Нуралы Капаров

Нуралы Капаров Кемин районундагы Тегирменти айылында 1957-жылы 4-мартта туулган.

1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

Эмгек жолун 1980-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде кабарчы болуп иштөөдөн баштаган.

1989-жылдан баштап «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер,

1993-жылдан «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редактору болгон.

Чыгармалары 1973-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Тамызгы» деген ат менен 1986-жылы жарык көргөн.

Н.Капаровдун ырлары «Учкун», «Жалын» альманахтарында жана бир топ жамааттык ыр жыйнактарында жарыяланган.

1986-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Уикипедиядан алынды

 

Кара сөз

Тузик (аңгеме)

Биз да бизнес жасаганбыз… (аңгеме)

Той болоор алдында… (С.Жигитовду эскерүү)

 

Ырлар

* * *
Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жамандын жаман жагын жазып жатып,
жамандын жакшы жагын унутпайын.

Көз бергин таразадай,
акыл бер, көкөлөткөн колчырагын,
байлыктын жолун айтып каргашадай:
байларың, кедейлерден кор турарын,
жылкыдан жыгылганда аман калып,
эшектен жыгылганда кол сынаарын…

Айла бер, амал бергин,
айбат бер, айгайлатып.
Жылуунун баркын унтуп калган адам,
барышы керек экен карга кайтып,
чындыкты коргош үчүн адам анан,
аргасыз жашайт экен жалган айтып…
Оо, жараткан,
ыйман бер жазарымда,
бычактын мокогун бер чатагыңда,
ынсап бер ким-бирөөнү кууп калсам,
кубат бер качаарымда…
Кыз бергин барган жерин тыштабаган,
куш бергин өскөн жерин кыштабаган,
жүрөк бер досторума муздабаган,
санаа бер душманыма сыздабаган…
Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жакшынын жакшы жагын жазып жатып,
жакшынын жаман жагын унутпайын.

 

* * *
Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жамандын жаман жагын жазып жатып,
жамандын жакшы жагын унутпайын.

Көз бергин таразадай,
акыл бер, көкөлөткөн колчырагын,
байлыктын жолун айтып каргашадай:
байларың, кедейлерден кор турарын,
жылкыдан жыгылганда аман калып,
эшектен жыгылганда кол сынаарын…

Айла бер, амал бергин,
айбат бер, айгайлатып.
Жылуунун баркын унтуп калган адам,
барышы керек экен карга кайтып,
чындыктын коргош үчүн адам анан,
аргасыз жашайт экен жалган айтып…

Оо, жараткан,
ыйман бер жазарымда,
бычактын мокогун бер чатагыңда,
ынсап бер ким-бирөөнү кууп калсам,
кубат бер качаарымда…
Кыз бергин барган жерин тыштабаган,
куш бергин өскөн жерин кыштабаган,
жүрөк бер досторума муздабаган,
санаа бер душманыма сыздабаган…
Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жакшынын жакшы жагын жазып жатып,
жакшынын жаман жагын унутпайын.

 

МЕН АНДА КЕҢЕШ ЭЛЕМ…

СССР деген жерди мекендеген,
Мен анда менменсинген Совет элем.
Кыргыздар Кеңеш дечү.
Келишкен Кеңеш элем…
Зор элем, өктөм элем,
Черчиллге, Рузвельтке муштум түйүп,
Цеденбалга кучак жайып өскөн элем.

Тартиптүү жигит элем үксүйбөгөн.
Жаман деп түшүнчүмүн
Чет элди рок бийлеген,
шалактап, жалаңдашып,
шапкелерин түз кийбеген.

Мен анда паспортумда Совет элем.
Кыпкызыл күйүп турган,
Жалындап жанып турган паспорт эле!
Күчү күч. Залкар эле.
Кең эле. Чалкар эле.
Шуудурак барагына олтургузуп,
Суу баскан Магаданга алпарды эле…
Кер мурут жигит элем,
Керилип басканымда аяйлаткан.
Жок эле бажы деген,
Жок эле тоскоолдуктар карайлаткан.

Жок эле “жок!” дегендер!
Жок эле “кет!” дегендер!

Кожоюн элем чексиз токойлорго,
тоолорго, талааларга,
көлгө да, чөлгө дагы…
сазга да жерибеген,
музга да түндүктөгү эрибеген.
Көз жетпес көркөмүнө.
Мен анда Совет элем
алдуу-күчтүү,
Кыпкызыл паспорту бар чөнтөгүндө!
Кааласам Караванга,
Айнысам Араванга, Магаданга…
Жүрчү элем ойноп-күлүп араңарда.

…Бир казак, бир грузин, эки кыргыз
сүт куйган бөтөлкөгө вино куюп,
Тбилисинин токоюнда ал-ал дешип,
төштөшүп, кучтакташып, “чекелешип”,
Алатоо аянтында келаткансып,
Руставелли аянтында жетелешип,
Метревелли деген дос грузинди,
мээнетиңди алайын Меке дешип…

Жесир келин коноктоп ак тамында
кийинки бир жылдары Өскеменде
кайнатасы жалпак бет маңка казак
жарабады: “сакоо, кыргыз кет!” дегенге.

Ашхабадда суу өткөрүп аң казып,
Алматыны жүрдүк далай чаңдатып!
…Жүргөнүмдөбул эле Наманганда,
Элеңдеп жан-жагымды карабадым.
Амир аке деген бай тийишкенде,
басып алып бакыртып сабаганмын.

Анда биз Совет элек,
Жок эле виза деген, атуул деген.
Жок эле өз уул деген, жатуул деген.

Биз анда Кеңеш элек…
Кыпкызыл паспортубуз колубузда!
Кыйкырып тосуп алчу
кемеси, поюзу да жолубузда.
Аэропорттор аччу эле эшиктерин.
Самолеттор, кемелер
аңырайтып тосчу эле көчүктөрүн!

Азыр жок СССР да,
Совет да, Кеңеш дагы…

Азыр мен Нуралымын,
Кыпкызыл паспорту жок турам бүгүн.
Бозоргон эски чоктой өчпөй турам.
Виза жок. Жолдор жабык.
Мобуреки Меркеге жетпей турам…
Маңдайымда тикен зым… тикирейген.
Бажы там бүкүрөйгөн,
Автоматчан аскерлер үтүрөйгөн.
Жок азыр Совет дагы, Кеңеш дагы.

Мен азыр Нуралымын…
Мурдагыдан
миң эсе кичирейген…

 

ЖИБЕК АЯЛ

Кыш эле кычыраган, бороон эле.
Күз эле күтүрөгөн, шамал эле.
Оо ал бир орой эле, орой эле,
оо анда көптөр чыны чабал эле.

Жалтанып койгон эмес бычагыңан,
мылтыктан, чокморуңан, ушагыңан.
Туткунун жеңип далай көр турмуштун,
кебелбей чыккан азап тузагынан.

Төкмөнү төкчү кээде нөшөрлөтүп,
кара сөз жазчу кээде өчөңдөтүп,
бир чыгаан болот эле бул ойронуң
талантты бербегенде кечеңдетип.

Ырдаса ыры мукам үнү булбул,
иштесе оозу дудук, жаны дулдул.
Ичкенде булбул да жок, дулдул да жок,
бука баш айбан болуп калчу кургур.

Кубалап же бир куулуп көргөн эмес,
жеңилген же бир жеңип көргөн эмес.
Бүттү деп үмүт үзгөн жерден дагы
бүлүнбөй аман чыккан, өлгөн эмес!

Аңдоосуз айкөл, ак ниет, албан эле,
боорукер, боз чалбаган жандан эле.
Кайгырса кабагына күүгүм кирип,
каткырса карегинде таң бар эле.

Укчу эмес, укмак түгүл басчу да эмес,
Куучу эмес, кууса бирөө каччу да эмес.
Жараткан бул пендесин жаратыптыр:
жаман да,
же жыргатаар жакшы да эмес.

Күржүйүп гүлдөп коюп, “чаңдап” коюп,
Күпүлдөп машинесин айдап коюп.
“Күр” куюп, эки жүздү басып алып,
Кызыр эм тайдын жалын чайнап коюп.

Сөккөндө… жетээр жерге жете сөгүп.
Тарсайып тамекини тандап чегип.
Алдынан чыккандарды коен санап,
Турчу эле өзүн дайым жолборс сезип.

Карабай алды-артына, соо-масына,
Карабай кары-жашка, дос-касына.
Кармаса кара жини карк түкүрүп,
Качырып кирчү мушташ коогасына.

Асылып… аш-тойлордо жөөлөп чыгып,
Койсо эгер…
бирөө-жарым башка кылып…
Көз чыгып, баш айрылып, балакет бас!
“Барс!” сынып турар эле кашка жилик.

Айылды каптап анан… жалаң жалын,
ошо чуу, ошол жалын басылгыча
үйүнө жатып алып, сыртка чыкпай,
роман окуур эле жалаң калың.

Бир айбы, жарым айбы?.. Ууу-чуу өчүп,
калганда көнгөнүнө кайта кетип…
Түнөрүп туш келгенди зырылдатып,
жалгыз бой жесирлерди байкелетип,
дембе-дем бопоросун бурулдатып,
байлануу көк дөбөтүн ырылдатып,
заңк этип,
атын атап,
папылдатып,
өкүртө газды басып,
дүрүлдөтүп,
бул зөөкүр катын уулап таң аткыча,
кенедей айылын чыкчу зирилдетип.

Акжаркын аялы бар эле анын,
ал үчүн бардыгына жүргөн чыдап.
Айтам деп күйөөсүнүн кылыгынан,
аңкылдап бирөө келсе…
аста гана
жылмайып койчу дагы мыйыгынан,
бир укмуш мээрим менен турчу сылап,
майкечен күйөөсүнүн ыйыгынан.

Канча жыл жашап келет,
күйөөсүнө
Айтчу эмес: “Аның эмне?! Мунуң эмне?”
Эри да момун эле жалгыз гана
аялы менен болгон мамилеге.
Күтүүсүз күйөөсүнүн айыбынан,
кан жалап,
кызып калса мушташ жүрүп,
карабай атасына-жотосуна,
аюудай жер коңторуп,
четтен кырып,
талкалап…
бет келгенин чаап-жулуп,
жүлүндөй темирлерди толгоп-толгоп,
билектей темирлерди кычкач кылып
турганда…
кирип келсе аялы анын
жини сууп,
калаар эле тып басылып.

Кош өрүм чачын таштап чалкасынан,
маралдай алга басыш адаты анын.
Дөбөттөй башын салып,
аркасынан
күйөөсү ээрчип кетип баратканын
көргөндөр шыпшынышып айтаар эле,
зөөкүргө назик аял жарашканын.

Көп эле кекенгендер: “Оо кудайым,
көпкөндүн кара көзүн кашайт, кашайт!”
Анан да айтышчу эле:
“Алган жары
капырай кантип коркпой бирге жашайт?”
“Оо, кудай, аял эмес, мунуң түгөт,
оо, кудай, аял эмес, мунуң жибек!”
деген сөз көп айтылып турар эле.
Чынында аял эмес, чүрөк болчу!
Чынында аял эмес, жибек болчу!

Жибектей алган жары салтты кармап,
үлбүрөп турар эле болбой айгак.
Жумуштан келген эрин тосуп алчу,
боркулдап чайы кайнап,
көзү жайнап…

Оо деги одурайган дөөдөй зөөкүр
канчанын коюнунда болду манап.
Бир гана аялынын маңдайында
турчу эле өзүн дайым чиркей санап.

Жалбарып, беш бүктөлүп, дөөдөй түгөт
аялын бир башкача ысык сүйөт!
Табышчу табышкандай суулар сайды…
Желбиреп, туйлаар эле
туудай жаны.
Бир арман!
Жибек аял жибек бойдон
шуудурап турду дагы…
туубай калды.

Таноосунан кетпеген “байтал” деми,
туубайсың деп айткан жок шайтан эри,
зөөкүрсүң деп айткан жок Жибек аял,
сен-мен дешпей ал экөө жашай берди.

Турмуш кандай акылман! Элдештирип,
айып чукуп, сынаптай “мелдештирип”,
туубаганга зөөкүрдү жоюштуруп,
зөөкүрүнө туубасты теңештирип!

Мезгил келсе көнбөскө айла барбы?!
Мезгил менен алар да “майдаланды”.
Жибек аял кенедей кемпир болду,
Бая зөөкүр чүкөдөй чалга айланды…

Көрдөй кылбай үйүнө чырак жагып,
Келатышат ал экөө улам карып…

Эгиз козу – ээрчишип, жобурашып,
баласы да, эри да – жалгыз чалы
маңдайында чай ичип, кобурашып…

Кемегеге от жагат көкөлөтүп!
Келатышат ал экөө жетелешип…

Зөөкүр деген ат өчкөн. Баары кайыл.
Эстегенде: “Жибектей ошол аял
бала эмес, эр баккан” дешет айыл…

 

ЭХ, ДУШМАН, ДУШМАН…

Күрөштөн күйүкпөгөн,
Кармаштан тажабаган
Эх, душман, душман, душман…
Дуулдайт душмандарың,
этектен жерге тартат
көкөлөп учкандарын…

кургакты сууга сүйрөйт
момунду чууга сүйрөйт,
жайыкты өргө карай,
жарыкты көргө карай…

Эх, душман, душман, душман….
жер өрттөп, ордо бузган,
кыйындын жолун бууган
келаткан жолун улап.
Сен ичкен дайра соолуйт,
сен кечкен деңиз какшыйт,
сен чыккан тоолор урайт…

Тынч элге түйшүксүң сен,
түз жолго кыйшыксың сен,
ташсың сен так төбөдө
салаңдап токтоп турчу,
ташсың сен, жерге батып
тап жылбай кектеп турчу,
куураган куурайсың сен,
тикчийген тикенсиң сен –
кеч күздөөрттөп турчу…

Эх, душман, душман, душман…
амал бир, өңүң бөлөк,
карыды нечен пенде
кайгыда башын жөлөп…

Баатырлар туулганда
туулдуң каршысында:
жакшыга – келекедей,
жарыкка – көлөкөдөй…

Эх, душман, душман, душман…
алдууга азапсың сен,
алсызга чатаксың сен,
арсызга атаксың сен
айбанга конуш болдуң,
акмакка добуш болдуң.
Кедейген мушташ элең,
килейген Согуш болдуң…

 

* * *

Ал өзү көркоо неме.
Ал өзү көргө көнгөн көңдөй неме.
Ал өзү тирүү жүрүпөлгөн неме.
Абийирин, уятын дакошо өлтүрүп,
Кемпирдин жалгыз уулункөмгөн неме.
Ал өзү ачык жердин баарын бүтөп,
Ал өзү туюк көрдө турат түтөп.
Адамдын абийириндей алма сатып,
Адамдын канына окшош вино ичет…

Ал өзү көрдөй чымкый уюп-уюп,
Ал өзү көр жаңыртат улуп-улуп.
Акчасын, кара башын көргө катып,
Абийирдүү адам көрсө көргө тартып,
Ал өзү көрдү самайт, “көрдө” жатып…

Калкайган шляпасы – көрдөй булут.
Калкайтып койгон экен көрдөй мурут.
Адалдын жолун бөгөп, дөңдөй кылып,
Алкымын ойгон экен көрдөй кылып…

Ал өзү көркоо неме, көргө көнгөн.
Ал өзү жерде тирүү жүргөн менен…
Абийирин, ар-намысын…
жерге көмгөн…
Ал өзү көркоо неме, көргө көнгөн…

 

* * *

Айрылышта бир башыңды
адаштырбай алып жүрүү кыйын экен…

Күн болуп тегиз күйүп,
ай болуп тегиз тийип турбаган соң,
кыйын экен…

Атаңгөрү,
кезинде кырктан оогон,
кыйын экен,
досторуң душман болгон…

Кыйын экен…
Доско – дос, аялга – эр,
өмүр бою душман болуш душманыңа,
бут тосуп конгонуңа, учканыңа,
суу чачып кайнагыңа, муздагыңа,
түкүрүп туз-даамыңа…
турганы кыйын экен…

Кыйын экен
балага ата болуш дыңылдабай,
пайдалуу тууган болуш тууганыңа,
жүгүрүп тыным албай –
жүгүрүп жүрүп турган,
каткырып ыйлаарыңда,
кайгыда күлүп турган –
кыйын экен…

Кыйын экен ташка таштай,
жумшакка жумшак колдой жагып туруш.
Көөлгүп көлгө көлдөй,
дайрага дайра болуп агып туруш…

Кыйын экен кыскарбай учталганга,
үндөбөс ата болуу үч балаңа,
кайгырбас ата болуу кыз балаңа.

Кыйын экен карага актай жугуп өңүн ачып,
жаманды тордой тосуп желелениш,
муздакка жылуу сөздөй коюн ачып,
түз чуркай турган жерден тегерениш.

Кыйын экен, кыйын экен…
жукарбас канжар болуш кайрагыңа,
жашыл төр жайлоо болуш жайдагыңа,
жаансыз булут болуш аймагыңа…

…жаңылыш өмүр чиркин жайлап барат,
…жаңылбас Жердин шары айланууда!

 

* * *

Оо жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жамандын жаман жагын жазып жатып,
жамандын жакшы жагын унутпайын.

Көз бергин таразадай,
акыл бер, көкөлөткөн кол чырагын,
байлыктын жолун айтып каргашадай:
байларың кедейлерден кор турарын,
жылкыдан жыгылганда аман калып,
эшектен жыгылганда кол сынаарын…

Айла бер, амал бергин,
айбат бер, айгайлатып.
Жылуунун баркын унтуп калган адам,
барышы керек экен карга кайтып,
чындыкты коргош үчүн адам анан,
аргасыз жашайт экен жалган айтып…

Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
бычактын мокогун бер чатагыңда,
ынсап бер ким-бирөөнү кууп калсам,
кубат бер качаарымда…
Кыз бергин барган жерин тыштабаган,
куш бергин өскөн жерин кыштабаган,
жүрөк бер досторума муздабаган,
санаа бер душманыма сыздабаган…

Оо, жараткан,
ыйман бер жазаарымда,
турайын күзгү суудай тунуп дайым,
жакшынын жакшы жагын жазып жатып,
жакшынын жаман жагын унутпайын.

 

ТӨКӨЛДӨШ

I

Калаанын четинде бир
калдайып калыңөскөн талдай болуп,
улуу тоодон агып келип,
токтоп калган салдай болуп…
Калаанын капталына тумшук малып,
жатаар эле Төкөлдөшүм
метиркасыз төрөлгөн балага окшоп…

(Уч  карагай уч-учун учтап эле,
уруксаатсыз салынган кыштак эле…)

Уруксаатсыз салынган кыштак эле,
учук-учук бөлүндү жолдой болуп,
ийри-муйру көчөсү турар эле
чала сунган өзүмчүл колдой болуп…

 

II

Бейкут эле Төкөлдөш,
бейкут эле,
бейкут жашап жатышкан
эл-журт эле…

Бейкут эле түнү да,
таңы дагы,
жарык эле жарк эткен
чагылганы…
Бейкут эле жолдору
чаңдап жаткан.
Бейкут эле морлору
жылдыз чачкан.
Бейкут эле жамгыры
ылайды эзген,
бейкут эле кыздары
ылай кечкен…

…Ажайып бир кез эле
Асан ырдап,
Ажайып бир кез эле
Шакең жыргап,
Алыкулдун кезиндей Элчибектин
кашаасынан татар кыз колун булгап…

…Күн күркүрөп
жарк-журк деп чагылганы,
Кубан комуз,
Сагынбек гитар алып,
гитар-комуз добушу жаңырганы…

Жүзүм эле бакчасы бышып турган.
Жылдыз эле асманы учуп турган.
Гүлмирага кат жазчу Кубан деген,
Сүйүү менен шарапка кызып турган.

Оштончу эле кыздары ойбойсуган,
Кылыктуу эле кыздары моймолжуган,
Төкөлдөштө гүл аңкып түнү бою
Төкөлдөштү гүлгө ороп койгонсуган.

…Обончу эле Төкөлдөш кыяк тарткан,
Ортомчу эле Төкөлдөш пияз саткан.
Дүңгүрөгөн жаз келчү Төкөлдөшкө,
Төкөлдөштү Төкөлдөш сыяктанткан…

…Бейкут эле Төкөлдөш бейкут эле,
бейкут жашап жатышкан эл-журт эле…

 

ТҮРМӨДӨ

Темир, темир…
Темир эшик шалдыраган.
Темирдей муздак өмүр,
муздак көз жалдыраган.

Бүтүйгөн тар терезе,
бүлбүлдөп жарык кирет.
Аба  ным, арман толгойт,
айкырып ийгиң келет,
кыйкырып ийгиң келет…

 

ЧАЛ

Эх, десең, кыйын экен, кыйын экен…
Бул өмүрүң, бөлүнгөн тең экиге,
ортосунда көрүнбөс узун парда,
Эх, десең, кыйын экен, кыйын экен…
мейли жаан, мейли карда,
кыйын болду калжайган мобул чалга.

Саманын калтыргандай ажыратып,
буудайын алышкандай оруп туруп.
Узак жыл чаап келип татыратып
сүмбөдөй бу күлүктү зоруктуруп
ташташты карыганда арман десе,
калчылдап каруусу жок калган кезде.

Ал дайым аман калып келген эле
ажалдын торун жайган тозотунан,
кырсыктын аңдып аткан кош оозунан,
тагдырдын таш кулаган тар жолунан,
жашоонун жалын урган от оозунан.

Эх, чалым, кайран чалым, кайран десе,
жүгүнүп турар элең жумуш десе,
жүгүрүп турар элең майрам десе,
өлкөң жок, күчүң алып мактап турган.
кемпир жок маңдайыңда маяна деп,
кемпир жок маңдайыңда какшап турган.

Эх, чалым, кайран чалым, кайран десе,
чайың жок дасторкондо ысык ууртам,
үйүң жок асты калың, жылуу жууркан,
күбүлдүң айнек сымал жайнап туруп,
тымыдың чайнек сымал кайнап туруп.

Калжайган кайран чалым тиши түшкөн,
шалдайган кайран чалымиши күткөн,
түлөгөн тумак кийип төбөсүнө,
өтпөгөн орден тагып жакасына
токсондун корун тартып жашап жатат,
тагдырдан өмүр алып жазасына.

Эх, чалым, кайран чалым, кайран десе,
дененин сөөгүн алып, этин тыштап,
өмүрдүн улам катаал кышын кыштап,
өмүрдүн туз уюган түбүн шыпкап,
муздаган өмүрүнө соңуркабай,
муш жеген Момун чалдай…
муңканган Момун чалдай турат муздап…

 

* * *

Жылууну бороон алды көмүр көптөй
Суу алды көпүрөнү темир көптөй.
Он мүнөт өмүр сурап алгыс кезде,
Он жылым текке кетти өмүр көптөй…
(Н.К)

Эх, десең көңүл калды, көңүл калды,
көңүл калды кармашкандан,
кордошкондон,
чагымчы душмандардан,
чыккынчы жолдоштордон.

Көңүл калды көк союл, бычагынан,
чыла даам ушагынан, чынжырлуу тузагынан…

Мейли алар жаагын жанып
турсун какшап,
чыккым жок бирин көөлөп,
бирин актап,
калыстык болсун кантип кармаштарда,
муш жеген, муш урган да бирдей акмак!

Эх, тагдыр неге чыдап жаттым экен,
Мен эмне бул кармаштан таптым экен.
“Агына-карасына” кар түкүрүк
өткөндүн дарбазасын жаптым бекем!

Каптаган кайгы-туман, булуттарын,
Көкөйдө ыза-кектин жулуп баарын,
Кубалап тазын дагы, касын дагы,
Тазалап чочко көзүн, муруттарын.
Өткөндүн дарбазасын жаптым бекем,
Жаралуу жаным, жүрөк, унут баарын!

Көзүмөн жаш куюлду салаа-салаа,
Эх тагдыр, сага чала, мага чала!
Он бир жыл жакалаштык, салгылаштык,
Кор болду сая кеткен
өмүр гана.

Эх, душман, сага чала, мага чала,
Кор болду кайран өмүр, өмүр гана!..

 

* * *

Акжоолукчан Айлык деген аялдан,
байжоолукчан Байлык деген аялга
кеткен өңдүү, кеткен элем
кедейликтин жибин үзүп…

Байжоолукчан Байлыктын айлынан мен:
үй көрдүм күн караган терезеси,
булут көрдүм жер караган көлөкөсү…

Адам көп ал тарапта колдошпогон,
акылдуу агалар көп ал тарапта
Кырсыктай адам менен
жолдош болгон.

Байжоолукчан Байлыктын
айлынан мен:
аппак гүлүн жаадырган алма көрдүм,
жашыл шибер жайкалган
шалбаа көрдүм,
айдың талаа ыңкыган эгин көрдүм,
алтын нурлар эгинге төгүлгөнүн…

Байжоолукчан Байлыктын
айлынан мен:
колдоосу зор бейиштей дүйнө көрдүм,
кордугу көр тозоктой түрмө көрдүм…

…абийир деген ал жакта чымчык экен,
адам деген ал жакта Кырсык экен…

 

* * *

Кездер болот кичирейген…
дуулдап көчүп турган кептен дагы,
дүркүрөп өсүп турган чөптөн дагы,
доңуздай достон дагы,
дулдуйган душмандан да…

…ээ кылбай жулуп кеткен
байлыктан да,
жуулбай үч жыл бою колун аарчып,
үстү-үстүнөүйүп кеткен майлыктан да,

башына барскан жеп,
жепирейип жерге кирген казыктан да,
тогуз жолу толгонгон
томолок баш кашыктан да,

чымындан, чиркейден, чаңдан дагы,
чамасыз чалдан дагы,

ириңи толуп турган жарадан да,
иттиги ашып турган жалаадан да…
кичирейген кездер болот,
болот кездер кичирейген…

Деңиздей достор сени эстебеген,
деңиздей достон душман толкун жасап,
өгүздөй толкунунан төшкө жеген,
кайыктай какжыраган жээктеги,
көз-жаштай көздөн аккан ээктеги,
кум дагы кур балыктай куйругун чаап,
чыңырып чынын айтпай сөөктөгү,
чымындай жанын уучтап
турган жалгыз…
Кездер болот кичирейген,
болот кездер кичирейген…

Тагдырда – талаасынан көч өтпөгөн.
Жалаада – көчөсүнөн сөз өтпөгөн.
Тегизде – чаң-тозоңу сапырылган,
Деңизде – толкун жээкке атырылган.
…кездер болот кичирейген,
болот кездер кичирейген…

 

* * *

Эх, досум баарын көрдүк,
баарын көрдүк…
Бүгүн күн начар болсо, эртең дурус,
тагдырдын таразасы оош-кыйыш.

Бүгүн – терс, эртең балким оң болмогу,
бүгүн – жок, эртең балким бар болмогу,
тагдырдын ташы – салмак, түбү  —  чыдам,
чоң жолго чыгат адам тар жолдогу.

Душмандын начары жок, кыйыны аз,
дуулдап тийген душман ойрон болду.
чабуулду койгон менен билбегендир,
чабуулдан кийин кайра коргонгонду.

Эх, досум, баарын көрдүк,
баарын көрдүк…
тагдырдын майдай жибип,
тоң болгонун,
күзгүдөй тегиз достор ор болгонун,
бейиштей багын издеп чиркин өмүр,
тозоктой жерге түшүп кор болгонун…

 

Эх, досум, баарын көрдүк,
баарын көрдүк…
жыргалын, бейишин да, азабын да,
бандитин, бечелин да, чатагын да,
начардын ырыскысы этке айланып,
кыйындын кайнап жатат казанында…

болбостур кайгырганга, каткырганга,
болбостур жашыганга, жаш алганга…

…Замандын карап бүркөө булуттарын,
замандын түрүн көрүп буюкпадым.
Замандын төгөөр бир күн жылуу жааны,
Замандын түшөөр бир күн тунук кары.

Эх, досум, баарын көрдүк,
баарын көрдүк.
Бүтүндүн баркын билдим сынганымда,
Тазанын баркын билдим тунганымда.
Эх, десең, өмүр өлчөм, тагдыр татаал,
Чаалыкпай жер айланып турганында.

 

МИГРАНТТАР

Күчүктөй пайда издеген
кыйгач карап,
үзүктөй калың чачын
кыйгач тарап,
дөбөттөй этти карай,
эшектей чөптү карай
жулкунган заман келди.

Ой-тоодон отун издеп
отун саткан,
отуз сом пайда чыкса
отуз жыл чогуу жүргөн
досун саткан.
Туягына ишенип
тулпар болбой,
канатына ишенип
шумкар болбой,
чыдамына ишенип
төө болалбай,
чоң башына ишенип
мээ болалбай,
чоң катынга ишенип…
ээ болалбай,
жарыгы жана келсе
биликче жок,
кочкору кууй келсе
ирикче жок,
катуусу була болгон,
тазасы чыла болгон
заман келди.

Жондуулар жымыңдаган,
кыйындар кымыңдаган,
түлкүлөр жалпактаган,
коркоктор жалтактаган,
карыздуулар карыз издеп
каргадай күнү-түнү салпактаган…

Жонуна төрт кишини
карк кылаар аш байланып,
бооруна бир өлкөнү
мерт кылаар таш байланып,
кемшейген кемпирлери
улан күткөн,
келишкен жигиттери
жубан күткөн,
калжайган карыларын
кызга түрткөн,
өзөн-сайда жаз-жайды
кышка түрткөн,
өскөн жерде балдарын
сыртка түрткөн
заман келди…

Заманың ары болсо,
ары бол деп,
бери болсо бери бол деп,
заманың бөрү болсо,
бөрү бол деп,
Мекенге жатып албай
догун артып,
турмуштун запкысын жеп,
корун тартып
жаштарың жапжаш күчтүү,

жаштарың тарам-тарам
таанылгыс жолго түштү.
Мен ага кейибеймин,
кезинде келет алар
ийленген териге окшоп,
чыңалган темирге окшоп
келет алар
кеңейтип тар жолуңду,
түшүнүп бар-жогуңду
келет алар
замбиректей ок атышып
жокчулуктун аңырдай
бош оозуна,
тагдырдын шамал урган,
жашоонун жалын урган
от оозуна.
Башына ак кебездей
акыл жыйып,
боюна чулу чоюн
каруу жыйып…

Алдуулардын алдында мөгдөп турган
өз өлкөсүнсүйүнткөнү,
өңгөнү эмес,
өзүм депдегдеп турган
жону жука өлкөсүн кийинткени
келет алар
толкун жарган кемедей
топту жарып,
келет алар
эшолондой дүкүлдөп
дабыш кагып,
лом темирдей сайылып
жалкоолукка,
айбалтадай чабылып
ыкшоолукка,
жакырчылык дегендин
колун жулуп,
кедейчилик дегендин
бутун жулуп,
жокчулукту жер менен
жексен кылып,
ысыктын табын алып,
салкындын желин алып,
сулуунун мөлүн алып,
келет алар
мөгдөгөн өлкөсүнө
өчпөгөн жарык алып,
келет алар!
Балким болоор
канаты кайрылгандар.
Кыйкуулап учалбаган
уядан айрылгандар.
Бөлөк элди элдегендер,
бөлөк жерди жердегендер,
түбөлүк ата-журтка келбегендер,
түбөлүк көздө жашы көлдөгөндөр,
Арман толгоп,
сапарынкар баскандар,
карманаарга тал таппай
адашкандар…
Алар аздыр,
көптөрү кайтып келээр,
туудай тутуп тууган жер-туурларын.
Күн нурундай тараган уулдарың,
таалай издеп сен үчүн сапар чеккен,
уулдарыңөжөр-өктөм,
уулдарың бүркүттөй шаңшып учкан,
карлыгачтай кайкып учкантегиз менен,
кыйкуулаган турналардайасмандагы,
келишет чардактардай деңиз менен,
уулдарың келгиндейжаз баардагы,
уулдарың – барчындарың,
уулдарың чарчабасчалкарларың,
чоюн жери болот болгон,
чакан өмүр жомок болгон,
Ата-журтун жоготпогонасылдарың
келет баары!
Самолеттой бороздоп асманыңды,
көк добулдай жапырыпбак-шагыңды,
эшелондой дүкүлдөп жер үстүндө,
толкун жарып кемедейдеңиз менен!
Келишет уулдарың
сен күткөн, сен издеген
жол каратпай келишет каралдылар
ый, жоготуу, кубаныч,жеңиш менен!

 

* * *

Биз баарыбыз кошунабыз,
үйүбүз, жумушубуз
маңдай-тескей,
кол булгашып айнектерде,
автобуста, кафеде
маңдай-тескей отурабыз.
Эки жээк бир көчөдө
агылып баратабыз
ийилип баш ийкешип,
жылмайып карашабыз.
Биз баарыбыз кошунабыз
кошуна ашканада тамак ичип,
кошуна театрда оюн көрүп,
кошуна орунтукта отурабыз.

Кошуна машинеде,
кошуна автобуста,
кошуна темир жолдо,
кошуна самолетто баратабыз.
Кошуна бел ашабыз
кошуна тоо ашабыз.

Кошуна океандар тартылышып,
кошуна толкундары жүгүрүшөт.
Кошуна континенттер кол булгашып,
кошуна бак-дарактар жүгүнүшөт.

Кошуна чөлдөн чөлгө ысык тарап,
кошуна көлдөн көлгө салкын тарап,
кошуна колдон колгоо жылуу өтүп,
кошуна көздөн көзгө жылдыз жанат.

Биз баарыбыз кошунабыз.
Кошуна терезелер жарык күйүп,
кошуна шаарларда ыр ырдашат.
Кошуна кыз-жигиттер термелишип,
кошуна планеттер жымыңдашат.

Биз баарыбыз кошунабыз,
жумушта, машинада, поездде,
самолетто, материкте, өлкөдө,
маңдай-тескей олтурабыз.

“Салам!” деп кол сунабыз,
алик ал,
кошунабыз!…

 

* * *

Бери кара,
оо досум, бери кара.
Башка салса баарына көнөт адам.
Муз үстүндө тарбайып тамыр жайып,
ак мамыкта калжайып өлөт адам.
Суу үстүндө дардайып чабак уруп,
кара жерге “кур-р” этип чөгөт адам.

Анын баарын айла жок ойлобоско,
ойдун артын арга жок улабаска.
Аксаң эгер айлаң жок сойлобоско,
жаасаң эгер айлаң жок кулабаска.

Адам гана тик басат чынын айтсак,
жан бүткөндүн бардыгы төрт аяктайт.
Адам гана жыргалын эрте баштап,
адам гана азабын кеч аяктайт…

Соц тармактар:

Нуралы Капаров: 2 комментария

Добавить комментарий