Эл сүйгөн акын Сүйүнбай

С.Эралиев турмуштун көөрүгүндө бышып чыңалган, жыргалды да, кууралды да башынан армансыз эле өткөрүп келаткан биздин замандын чыныгы баатыры. Анын поэзиясынын көп катмарлуу, терең ойлуу, чындыктын өзүндөй татаал да, жөнөкөй да болуп келатканынын себеби, албетте, турмуштук тажрыйбасынын ошончо молдугуна гана байланышкан эместир. Ошол тажрыйбаны философиялуу, эстетикалык каниет тартуулагандай бийик көркөмдүктө чагылдырып бере алуу үчүн чеберчилик деген бир сыйкырдуу күч да керек эмеспи.  Акын мына ушул экинчи кырдаалдын өтө зарылдыгын чоң жоопкерчилик менен түшүндү. Москвада окуп жүргөн төрт жылын өзүнүн тубаса туюм-сезимдерин дүйнөлүк профессионал адабияттын, маданияттын мыкты үлгүлөрү менен байытууга жумшады.

Эми ошол “колдон жылмышып” турчу чеберчилик дегенди тынымсыз өөрчүтүп отуруу керек эле.

Мына ушундай жооптуу да, татаал да иштин артынан түшкөн акын жетимиш жылча мезгилден бери улуттук поэзиябызды идеялык-көркөмдүк наркы бийик, нукура поэтикалык чыгармалары менен улам жаңылап, байытып келатканын кемелине келтире изилдөө үчүн далай-далай акылман баштар керек. Ал өзү поэтикалык сабак алган мектебиндеги “биринчи мугалим” болгон Алыкул Осмонов тууралуу минтип жазганы бар: “Ал кыргыздын улуттук поэзиясында төңкөрүш жасады. Аны сөздүн эң жогорку маанисиндеги нака профессионалдуулукка жеткирди. Менин муунумдагы акындар аны окутуучубуз деп аташат. Мен андан үйрөндүм жана дайыма үйрөнөм”.

Чоң акындын жылуу койнунда дайыма эле жүрө берүүгө болбостугун, өзүнчө жол таап, уядан учуп чыгуу керектигин С.Эралиев эртелеп, тубаса акындык туюм-сезими менен, баарыдан мурда жоопкерчилик менен сезди. Улуттук тажрыйба, көрөңгөдөн башка да сырт­кы дүйнө менен кең-кесири таанышуу, аларды өздөштүрүү зарылдыгы келип чыкты. Ошентип, С.Эралиев устаты А.Осмоновдун дагы бир сабагына кайрылды: ал котормо аркылуу көркөм ой жүгүртүү маданиятын жогорулатуу эле. Натыйжада Салчак Токанын “Араттын сөзү”, А.Твардовскийдин “Василий Тёркин”, К.Бекхожиндин “Егор кызы Мариям” чыгармаларынын көркөм котормосун 1955-56-57-жылдары кыргыз окурмандарына тартуулаган жана көркөм котормо менен ушул кезге чейин шугулданып келет.

С.Эралиевдин поэзиясынын башкы өзөгүн ээлеген туруктуу бир тема аны дайыма шыктандырып келет. Ал тема – элет турмушу, табият, жаратылыш көрүнүштөрү, ал жакта жашаган адамдардын таза абадай, тунук суудай апакай пейили, көз караштарынын, кулк-мүнөздөрүнүн кирсиздиги. Мына ушул темага кайрылганда акын өзүн тоо кушундай эркин сезет да, бүткүл поэтикалык дарамети жер алдынан чыккан тунук булактай эркин сызылып чыгат.

Жаш чагынан жүрөгүнө батырган адеми элестерди, кусалык-сагынычтарын, киндик кан тамган жерине, киндигин кескен элине болгон атуулдук ызат-сыйын бүткүл күчү менен келиштире тартат. Улам жаңы образдар, жандуу элестер, штрихтер жана көркөм деталдар менен толукталып, жаңы табылгалар менен албырып ажарына чыккан С.Эралиевдин ал көркөм дүйнөсү – өзүнүн гана дүйнөсү – башкаларга окшобогон, кайталанбаган, штампталбаган. Ал көркөм дүйнө акындын “Ак Мөөр” поэмасы менен өзгөчө бир шаңга бөлөнүп, андан берки көптөгөн чыгармаларында улам башкача бир “берметтери” менен кулпуруп келатат.

С.Эралиев зергерлик менен кынаптаган лирикалык ырлары менен катар көптөгөн эпикалык поэ­маларын да жаратты. Алардын ичинен “Жылдыздарга саякат”, “Атам, жерим жана мен”, “Жол”, “Космос поэмасы”, “Ак жыттар”, “Кыргыз жаны”, “Кесиринсан” ж.б. поэмаларында акын мүнөздөр жана кырдаалдар, мазмун жана форма, сюжет жана композиция түзүү жагынан чымырканып, көшөрүп изденип, бар күчүн кыргыз ыр түзүлүшүнүн формасын, көркөм каражаттарын байытуу, көп дооштуулукка жеткирүү багытында үрөп келатат. Анын акындык күчү, изденүүлөрү традициялуу формада жазган учурларында да аны мазмундук жактан тереңдетүүгө жумшалат. Анын бул сапаттары “Өмүрлөргө саякат”, “Сан тоолор”, “Каркыралар”, “Айыл ырлары”, “Кызгылт багымдат”, “Тандалмалар” ырлар жана поэмалар жыйнактарынан даана көрүнүп, башкалар үчүн да чеберчиликтин мектеби болуп келатат.

Ал изденүүлөр учурунда көбүнчө традициялык форманын нугунда, аны өркүндөтүү ниетинде жүрүп келсе, 60-жылдардан баштап поэтикалык изденүүлөрүнүн жаңы кырлары, көркөм ой жүгүртүүсүнүн, дүйнөнү кабылдоосунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү ачыла баштайт. Учурунда совет адамы космоско жол салып, аны чалгындоонун улуу доору башталганда бул темага арнап, чыгармаларын жарата баштаган калемгерлердин катарында С.Эралиев да космостук “Жылдыздарга саякат” поэмасын кыргыз поэзиясы үчүн адаттан тышкары ак ыр формасы менен жазып чыкканда, анын айланасында кыйла талаш-тартыштар дүрт эткен. Акыры “ак ийлип, бирок, сынбаган” сыңары, С.Эралиевдин ак ырлары да кыргыз поэзиясынын төрүнөн туруктуу ордун таап алды.

Акындын каламынан кийин “Атам, жерим жана мен”, “Ак жыттар” сыяктуу поэмалары жаралып, аларда адам, жер, космос, өмүр, өлүм, өлбөстүк, кайгы, кубаныч сыяктуу түбөлүктүү маселелер философиялык ой жүгүртүүлөрдүн бийиктигинен чагылдырылып, алар нукура жаңычыл поэтикалык форманын мүмкүнчүлүктөрүн көп добуштуулукка жеткирүүгө зор салым кошушту.

Акын тынымсыз изденүүлөрүн поэма жанрында гана эмес, лирикада да өөрчүтүп келет. Акын үчүн кайсы гана жанр болбосун, баары текши жаңыланып турууга тийиш – мазмуну, формасы, көркөмдүк-эстетикалык кунары, наркы жагынан, кыскасы бардык жагынан буга “Сан тоолор”, “Каркыралар”, “Кыргыз жаны”, “Айыл ырлары”, “Тандалмалар”, “Кыштак кечтери”, “Дүнөй”, “Сага айткан сыр” жыйнактарынын көркөмдүк деңгээли, со-циалдык мазмундуулугу, көп дооштуулугу күбө өтүп турат.

Аталган жыйнактарындагы ырларды негизинен акынга жакшы тааныш эки тема – айыл турмушу менен майдан темасы кызыл жип катары туташтырып турат. Майдан темасына арналган ырлары согуш алааматын өз көзү менен көрүп келген жоокер адамдын өз башынан өткөргөн окуяларын биринен сала экинчисин образдуу, элестүү айтып берген күндөлүктү эске салат. Натыйжада ал ырлар түркүн тагдырларды, алар тууралуу акындык толгонууларды көркөм ча-гылткан бир бүтүн чыгарма катары кабыл алынат. Чындыгында майдан турмушун, ал кездеги советтик деп аталган жоокерлердин ички бай дүйнөсүн ачып берүү жагынан бул ырлар кыргыз поэзиясынын жаңы барактарын ачты.

Согуш жөнүндө анын адам баласына алып келген трагедиясы тууралуу баяндап жатып, акын бүгүнкү күндүн да көйгөйлүү проблемалары, өмүр, өлүм, жашоо, сүйүү, адам, Мекен, эл-жер жөнүн­дөгү өзүнүн терең философиялуу ой толгоолорун ортого салат. Эл-жерди сүйүү, өзүн алар менен ажырагыс бир бүтүн организм катары сезүү, ошолор тууралуу ой-сезим менен жашоо идеясы акындын ырларынын негизги мазмунун түзөт. Бул тууралуу акын:

Менде сүйүү көп болду,
Баары эскирип түгөндү.
Кемиткеним жок жалгыз,
Жерди гана сүйгөндү,
– деп, таамай айтканы бар. Соңку мезгилдеги айыл турмушунда болгон не бир түркүн өзгөрүүлөр, жаратылыштын ажайып кооз көрүнүштөрү, айыл адамдарынын жаңырган көз караштары, түшүнүктөрү, кулк-мүнөздөрү акындын ырларында күчтүү поэтикалык илеп менен чагылдырылып, көбүнчө лирикалык каармандын ой толгоолору, санаркоолору аркылуу эңсөө, кусалануу маанайында берилет. Элеттик кыз-келиндердин, жигиттердин ынактык мамилелерине кайрылганда акын кээде фольклордун салттуу, даяр клишелерин да колдоно коёт. Бу болсо элеттик жаштардын кулк-мүнөзүнө шайкеш чыгып, элпек, музыкалуу чыгат.

Санарбек КАРЫМШАКОВ, К.Карасаев атындагы БГУнун профессору,
“Кыргыз Туусу”, 01.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий