Динара Жусаева: «Мен жактырган адам каза болуп калган»

Бир кезде “Энекем” деген ырды гитара менен ырдап чыккан назик үндүү Динара эже көпчүлүктүн эсинде. Ошол эжекебиз көп көрүнбөй кеткенинен издеп барып, маек курдук.

БЫЖЫНЫ ЖАКШЫ КӨРГӨН ДИНАРА ЖУСАЕВА
Туулган жылы – 1969-жылдын 17-декабры.
Зодиак белгиси – Жаачы.
Бою – 151 сантиметр.
Салмагы – 48 килограмм.
Жактырган гүлү – Роза.
Жактырган тамагы – Быжы менен йогурт.
Жактырган дарагы – Балаты.
Жактырган жаныбары – Жылкы.
Жактырган киноактёру – Жонни Депп.
Баалаган ырчысы – Майкл Жексон.
Баалаган композитору – Микаэл Таривердиев.
Баалаган акыны – Акбар Рыскулов.
Жумуштан тышкары – Чакан бизнеси бар.
Учурда – “Түнкү белес” жана Кыргыз радиолорунун баяндамачысы.

“ЭҢ СОНУН КЫШ НАРЫНДА”
– Мен Нарын жергесинде соодагерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам менен апам дүкөндө сатуучу болуп иштешчү. Ошол себептен бала чагым бардар турмушта өттү. Тогуз бир туугандын жетинчисимин. Менден улуу да, кичүү да бир туугандарым болгондуктан, абдан шаңдуу болчубуз. Анан да баарыбыз биздин үй-бүлөнүн мыйзамы менен жалаң “5” деген баага окучубуз. Күндөрдү бөлүштүрүп алар элек. Бир күнү адабият күнү болуп, баарыбыз отуруп алып китеп окусак, экинчи күндү орус тил күнү деп, бири-бирибиз менен орусча сүйлөшчүбүз.

Нарындын кышы эң сонун кыш эмеспи. Өзөндөгү суунун бети кышында тоңуп, көк жылгаяк муз болуп калат. Ал жакка барып муз тебебиз. Анан да кыздар менен чогулуп алып күнү-түнү велосипед тебер элек. Айтор, балалыгым кызыктуу өттү.

“ДИСКОТЕКАЛАП ЖҮРГӨН СТУДЕНТТИК КҮНДӨР”
– Мектепте окуган кезде эле ырдаганды, музыкалык аспаптарда ойногонду жактырчумун. Ошол себептен 8-классты аяктаганда борборго келип, филармониядагы эстрадалык студиянын гитара классында окуп калдым. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун гитара бөлүмүндө билимимди уланттым. Студенттик күндөрүм эң сонун өттү. Бардык студенттердей эле ачка, ток күндөр болгон. Ошентсе да ал кез кыйкырып ырдаган шаңдуу курсташтар, дискотекалар менен эсимде калды. Студент кезде Майкл Жексондун күйөрманы элем. Анын пластинкаларын чогултуп алып укчумун.

“ЖҮРӨГҮМ ЫРЧЫЛЫКТЫ КААЛАБАГАН КҮНҮ САХНАНЫ ТАШТАДЫМ”
– Бала кезимден эле ырчылыкка жакын болдум. Райондук, облустук деңгээлдеги кароо-сынактарга катышып жүрчүмүн. Кийин Искусство институтунда окуп жүргөндө ал жерде баары эле таланттуулар ырдашат да. Ошолорго кошулуп жүрүп Бакыт Айтболсуновдун “Энекем” деген ырын жаздырып, ырдап чыккам. Бул ыр биздин жатакананын гимни болуп калган эле. Мен ырды чегине жеткире жакшы ырдаганымдан элге сиңди деп айта албайм. Менимче, элден өзгөчөлөнүп гитара менен ырдап чыккандыгым үчүн эл башкача, жакшы кабыл алды окшойт.

Менин он-он бештин тегерегинде эле ырым болду. Сахнага деле ырчы болуу үчүн чыккан эмесмин. Ырчылык мен үчүн хобби катары гана кала берди. Ырдаганды жүрөгүм каалабай калган күнү сахнаны таштап кеткем. Акыркы ырымды 2002-жылы жаздыргам. Анын үстүнө апамдан тартып бир туугандарымдын баары намаз окуган дин жолундагы адамдар. Ырдоо мусулманчылыкта күнөө катары саналгандыктан, баары тыюу салышты. Азыр буга эч өкүнбөйм. Ырдоо мен үчүн эмес. Анын үстүнө ашып-ташкан деле бийик үндүү таланттуу ырчы болгон эмесмин. Азыр керек болсо үйдө да кыңылдап ырдагым келбейт.

“РАДИОГО КӨП ЖЫЛДАРЫМДЫ АРНАДЫМ”
– Институтту аяктаарым менен эле Маданият министрлигинде эки жыл иштедим. Ошол эле учурда Кыргыз радиосуна келип, азыноолак берүүлөрдү даярдап жүрчүмүн. Кийинчерээк биротоло баш-отум менен радиого киришип кеттим. Бир аз убакыттан кийин “ХХI кылым” радиосу түзүлүп, жетекчилик мени радиого башкы продюсер кылып дайындады. Ошол күндөн тартып менин жашоом “ХХI кылым” радиосу болуп калды. Радионун угармандарын көбөйтүш керек, радионун берүүлөрүн кызыктуу чыгарыш керек деген маселелер менин мойнумда эле. Жумуштан тамактанып, жумушта түнөп калган күндөрүм көп болчу.

Баса, ошол кезде түз эфирде иштей баштаган элек, элден ар кандай сын-пикирлерди укчумун. Бири “шашып сүйлөйсүң” десе, бири “сенин үнүң таптакыр жагымсыз, ичке, анан да чыйылдап чыгат” дейт. Менимче, үн деген табияттан. Кулагы чоңдор кулагын кесип сала алабагандай эле, мен дагы үнүмдү өзгөртүп сала албайм да. Менимче, кеп үндө деле эмес. Айтайын деген оюң болсо, ал элге шыбырасаң да жетет. Жашоомдо мен көп эле катуу-катуу сүйлөгөн, катуу-катуу баскан адамдарды көрдүм. Бирок алардын бири да эсимде калган жок. «Көңдөй челек катуу калдырайт» деген сөз чын окшойт. Менин үнүм сүйлөгөндө назик болгону менен, ачуум келсе, балакеттей эле катуу чыгат (күлүп).

Ошентип, “ХХI кылым” радиосунда 10 жыл башкы продюсер болуп иштедим. Бир топ эле жакшы иштерди жасадым деп ойлойм. Албетте, угармандарыбыз көп болчу, бирок түбөлүктүү эч нерсе жок да. Бардык нерсенин башталышы менен бүтүшү болот. Акыры реформалардан улам «ХХI кылым» радиосунун ордуна «Түнкү белес» радиосу ачылып, учурда иштеп жатат.

“АТЫР МЕНЕН КАПЧЫК КОЛЛЕКЦИЯЛАЙМ”
– Мүнөзүм ар кандай. Өтө ишенчээкмин, анан да мени жакшы тааныгандар өтө жөнөкөйсүң деп айтышат. Көп нерсеге көтөрүмдүүмүн, бул сапат мага апамдан өтсө керек. Апам өтө сабырдуу, көтөрүмдүү, акылдуу жан.

Үй тиричилиги менен алектенгенди жакшы көрөм. Көркөм, сулуу, кооз нерселерден рахат алам. Хоббим – дизайн. Негизинен, үйдү жасалгалаганды жактырам. Атыр менен капчык коллекциялайм, андан тышкары кооз идиштерди да чогулта бермейим бар. Конокко барганга караганда конок тосуу менин жан дүйнөмө жакын. Ошондой эле автомобиль – менин стихиям. Эркек болгонумда автожарышчы болсом керек эле. Машина айдоодо тездикти, ылдамдыкты жактыргандыктан, Нарынга эки жарым, үч саатта эле кирип барам. Муну билген досторум мени “Шумахер местного значения” деп коюшат. Мага атымдан эмес, Шумахер деп кайрылгандар да бар.

Кичинекей, арык болсом эле мени көптөр ак кол деп ойлошот экен. Ашканада менин колумдан даам сызгандар мактап эле келишет. Андан тышкары эркектердин жумушун жакшы жасай алам. Мисалы, тез эле короону иретке келтирип, бактарды кыркып, отун жарып, мык кагып, дегеле бардык сырткы жумуштарды аткаруу колумдан келет. Кир болуп чачылып жаткан иретсиз нерселер ачуумду келтирип жиберет. Эң жаман көргөнүм ошол.

”ТУРМУШ КУРУУГА АЗЫР ДЕЛЕ КЕЧ ЭМЕС”
– Турмушка чыга элекмин. Мындан үч-төрт жыл мурун мен жактырган адам каза болуп калды. Убакыт билинбей өтө берет экен. Маңдайыма жазган болсо, үй-бүлө күтөрмүн, болбосо, арга жок.

”ЖАШОО, ӨМҮР ЖӨНҮНДӨ”
– Менимче, бул жашоонун максаты тиги дүйнөгө даярдануу болсо керек. Мени өлүмдөн кийинки жашоо коркутат. Аркы дүйнөдө бизди эмне күтөт, анын баары азыркы иш-аркетибизге, жүрүм-турумубузга байланыштуу. Ошондуктан бул жашоодогу эң башкы нерсе – ыйман деп айтар элем. Ал дагы өзүбүздүн колубузда.

Чолпон Сүйүнбаева, «Супер-инфо», №470 4-10-ноябрь, 2011-жыл

Соц тармактар:

Динара Жусаева: «Мен жактырган адам каза болуп калган»: 1 комментарий

  • 11.11.2011 в 10:02
    Permalink

    а бул эмне учун тушунбодум??

    Ответ

Добавить комментарий