Ак калпак жана жоолук жөнүндө учкай сөз

Кийинки күндөрү гезиттерде дагы, телевидениеде да окуучу кыздар хиджап кийсин-кийбесин деген мсаселенин тегерегинде талаш-тартыш жүрүп келет. Карап олтуруп, таң каласың, капырай, биз каякка бара жатабыз деп. Болбосо, килейген Элге билим берүү министрлигинде, же болбосо, аттуу-баштуу аксакалдарыбыздын арасында (Эл Баатырлары) баш болуп, «эмгек сиңиргендери» төш болуп, кыргыздын кылымдардан бери келе жаткан ата салты, нарк-нускасы боюнча кыз бала хиджап түгүл жоолук салынбасын билишпейби? Кыргыздын кыздары үкүсүн сеңселтип топу кийген, тойлордо шөкүлө кийишкен, үй ичинде бир байлам кызыл жоолукту желкесине түйүп алышкан. Ошон үчүн такыялуу кыз деп аташкан. Жоолукту келиндер салынган. Анда да оронуп-чулганып алышкан эмес. Дегеле, кыргыздын келиндери, аялдары жүзүн чүмкөгөн эмес.

Ата-бабадан келе жаткан салтты бузууга ким укук берди, кыздарыбыз эмне үчүн жоолук салыныш керек, же алар келин болуп калыптырбы?

Ислам динин кыргыз эли башка элдерге окшоп зордук менен кабыл алган эмес, өз эрки менен кабыл алган элбиз. Ошондуктан исламдагы кээ бир сүннөттөрдү аткарбаган эркин элбиз. Кыргыз эли ислам динине чейин эле Улуу Жаратканга, же болбосо, Көкө Теңирге сыйынып келген эл болгон, же болбосо, Кудайын тааныган эл болгон. Азыркы күндөрдө ислам фанатиктери таңуулап жаткан ашыкбаш сүннөттүн бири ушул мектептеги кыздар хиджап кийиш керек, же жоолук менен оронуп-чулганып алыш керек деген нерсеси кыргыз элинин байыртан бери келе жаткан адатына, салтына төп келише бербейт. Андан көрө, кыздарыбызды ыймандуулукка тарбиялаштын аракетин көрүш керек. «Кызга кырк үйдөн тыюу» — деген ата-бабаларыбыз. Ошондуктан үйдө, коомдук жайларда, мектепте тарбия-таалим иштери такай жүргүзүлүшү шарт. Ыйман бербесе, хиджап кийип, паранжа жамынып алып, анан нары жакта жасалып жаткан тетири жоруктарды угуп-көрүп эле жүрөбүз го.

Кыскартып айтканда, кыргыз эли байыртан бери кайсы муун, кайсы кийимди кийиш керек, кандай кийим жаш куракка жарашып туура келет, миң кылым карыткан тарыхый жолунда тактап койгон, биз андан чыгып кете албайбыз. Тарых музейинде кыргыз калпагынын көргөзмөсү болот дегендеринен барып калсам, көргөзмөнүн ачылышында бир аксакал ак калпакты кыргыздын жоокерлери согушка кийген деп жатпайбы. Кыргыз жоокерлери анда туулганы күйөөлөп барганда кийишиптирби? Ушуга окшогон билбей туруп сүйлөнгөн сөздөр элге, өзгөчө жаштарга туура эмес багыт берип коюп жатпайбы, болбосо, ак калпак ата-бабадан келе жаткан ыйык баш кийим. Ата-бабаларыбыз ак калпакты да муунга, жаш өзгөчөлүгүнө, күндөлүк жашоо-тиричиликте жана шаан-шөкөттө кие турган түрлөрүнө ылайыктап кийишкен. Анан алардын даярдоо ыкмалары да, ошого жараша материалдары да ар кандай болгон. Аларды чечмелөө үчүн өзүнчө кайрылабыз. Көргөзмөгө коюлган калпактарды тааныштырып жатып, экскурсовод жигит илгери кыргыздын аялдары да калпак кийген деп балп эткизип жатпайбы. «Шумдугуң кур» деп, этикага сыйбаса да өз оюбузду айтууга туура келди. Кыргыздын аялдары да, кыздары да калпак кийген эмес. Ата-бабабыз байыртадан бери аздектеп келе жаткан баш кийимди барктабасак болбой калды. Ак калпакты мончого кийгендерди улутуна карабай кыргыздын жигиттери андайларды экинчи мончого калпак менен келгис кылышы шарт (түшүндүрүүнүн маданияттуу жолдору көп эмеспи). Ак калпакты тартууга берүү, өзгөчө бөлөк улуттун өкүлдөрүнө токтолууга тийиш. Депутаттар, өкмөттүн мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер эгер кыргыз болсо, сөзсүз ак калпак кийип жүрүшү керек. Себеби алар кыргыз элинин, кыргыз мамлекетинин жүзү болуп саналат эмеспи.

Соотбек Токтогазиев, Талас облусу, Улуттук оюндар федерациясынын президенти,
“Фабула
” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий