Улуулугун чечмелей албайм

(Уландысы. Башы бул жерде)

Айттым го, мени алгачкы көргөндөн эле бир тууган үкөсүндөй жакшы көрүп калган. Өлөр-өлгөнчө ошонусунан жазган жок. «Баратбайлап», «Винокеев» деп аябай жакшы көрчү, анан да «мен чоң арбак, сен кичинекей арбаксың» деп койчу. Мен да аябагандай арык элем да.

Ушул жерден айта кетүүнүн ыгы келип турат: кайсы бир белгилүү инсан каза болгондон кийин «мен деген аны менен чогуу жүргөм, бир туугандай жүргөм, ал мени сыйлачу, укчу» деп ошол өлгөндөрдөн аброй топтоо оорусу бар. Рыспай аке менен аябай дос элем дегендер да бүгүн толуп кетти. Ал сөздү бу жарыкчылыкта бир гана кишинин айтууга акысы бар, ал — Бөкөнбай Боркеев. Рыспай аке менен Бөкөнбай кадимки эле ага-инидей эле, эгиздердей эле, экөөнүн мамилесинде жасамалуулук деген жок болчу, эч кимге айтылбаган сыр экөөнүн ортосунда болчу. Бөкөнбай өзүнүн ишин ай-талаага таштап салып Рыспай акенин ишин бүтүрүп жүрө берчү, жолугушууларды уюштуруп, китептерин чыгарып, наам бериш керек деп Ак үй тарапты «атакалап», анын иши үчүн акчасын да, жанын да аячу эмес. Рыспай аке менен Бөкөмбайдын достугу, достуктан да жогору турган бир мамиле болчу да…

Рыспай акенин толгон мыкты сапаттарынын ичинен мага анын сыпаалыгы аябагандай жакчу. Маселен, тамак ичкендеги сыпаалыгы. Ал эч качан тамакка жутунчу эмес, өзү деле оозун толтура жеген жандардан болбогону менен, ошондо да сыпаалыгы билинип турчу. Бул сапат накта адамдарда гана болчу сапат эмеспи. Арак ичкенде деле бир-эки стакандан кийин эле беш бөтөлкө арак ичкенсип калчу… Анын көр оокаттын туткунунда калбай, тескерисинче, көр дүйнөнү өзүнүн кулу кылып таштачу сапатына эмдигиче таң калам.

Рыспай акенин чыгармаларын, чыгармачылыгын айтып берүү мен үчүн аябагандай оор иш, айтсам, баасына жеткире албасмын, андыктан ал кепти досу, санаалашы, пикирдеши жана Рыспай акени түшүнгөндөрдүн жалгызы Бөкөнбай эле жеткире айтса, жарашып калары бар. Ал иш ошол Бөкө досумдун милдети болуп кете берет… Баса, Бөкөнбай «Рыспай» деген көлөмдүү роман жазып, аны Давлет жеңемдин сөзү менен баян кылдырды. Ошол эмгегинен эч нерсе алган жок, кайдагы бир шүмшүктөр ошондон пайда тааптыр дегенди чала-бучкак угуп калгам.

Рыспай акенин адамдыгына баа берүү да менин колумдан келбейт, ал милдет жалпы кыргыз элиники болуп кете берсин. А мен болсом, Рыспай Абдыкадыровдой болгон Улуу адам менен дос болгонум үчүн, анын жанында жүргөнүм үчүн, анын эркелетүүсүнө татыгандыгым үчүн, аны менен кошо чай ичип калгандыгым үчүн, кези менен стакан кагыштырып өзүбүзгө да, элибизге да аманчылык каалаганыбыз үчүн… оңой адамдардан эмесмин деп калам. Генийлердин жанында жүргөндөрдүн да оор түйшүгү бар, аздап болсо да кыйындыгы кылтыйып турат…

1994-жылдын 14-сентябры болчу. Ачуу кабарды Бөкөнбай айтты: «Баратбай, Рыспай акеден айрылып калыптырбыз» — деди. «Ыя?!» — дедим. Ошо менен дүйнө аңтарылып-теңтерилип кеткендей болду. Бүттү. Боздоп жиберейин дейм. Анте албадым, көздөн жашты көлдөтүп жиберейин дейм, анте албадым. Эки күндөн кийин сөөк коюлаарда, коюлуп атканда үч күндөн берки чогулган жаш агып турду…

Рыспай аке эртең жерге коюлат деген күнү таң заардан Эрмек Мойдунов, Калыйбек Тагаев, Бөкөнбай Боркеев, Түгөлбай Казаков болуп телерадиокомпаниянын жанында жолугушуп жөнөмөй болдук. Анан эртеси аэропортту көздөй жөнөрдө сыйпалап эле Калыйбекти таппай калдык, «түндө конокто болуп башым ооруп жатат» деди эле… аны аз күтүп кечикпейли деп жөнөй бердик. Ошону менен Калыйбек барбай калды. Рыспай акенин биринчи байбичеси кызын кошуп берди эле ал кызыбыз менен бешөөбүз Ошко келип кондук. Ал жерде аппак «Волга» күтүп турган экен, ага түшүп барып боз үйгө өкүрүп барып Рыспай акенин туугандары менен учурашып, көңүл айтып, анан боз үйгө Давлет жеңе, Сюитага кирдик. Бизди көрүп ал экөө ачуу чаңырыкты салып, улам бирибизди менен кучактай ыйлап, муун-жүүнүбүз ошол жерден бошоп, айлабыз түгөнүп, түтөп, кең көрүнгөн дүйнө бир адам батпагыдай тарып турбадыбы. Давлет жеңе менен Сюитаны соороткон болобуз, ырасында барган төртөөбүздү да сооротуш керек жагдайы эле…

Рыспай аке турчу беш кабат үйдүн жанында боз үй тигилип, жакын жердеги мектептинби, же институттунбу парталары катар тизилип, анда кара ашка келгендер олтурат, адамдар аябагандай көп. Ар кай жерде төрттөн-бештен болуп алышып, сүйлөшүп турушат, олтурушат. Кептин көбү Рыспай аке жөнүндө, анын баскан жолу, таланты, жылмаюуну тартуулаган окуялары жөнүндө, бу жашоодон аябай эрте кеткени жөнүндө, бийлик анча баалабай койгондугу жөнүндө…

Касым Исманов жүрөт көзүнөн жашы тыйылбай. Касым Давлеттин иниси, анан Рыспай акеге кайни болбойбу. Рыспай аке мен билгенден Касым кайнисин аябай жакшы көрчү… Кийин, кийин бул мыкты жигитти Бакиев Акмат деген бийлигине, зөөкүрлүгүнө таянып бир топ сындырып да турду. Бирок Касым биротоло сынган жок. Эми ал чоң тарых. Касымдай жигиттер көп деле эмес, андай жигиттер элинин керегине жарап берүүгө ар дайым даяр го…

Белгиленген убакта сөөк сууга алынып, жаназасы окулду. Бирок опурап-топурап жайына жөнөп калуу эмнегедир кечигип турду. Анын себебин билгендер билип, билбегендер кулак түрө турушту…

Рыспай акенин сөөгү Сулайман тоосуна коюлмак. Андан мурун Ошто жашаган өзбектердин бир билерманы каза болуп, аны Сулайман тоосуна коебуз дегенде бийлик улуксат бербей койгон экен, ал жакка сөөк коюуну мындан ары таптакыр токтотобуз деп. Анан Рыспай акенин кезеги келип жатпайбы. «Биздин адамды койдурбайсыңар, анан өзүңөрдүкүн коебуз деп жатасыңар, аныңар болбойт» — деп ала топучандар чатак чыгара жаздайт. Ортодо чыр чыкпасын деп Рыспай акенин сөөгү кармалып жаткан тура. Ошол кезде облусту Абдыганы Эркебаев башкарып турган. Мына ошол Абдыганынын эрдиги менен, ооба, эрдиги менен Рыспай акенин сөөгү Сулайман тоосуна коюлду. «Кыргыздын залкары Сулайман тоосуна коюлбаганда ким коюлат, былжырабагыла» — деген Абдыганы болбой, башка бир былжырак неме болгондо, анда Рыспай аке ыйык делген тоого коюлбай калмак. Азамат, Абдыганы!

Ошентип, Рыспай аке Сулайман тоосунун бийик жеринен түбөлүк орун алды. Өзү ыйык адам эле, ыйык тоодон түбөлүк жай буюруптур!

Ошол күнү Бөкөнбай, Түгөлбай болуп Ибрагим Жунусовдун үйүнө кондук. Ал кезде Ибрагим этаж үйдүн үчүнчүбү, төртүнчүбү кабатында турчу экен. Ибрагимдин чай-пайын ичип, үчөөбүз балконго жаттык. Кайдагы уйку, Рыспай акенин элеси кайдан уктатты, анын талантын, баскан-турганын, кызыктуу окуяларынан сүйлөштүк. Капабызды анын күлкүлүү окуялары басып коюп жатты, кадимкидей эле каткыра күлүп турдук. Ошондо башка айлабыз жок болчу. Кудай кечирер дедик.

Рыспай аке ким эле? Мыкты обончу болчу, мыкты аткаруучу болчу, далай акынды тебелеп-тепсеп таштачу акын да болчу. Анан?.. Анан анын ким экендигин дааналап айта албайсың. Улуу адам болчу. Ошол улуулугун да чечмелеп бере албайсың. Айкөлдүгүн айт. Аны чечмелештин өзү да тозоктун иши.

Көп жыл Рыспай аке менен мамилелеш болуп жүрүп анын адамдыгына канып бүткөн жокмун, ар дайым суктандырып турчу да. Дагы айтам, анын бир нерсеге жутунганын көргөн эмесмин, сезген эмесмин. Ичкен тамагын да чүмчүңдөтүп кенедейден иччү, бир буюмга көз кызартканы кайдан болмок, Давлет жеңем аны алалы, муну алалы десе, ала бер байбиче дечү, болгону ошол. Эгерде Рыспай аке дүнүйө топтойм деген ниет кылса бир айдын ичинде кадимки эле миллионер болуп кетмек. Анткени анын талантына таазим кылган жетекчилер, соодагерлер жана башка капчыгы калың лөктөр андан эч нерсе аямак эмес. «Ме» дегенди билип, «келе» дегендин окуусун окубай калган, андайдан окугусу да келбей жаралган жан болчу Рыспай аке…

Баратбай Аракеев, “Фабула” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.10.2011-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий