Арт жагыма бир кылчайып карасам, олтурат кара бала китеп окуп…

Меценат — бул сөз акындарды, сүрөтчүлөрдү, жазуучуларды, композиторлорду жалпы эле искусствонун өнүгүп, өсүшүнө чоң салым кошкон байыркы Римдин бай адамынын атынан калган сөз экен. 17-18-кылымдарда орус искусствосуна Б.П.Шереметов, П.В. Третьяковдор меценат катары из салып башташса, бүгүнкү күндө, кыргыз элинде бул милдетти аркалаган, бир тууган Шерниязовдорду жакшы билебиз. Элим деп күйгөн мындай мекенчил уулдардын балалыгы кандай өткөн? Биз бүгүн «Айтыш» коомдук уюмунун негиздөөчүсү, Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы Садык Шер-Нияздын балалыгына аттандык.

Чоң-Капкадагы чоң үй-бүлө
Чоң-Капка айылы Талас областына караштуу Манас районунун айылы. 1969-жылы, жанында Киров суу сактагычы, Баласагын токою жайгашкан өзгөчө кооз бул айылда жарык дүйнөгө келиптирмин. Менин балалыгым ушул айылда өттү. Кадимки эле колхозчунун үй-бүлөсү. Атам Эсентай мал доктур болуп эмгектенсе, апам Арна колхоздун башка жумуштарына жардамдашчу. Үй-бүлөдө 8 бир тууган болуп чоңойдук. Пушкин атындагы мектептен билим алдык. Ал кезде мугалимдердин деңгээли жогору, билимдери күчтүү эле. Ошол убактагы мектеп директору Дубана агай эмне деген күчтүү педагог эле. Бул агайым рухий дүйнөнүн дарбазасын кеңири ачып берди.

Атамдын китепканасы
Атамдын чакан китепканасы бар эле. Ал китепканадан кыргыз акын, жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Чыңгыз Айтматов, Райкан менен Мидинден тартып дүйнөлүк классиктердин китептерине чейин тизилип турчу. Бала кезде менде ашынган бейбаштык, шоктук деле жок эле. Убактымдын көпчүлүгүн ушул атамдын чакан китепканасы менен өткөрчүмүн. Агаларым мени көрүп «Ушу сен чоңойгондо кандай адам болор экенсиң» деп нааразы болуп, шыпшынып калышчу.

Бокем
Атам, апам ишке байланыштуу түштүк жергесинде көп иштешти. Бокем атамдардын колунда чоңойду. Мен болсо айылда чоң апамдын колунда өстүм. Бокем кичинесинен эле өжөр, тентек, көк жал эле. Айтканынан эч кайтчу эмес. Атам урушабы, урабы баары бир өзүнүн айтканын берчү эмес. Эсимде калганы көктүгүнүн айынан атамдан келтек жегендери. Менде деле көктүк бар, бирок Бокеме жетпейт.

Саадат чоң апам
Менин балалыгым чоң апам менен өттү. Тилинен бал тамган, каада-салтты карманган илгерки киши. Мени жалаң куюлушкан жомогу менен чоңойтту. Бүгүн минтип искусствого жакын болуп калганыма чоң апамдын салымы көп. Чоң апамдын ысымы Саадат эле. Анын урматына кызымдын атын Саадат койгом. Азыр чоңоюп калды.

Куурулган күлчөтай
Биздин бала кезде азыркыдай түрлөнгөн көп тамак деле жок. Куурулган күлчөтай деп койчу. Очокко алоолонто от жагып, казанга апамдар бышырып берчү. Казанга эт асып, беш-бармак жегенибиздин да өзүнчө үлпөтү болор эле. Баарыбызды тизип олтургузуп коюп, атам улуулата устукан узатар эле. Бул дагы атам Эсентайдын бизге көрсөткөн алтын тарбиясынын бир бөлүгү.

Аскерге жөнөгөндө
Менин аскерге жөнөө аземим эки, үч ирет кайталанды. Досторумду чакырып, узатышат. Кетпей калам. Ошентип мени аскерге узата берип тажашты. Бир күнү кудай жалгап алып кетти. Аскердик кызматымды Германияда өтөп кайттым.

Атамдан айрылганбыз
Азыркы күндө кез-кезде эске түшүп калганы болбосо, артка кайтууга жол жок. Балалык өттү, кетти. Бүгүн чоң апамдын, атамдын, эки агамдын көзү өтүп кетти. Апам айылда турат. Бокемди саясатчы катары жакшы тааныйсыздар. Иним Баткен болсо Москва шаарында ишкердик менен алектенет. Башка бир туугандарым дагы борбор шаарыбызда, айылда өз иштери менен алектенип, өмүр кечирип келебиз. Кыялдар көчөсүндөгү ошол кара тоголок баланын бардыгы болбосо да четинен кыялдары ишке ашып келет.

Балалык менен кездешүү
Балалык бул адамдын жашоосунун, өмүрүнүн таттуу бөлүкчөсү, өзүнчө бир стихия экен. Түгөлбай Казаковдун балалык тууралуу сонун ыры бар.

Токтодум да карадым арт жагымды;
Жаанда жүрөт делбирттеп бир жаш бала
Ишеничи, көңүлү жел тие элек
Кыял менен үмүткө курдаш бала.

Көзүмдү ирмейм көрүнөт алды жактан
Көр тирликти жамынган тоодогу айыл.
Эскерүүлөр сел болуп жар кулаткан
Эңшеришет көңүлдү, мен да кайыл.

Өттү жылдар кемитип өмүрлөрдү
Кубанычымдан көбүрөөк арманым бар
Балалыктай бейишти теңир берди
Өзүм коштум тозокту ары жагына.

Көр оокаттын көйнөгү көлдөлөңдөп,
Көкүрөгүн алда не эзип барат.
Отуну бар көтөргөн эрбелеңдеп,
Жетимдиктин дайрасын кечип барат.

Ал баланы жүр дедим чоң калаага,
Көчөсү кең, ар түркүн элдери көп,
Тартынган жок, бирок да ээрчиген жок
Тажайм, деди, дүйнөңдөн эрмеги көп.

Көпкө жүрдүк, бойлодук тоо дайрасын
Шапат урган. Чуркадык шүүдүрүмдө
Кош айтыштым: «Аман бол, садагасы!»
Эскерээрмин өмүрдүн күүгүмүндө

Бул ыр балалыкты сүрөттөгөн, балалыкты ачып берген классика. Бул ырда балалыкка болгон кусалык, сагыныч эскерүү жатат. Мен Түкөмдөй жетимдиктин азабын тартпадым. Чоң апамдын, ата-энемдин мээримине чулганып жетилдим. Бирок балалыктын баеолугу, тазалыгы, кыялдардын, максаттардын көчөсүндө жүргөндүгү суктандырат. Мен азыр токтоп туруп, карасам арт жагымды, олтурат бир жаш бала китеп окуп.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, «Де-факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий