Альбина ЭРАЛИЕВА: «Сүйүнбай атаңар жакшы ыр жазган күн биз үчүн майрам»

— Альбина эне, акынга жар болуу кыйын дешет. Сиздин Сүйүнбай ата менен өткөн турмушуңуз кандай болду?
Бул адамдын өзүнүн мүнөзүнө жараша болот окшойт. Акын же жазуучу болсо эле ал чатак же чыргоо болот деген сөз туура эмес экен. Мага Сүйүнбай атаңар менен жашоо аябай жеңил болду. Себеби бу кишинин мүнөзү өтө жумшак, сезимтал, боорукер. Айланасындагы адамдардын көңүлүн оорутуп албайын деп этияттап турат. Атургай чымынды да аячу. Кокус үйгө чымын толуп кетип мен аларды кубаласам «кой, аларды да Кудай жараткан, өз мөөнөтү келгенде кетет» деп турат.

Эл ичинде сиз тууралуу бир легенда айтылып жүрөт. Бир жолу кечинде шкафтан китеп алам деп жатып кулап түшүп колуңузду сындырып алып, бирок Сүйүнбай атанын тынчын албайын деп таң атканча чыдап, эртең менен гана колуңузду сындырып алганыңызды айтыпсыз. Бул чын эле болгон окуябы?
Бул окуяны чындап эле легенда кылып жиберишти. Аны кокусунан угуп калып элге айтып ийген казак-кыргыздын эл акыны Мухтар Шаханов болду. Ооба, ошондой окуя болгон. Бирок ал ар бир эле жубайдын бири-бирине көрсөткөн сыйы, аеосу дээр элем. Өзүңөр билесиңер, мен да жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист катары иштеп жүргөм. Мен өзүмдүн жеке чыгармачылыгым менен түнкүсүн алектенчүмүн. Башка учурда кол бошочу эмес. Ошол күнү да атаңды, балдарды жаткырып коюп иштеп отургам. Саат бирлер чамасы болуш керек эле. Бир китеп керек болуп калды. Ал шкафтын бийик текчесинде экен. Шаты караңгы бөлмөдө болгондуктан калдыратып-шалдыратып үйдөгүлөрдүн уйкусун бузуп албайын деп отургучка чыгып эле алмай болдум. Анда да жетпей отургучтун үстүнө табуретка коюп алдым. Аңгыча табуретка тайып кетип, мен өзүмдү кармай албай полго жыгылып түштүм. Жер таяна жыгылгандыктан колумду карасам алаканым сыртты карап калыптыр. Алгач колум ооруган деле жок, болгону колумдун сыртты карап калганынан коркуп кеттим. Колумду андай абалда таптакыр көргөн эмесмин да. Ыйлап-сыктап, анан акырын атаңдын бөлмөсүн карасам ал мемиреп уктап жатыптыр. Чындыгында бир чети аны аядым, экинчиден, ойготуудан тартындым. Анткени бу кишинин уйкусу өтө аз. Бир ойгонсо уктай албайт. Согуштун залдары да, башынан контузия алган, дайыма уктатуучу дары пайдаланат. Анан ошол мезгилде анын мемиреген уйкусун бузууга батынбай, таң атып өзү ойгонгончо чыдайын дедим. Атаңар эртең менен саат алтыга жетпей эле туруп алат. Өзү ойгонгондо гана ага колум тууралуу айттым. Көрөрү менен «а кокуй, түндө эле айтпайсыңбы, доктур чакыртыш керек» деп кейип, ошол учурда дайыма эртең менен үйүбүздүн жанындагы стадионго барып чогуу басышкан ошол кездеги саламаттык сактоо министри Накен Касиевге жөнөдү. Ал киши да атаңарга окшогон жумшак, бирөөгө катуу айтпаган киши эмеспи. Заматта «тез жардам» келип мени травматологияга алып кетишти. Эми бул адаттан сырткаркы легенда кыла турган деле окуя эмес. Ал менин катардагы эле аялдык милдетим болчу. Ар бир эле аял жолдошу уктай албай кыйналып жүрсө анын уйкусун бузганга даабайт.

Чынында согуш отун кечип, андан кийин поэзия майданында эмгектенген Сүйүнбай атадай кыргыздын тирүү классигинин минтип 90 жылдыгын тойлоп жатканы бир Кудайдын буйругу, анан сиздин эмгегиңиз. Кыз кезиңизде сизге ким үлгү болду эле?
— Мен кичинекейимде чоң апамдан көп таасир алдым. Ал динге берилген киши эле. Ыйык китептерди көп окучу. Мен да жаштайымдан чоң апамдын ыйык китептерине кызыгып окуп калдым. Ал бизге Жараткандын каалаганы ар бир аял күйөөсүнө чын дилинен берилип, ак дилден кызмат кылып, ошол эле учурда айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга да жакшы мамиле жасашы деп көп айтар эле. Мындан сырткары эч кандай ыйык китептерсиз эле кыргыздын ата-бабадан бери келаткан салт-санаасы, үрп-адаты, нарк-насили, макал-лакаптары аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керектигин эң сонун түшүндүргөн.

Сүйүнбай ата менен кай жерден, кантип таанышып калгансыз?
Мен улуттук университетти бүтүп мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүргөм. Акын Майрамкан Абылкасымованын күйөөсү Сагын Наматбаев биздин айылдан болгондуктан ал үй-бүлө менен катташып жүрчүмүн. Сагын бир күнү мага адабий чөйрөгө аралашпайсыңбы, жазуучулар союзунда бир орун бар эле деп калды. Акыры Майрамкандын кеңеши менен мен жазуучулар союзуна алгач адабий катчы болуп жумушка орноштум. Анткени стенографияны билчүмүн. Мен келгенде Сүйүнбай атаң эс алууда экен. Бир айча болуп калганда баары эле «Эралиев келиптир, Эралиев келиптир» деп калышты. Мурда мен бул фамилияны уккам. Атам менен апам педогогдор болгондуктан үйдө китептер көп эле. Алардын арасынан Эралиевдин «Уяң жылдыздар» деген жыйнагын окугам. Элдин баары анын эмгек эс алуусунан келгенин сөз кылып калышкандыктан өзүмчө Эралиевдин акындыгынан сырткары адамдык парасаты да жогору го деп ойлоп койгом. Бетме-бет жолугарым менен анын жагымдуу, жүзү жарык киши экенин билдим. Ошентип бир жерде он жылга чукул иштеп калдык. Ал ашыкча сөзү жок, олуттуу жүргөн, басмырт, адамдарга дайыма жумшак мамиле кылган киши экен. Эралиев жазуучулар союзунда адабий кеңешчи болгондуктан ага жаштар, студенттер көп келер эле. Алардын шагын сындырганын көргөнүм жок. Ал ортодо тагдыр экен, атаңардын жубайы кайтыш болуп кетти. Менин да биринчи жолдошум каза болуп калган эле. Ал киши да жазуучу болчу. Биртоп мезгилден кийин атаңар баш кошуп алалы деп сунуш кылды. Чынында бул сунушту көпкө ойлондум. Биринчи жубайынан көргөн балдары кабыл албай койсо кандай кылам дедим. Бул кишиге татыктуу боло аламбы, ага аял катары шарт түзүп бере аламбы деп көп ойлондум. Натыйжада жанымдагы аны, мени билген жолдош-жоролорубуз кеңеш берип, өзүбүз да туура көрүп, баш кошуп калдык. Эми минтип жашап келатканыбызга 40 жылга чукулдап калды.

Ортоңуздарда пикир келишпей калган учурлар болобу?
Эми адам болгондон кийин анча-мынча казан-аяк кагышкан учурлар болот да. Анүстүнө мен деле периште эмесмин да. Бирок атаңар өтө көтөрүмдүү киши. Өзүнүн жумшактыгы менен менин ага катуу айтышыма эч мүмкүнчүлүк бербейт. Анын мени аяп турганын көрүп мен аны андан өткөрө аяп келем. Атаңардын жанында жашаш мен үчүн бейиште жашагандай эле. Анын жанымда болушу мага жеңил. Ал жакшы ыр жазган күнү ал бир эсе кубанса мен андан эки эсе кубанам. Дайыма жакшы ыр жазган күн биздин үй-бүлө үчүн майрам болуп келди. Абышкам жакшы ыр жазган күнү бизге башка эч нерсенин кереги жок, дүйнөдө андан мыкты, андан бай, андан бактылуу киши жоктой сезилет. Мисалы, үйүбүздү көрүп турасың, бир нече жогорку мамлекеттик сыйлыктарды алган киши ушундай эле жупуну жашап келатат. Бирок бул үйдү хан сарайларга бербейбиз. Себеби мында эчендеген жакшы ырлар жаралып, бактылуу күндөрүбүз өткөн.

Сулуу, жаш акын эжелердин арасында агайды сүйүп, өмүр бою ага ыр жазып жүргөндөр бардай… Алардан кызганган эмессизби? Же азыр кызганган учуруңуз болобу?
Жок айланайын, алардын көбү менин эң жакшы көргөн курбуларым, сиңдилерим сыяктуу. Алар абышкамды урматтап, сыйлап, керек болсо сүйүп турушса өзүм кошо кубанам. Алар жакшы сөз айтып, бетинен өпсө жыргап турам. Эми кызганыч пендечилик. Мен ал пендечиликтен өйдө турам деп ойлойм.

Канча балаңыздар бар? Алар эмне кызматта?
Эки уул, эки кызыбыз бар. Балдарыбыз катардагы эле кишилер болушту. Бирок алардын амандыгына шүгүр дейбиз. Жети небере, эки чөбөрөбүз бар. Абышкам жана эле чөбөрөсү Эдилди сагынып кеттим деп отурган. Анын атын өзү койгон, сүрөтүн иш столуна коюп алган.

Сүйүнбай Эралиевдин 90 жылдыгы кандай белгиленди деп ойлойсуз?
Буюрса маараке жакшы белгиленди. 90 жашка чыгып бергендин өзү эле чоң эрдик. Сүйүнбай атаң Улуу жараткандын да көз алдында экен деп ойлойм мен. Болбосо согуштун азабын көрүп, анан калса жөө аскер деген эт майдалагычтан аман калып, үч жолу катуу жарадар болуп, анын залдарын ушул күнгө чейин тартып, денесиндеги алынбай калган бомбалардын сыныктары менен, күн бүркөлгөн сайын сөөгү сыздап ооруп, контузиясы өмүр бою кыйнап, ага карабай кыргыз поэзиясына кызмат кылып келатканы өзүнчө эле чоң эрдик. Жарадар болгонда колунун, бутунун эти шылынып калган экен. Ал кийин бүтөлгөн. Поэзияга да жөн эле кызмат кылган жок. Ал кыргыз поэзиясына жаңы жол салган. Аны адабиятчылар баары билет. Салынган жол менен баары кете берет, алгачкы жолду салыш кыйын. «Кесиринсан», «Ак мөөр» деген поэмаларын окуп алып мен таң калам. Мен муну Эралиев абышкам болгону үчүн эмес, тек гана окурман катары айтып жатам. «Кесиринсанда» Сократ менен анын деңгээлинде сүйлөшүп, ой жүгүртүп жатса, «Ак мөөрдө» сөздүн берметин тандап, акактай мөлтүр поэзияны чөгөрүп жатпайбы. Өзү бул поэманы уйку соонун ортосунда жазгандай болдум, аны кантип жазганыма таңкалам деп айтып калат. Чынында мындай чыгармаларды тегин адам жазбайт. Ушундай эмгек менен 90 жашка чыгыш чоң эрдик. Өзү айтып калат, мага Кудайдын да, элимдин да пейили ак экен, ошондуктан өкүнбөй тургандай иштеп, өкүнбөй тургандай жашадым деп. Чынында эле ошондой болду.

Азыр агайдын китебин чыгарып жатасыз, ээ?
Ооба, азыр «Турар» басмасы атаңардын томдуктарын басып жатат. Өкмөттүн акыбалын карап туруп алардан акча сурагыбыз келген жок. Аны таластык туугандар, менин төркүндөрүм каржылап, жалпысынан 400 миң сом кетти. Буюрса бүтүп калды. Ушул түйшүк менен ары-бери чуркап жүрүп азыр чарчап отурам, балам…

Зайырбек АЖЫМАТОВ, «Жаңы Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 04.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий