Кечиккен баатыр

Илгертен Чыгыш элдеринин салты боюнча ханга каршы сөз айтууга укуктуу бир гана адам болгон. Аны байыркы араттар(арийлер) «риши», кыргыздар «ырчы» дешкен. Ришилер өз ара кандай бөлүнгөнүн биз билбейбиз? Бирок, санскрит сөздүгүндөгү «риши» деген сөздүн мааниси бул топко кимдер киргенин тастыктап турат, т. а. «риши» деп байыркы араттар кудайга арнап гимн жазган акындарды, алдын-ала айтуучу көзү ачыктарды, олуяларды, пайгамбарларды, ырчыларды айтышкан.

Ал эми кыргыз ырчылары манасчы, төкмө акын, олуя, айтуучу, бакшы, чечен, аткаруучу, күүчү, комузчу, кыякчы, санжырачы ж.б. болуп бөлүнүшкөн. Салыштырып карасак, байыркы араттар менен кыргыздардын «риши» жана «ырчы» деген сөздөрү бир эле сөз. Айтылышы боюнча да, маанилери боюнча да окшош.

Андан нары айтайын дегеним бул: байыркы көчмөн элдердин тилинде «риши», кийин отурук элдер менен аралашкандан кийин «брахман» деп аталган бул ыйык каста коомдогу эң жогорку орунду ээлеген. Арат коомунун салты боюнча ришилер (брахмандар) эч кандай кара жумуш кылышкан эмес. Бирок, мамлекеттин казынасына түшкөн байлыктын «он пайызы» ушул катмарга тиешелүү деп эсептелинген. Алар ошонун эсебинен жашап, өлкөнүн илим-билимин өнүктүрүп, мамлекеттик идеологияны иштеп чыгышкан жана анын туура аткарылышын көзөмөлдөп турушкан. Б.а. өлкө башчысы, риши же брахман деп аталган ушул топтун акылы жана илим-билими менен мамлекетти башкарган.

Коомдун эң жогорку катмарында турган бул топ (брахмандар) мыйзам боюнча өзүнүн тобундагы кызга гана үйлөнө алат же кызын берет. Андан башка «кшатрий» деп аталган өзүнөн кийинки катмар менен да канын аралаштырып, кыз алып, кыз берсе болот. Бирок, мүмкүн болушунча брахман брахмандын, кшатрий кшатрийдин гана кызына үйлөнүүгө уруксат. Башка «вайши», «шудра» деп аталган катмарлар менен аралашууга аларга тыюу салынган. Анткени, алардын канынын таза сакталышы коом жана мамлекет үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Бүгүнкү күндө да, Индия элинин ичинде, индиузм динин тутунган адамдар үчүн «брахмандар» деп аталган бул топ «кол тийгис» ыйык адамдар катары белгилүү.

Ришилер кийин бир нече салаа болуп бөлүнүп кеткенде да, алардын ичинен акындар өзгөчө катмар катары каралып кала берген. Анткени, мурункудай эле алар «ыйык адамдар» деп эсептелип, теңир менен элдин ортосундагы элчилик кызматты да аткарышкан. Б. а. байыркы араттардын ишеними боюнча, «поэзия — кудайдын тили» деп саналган. Анын купуя сырларын, каймана маанилерин карапайым адамдар түшүнгөн эмес. Акындар кудайлардын айткандарын да ушул тилде (поэзия тилинде) кабыл алып, өздөрү аларга кайрылганда же аларга арнап гимндерди жазганда да ушул тилди пайдаланышкан.

Брахмандар кудай тарабынан «өзгөчө коомдук статуска» ээ болгон адамдар катары өлкөнү башкарган падышага да, башкаларга да баш ийишкен эмес. Андан улам «хан-кара» принцибинен тайып, өлкөнү өз билгениндей туура эмес башкарып жатканы үчүн, ханга каяша айтууга бир гана брахмандын, б. а. акындын укугу болгон.

Өз доорунда идеал коом курган байыркы арат элинин көп салттары дүйнөнүн улуу инсандарын кызыктырып, ар кандай бурмаланган түстө, алар башкарган мамлекеттердин саясатына айланып кеткен учурлар да бар. Эң кызыгы, кыргыз акындары да өздөрү билип-билбей эле, байыркы ата-бабалардын башчыга кеңеш берүү, сөзүн укпаса каршы чыгып, каяша айтуу салтын ушул күнгө чейин улантып келатышат.

Бул улам учурга жараша азайууда. Бирок, жок боло элек. Өз убагында акынды жана окумуштууну коомдун өзгөчө элитасына айланткан Совет бийлиги да байыркы улуу салтты бурмалады. Ал коомду акын менен окумуштуу иштеп чыккан идеологияга эмес, тескерисинче, акын менен илимпозду саясатчылар өздөрү иштеп чыккан идеологияга баш ийдиришти. Бийликтин абдан катуу, мыйзамдын өтө катаал экенине карабай, ошол мезгилде да ак сөздү ачык айткан акындар болду.

1991-жылы Теңирдин буйругу менен советтик империя өзүнөн-өзү кыйрап, анын чеңгелинде жашап жаткан 15 республика өз алдынча жашаган эркин мамлекеттерге айланды. Мына ошол учурда А. Акаевдин алдында биринчи президент катары байыркы ата-бабалардын улуу салттарын кайра ордуна келтирер бир чоң мүмкүнчүлүк туулду. Бирок, ал аны жасай алган жок. Тескерисинче, ал өз улутуна чыккынчылык кылып, анын ар-намысын байлыкка сатты, улуттун менталитетине такыр карама-каршы саясатты жүргүздү. Ошондо элдин сөзүн сүйлөгөн жана бийликтин айтканын кылгандар болуп акындар экиге бөлүндү. Бир жагына кылкылдап көпчүлүк тизилсе, экинчи жагында акын Анатай Өмүрканов, жазуучу Чолпонбек Абыкеев, анан ушул Тургунбек Бекболотовдой бир колдун манжасы жетпеген саналуу адамдар турду.

Мен өзүмдүн макалаларымда улуу орус акыны Некрасовдун: «сен акын болбосоң болбо, бирок жаран болууга милдеттүүсүң» деген сөзүн кийинки кезде көп кайталап жазып келатам. Тилекке каршы, дагы деле ага көңүл буруп, атуул катары аны өзүнүн жарандык принцибине айлантып жашаган акындар аз болууда. Биз сөз кылып жаткан акындын:
Байуудан башка барбы тилектери,
Сатылып, сатуу менен күн өткөнү.
Эл эмес, энесине пайдасы жок
Эртелеп өлгөн экен жүрөктөрү
(«Жүрөгүм ооруп турат бүгүн менин»)
деп жазганы да ошондон улам. Бул кашкайган чындык экенин эч ким танбастыр.

Акын байыркы замандардагы «Азиянын кылычына айланып, кыйкырып чыккан кыргыз» жөнүндө айтабы же «манкурттардын өлкөсүн куруп жаткан «моголстандык жапайы арыстандарга» акыл айткан суроо салабы, же «арбактары ак булутка айланып, Ала-Тоону аралап учуп жүргөн» аксылык алты уулдун кайгылуу өлүмү тууралуу жазабы, так, таамай жазат. Чынын айтыш керек, Тургунбек Бекболотовдун акындык жүзү кандуу Аксы окуясынан кийин ачык көрүндү. Ал эң башкысы чындыкты бетке айткандан тартынбайт. Шамшардын мизиндей курч, батыл ойлорду ыр саптарына куюп, мээлеген жерине түз урат. Ал байыркы арат мезгилинен бери жол бузбай, адилеттик принцибин туу туткан акындык салтты өчүрбөй, калыстыктан тайган ханга ачык каяша айткан чыныгы ырчы-брахман. Сөздү ырына берели:
Аксыда бейпил турмуш бүлүнгөнүн,
Акыйкат тизе бүгүп ийилгенин,
Эстеген сайын көздөн жаш куюлуп,
Жүрөгүм ооруп турат бүгүн менин

Акындын Аксы окуясына арнап жазган ырлары арбын. Ал өзүнчө бир түрмөк. Мисалы дагы бир ырын карап көрөлү:
Канга боеп Боспиек, Кербен жерин,
«Аткыла» деп буйрукту бергендер ким?
Жалган куран айынын он жетиси,
Бийлик үчүн тарыхта шерменде күн.
(«Аксы ыйы»)

Ырынын аягында акын минтип бүтөрөт:
Кан какшаган калк үнүн укпагандар
Кудай берсин силердин жазаңарды!

Т. Бекболотовдун поэзиясынын негизги темасы болуп эл-журт, өмүр-өлүмдүн кармашы, эки жүздүүлүктүн көбөйүшү, элинин тарыхын билбеген падышалар, кыргыз элинин кечээгиси жана бүгүнкүсү, 21-кылым тууралуу ырлар саналат. Ал эми акындын өзүнүн кудайдан тилегени кыргыз эли ырларын окуган мыкты акын катары жашап өтүү. Мобул ырында ал ошол ойду айткан:
Эл тартса тартып азабын,
Эл баскан жакка басамын
Жанар тоо сымал жакшы ырды
Жазгыча келет жашагым
(«Белегим»)

Ал эми ошол эле убакта анын катарында келаткан кызматчы адамдын тилеген тилеги да, ойлогон ой-максаты да башка. Андай адамдар байлык, бийлик үчүн баарын сатууга даяр:
Байлыктын татып кумарын,
Унуткан элдин убалын.
Арбагы түгүл Манастын,
Кудайдан коркпойт буларың
(«Байлыктын татып кумарын»)

Т. Бекболотов таланттуу акын экенинде эч кимдин шеги жок. Маселе келечекте. Ал эмне деген акын? Анын өзгөчөлүгү эмнеде, стили кандай? Башкы темасы кайсы, максаты эмне? Мына ошону ачууда турат.

Акын быйыл алтымыш жаш куракка келди. Ушул жашына чейин ал болгону эки-үч ырлар жыйнагын чыгарды.

Саади «Гүлстан» жана «Бустан», Хафиз «Газелдер», Омор Хайям «Рубаилер», орус поэзиясын А. Фет менен Тютчевдер да бирден- экиден гана ыр китептерин тартуулап, ошону менен дүйнөлүк поэзиянын катарына кирип калышкан. Алтымыш китеп жазып, андан алты сап ыры калбаган акындар тарыхта көп эле болгон, алар азыр да бар. Бирок адабият эч качан ыр китептердин саны менен эмес сапаты менен, жаңылыгы менен, ачылыштары менен, формалык жана мазмундук изденүүлөрү менен бааланып келген. Мына ушул көз караштан алганда акын Т. Бекболотовдун ырлары кыргыз поэзиясында өзүнүн өзгөчө татыктуу ордун ээлейт деп мен ишенем.

…Бул жомокту жаш кезимде окугам. Жомок «Кечиккен баатыр» деп аталат. Кайсы элдин жомогу, кайсыл китептен окуганым эсимде жок. Кайра бир окусам деп ойлонуп, таппай жүрөм. Анда минтип айтылат:
Илгери бир чал-кемпирдин он бир баласы болгон экен. Бир күнү алар ууга чыгышып кетсе, алыс жактан бир дөө баштаган душмандын колу келип, элди талап-тоноп, малдарын айдап кетиптир.

Он бир бир тууган келип, болгон окуяны угат да, «биз ал дөөнү өлтүрүп, элдин малына кошуп, анын элинин малын да айдап келебиз»-деп, узак убакытка жетерлик күл азык алышып, жоого кийчү кийимдерин кийинип, курал-жарактарын асынып, күлүк аттарын минип, жөнөп кетишет.

Ортодон бир жыл, эки жыл, ..бир нече жыл өтөт. Он бир уул кайтып келбейт. Ата-энеси да, эли да аларды өлүшкөн экен деп ойлошот. Чал-кемпир «баласыз көргөн күнүбүз эми эмне болот»- деп көзүнүн жашын көл кылып ыйлашат. Бир күнү кемпири боюна болуп, бир уул бала төрөйт. Бала төрөлөрү менен басат. Ал күн санап өсөт. Бир күнү балдар менен ойноп атып, чүкө талаша кетет да, бир баланы уруп коёт. «Сен андай кыйын бала болсоң, жоголуп кеткен он бир агаңды таап албайсыңбы»-дейт. Ал ыйлап ата-энесине барат. Бала үйүнө келип: «Менин он бир агам болгон экен, алар каякта, эмне болгон?»-деп сурайт. Атасы менен энеси болгон окуяны айтып беришет. Бала угары менен эле: «Ата, мага урушка кийчү зоот киймиңди, жоого минчү тулпар атыңды бер, мен он бир агамды издеп таап келем»-дейт. «Алардын кеткенине көп жылдар болду, тирүү болсо келет эле, барбай эле кой балам. Сенден да айрылып, баласыз калбайлы»-дейт атасы. Ага бала болбойт. Акыры ата-энеси аргасыз макул болушат. Энеси жолго күлазык даярдайт. Атасы зоот кийимдерин алып чыгып, иретке келтирет. Анан «атканада ат байланып турат, жууп- тазаласаң табына келет»-дейт. Бала атканага кирсе, атты караган эч ким жок, өзүнүн чычкан богуна өзү көмүлүп, кулагы эле көрүнүп калган экен. Бала аны кулагынан тартып сууруп алат. Атасы айткандай, жууп, тазаласа, ойноктогон тулпар болуп чыга келет.
Ошентип, бала он бир агасын издеп, алар кеткен тарапты бет алып, жолго чыгат. Жолдо он бир агасы аткара албаган «сыноолордун» баарынан аман-эсен өтүп, сурап отуруп, акыры баягы дөөнүн эли-жерине барат. Барса, он бир агасын дөө зынданга салып койгон экен. Агаларынын сакал-чачтары, тырмактары өсүп, адам кейпинен кетип, арыктап, адам көрбөй жапайы болуп калышыптыр.

Кыскасы, бала дөө менен беттешип, аны жеңет да, он бир агасын алып, өз малына дөөнүн малын кошуп айдап, элин карай жол тартышат.

Жолдо келатканда он бир агасы өздөрүнчө сүйлөшүп: «Ушул жаш бала бизди куткарды деп уялбай элге кантип барабыз»- дешет алар. Анан айылга жакын бир жерге келгенде бир аз тыныгып алып, анан баралы дешип жер жайнаган малы менен эки-үч күн өргүп калышат. Он бир агасы баланы ууга жиберип ийип өздөрү терең ор казышат да, үстүнө төшөк салып коюшат. Кечинде чарчап келген инисин «кел отуруп тамактанып ал» — деп төшөк салып, дасторкон жайылып турган жерди көрсөтүшөт. Бала отурары менен эле орго түшүп кетет.

Он бир агасы малдарды айдап, элине келишет. Эли менен балдардын ата-энеси кошо кубанып, улуу той жасоого камынышат. Ошол күндөрү тынбай жолдогу сыноолордон кантип өтүшкөнүн, дөөнүн сансыз колун кантип жеңишкенин узун жомок кылып айтышат. Артынан издеп кеткен инисин сурашканда, «аны көргөн да, ал тууралу уккан да жокпуз»-дешет.

Он бир агасы калың малды айдап жөнөшкөндө, баланын минип жүргөн тулпар аты эч кимге карматпай, бөлүнүп калып калат. Тигилер кетишкенден кийин орго келип, чылбырын ылдый түшүрөт. Бала аттын чылбырын кармап ордон чыгат да, үйүн карай жөнөйт.

Келсе, он бир агасынын келгенине кубанып, эл улуу той өткөрүп жаткан экен. Бала айтса, эч кимиси анын сөзүнө ишенишпейт. Ал эми он бир агасы болсо, «бул ким, биз аны эч жерден көргөн эмеспиз»-дешет. Ошондо бала айтат: «Мен бир жебени асманга атам, ал он бир жебе болуп жерге түшсө, анда мага ишенгиле. Эгер бир эле жебе болуп жерге кайтса, анда он бир агамдын айтканын кылгыла». Асманга атылган жебе кайра кайтканда, он бир жебе болуп, он бир агасына сайылып калат. Ошол убакта агаларын издеп ары баратканда да, агаларын таап эсепсиз мал менен бери кайтып келатканда да, жолдо баланы көргөн жана малын издеп бала менен кошо дөөгө чейин бирге барган адамдар келип калышат. Алар он бир агасы айткан жеңиштердин баарын агалары эмес, бала жасаганын, сыноолордун баарынан бала өткөнүн, дөөнү бала өлтүргөнүн айтышат. Ошондон кийин эл он бир агасын кубалап жиберип, баланы хан көтөрүп алышат да, жыргап жатып калышат.

Т. Бекболотов жаңы чыгарган китебин «Кечиккен ырлар» деп атаптыр. Китепти окуп чыгып, бала кезде окуган «Кечиккен баатыр» жөнүндөгү жомок эсиме түштү. Бир күнү анан жолугуп, жакындан тааныштык. Кыргыз: «Ийгиликтин эрте-кечи жок»-дейт, кечиксеңиз да, келгениңиз жакшы болуптур»-дедим колун кысып. Ырлары тууралуу ойлорумду оозеки айттым. Ошол сөздү эми 60 жылдык юблейине карата элге угуза айтып, жазып коёюн дедим. Ушул макаламдын аягында мен дагы бир жолу «Кечиккен акынды» «Кечиккен ырлары» менен куттуктайм жана чыгармачылык албан ийгиликтерди каалайм! Омор Хаям акындык жолго алтымыштан ашкандан кийин түшкөн, сиз 60 ка эми чыктыңыз. Кудай узун өмүр, чың ден-соолук берсин, бар болуңуз Тургунбек аке!

Байас Турал, Алиби” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 05.12.2008-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий