Тургунбек Бекболотов

(1948-2014)

Талас облусуна караштуу Киров районунун Ак-Жар айылында 1948-жылы 12-декабрда туулган. Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүргөн.

Эмгек жолун Ак-Жар орто мектебинде мугалим болуудан баштап кийин, райондук гезитте кабарчы, башкы редактордун орун басары, Коммунисттик партиянын Киров райондук комитетинде инструктор, Киров атындагы колхоздо парткомдун катчысы болуп иштеген.

1997-жылы «Көз караш», 1999-жылы «Чарчаган кылым», 2003-жылы «Муздак тамчылар», 2007-жылы «Кечиккен ырлар», 2008-жылы «Махабат-бүтпөс дастаным» ыр жыйнактары жарыкка чыккан. Ырлары, макалалары, айрым аңгеме, очерктери республикалык басма сөздөрдө, «Ала-Тоо» журналында, альманахтарда жарыяланган.

2006-жылы Эл аралык Б.Сарногоев атындагы сыйлыктын ээси, 2006-жылы “Талас өрөөнүнүн чыгаан атуулу” наамын алган.

1999-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

2014-жылы 23-декабрда 66 жаш курагында оорудан улам  дүйнө салган.

 

Тургунбек Бекболотов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Кечиккен баатыр

Чынчыл акын чын дүйнөгө кете берди

Чыңырган ырлар

Тургунбек Бекболотов, акын: «Токтогулдар топ ичинен сүрүлүп,/Тууга айланып алган бүгүн Арзымат»

Акын Тургунбек Бекболотов көз жумду…

 

Ырлар

ОШЕНТЧИ САДАГАСЫ

Мен олтурган турмуштун арабасы,
Эптеп жылып жатканда, садагасы,
Каптал жактан төгүлгөн шоола болуп,
Карегиңди кайталап кадабачы.

Биздин көчө тараптан өтпөй жүрчү,
Уулум чыкса алдыңан өппөй жүрчү.
Араң турган сезимге жалын түшүп,
Капилеттен өрттөнүп кетпейличи.

Элеңдетип эсимди чыгарбачы,
Эшигимдин алдынан суу албачы.
Өзгөрүүсүз жазыла бергени оң,
Өмүрүмдүн жөнөкөй чыгармасы.

 

* * *

Капилеттен иштер болуп күтпөгөн,
Жанчылгансып, чарчап турат бүт денем.
Атаганат, алыс кете албассың,
Жүрөктөгү мындай оор жүк менен.

Кайгы минтип катарымды аксатып,
Улам бирин келбесине аткасып.
Чырмалышкан курбулардан ажырап,
Чачтарымды бара жатат ак басып.

Ташка чаап тагдыр үмүт, тилегин,
Ким ойлоптур ажал коштоп жүрөрүн.
Жесир калган аяштарды көргөндө,
Жерге, сууга батпай калып жүрөмүн.

 

КАЯКТА КАЛДЫ АР-НАМЫС? 

Тайкыбы тагдыр? Такалып калдык жарга биз,
Максатпы бүгүн кыбырап эптеп жан багыш?
Калкыбыз үчүн карууну казык кылалбай,
Көкүрөк бар да, калган жок окшойт ар-намыс.

Закымбы бакыт? Кол менен кармай албагыс,
Адашып жолдон, түгөнүп турат аргабыз.
Тегерек четке теңата боло албаган,
Канакей? Кана? Калдыбы бизде ар-намыс?

Жогуна чыдап, каниет кылып барга биз,
Жонубуз жооруп, жорголоп калган алдабыз.
Баарынан дагы кашайтып жанды турганы,
Канакей? Кана? Каякта калды ар-намыс?

 

* * *

Чыңырат чындык, чыңырат,
Чыкыйга үнү угулат.
Чарчаган окшойт бечара,
Чалынып улам жыгылат.

Жакшылык күткөн кул сымак,
Жалооруп тиктеп умсунат.
Жалгандын торун үзүүгө,
Жардамга колун ким сунат?

 

ЭХ, АТАҢЫ…

Журтум бар деп жөлөнүп-таянарга,
Жүрөм, калкым, кыбырап араңарда.
Жакшылыктан үмүттү үзбөсөм да,
Жаным кейийт артымды караганда.

Колум менен өзүмө кылганымды,
Кимден көрөм? Келтирет ыйлагымды.
Кыйраткансып жүрсөм мен эдиреңдеп,
Кырып салган экенмин жылдарымды.

Чычаладай жарыксыз күйгөнүмдү,
Чыйт түкүрүп, кенебей жүрбөдүмбү.
Чүлүк салып мурдума коюшканын,
Чач агарып калганда билбедимби.

Өчүм бардай өзгөчө эртеңкимде,
Өжөрлөнүп өмүрдү кертем күндө.
Өчүп бара жатканга өкүнөмүн,
Өзүмө-өзүм жараткан көркөм дүйнө.

Эргитүүчү бийикке, тереңдерге,
Эмне калды, билбеймин, көрөңгөмдө.
Эх, атаңы, башкача жашамакмын,
Эми кайра экинчи төрөлгөндө…

 

ӨМҮР ӨКҮТҮ

Мен эңсеген жолдор калып капкайда,
Билбейм, бүгүн жүрөм кайсы жактарда.
Атаганат, акылыма келбепмин,
Өзүмдү-өзүм чалып жыгып жатканда.

Эмне көрдүм? Эмне таптым? Өттү өмүр,
Өкүнүчтөн ооруп турат тек көңүл.
Эч мойнума алгым келбей жатпайбы,
Эбак эле базарымдын өткөнүн.

Убагынан, ырас, эрте токтолуп,
Биз жашадык өзүбүзгө чек коюп.
Билинбестен өтүп кетти бүт өмүр,
Күрөшүүдөн моюн сунуу көп болуп.

Жарып чыгып кетүүчүдөй туюлуп,
Жан дүйнөмдө жүрөт өкүт буюгуп.
Акыл кирип алтымыштан ашканда,
Ар бир күндү узатамын кыйылып.

 

УЛУТ АБИЙИРИ

Ураан таштап жүрүп колот, коктуга,
Урунду элим оңбогондой соккуга.
Уруулашып улуу-кичүү дебестен,
Улут болуп калыптанган жок тура.
Анан калса түндүк-түштүк аталып,
Өлкөбүздү өрттөй турган от мына.

Ошол отту факел кылып көтөрүп,
Прометей сезет өзүн ар кими.
Тиш кычырап, турса дагы кекенип,
Убадалар берет түрлүү жандими.
Опол тоодой максат күткөн элибиз,
Шылуундарды тууга айлантып алдыбы?
Эмне болду? Жол каякта? Ким билет?
Кайдыгерлик төрүбүздө үргүлөп.
Аткарылбайт Мыйзамдары, Жарлыгы.

Жанга батып жатса дагы жакырлык,
Баш көтөрбөй баарын ичке батырдык.
Жараткандан үмүтүбүз үзүлбөй,
Жардам күтүп, жакшылыкты чакырдык.
Айла такыр түгөнгөндө аргасыз,
Жеп чапчылап өкүрдүк да бакырдык.
Анан, анан соолугуп да, чарчанып,
Абийирибиз менен кошо сатылдык!

 

ЧАЛА, САГА ЭРКЕКТЕР
(обончуларга ода)

Капырай, каргап-шилеп тургандар ким?
Урпагы эмес булар Курманжандын.
Кубалап кыргыздардан кылым кунун,
Каны ойноп жаткан жокпу  жунгарлардын.

Ажылдап аялы албуут эркегинен,
Заманбы тентеги көп жөнтөгүнөн.
Көкүтүп алдуубайлар, малдуубайлар,
Акчасын чачып жүрөт чөнтөгүнөн.

Аянттар атасынын төрү сымак,
Айкырган сайын арам тери чыгат.
Айрылып асыл нарктуу аялзаттан,
Кыргыздын гана мындан бели сынат.

«Ызы-чуу болуп турсун»- деп тиленип,
Күткөн көп «алабыз биз кекти»- дешип.
Калыстык кылып көрчү, каяша айтып,
Катындар баса калат тепкилешип.

Унутуп жакшы-жаман айырмасын,
Унутуп уул-кыздын тарбиясын.
Элирип, эгемендик жылдарында,
Жараттык «ажаандардын армиясын».
Туруштук бербей мезгил сынагына,
Өзүбүз калдык окшойт убалына.
Алдыга айдап алып аялдарды,
Айланттык саясаттын куралына.

Тандалып катындардын таркылары,
Анан да акыл-эси тайкылары.
Түрүлүп Түптөн бери кезегинде,
Казакка карматканбыз Каркыраны.

Аялга болгон сезим ыйык тумар,
Аруулук менен гана бийик чыгар.
Аттиң ай, араңардан чыкпадыбы,
«Кой, ай» — деп бейжайларын тыйып турар?

Абийир-ар таңсык болгон бул кылымда,
Акча — бул баарыбызды кул кылууда.
Аздектеп аялзатын күтө албаган,
Эркектер, бизге чала, чындыгында!

 

УУЧУБУЗ КУРУБУ?

Капыс болуп калк азат,
Шашып калдык байкасак.
Ошол күндөн ушул күн,
Табылбады балта сап.

Өтөт билбейм канча убак,
Өксүсөк да жан чыдап.
Өкүндүрөт чыгалбай,
Өзүбүздөн камчы сап.

Жашайбыз деп жагынбай,
Жанып кетип жалындай,
Чуркап жүрбүз чурулдап,
Бычакка сап табылбай.

Уучубуз курубу,
Уул кана чыныгы?
Бузукулар табалап,
Бурчтан карап турубу?

 

* * *

Эр арыса калың эл багар,
Эл арыса аны жер багар.
Төбөсүнө Эрин көтөргөн,
Ошол элим бүгүн кембагал.

Канча кечүү, канча дабан бар,
Күтөт бизди кандай замандар.
Ким билиптир бирок түйшүгүн,
Көтөрүшөт кара тамандар.

Дүйнө-сахна, жүрөт оюндар,
Канча кызык, канча сонун бар.
Көшөгөнүн бери жагынан,
Көрбөйт аны бирок момундар.

 

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮКТҮН ЖЫЙЫРМАНЧЫ ЖЫЛЫНДА

Айчыктуу ак калпагы алчылана,
Тулпардын туягынан чаң чыгара.
Тоо койнун жойлоп жүргөн бабаларым,
Колуна курал болуп камчы гана.

Арсыз деп убадага бек турбаган,
Кары-жаш сөз кадырлап, кеп сыйлаган.
Туш-туштан жоо жакадан алса дагы,
Эзели баш калкалап чеп курбаган.

Эр сайыш эрдик эмес оюн деген,
Мылтыкка каршы чапкан союл менен.
Кыргызым кылым кезип келатасың,
Буйруган белгисиз бир жолуң менен.

Тажатып бийликтеги сайпаналык,
Алса да курал кесеп, калкаланып.
Ак үйгө муштум менен чабуул койдуң,
Көкжалдык каныңдагы кайталанып.

Ооба, ырас, өлкө бүгүн чабал, жарды,
Жер тырмап багат көбү араң жанды.
А бирок бийлик талаш жүрүп жатат,
Алдына калкан кылып аялдарды.

Элим ай, туман болуп ары жагың,
Эркиндик тийген менен жарыбадың.
Эрлериң элди экиге бөлүп-жарып,
Калыстык кылбай калды карыларың.

Көргөндө жандүйнөнүн иригенин,
Басар жол, барар жерден түңүлөмүн.
Уйку-соо, бутту сунуп ныксырабай,
Ойгончу, эртең эмес бүгүн элим!

 

ТООЛУКМУН

Тоолукмун дейм сураса баянымды,
Тоолорумду а бирок аядымбы?
Тоолуктарым жол таппай турган кезде,
Томуктай бир ишине жарадымбы?

Тоголонуп бериде чаңда калып,
Тоолор жерип калганын аңдабадык.
Торпокбаштар көбөйүп сөз бакпаган,
Тоолук кыргыз кетиптир майдаланып.

Топураган адамга теңелбеген,
Тоолорум ай, тоолорум, кебелбеген.
Туу чокуңа суктанып карап коюп,
Турам бүгүн жытташып дөбөң менен.

Тулпар минип, туйлаткан аргымагын,
Тоолор билет кыргыздын таржымалын.
Түптүү элдин байыртан баскан изи,
Түйүнүндө калгансыйт канжыганын.

Тоолукмун дейм сураса баянымды,
Тоолорумду а бирок аядымбы?..

 

ДАТКА ЭНЕ

Кылыч сунуп кыргыз түшкөн кырлардан,
Биздин күнгө жомок менен ыр калган.
Тарых күбө, турат элдин эсинде,
Тууга айланып датка энебиз Курманжан.

Аруу болчу эл, жер деген тилеги,
Кыргыз үчүн кылыч эле жүрөгү.
Уулунан да улуу эли бардыгын,
Бүгүн кыргыз даткачалык билеби?

Бабалардын байыртадан кеби чын,
Көктөн жерге куш да түшөт жем үчүн.
Бул чындыкты тээп салып датка эне,
Башын сайып койгон тура эл үчүн.

 

МЕЗГИЛ

Күүлдөп агат мезгил,
Коңгуроо кагат мезгил.
Алдыңан атырылып,
Артыңда калат мезгил.
Ооматы келип турса.
Ордолуу абат мезгил.
Оонатып уйпалайбы,
От болуп куйкалайбы,
Оюнга салат мезгил,
Бирөөгө жагат мезгил,
Бирөөнү чалат мезгил.
Билекке ишенгенди,
Билгизбей чабат мезгил.
Белиңди майыштырып,
Териңди кайыш кылып,
Акысын алат мезгил.
Билбести зериктирип,
Билгенге сабак мезгил.
Ошентип өмүрүңдү,
Оюп жеп барат мезгил…

 

ДАБА БАРБЫ?

Мыйзам бүгүн буйлаланган төө белең,
Акчалуулар менчигине ээлеген.
Төрдү чанып, төбөбүздө олтурган,
Төрөлөр көп «төө» деп айтсаң, «бээ» деген.

Калп айтуудан алышканбы мелдешип,
Кара күчкө кыйкырышат «эл» дешип.
Сурап көрчү ачта «оозуң кайсы» деп,
Чычайышат мурундарын көргөзүп.

Карасаң эй, каны-жаны бирдигин,
Чырмалышып алган байлык, бийлигиң.
А калкымдын кабыргасы кайышат,
Көтөралбай Ата-Журттун түндүгүн.

Ордо тарап чүкө болуп чертилип,
Кыргыз жери кемийт улам кертилип.
Очорулуп, онтоп жатат Мекеним,
Омурткасы оңбогондой мертинип.

 

* * *

Келди кезек, керегине жарасын,
Күтөт элим азыркынын Манасын.
Тамырыбыз куурап кете электе,
Табалычы айыгуунун дабасын.

Жаралгандай жегенге жалаң эле,
«Аалам эле» деп жүрүп, анан эле.
Жырткыч болуп кетипсиң, жылас алгыр,
Ишиң жүргөн ошондой заман эле.

«Заман эле», — деп коем, «заман эле»,
Заман эмес тапкан жол жаман эле.
Шылуундарга шыбага болуп өлкө,
Жашап келе жатат Эл араң эле.

Турмуш өзү келтирип кезегиңди,
Берип коет эселеп эсебиңди.
Арттырарың эмине бул дүйнөгө,
Ажаткана толтурган тезегиңби?

 

БИР КУДАЙГА ЖАЛЫНЫП…

Көңүлүмдү турат бүгүн кир чалып,
күн да неге ысып алган мынчалык.
Көчө таптайт канча кыргыз жигиттер,
Пайдасы жок саап ичер уйчалык.

Маанайым пас, үзүл-кесил үмүтүм,
Деги биздин кылган мээнет ким үчүн?
Шымаланып, элибизди тозокко,
Шыкап айдап жаткандайбыз күнү-түн.

Көрбөй элдин өнүп-өсүп жатканын,
Жазат дебе жалаң жаман жактарын.
Баюу гана максатыбыз болбосо,
Жоготуудан башка эмне тапканым?

Жүз жыл эмес, он жыл алдын карабай,
Ар ким колдон келишинче таламай.
«Чыйт» түкүрүп, ичип, чычып жүрөбүз,
Каяша эмес, каш үйрүүгө жарабай.

Бирөө-жарым баш көтөрсө жабылып,
Тытып жемей, бийлик үчүн жагынып.
Кимге ишенем? Эл деп күйгөн бар бекен?
Жүргөн кезим бир кудайга жалынып.

 

БУРАДАРЛАР, ҮНҮМДҮ УККУЛАЧЫ

Тоолор менен мактанам, эрдемсинем,
Керемет эй, керемет, келберсиген.
Бешенеме жазылган жер эмеспи,
Бейиш жактан көчүрүп келгенсиген.

Күнгө бүлөп чокусун, айга сунар,
Мактанычым-тоолорум, дайра, суулар.
Бүркүт мүнөз болуубуз керек эле,
Бирок неге, кандаштар майдасыңар?

Кысталышта табылбай туу кармарың,
Көбөйүүдө эки сөз, куу балдарың.
Улуу тоонун койнунда жашайт дагы,
Пастык кылып коюшат, туугандарым.

Бир тамырдан улаган миң тамырын,
Ырас, тоолук кыргыздын урпагымын.
Бирок, байлык, бийликтин байгесинде,
Билбей калдык чобуру, тулпары ким.

Корком, корком, эй кыргыз, эртеңиңен,
Башка чапчу тарыхтын келтегинен.
Тоо, токойлуу, сууга бай өлкөбүздү,
Ажыратып албайлы көркөмүнөн.
Бурадарлар, үнүмдү уккулачы,
Буркураймын Байтиктин Бөлтөгүнөн…

 

КЫРГЫЗДАР

Башкасы болбосо да,
Мактануу келет биздин колубуздан,
Тогузу төш кагышып онубуздан.
Ааламды тепсеп кетпей,
Араң жүргөн окшойбуз жогубуздан.
Асмандан таш кулатып…
Дымагыбыз тоо томкоруп, чоку бузган.
А бирок, бийлик сөзүн сүйлөгөндө,
Айырмабыз деле жок тоту куштан.
Карматпай келет бакыт закым болуп,
Куш болуп чочуп учкан.
Мактанабыз,
А бирок, шыгыбыз жок мактанганга.
Эргип-эргип кетебиз бирөөлөргө,
«Жаман» деген жарлыкты чаптаганда.
Үркүп жүрүп ,
Аңгек көрсөк,
Бирибизди бирибиз түртүп жүрүп.
Жоголуп кетпей дагы,
Кудай бизди сактаган да.
Кылымдардан келаткан уркубуз бар.
Керек кезде,
Бир муштумга түйүлөр,
Ынтымак-ыркыбыз бар.
А бирок, көкүрөктө багып жүргөн,
«Көрө албастык» деген бир куртубуз бар…

 

КОРКОМ

Абийир-арым азырынча таза эле,
Алаарым да, сураарым да аз эле.
Четинде эмес, эл ичинде болоюн,
Чечпесем да чечкиндүү бир маселе.

Турмуш жүгү үстү-үстүнө үйүлүп,
Туруп кете албай жүрөм күбүнүп.
Чындык издеп чыркыраган жүрөктүн,
Чарчаганы бара жатат билинип.

Издейм, ырас, жакшы жашоо аргасын,
Кудай гана пейилимди албасын.
Көбөйдүбү көкүрөгү көрлөр деп,
Көтөрүлүп, түшпөй жүрөт кан басым.

Кабаатырмын. Кандай болот эртеңим?
Корком, корком, тагдырына өлкөнүн.
Кан тагына байлап койгон жокпузбу,
Калк башына бир кайрылган «келкелин».

 

ЖУМУШ БЕР

Кыш. Туман. Жолдор тайгалак,
Шыбаттап күн жаайт майдалап.
Эртелеп жазды чакырган,
Жамгыры карга айланат.

Көчө суз көңүл чөгөрүп,
Жүрөккө ушул деле жүк.
Жакшылык көрбөй өткүчө,
Кереги барбы төрөлүп?

Сороет морлор, түтүн жок,
Үй суук, бирок, ичим чок.
Башканы билбейм, а менин,
Короодо үргөн итим жок.

Жазмышы беле маңдайдын,
Башыма түштү кандай күн?
Көзүндө суроо тургансып,
Баламды карай албаймын.

Жарым жан жарым, жүдөдүм,
Жүрөгүм ооруйт, жүрөгүм.
Мектепке бара албаган,
Кызымдан качып жүрөмүн.

Дартымды балким билишпээр,
Жумуш бер, бийлик, жумуш бер.
Бир тойсун үйүм, өзүмө,
Көр казсам мейли, бир иш бер!

…А күндүн көзү бүтөлүп,
суугу барат күчөнүп.
Машине коюп кеткенби,
Жолумда жатат ит өлүп…

 

СИЛКИНҮҮ КЕРЕК БОЛУП ТУРАТ БҮГҮН

Оо, анда досторума колум ачык,
Шатырап кайда барсам жолум ачык.
Жүргөндө бөксөрбөстөй, чайпалбастай,
Жокчулук койду минтип жонум ачып.

Ырас, мен калбасам да кептен кийин,
Бирок, жок мурдагыдай өктөмдүгүм.
Казаным оттон түшүп калбаса да,
Кайталап эңсеттирет өткөн күнүм.

Айланып өмүр улам эскерүүгө,
Жашоонун нугу бачым өзгөрүүдө.
Айылымда айып кылып койсо бирөө,
Аксакал экем, мага сөз келүүдө.

Чийилген бешенеге көрдүм күнүн,
Көтөргөн деле жокмун элдин жүгүн.
А бирок, доо кетирбей абийириме,
Айлыма жүзүм жарык келдим бүгүн.

Элетте, эл катары жашап келем,
Колумдан келген ишти жасап келем.
Жүрөгүм ооруганы-баспай неге
Атажурт боортоктойт азап менен?

Элимдин эртеңкиси кандай болот?
Айтышат «андай болот, мындай болот».
Жүдөгөн айылдаштар жолукканда,
Жүрөктүн оорумайы кармай коет.

Ириде ичип-жешке туулгандай,
Арт жактан келе жатат муун кандай?
«Азабың көп экен» — деп «Атажуртум»,
Аргасыз боло түшөм муунгандай.

Биз көрдүк тирүүлүктө буйруганын,
Өткөрдүк баштан ызаат, сый кумарын.
Уңгусуз урпагымдын эртеңкисин,
Эстесем денем үркүп, чыйрыгамын.

Өлкөм ай, жол үстүндө кулап жүгүң,
Уурдаттың көбүн асыл убактыңын.
Улуттук кайра баштан жаралууга,
Силкинүү керек болуп турат бүгүн.

Силкинүү керек болуп турат бүгүн,
Бул ишке белин байлап чыгат кимиң?

 

ЖОЛ БАРДЫР…

Жол бардыр мен билбеген, сен билбеген,
Жаңысын тапсаңарчы эл жүрбөгөн.
Кайрылып канаттарым, жаткансыймын,
Камалып караңгы үйдө жел кирбеген.

Жол бардыр, жолду билээр көсөм бардыр,
Эл баштап, топту жирээр көзөл бардыр.
Үзүлүп үзөңгүлөр, басмайыл бош,
Кыйкырып кырга чыгаар кезең бардыр.

Улутпуз, уябыз бар Мекен деген,
Келгенбиз жоодон коргоп нечендеген.
Бабалар башын сайып койгон жерде,
Урпактар ушунчалык бечел белем.

Мекеним-баркың кетип, наркың кетип,
Аргасыз жер оодарып, калкың кетип.
Тойбостор тойканага айландырды,
Таланып туш-тараптан, тарпың кетип.

Жол бардыр, ачпайлыбы көзүбүздү,
Ышкырып, ырсактоочу кезибизби?
Душмандан кек алгандай кебелбейбиз,
Өзүбүз башка чаап өзүбүздү.

 

«ДҮЖҮРЛӨР» ЫРЫ

Биз мал элек, мал боюнча калабыз,
Кайда айдаса баш көтөрбөй барабыз.
Катып алган котур ташын койнуна,
Коомдогу айыкпаган жарабыз.

Биз бийликке көңүл ачар оюнбуз,
Керек кезде шилтээрине союлбуз.
Ойлонууну эбак эле унуткан,
Көөдөндөгү башка айланган моюнбуз.

Биз ит элек, ит боюнча калабыз,
Айдактаса атабызды кабабыз.
Бийлик бизди бычып жатса тебелеп,
Адыраңдап алаканды чабабыз.

Күйүп-бышып, кара күчкө «элим» деп,
Бирок, бийлик акырынан жемин жеп.
Өмүр бою сойлоп жашап келебиз,
Өзүбүздүн сөзүбүздү төгүндөп.

Жалтак элек, жалтак бойдон калабыз,
Туйлаганга жетмек беле чамабыз?
Эл ичинде эптеп жашап жүргөндө,
Айткылачы, барбы башка чарабыз?

 

МУЗДАК ТАМЧЫЛАР…

Канткен менен турмуш кылып кекселик,
Күндөр өтөт көр оокатка тепселип.
Уйпаланып улагадан чыгалбай,
Рухубуз баратабы бөксөрүп?!

Үнсүз- сөзсүз, башты салып төмөнгө,
Ээрчимелик тамыр жаят тереңге.
Кыбыраган тирүүлүккө шүгүр деп,
Көкүрөктө түгөнгөнбү көрөңгө?

Шашат күндөр, мезгил деген камчы бар,
Эртеңкинин жакшылыгы бар чыгар.
Кайдыгерлик жан дүйнөмдү үшүтүп,
Жүрөгүмө тамат муздак тамчылар.

 

* * *

Ысыгына күйүп Ата-Конуштун,
Кереги ырас суугуна тоңуштун.
Бирок кандай зарылдыгы бар эле,
Мансап үчүн маскарапоз болуштун.

Атаганат, бышкан ашка орток көп,
Сөз атасы болуп алат чоркок кеп.
Калпак менен галстукка жашынган,
Арабызда жоргобуздан жорток көп.

Улуттук намыс  болуу керек эле
Урпагым тоо кадырын билбей калды,
Алкынтып ат ойнотуп минбей калды.
Замана кайыш боолуу каргы болуп,
Жаратты өзүнө өзү мындайларды.

Урпагым сүйлөй албай чайнайт тилин,
Улутун унутканга кайнайт жиним.
Атасын алжыган бир акмак көрүп,
Энесин кордогондон тайбайт бүгүн.

Урпагым, жерге чаппайм, бар асылың,
Калкына калып берер жан азыгын.
Тулпардай дабан бузуп келесиңер,
Учугун улап кыргыз баласынын.

А бирок көбөйүүдө кумалагың,
Айтууга ооз барбай уяламын.
Улуттук намыс болуу керек эле,
Уругуң үзүп алба, бурадарым?!

Улуттук намыс болуу керек эле,
Урпагым, өзүңдү өзүң тебелебе.
Атаңдай алпештесең Ала-Тоону,
Уулуңдай урмат көргөз Жер-Энеге!

 

КЕЧЭЭ КҮНҮ ЧЫНДЫК ЫЙЛАП ЖАТКАНДА

Жумурткадан кыр тапканга ашыгып,
Бүткөн ишке сынтакканга машыгып.
Тагдыр бизди таразалап көрөрдө,
Аялдардын этегине жашынып.
Саймедиреп саясаттан сайрайбыз,
Бир чоң тоюп алган жерге баш уруп.

Баштагыдай эле биздин түрүбүз,
Балакеттей барк-барк чыгат үнүбүз.
Кечээ күнү чындык ыйлап жатканда,
Катыгүн ай, биз каякта жүрүбүз?
Кылыч болуп суурулганды мындай кой,
Колтугунан жөлөдүкпү бирибиз?

 

ЧАРЧАНГАН КЫЛЫМ

Кумсарасың түгүң чыгып түрүңөн,
Чарчадыңбы мезгил арткан жүгүнөн.
Адамдардын айбандыгын кечирген,
Жыйырманчы кылым сага жүгүнөм.

От жуткуруп, чок карматып колуңа,
Кан да чачып, гүл да төшөп жолуңа.
Таштап сени кетип барат адамдар,
Келечекки багына же шоруна.

Кылым аттап, кылыч болуп жалаңдап,
Акырындап Ай-жылдызга кадамдап.
Чагылганга чылымдарын тутантып,
Чаар баштык кылып кетти адамзат.

Жердин Шары сен чегилген араба,
Чыда бир аз, чукул калдың марага.
Эртең эле бир кылчайбай кетерсиң,
Мезгил өзү дубал согуп арага.

 

ӨТҮНҮЧ

Төрүбүздө тайраңдашып ким-жогу,
Ата-Журтка тийбесинчи кир колу.
Заман көчү кайда барат? Жашырбай,
Акыйкатын айткылачы бир жолу.

Ишенебиз алдашса да миң жолу,
Ушул эмей көкүрөктө кир жогу.
Чыңгыз эмес, Чындык келип кетсинчи,
Чыркыраган айлыбызга бир жолу.

Бешенеге жазбагандыр кулдукту,
Же биз эмне, кечкис күнөө кылдыкпы?
Жүзүн жаап, камап койбой капаска,
Бир көрсөтүп койгулачы Чындыкты?!

 

АКЫЙКАТ БАРБЫ? 

Эч кимге жоктой керегим,
Көчөгө батпай келемин.
Алтының агып турса да,
Бар тура арман дегениң.

Жаратып кайра уратып,
Ааламды бийлейт убакыт.
Каратмак түгүл таптырбай,
Каякта жүрөт бу бакыт?

Жоготкон жолу табылбай,
Жол билер көсөм кабылбай.
Эңгиреп эси элимдин,
Этеги калды жабылбай.

Туурасын айтаар жогунан,
Туңгуюк болуп жол улам,
Ээрчиме болдум, же башка
Эмине келет колуман?

Баюунун таап айласын,
Шылуундар көргөн пайдасын,
Өлкөмдөн издеп келатам,
Акыйкат барбы? Кайдасың?

 

МАНСАП 

Өзгөнү кой, өзүңдү
урматтачы,
Мансап үчүн абийирди
булгатпачы.
Чымын жанга күч келип
жаткан жоктур,
Чыркыратып чындыкты
ыйлатпачы.
Тирүүлүктө түгөнбөйт
көтөрөр жүк,
Жан дүйнөнүн курту,
бул-текеберлик.
Кайыл болуп кадырга доо
кетсе да,
Өмүр бою мансапка
тебелендик.

Акты ак деп бир ирет
айта алдыкпы?
Толкубайлы, жөн эле
чайпалдыкпы?
Алтымыштан ашкыча
үмүт кылып,
Босогосун бийликтин
кайтардыкпы?

Четибизден аяктап
сапарыбыз,
Баратса да суюлуп
катарыбыз.
Шыйпаңдайбыз бийликтин
алды-артынан,
Шыпыргыга айланып
сакалыбыз.

 

ДЕМЕЙКИ КҮН 

Койлор маарап, жаагын жанып
эчки-улак,
Күн эңкейип, бада кайткан
кечки убак.
Бир кошунам чыңдап жатса
чалгысын,
Бир кошунам чарбагында
чөп жыят.

Ар ким жасап, көнүп калган
тирлигин,
Айылдагы демейки эле күн
бүгүн.
Кара жанды курч урунуп
жатканда,
Карап эле олтурмакчы
кимди ким.

Колдо жогу кокуйлаткан
кордук иш,
Сынып кетпей, сынын сактоо
зор жумуш.
Чындык көзүн жумуп алган
учурда,
Чындап эле кыйын экен
жол билиш.

Батып барат күн оронуп
жалынга,
Айыл кечки оокатынын
камында.
«Элим эртең эмне болор
экен» деп,
Мен отурам кемегенин
жанында.

 

КАЛЕМИМ

Кармаганда каным дүргүп, чыйралам,
Орошон бир ойлор келет туйлаган.
Сапар жолдо төш чөнтөктө болбосо
Түгөйүмдү жоготконсуп кыйналам.

Калем менен сөз терметип, ой куба,
Өмүр бою катып келем койнума.
Көзүм өтсө калемсаптын сүрөтүн,
Мүрзөмдөгү ташка чегип койгула?!

Эстелик таштарындагы жазуулардан
Кош эми, өкүнчү көп жалган дүйнө,
Пайгамбар, падышадан калган дүйнө.
Элимен алганым көп, бергеним аз,
Жетишпей калбадымбы, арман дүйнө!

Уурдатып убадага жылдарыңды,
Ата — Журт билем ооруп турганыңды.
Жан тартып, жакшы сөздү айтамын деп,
Жараңдын оозун кайра тырмадыңбы?

Ачууң-акактаткан аптабыңды?
Жамгырың-жашың төгүп жатканыңбы?
Капилет канга боёп капчыгайың,
Кас душман каап өттү капталыңды.

Көбөйүп көкүрөгү бечелдериң,
Кертилип кете берер бекем жериң?
Мезгилдин кан тамырын кармай албай,
Улуттун ошол окшойт улуктугу.

Каткан чындык чындыкпы?
Же чын эле «өрдөк жокто чулдукпу?»
Кандай бийлик болсо деле кулдукпу?
Көкүрөктү жара тээп чыгалбай,
Көмүскөдө каткан чындык чындыкпы?

Кайышып турат кабыргам
Күмүштү кумдан иргедиң беле?
Көңүлүм чөгүп кирдедим неге?
Күлүстөн эрлер күйдүм чок болуп,
Күйүттө жүрсө билбедиң неге?

Күлүктүн жонун жоорутту кимдер?
Булактын көзүн соолутту кимдер?
Эшиктен кирип төрүңдү бийлеп,
Ата-Журт сени оорутту кимдер?

Аргымак жону тешилди бүгүн,
Сыр аяк сыры жешилди бүгүн.
Журтуңа жугум боло албай жүрүп,
Ургулай бербе төшүңдү бүгүн.

Каруу-күч кетсе белиңдин шору,
Кадырды билбес келиндин шору.
Калкына айтар чындыктан качкан,
Кадырсыз бийлик элимдин шору.

Бөксөргөн идиш толбоочу беле,
Күн көзүн көргөн тоңбоочу беле.
Журтуна баш-көз болуучу уул,
Өз элин өзү кордоочу беле?
Бир таман жол
Куну качып, калкып чыкпай каймагы,
Кемип турат кебиңдин бир кайнамы.
Эстүүлүк кыл, эшикти жаап сыртынан,
Баш оорутуп, жомок айтпай кайдагы.

 

12-ДЕКАБРЬ, ЖЕ АЛЫКУЛГА АЙТЫЛБАЙ КАЛГАН КОШОК

Кундуздан ичик кийбедиң,
Кадыр-сый көрүп жүрбөдүң.
Кыйылдың кырчын кезиңде,
Кызыгын көрбөй дүйнөнүн.

Булгундан ичик кийбедиң,
Булкунтуп буудан минбедиң.
Бала эле бойдон кетипсиң,
Бактысын көрбөй дүйнөнүн.

Алкынтып жорго минбедиң,
Аралап журтту жүрбөдүң.
Армандуу уулу болупсуң,
Азаптуу ушул дүйнөнүн.

Ар кимден сурап укканым:
Аракты деле жутпадың.
Атаны кокуй, а неге,
Алтымыш жашка чыкпадың?

Эзилип бала өппөдүң,
Элүүгө неге жетпедиң?
Эртелеп кетип калыпсың,
Эсебин таппай өпкөнүн.

Көтөрүп заман капшабын,
Кыйналган окшойт жаш жаның.
Кыргызга кылып кызматты,
Кырк жаштын кырын ашпадың.

Оттуу ыр чачып элиңе,
Олтурбай кеттиң төрүнө.
Опаасыз жалган дүйнөдө,
Отуз беш деген эмине?

Жазылбай канча ыр калды,
Жабылып ичте сыр калды.
Жаныңды ажал аларда,
Жараткан көзүн жумганбы?

Тагдырдын ченеп жыл, айын,
Тарыткан окшойт кудайым.
Түбөлүк кете берипсиң,
Таланттын көрбөй убайын.

Санаага батып жылдарың,
Сүйүүнүн татпай жыргалын.
Сулуулар таштап кетсе да,
Сүйүү деп какшап ырдадың.

Тагдырың кыйнап турганын,
Таарыныч деле кылбадың.
Тумшукка уруп жатса да,
Турмуштун ырын ырдадың.

Жашагың келген сен деле.
Жазмышың мынча кем беле?
Жармашты жаман бул кесел,
Жашыңдан сага эмнеге?

Жалпыга кылбай ашкере,
Жабыркап кайран жаш дене.
Жайрапсың отуз бешиңде,
Жакшыга өмүр аз беле?

Кантмекмин, минтип ыр курап,
Көзүмдөн жашым кылгырат.
Көөдөндө туйлайт жүрөгүм,
Көкүрөк тушту ургулап.

Жамынып жолборс терисин,
Жортуулга чыгып эл үчүн.
Журт билбей жүрүп кадырын,
Жоготуп алган Шерисиң!

…Асылган ооруу жеңиптир,
Арга жок, кантсин, көнүптүр,
Ал түндө акын үйүнө,
Аңдыган ажал келиптир.

Алыкул деген кимдигин,
Ал кезде чындап билди ким?
Акындын көзү жумулуп,
Армандуу кеткен күн бүгүн…

 

АДАМ БОЛУУ КАНДАЙ КЫЙЫН
«Адамга эң кыйыны- күн сайын адам болуу» 
Ч. Айтматов 

Март болуп, мейли чачсын сан байлыгын,
Жашасын эч бирөөгө салбай жүгүн.
Бары бир мүдүрүлүп, чалынуу бар,
Күн сайын адам болуу кандай кыйын.

Өзгөрүп турат экен ал-жай, туюм,
Чын эле, адам болуу кандай кыйын.
Кагышса көз караштар, кантип чыдайм,
Бирөөгө катуу айтып албай бүгүн.

Абийрим, ар-намысым — бар байлыгым,
Бирок да, өзүмө-өзүм канбай жүрүм.
«Канткенде адам болуу керек?» деген,
Суроого жооп табуу кандай кыйын.

 

ӨКҮТ

Сактадымбы адамдык даражамды,
«Өкүт» — деген өзөктө жара калды.
Билбейм, кайдан, каякка баратамын,
Кылдыратып, кыйнабай арабамды.

Өкүнүчүм — билсем да келериңди,
«Убакыт бар, жетишем» — дебедимби.
Карыялар олтурган күн чубактан,
Мен өзүмдү бир күнү көрөмүнбү?

 

ШАМ АЛДЫНДАГЫ ШАМАЛ ЫРЫ

Түнү бою сүкүт салып шамандай,
Шам алдында сапар келет шамалдай.
Таң аткыча дүйнө кезип кетемин,
Үйүм түгүл, өз денеме камалбай.

Түгөнбөгөн түйшүк келип күз менен,
Шам алдында шамал ырын изденем.
А бийлигиң бирин-бири аңдышып,
Иши болбой калган окшойт биз менен.

Эмне болот эртеңки күн — ал күдүк,
Эстегенде кетет ичтен кан жүрүп.
Шамал ырдын шапатасын күтөмүн,
Түнү бою тереземде шам күйүп.

Шам бүлбүлдөп, бүлбүл жанат үмүтүм,
Шакар сымал кайнап чыгам күнү-түн.
Башты сайып коюу керек болуучу,
Бакыт «келип берем» — деген күн үчүн.

 

КҮНДӨРДҮН БИР КҮНҮНДӨ

Кой, курбум, кур кайгы жебечи,
Жеңишти алдырдым дебечи.
Кыл чайнаш күрөштөр алдыда,
Кайрылып, капталдан жөлөчү.

Кантели, акыйкат урады,
Жалганга жагынбай туралы.
Күлүстөн күндөрдү баштайбыз,
Күйгөндө чындыктын чырагы.

Бүгүнчө бүгүлүп, ийилбе,
Урунуп-беринип жүгүрбө.
Сабыр кыл, күндөрдүн бир күнү,
Той болот сенин да үйүңдө!

 

ДЕГИ, КАНДАЙ АДАМСЫҢАР?

Онтолоп жаткан жокмун оңгонуман,
Күйдүм мен өлкөбүздүн жолдорунан.
Таштанды сасып жаткан көчөлөрдөн,
Анан да, өпкөсү жок чоңдорунан.

Чыркырап жаткан жокмун жыргагандан,
Чайналып өтүп жаткан жылдар — арман.
Элимдин үмүт арткан жигиттери,
Этегин жаман жерден булгап алган.

Үйрүлүп, барбы бирөө абал сурар?
Жашагым келет мен да адам сымал.
Тентитип коюп журтун, тынч уктаган,
Капырай, деги кандай адамсыңар?

 

ЭМИГРАЦИЯ

Улуйт чөөлөр, ташта баарын, кеч эми…
Биз бул жерден эптеп чыгып кетели.
Эмнегедир сезип турат жүрөгүм,
Жүрө берсек жакшы бүтпөйт этеги.

Чөөлөр улуйт, кабарыбы коогадан,
Кеттик ылдам, көтөрүнүп, жөө-жалаң.
Бир жерлерге батар биздин башыбыз,.
А сен кайда баратасың, оо заман?!

 

* * *

Кыш. Декабрь. Эч кимге жок чатагым,
Бар болгону өзүмө өзүм капамын.
Элесиңиз көз алдымда турса да,
Сиз жөнүндө ыр жаза албай жатамын.

Жан дүйнөмө үстү- үстүнө үйүп жүк,
Көкүрөктөн күйүт кетпей жатат түк.
Сиз дүйнөнү калем менен жеңсеңиз,
Сизди жеңди сексен деген бийиктик.

Бири болуп эки сеңир Чыңгыздын
Сиз аркылуу дүйнө тааныйт. Кыргыз ким?
Арбагыңыз аздектелбей жаткансыйт,
Мокогунан, бирок ошол кыргыздын.

Мына Шекер, тоолоруңуз тигине,
Кулак төшөп Күркүрөөнүн үнүнө
«Каралдым ай, кайсыл жакта жүрсүң?» деп
Томсоргонсуйт сизди күтүп күнүгө.

Эмне бердик, эл деп жашап өттүңүз,
Талап кылдык кайра сизден көптү биз,
Тирүүлүктө баркыңызга жете албай,
Бүгүн келет изиңизди өпкүбүз…

Алты ай күтпөй ажал сизге шашканбы,
Айла канча, көтөрөбүз жазганды.
Чекесине сыйбаса да кыргыздын,
Чыкем үчүн экинчи өмүр башталды.

 

ПАДЫШАЛАР

Падышалар тарыхты билишпейби?
Жомок көрүп же көзгө илишпейби?
Эптеп эле бийликке жетип алып,
Эртеңине түкүрүп жүрүшпөйбү.

Падышалар тагында сыйкыр барбы?
Шыбышты угуп, укпаган кыйкырганды.
Туюктардан жол издеп жүрбөсүн деп,
Туулгандан канаты кыркылганбы?

Калптын басар жоолуна Чынды төшөп,
Падышалар көтөрбөйт сынды дешет.
Жакырлардын терисин сыйрып алып,
Жакындарын чапандуу кылды дешет.

Калк башынан өткөрүп не заманды,
Жер оодарып, кырылды же таланды.
Коктулардан жыйылып кайра чыккан,
Тууга айлантып алышып жеке адамды.

Эл көтөрсө ошентип падышаны,
Так үстүнө тайраңдап калышабы?
Кумарына бийликтин мас болушуп,
Бүгүнкүсүн эртеси танышабы?

Падышалар бек болсо убадага,
Элин салбайт түйшүккө, убарага.
Калыс жана адилет өкүмдарлар,
Калган окшойт жомокто, уламада.

Ач көз, жалак падыша «элим» дебейт,
«Элим» деген падыша элин жебейт.
Сөөгү сөпөт болсо да кылым өтүп,
Падышанын күнөөсү жеңилдебейт.

 

* * *

Өкүнүчкө өзөгүмдү күйгүзүп,
Сени кудай неге койду сүйгүзүп.
Таптым десем кайда кеттиң жубалай,
Тагдырыма кедергиңди тийгизип.

Караңгысы болот тура жарыктын,
Күтө берип канча күндү карыттым.
Сенин кирсиз көздөрүңө ишенип,
Сапарымда жалгыз эле калыпмын.

Балким жоктур сага менин керегим,
Бирок мага зарыл бүгүн жөлөгүң.
Арманымды айтып-айтып алууга,
Атайылап сени издеп жөнөдүм.

 

Соц тармактар:

Тургунбек Бекболотов: 1 комментарий

  • 06.03.2012 в 22:29
    Permalink

    Агай, ырларыныз учун, рахмат!

    Ответ

Добавить комментарий