Роза Аманова: «Чыгармачылыкта өзүмө өтө сын көз караш менен карайм…»

«Ала-Тоого бараткан кыз, Аруу сезим жараткан кыз…», «Ак калпагын булгалаган, Араңарда бирөө бар…», «Мен сага таарынгым келет, Мен сени сагынгым келет…» деп тоо мөңгүсүнөн аккан тунук булактай, булбулдай таңшыган үнү менен кимди болбосун арбап алган дастанчы, обончу Роза Аманова бизде мейманда.

30жаш оттуу курак дейт эмеспи, Н. Островский «Болот кантип курчудусун» 32синде, «Василий Тёркинди» Твардовский 35те, Айтматов «Жамиласын» 35те, А.Осмонов өлбөс-өчпөс ырларын 30 жашында жазган. Бирок, биз билгенден сиз 25 беш жашыңызда «КРнын эмгек сиңирген артисти» деген наамга татыктуу болгонсуз. Сиз ушул куракта кандай ийгиликке жетиштиңиз?
Эң жакшы суроо бердиңиз. Чынында, көптөгөн ийгиликтер 30 жаштын айланасында башталды десем туура болор. Чыгармачыл сапарымды тээ 14 жашта баштагандыктан, 25 жашымда өкмөт тарабынан эң жогорку деңгээлде бааланышы, чыгармачылыгымды андан ары өркүндөтүү менен эл алдындагы жоопкерчилигимди арттырды жана татыктуу болуумду милдеттендирди. Илимдеги ийгиликтер дал сиз айткандай 30 жаштан кийин буйруду.

Бир эле мезгилде ырчы, илимпоз, жетекчи болуунун түйшүгү жөнүндө эмнелерди айткыңыз келет?
Чынында, сиз айткандай, убакыттын аздыгы жана жасала турган жумуштардын туура эмес пландалышы көп учурда тажрыйбанын жоктугун далилдейт экен. Ошол себептен, жашоонун мыйзамдарына ылайык маселелерди туура чечүүгө, жок дегенде туура жыйынтык чыгарууга өбөлгө болуусуна аракет жасоо менен, бала кезден эмгекке тарбияланганым дагы көп жардамын тийгизди десем туура болор.

Түйшүкчүл, таланттуу мырзалар чарчаганда балык уулап, мергенчиликке чыгып, бильярд ойноп, чарчоодон арылат экен. Ушунча түйшүктү көтөргөн айым катары чарчооңузду эмне менен алдай аласыз?
Менимче, ар бир аял бош убактысы болсо эле үй шартындагы жумуштарды бүткөрүүгө, балдарынын ой-тилектерин ишке ашырууга, тууган-уруктун карым-катнашына байланыштуу иштерге жумшаса керек. Мен деле кадимки кыргыз кыз-келиндеринин бири катары, эс алуу мезгилдери боло калса, дал ушул жогоруда айтылган иштерди бүтүрүүгө убактымды жумшайм.

Кыргыздын аз жана саз деген принцибин колдонуп, көңүлгө кыт куйгандай сейрек, бирок эсте каларлык концерттерди берип жүрөсүз. Анын сыры эмнеде?
Чыгармачыл сапарымда өзүмө өтө сын көз караш менен кароону, артылган ишенимди милдеттүү түрдө актай билүүнү үйрөнгөнүм жана ар дайым апамдын, улуу устаттарымдын ишеничин актоо деген ийги тилегим жакшы чыгармаларды жаратуума, бийик үлгүдөгү концерттерди уюштурууга милдеттендирет.

Сахналык костюм тандоодо улуттук колоритти дайыма сактайсыз. Бул патриотчулдугуңузданбы же улутчулдугуңузданбы?
Дүйнө аралап конкурс, фестивалдарга, симпозиум, конгресс, конференцияларга барган сапарлар ар дайым мени кыргыздын кызы экендигимди көтөргөн комузумдан эле эмес, улуттук кийимимден да аңдоосу зарыл деп түшүнөм. Ар бир кыргыз жараны ата-бабадан келе жаткан салт-санаасы менен катар өзүнүн тилин дилинде сактоосу абзел деп ойлойм.

Сиз таланттарды таптап жаткан устат-шакирт маселеси боюнча эмнелерди айта аласыз?
Кыргыз салттуу музыкасы «устат-шакирт» өнөрканасы аркылуу уланып, сакталып, бүгүнкү күнгө жетти. Биз улуулардан үйрөнгөн, көргөн таалимибизди сөзсүз түрдө бүгүнкү муунга үйрөтүүбүз абзел, убагында Эстебес Турсуналиевдей, Болуш Мадазимовдой, Асек Жумабаевдей, Калыбек Жекшеновдой оозеки салттагы адистик музыканы терең билген устаттардан билим алганым үчүн бактылуумун деп ойлойм..

Искусство жаатында илимге киришкен адам катарында илимдин бул багытына карата жаштардын табити жөнүндө өзүңүздүн көз карашыңыз?
Бүгүнкү күндө этномузыка таануу илими жетишерлик жагдайда туура жолго коюлган дегенден алысмын. Ошол себептен, музыкалык искусствонун бул багытын изилдеген изилдөөчүлөр жокко эсе жана жаштар арасында кызыктырууга арналган иш-чаралардын уюштурулушу керек экендигин мезгил ырастады десем туура болор.

Бүгүнкү күндө адамзаттын ортосундагы болуп турган учурда 2 элдин ортосунда кызматташ катары кыргыз-казак достугу жөнүндө оюңузду ортого салсаңыз?
Алматы шаарындагы (1998-2004) Курмангазы атындагы улуттук консерваториянын аспирантурасында билим алуум, биринчиден өнөргө болгон сый мамилемди арттыруу менен катар, коңшулаш казак элинин өнөрпоздору менен чыгармачыл байланышымды арттырды. Бул достук Токтогул менен Жамбылдан, Осмонкул менен Кененден бери карай келе жаткан чыгармачыл улуу достук деп түшүнөм.

Азыркы жаш ырчыларга кандай баа бересиз?
Азыркы ырчылар жакшыдыр-жамандыр ырдап жатышат. Бул учурда анык таланттуу адамдар четте калып, коммерциялык жолдорун таба билген адамдар үнү жок болсо дагы сахнанын бетин бербей, теледен күнүгө сайрап ырдайт, үнүнүн уккулуктуулугу, чыгарманын маңыздуулугу жөнүндө кеп жок.

Сиз жаңыдан талпынып чыккан маалда атайын көзөмөлгө алып, таланттарды иргеп турчу көркөм кеңеш бар болчу, балким, азыркы тапта ошол көркөм кеңештин жоктугунун кесепетинен улам болуп жүрбөсүн?
Албетте, жаңыдан чыгармачылыкка аралашып жүргөндө мен эмес, менден мурунку муунда деле көркөм кеңеш бар болчу. Ал эми азыр жашоо такыр башка. Кыргызда жакшы макал бар: «Сөз кезеги келбесе, сөз атасы өлөт» деген, өзгөчө салттуу музыка жөнүндөгү маселелерди көтөрүп, а түгүл Маданият министрлигине чейин барып, абдан жаман көрүнүп калгам. Алар көңүл бурбай койгонунда, мен: «Мейли, өзүңөр билгиле, силердин да жооп бере турган убагыңар келет» дегеним менен жүрөгүмдү өйүткөн маселе эс-акылымдан кетпей туруп алды. Жалаң эле жаш ырчыларды күнөөлөй бербей, ушул жүргүзүп келген система туура эмес. Маданият саясаты туура эмес багытта иш алып барып жатат. Кыргыздын салттуу музыкасындагы козгоочу маселелер көп, бул туурасында музыка изилдөөчү Балбай Алагушев атабызга абдан ыраазычылк айткым келет, себеби, чачы агаргычакты музыканын фактологиясын жыйнады. Биздин ашканабыздын көйгөйүн чече турган инсандар керек.

«Маржан»тобу тууралуу айта кетсеңиз?
Кыргызда унутта калган дастандар китепте гана сакталып калганы менен аткарылбай келет. Эпос айтылганда гана жандуу болуп, угармандар сөздүн күчтүүлүгүнө маани берип, тагдырына кейип угуу тартиби менен жүргүзүлөт. Ушул дастандарды тирилтсек жакшы болмок. Курманбектин ар бир каарманына мен обон жаратканмын. Буйруса, ошол каармандар тууралуу обон кайрыктарына ушул «Маржан» тобунун аткаруусунда элибиз күбө болот.

Динара Асылбекова, “Обон” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий