Светлана Козубекова: “Киндик кан тамган жериме кайрылып келүү ойдо бар”

Светлана Козубекова республикабызда биринчи жолу 1979-жылы буту менен жаа аткан өнөрү менен атагы далайга кеткен. Кыргыз циркинин союздук сыйлыктарга татыган бир жылдызы эле. Учурда Светлана Италияда жашайт, италиялык жигитке турмушка чыккан. Мекенине эки жылда бир жолу келип турат. Себеби, бул өлкөдө 15 күн гана эмгек өргүүсүн берет. Ушуга байланыштуу эки жылдык эс алуу күнүн чогултуп, бир айга келет.

Быйыл да туулган жерине сагынычын таратканы келген мекендешибизди маекке тарттык эле.

– Светлана, жыйырма жылдан бери алыста жүрөсүз. Жашоо-турмушуңуз кандай? Италиялыктардын турмушуна көнүп бүттүңүзбү?
– Кудайга шүгүр, жашоом жаман эмес. Алгачкы жылдары кыйынчылыктар болгон. Тил үйрөнбөсөң оокат өтпөсүн сезип, намыстанып тил үйрөндүм. Себеби, цирк өнөрү боюнча союз маалында алган билимим ал жерде жарабай калды. Ошондуктан, ар кыл курстарда окудум. Алгач орто билимге ээ болуп, аттестат алдым. Дизайнердин, компьютердин окуусун окудум. Андан кийин фельдшердик курстан үч жыл окуп, сертификат алып, реа­блитациялык борбордо иштеп келатам. Бул борбор Ватиканга карайт, ал жердеги бир оорукананын филиалы. Ошол ооруканадан дарыланып чыккан же операция болгон катуу оорулуулар зарыл болсо биздин жеке менчик клиникага келип, реабилитациядан өтүшөт.

Италиялыктардын кулк-мүнөзүнө, салт-санаасына көнүү биринчи жылдары кыйын болгондур?
– Италияда биздики сыяктуу той-топур сыяктуу салттар деле жок. Биздегидей той, куда-сөөк, келин алмай деп акчаларын сапырып да чача беришпейт. Анын үстүнө менин жолдошумдун ата-энеси, туугандары “Унита” коммунисттик партиясынын мүчөлөрү экен. Демократиялуу үй-бүлө болгону мен үчүн жеңилдик болду. Өздөрү бетке айткан, ачык сүйлөгөн адамдар. Ал жакта аялдар менен эркектер бирдей ролдо, аялдарды басынтышпайт. Бирок, парламентте аялдар аз. Илгери Италиянын Сицилиясында биздегидей кыздарды уурдап ала качышчу экен. Бул  салтты акырындап жоюшуптур. Биздегидей жакындары өлгөндө кошок айттыргандай акча төлөп ыйлаткандары, өздөрү кыйкырып ыйлашкан салты жоголуптур.

Ал жакта Кыргызстан деген өлкө бар экенин билишеби?
– Эми билип калышты. Кыргызстан деп айтсак аралбы деп сурашчу. Полицейлер токтотуп, айдоочулук күбөлүктөн окуп алышып, “Кечирип коюңуз, синьора, Кыргызстан каякта?” – деп таң калышчу. Роза Отун-баева эжеге ыракмат айткым келет. Кыргызстанды таанытып жатат, Бириккен Улуттар Уюмуна барып сүйлөгөнүн, трибунадан кыргыз элине кыргызча кайрылганын угуп сыймыктандым. Акыркы жылдардагы революциялар менен да Кыргызстан таанылды. Алыста жашасак да Мекенибизден кабардар болуп тургандыктан, алдыдагы президенттик шайлоо тынч өтсө деп турабыз.

Өз өлкөңүздү унутпай, өз каражатыңыздан кайрымдуулук жардамдарын көрсөтөт­көнүңүздү угуп, көрүп жатабыз. Бул жолу да белек-бечкектерди ала келдиңизби?
– Мен өзүм спорт жатак-мектебинде чоңойгом. Жатак мектебинде кимдин атасы бар, кимдин апасы барын билип, жарым-жарты болуп өсүп калганбыз. Ошондуктан томолой жетим балдарга аябай боорум ооруйт. Ата-энеңдин бирөөсү бар болсо да, бара турган жериң бар да. Ушул көйгөйдү сезгендиктен, он жылдан бери жетим балдарга жардам берип келатам. Мурдагы жолу келгенимде спорт кийимдерин ала келип, өзүм окуган республикалык спорт мектебине бергем. Бул жолу мен белектеримди ошол спорт жатак мектебинин жанында жайгашкан республикалык дүлөй, дудук балдардын мектебинин окуучуларына, андан кийин Бишкектеги Белорусская көчөсүн­дөгү балдар үйүндөгү ымыркайларга бердим. Себеби, дүлөй, дудук балдар сүйлөбөгөнү, оорукчал болгону аз келгенсип, алардын көбүнүн ата-энелери жок же таштап кетишкен. Италиядан “Азаттык +” программасын көп көрөм. Ошол программадан “Светлый путь” балдар үйүндө да маселелер бар экенин көрүп, бул жактагы сиңдилериме чалып, ушул балдар үйүнүн директорун тапкылачы дедим. Жардамымды берип кетип баратам. Буюрса, Бишкекте кайрым-дуулук фондун ачам. Анда белектерди үч-төрт жылда эмес, жыл сайын жиберип турам деген үмүтүм бар. Менин алып келгеним эч нерсе өзгөртпөсө да, кичине жардам болор деп ойлойм.

Эл-жерге болгон сагыныч, кусалык пайда болгондо кантип таратасыз?
– Кыргыздын музыкаларын коём. Бул жактан кетээрде дайыма клиптерди ала кетем. Машинама коюп алып угуп, кыргыздын ырлары, күүлөрү дайыма мени коштоп жүрөт. Үйүм дагы кыргыздын үйү. Босогону аттаганда эле ак калпак, комуз, камчы көрүнөт. Бүбүсара Бейшеналиеванын сүрөтүн алып кетейин деп сүрөтүн таппай жүрөм. Таттыбүбү Турсунбаеванын чийге түшүрүлгөн сүрөтү үйүмдө илинип турат. Туш кийиз, шырдак бар.

Жолдошуңуз “кыргыз үйгө” каршылык көрсөтпөйбү?
– Жок, жолдошум Эцио Цицерон тескерисинче, Кыргызстанды жакшы көрөт. Анткени, Кыргызстан менен биз жашаган облустун көп окшош жактары бар. Мисалы, биздин Чоң-Таш менен ал жакта Гранд-де-Сассо деген жер окшош. Гран-де-Сассо деген сөз Чоң-Таш дегенди билдирет. Тоолордо биздегидей эле ат минип кой кайтарышат. Ошондуктан, кыргыздар келгенде ошол тоого алып барабыз. Өзүм дагы ал жерге барганда Кыргызстанымдын абасын жуткандай жыргап калам. Эл-жерди сагынганда машинамды айдап алып, тоого чыгып кетем. Тамактарыбыз да окшош. Италиялыктар кесме, камырды көп жешет. Дандырга нан жабышат. Даамы токочко окшош нандарды (лепёшка), куурдак, чак-чак жасашат.

Жолдошуңуз, уулуңуз кайда иштейт?
– Жолдошум облустук кеңештин депутатынын кеңешчиси. Уулум Улан уюлдук телефон компаниясында иштейт. Эл аралык мамилелер университетин бүткөн. Кыргыз, орус, италия, француз, испан, немец, баш аягы жети тил билет.

Италияда азыр он миңдей кыргыз бар дешет. Жердештериңизден кимдер менен жолугушуп турасыз?
– Атактуу акын Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана менен эже-сиңдидей мамиледемин. 1990-жылы Кыргызстандын биринчи сулуусу болгон Аида Өмүрбекова, анан Мээрим, Замира, Айгүл деген кыздар менен жолугушуп турам.

Качандыр бир кезде Мекенге кайтып келүү оюңузда барбы?
– Пенсияга чыкканда келем. Мен Италияда жашоого көнүп калдым, турмушум жакшы, ишим бар. Бир туугандарыма, ата-энеме жардам берип ал жакта жүрө берсем деле болмок. Бирок, патриотмун, буга негиз жатак-мектепте окуп жүр­гөндө эле пайда болсо керек. Италия укмуш өлкө болсо да киндик кан тамган жериң, ата-бабалардын туулуп өскөн жери эсиңден түк кетпейт экен. Улгайганда кыргыз элим менен аралашып жүрөйүн деген ой бар.

Маектешкен Бермет МАТКЕРИМОВА, «Кыргыз Туусу», 25.10.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий