатык тил менен берилгендиги жакшы болгон.

Ушулардын өзү эле «Кыргыз этикасы кандай болгон?» деген суроого жооп таап бере тургандай таасир калтырганы — китептин чоң жеңиши десек болчудай.

Андан ары «Цивилизация жана улут тагдыры» аттуу бөлүмүндө публицист — педагогдун көзү менен: Кыргызстандагы билим берүү маселесинде улуттук мүдөө негизги болуусу, улутсуз космополит гражданинди эмес, мекенчил кыргыз баласын тарбиялообуз зарыл экендиги белгилөө менен, бүгүнкү «компьютер баштуу» балдарыбызды «Улуттук рухта, маданиятта качан ойготобуз?» деген проблемалуу суроолорду коёт. Глобалдашуу кезинде — «Эне тил -улуттун жүрөгү» экенин, «эгер ал жүрөк токтоп калса, улуттун өзү жашоосун токтоорун», «тарбиянын уяткусу-улуттук ар-намысыбызда» экендигин эскертет.

С.Байгазиев — педагогикалык-публицистикалык чыгармаларында өзүнүн образын түзгөн адам.
С.Байгазиевдин дагы бир бараандуу эмгегин айта келели. Ал бүгүнкүдөй оош-кыйыштуу шартта мектеп мугалиминин педагогикалык-социалдык ролун белгилөө менен, «Мугалимге жети кат» деген бөлүмүндө анын улутка кылар кызматын, коомдук ролун чечмелеп берүүгө аракет кылган. «Глобалдашуунун артынан, чет элдик таңууланган педагогиканын ордуна өз улутубуздун педагогу өзүнө өзү кожоюн болгон улуттук жүрөгү бар педагог болуусу зарыл» экендигин көңүлгө салат.

«Ата журтубуз тирек кылар: улуттук деп соолук, улуттук жер соолук, улуттук боз соолук, улуттук дил соолук, улуттук тил соолук, улуттук салт соолук, улуттук ак жоолук, улуттук дос соолук, улуттук кут соолук, улуттук ой соолук маселелерин ортого коёт. Ушунун баарынын улуттук маани-маңызын, улут катары тагдырындагы, келечегиндеги ордун, ролун чечмелейт. Алардын «Улуттук он тирек» экендигин далилдейт.

Китепте ушулар менен бирге эле, улуттук аң сезим, улуттук ой жүгүртүү маселелери бүгүнкү турмушубуздун талылуу проблемалары козголуп, баары публицистин көзү менен терең талдоого алынат. Мектептерибиздеги тарбиянын абалына Асанкайгы менен Чыңгыз акылмандардын позициясынан туруп кабыргасы кайышат. Табиятка жан тартат, бирге ооруп, бирге кыйналат. Табияттын душманы акыл — эссиздик эмес, «ыймансыз акылдуулук» экенин адам менен табияттын диалогу (» Кайдасың, Асан Кайгы же, Чыңгызга карышкырдан кат») аркылуу ачып берет.

Сөзүмдүн акырында, профессор С.Байгазиев, поэзияга кайрылса да, («Бүркүттун көз жашы» поэтикалык китебин эске алганда, Б., 2008. Бул китеби туурасында да басма сөздө байма-бай оң пикирлер жарыяланып келатат), педагогикага кайрылса да, этикага кайрылса да, жазган бардык эмгектеринде философиялык дух өзөгүн ээлеп, публицистикалык бийик добуш угулуп турат. Публицистикалык жатык тил, публицистикалык бийик ой өкүм сүрөт. Публицистикалык талылуу проблемалар козголуп, публицистикалык кенен чабыт кулач жайып, публицистикалык так илик жана корутунду чыгарылат. Өзүнүн автордук бараандуу образы Хан Теңир тоосундай алыстан эле даана көрүнүп турат. Анткени ал бүткүл публицистикалык, педагогикалык эмгектеринде өзүнүн образын түзүп койду, чыгармаларынан анын нурлуу кебебеси, бараандуу тулкусу, Ала Тоонун ак карындай аппак чачтары даана көрүнүп турат, жумшак, токтоо жана таасирлүү үнү угулуп турат. Анын публицистикаларын карап туруп, бүтүндөй кыргыз публицистикттеринин эмгегин ага салыштырып баалоого да болот. Баарын бир теңге, ал эми С.Байгазиевди бир теңге теңдеп койсо да, С.Байгазиевдин публицистикалары дагы эле бараандуу туюлат. Эгер, «Кыргыз публицисткасында ким бар?» деп сураса, ойлонбой туруп эле: «Кыргыз публицистикасынын жүгүн нардай көтөргөн С.Байгазиев бар» деп, атын биринчи атасак жаңылышпайбыз.

Ошондуктан, бүтүндөй публицистикалык чыгармаларынын ушул сындуу барк-баасын, маани-маңызын, кыргыз педагогикасындагы жана публицистикасындагы ордун терең талдап, баалап туруп, профессор С.Байгазиевдин эмгегин улутка кызмат кылуунун анык үлгүсү -деп баалагым келет. Анткени ал ушуга татыктуу.

Сулайман РЫСБАЕВ, педагогика илимдеринин доктору, профессор,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу,
“Кыргыз руху”, (“Кыргыз гезиттер айылы”), 21.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий