Карыбас поэзия

Артымда жолдор жатат, жолдор жатат,
Чоюлуп чакырымдан чакырымга,
Көп жүрдүм келечекке долбоор жасап,
Ашыккан сапарымдын акырында,
Кезиктиң, күүлөр ээси, Поэзия!
Алдымда туура тартып бууданыңды
Ошондо алгач ирет сезген окшойм,
Сенсиз мен жашай албай турганымды.

С.Эралиевдин өмүрү, чыгармачылык жолуна назар салып караганыбызда ал бир күн да ырсыз өмүр сүрбөгөнү, тээ кан күйгөн согуш талаасынан аман сактап, ушул куттуу куракка келишине да, жашоого дем, күч, чексиз кумар берген да анын табият берген таланты, жалындуу, сабырдуу ырлары экени калетсиз.

С.Эралиевдин чыгармачылыгынын башталышы да Улуу Ата Мекендик согуш мезгилине туш келип, өз башынан өткөн мындай алаамат анын чыгармачылыгында кызыл сызык катары жүрүп отурат.

Үч мертебе кайра туруп жараттан,
Үч мертебе жоого кетип баратам.
Тагдырыма таарынбаймын эч качан,
Мени ошентип солдат кылып жараткан.
(«Үч мертебе»)

Ошентип, кудай сүйгөн акын дүйнөгө бир эмес, үч мертебе төрөлгөн. Ошондуктан, анын поэзиясы бийик гуманизмге, патриоттуулукка үндөгөн үлгүлүү, ойчул поэзия. Акындын эң ириде тилегени да элинин, журтунун амандыгы, келечегинин кеңдиги. Мындай жакшы менен жаманды, ак менен караны эриш-аркак сүрөттөп, чыныгы поэзиянын суусун ичкен акын эчак экинчи өмүргө ээ болду. Поэзия демекчи, бүгүнкү күндө ыр десе эле эки сапты уйкаштырып, көргөн-билгенин талдабай эле чүргөй салуу адатка айланып бара жатат. Ал эми поэзия жөнүндө улуу акын Э.Межелайтистин: «Поэзия — это тоска по гармонии. Вечная тоска по добру, правде и красоте. Вот что такое поэзия» дегенин С.Эралиевдин бүткүл чыгармачылыгына багыштасак туура болот. Кезегинде атактуу бул эки акын бири-бирин жогору баалашкандары да жөн жеринен эмес окшойт. Акын кандай гана темага кайрылбасын, аны жаңы эстетикалык көркөм табылгалар байытып, бардыгын конкреттүү, предметтүү, образдуу берүүгө жетишет. Акындын сүрөткерлигине, образдуу ой жүгүртүүсү бул жагынан өзгөчө табылгалуу, көп мүнөздүү жана орошон экендигин көптөгөн поэтикалык туундулардан ачык байкалат. Ал башкалардай өзүн-өзү чектебейт, поэзия асманында эркин бийик учат. Ал ырларында биз билген, бизге эчактан бери тааныш жазылып бүткөн сыяктуу ой-сезимдердин, көрүнүштөрдүн, нерселердин баарына кайрадан жаңы түр-түспөл, жаңы үн берип, эч кимге окшобогон С.Эралиевдик ыкмага салат. Анын поэзиясы ушунусу менен да баалуу. Акын үчүн эскирген тема, идея жок. А чынында таланттуу акындар үчүн ошондой болуш керек. Сүйүнбай агабыз кандай гана темага кайрылбасын аны табият, турмуш, адамдык жеке тагдырга байланыштырып, анын мазмунуна терең, бирок жөнөкөй маани, ой чөгөрөт, аны окурман бир жактуу чечмелөөгө мүмкүн болбогон деңгээлде, кемелине келтире жазат.

Кыргыз поэзиясын тирүү классиги, Бакайы аталган акындын чыгармачылыгы бир кичинекей макалага сыйбастыгы, ал тууралуу жүздөгөн макалалар, ондогон китептер (изилдөөлөр) жазылаары түшүнүктүү.

Акындын чоң акын болушуна табият таасир эткенин акын минтип эскерет: «Мен кандайча ыр жазып калдым? Бул суроо кээде өзүнөн-өзү ойго келе калат, окуучулар да муну көп сурашат. Дароо жооп табуу кыйын. Бир ирээт тоодо кетип баратсам, үстү жагымдан аска бирдеме деп кобурагансып калды. Ага азыр эле маңдайын сылап өткөн желаргы жооп бергендей болду. Бери жакта күрүлдөгөн тоо суусу өз оюн айтып, тамашалап жаткансыды. Алардын ошол кобурун тыңшап келатсам, мен жаратылыштын бул сырын башкалар менен бөлүшкүм келди. Бирок, бул үчүн баарынан мурда көркөм сөз табуу керек эле. Биринчи жолу мен ошондо көркөм сөз издедим». Көрсө, акынды акын кылган табият тура. Ошондуктан анын поэзиясында табияттын татынакай картинасы, көрүнүшү сүрөттөп, коштобогон ырлары саналуу гана. Анын акындык сүрөткерлигин кашкайта аныктаган көркөм табылгалар пейзаждык лирикаларында кадам сайын кездешет:

Кээ жылдыздар тараган,
Кээси дале кетелек.
Айды бирөө далдаадан,
Бараткансыйт жетелеп.

Жаңырыктайт араактан
Дайра шарын камчылап.
Шүүдүрүмдөр дарактан
Жатты жерге тамчылап.
(«Таң атаарда»)

Акын үчүн пейзаж, табият жөн гана көрүнүш, жөн гана сүрөт эмес, ал адам менен бирге жашаган, бирге күйүшүп, бирге сүйүнгөн жандуу нерсе. Жаратылыштын койнунда өз баласы катары төрөлүп, адам катары калыптанган акын табият менен так адамдай сүйлөшүп, анын сырларын, үнүн, кайгысын, муңун, кубанычын угат билет, ага арыз-муңун, кубанычын айтып.

Чарчап келип көк тулаңга куладым,
Бир оокумда шыбыш угат кулагым.
«Бул эмне?» деп баш көтөрсөм, а көрсө,
ТОО чуркатып жатат ичке булагын.

Шылдыр-шыңгыр агып жатат ал мында:
Чөп түбүндө, оң колтугум алдында.
Ырдайт, бийлейт, кыт-кыт күлөт түгөнгүр,
Чоң сууларды туурап ушул алдыда.

Миң кубулуп мени алагды кылууда…
Угуп жатам, дарманым жок жылууга.
Ал аңгыча төш алдынан сеземин,
Бир нерсени жумшак дагы, жыттуу да.

Бир нерсени жумшак дагы, жыттуу да,
Жыты өмүрдүн суусунундай жутууга,
Көрсө көк чөп ойноп жатат оролуп,
Көөдөнүмө, колум менен бутума.

Ачылган гүл, чөбүң үчүн көгөргөн,
О, ыйык жер, топурагың өбөм мен.
Сыйынамын сенин улуу күчүңө,
Тоолоруңа, алдыңа күн өңөргөн.
(«Жерге сыйынуу»)

Акындын «Жайлоодо», «Жаз», «Сүрөт», «Тоолор окшойт», «Этюд», «Жаз келди», «Суусамыр», «Тоо суусу», «Жаздын келиши» ж.б. көптөгөн ырларында курулай пейзажга, табиятка суктануу эле эмес, аруу сезим-туюм менен ой жүгүртүп, биринде табият менен ата-мекен, биринде табият жана сүйүү, биринде табият жана өмүр, өлүм, биринде табият жана жаштык бар. Акындын терең мазмунда жазылган ырлары жүрөктөн чыгып жүрөккө жетет. Аларда лиризм күчтүү жана табигий мүнөздө болуп, тирүү жанда жүгүргөн кан сыяктуу ар бир сөз өз ордунда турат. С.Эралиевдин сөздү ийнине келтире «иштете» алган чебер сүрөткер жана лирик экендигин төмөнкү ыры да талашсыз айгинелейт.

Жай-кыш бизге жан мээрими сезилген,
О, табият, сен бир ыйык энесиң.
Керек болсо, жасап боор этиңден,
Бере аласың адамдын да денесин.

Мүнөз-пейилиң кээде назик, уялчаак,
Бар сыяктуу айтылбаган бир сөзүң.
Кээде болсо өмүрдү шар кыя чаап,
Көрсөтөсүң жата турган мүрзөсүн.

О, табият, эң кийинки «энчиңен»
Балким, мүрзөң өзү дагы уялат:
А болбосо, кандай эне сенчилеп,
Өз перзентин өзү өлүмгө кыялат?!
(«О, табият»)

Ал эмес акын жеке сезимин, махабатты да табият менен туташ эриш-аркак сүрөттөп, аны табияттын бир бөлүгү катары берет. Анын сүйүү лирикалары да жүрөктүн түпкүрүнөн чыккан, таза, кол тийгис, табияттай таза, назик жана жашоосунун татаалдыгы менени чечмеленет. С.Эралиев акындар тарабынан көп колдонулган «сүйдүм», «күйдүм» деген тапталган сөздөрдү пайдаланбай эле, сүйгөнүнө болгон ыйык сезимдин арзуусун окурмандын жан-дилине жеткире образдуу, элестүү жана көркөм тартуу кылат:
Ушул жерде сонун гүлдөр өсчү эле:
Жашыл, сары, көгүш, кызгылт түспөлдө,
Карап-карап кандырчубуз көздү эле,
Көркүн аяп, кол баралбай үзгөнгө.

Тигил жакта колот менен анан да,
Шылдыр-шылдыр туура суулар акчу эле.
Ошолордун ортосунда, аралда
Олтурчу кез сага аябай жакчу эле.

Үлбүрөгөн ак жибектей шоодурап,
Сулуу, сулуу таңдар мында сүрчү эле.
Баары сонун болчу. Анткени жоодурап,
Асылкечим дайым жанда жүрчү эле.

«Эралиевдин лирикасы сырга бай, ойго март, музыкага канык гана эмес ашкере сүрөттөөчүлүк касиетке ээ. Акын карапайым сөздөр менен да, өтмө маанидеги сөз айкалыштары менен да таамай сүрөттөрдү тарта билет; көп учурда кыска эле ыр жолдору адамдын бир кызыктуу психологиялык абалын, коомдук турмуштун жана табият стихиясынын мүнөздүү көрүнүштөрүн, кыймыл-аракеттеги кубулуштарын, оңой кармалбас элестерин акылга туюмдуу, сезимге жугумдуу бере алат»- деп С.Жигитов менен О.Сооронов жазгандай, ыр дүйнөсүнүн улуу көчүн улап, поэзиянын кадырына жетип, «Ак Мөөр», «Кызгылт багымдат» ж.б. көптөгөн поэтикалык шедеврлерди жаратса да, мен деп көкүрөк какпаган, адамдык сапаты бийик, ички маданияты терең, акылман акыныбыздын залкарлыгына суктанбай коелбайсын.

С.Исаева, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ф.и.к., доценти,
«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий