От өчпөгөн коломто

Залкар акын Турар Кожомбердиев 1941-жылдын 22-июнунда Калинин районундагы Сары-Булак айылында туулган. Ал жалпы элге, поэзия сүйүүчү бардык журтка, жүрөккө жете алган, терең мазмундуу ырлары менен кеңири таанымал болгон. Аалы Токомбаев анын «От өчпөгөн коломто» аттуу китебине баш сөз жазып, Турар «ойчул, тапкыч акын» экендигин белгилеп кеткен. Акын Анатай Өмүрканов айткандай, Турар Кожомбердиев эне тууралуу көп жана мыкты жазган акындардын бири. Акындын ысмы менен кыргыз поэзиясында эне, коломто, от аттуу түшүнүктөр кеңири мааниге ээ болуп, терең баа-баркын алган.

Турар Кожомбердиев балдар акыны катары да таанымал болгон. Анын жеңил чыккан, образдуу, балдардын дүйнөсүнө бап келген ырлары азыр да балдар үчүн окуу китептеринде бөбөктөрдүн сүймөнчүктүү ырдестесине айланган. Акындын 70 жылдыгын күркүрөгөн күздө Өкмөт белгилейт деген убадасы бар эле. Күз да аяктап баратат. Жаңы бийлик келип, алп акындын юбилейин белгилеп, акындын ырларына, элесине таазим кылып өтөөр деп күтөлү.

Кыл муруттуу кумурска
Турар Кожомбердиевдин бөбөктөргө арналган ыр түрмөктөрүн окуп отуруп, бала кез эске түшөт. Көпчүлүгүбүздүн балалык күндөрүбүз Турардын «Көлчүктөгү сынып кеткен айы» жана «Кыл мурут кумурскасы менен» өттү. Балдарга арнап акындын баары эле мындай таасирдүү ыр жаза албайт.

КӨЛЧҮКТӨГҮ АЙ
Эшке чыксам укмуш, апа
Ары-бери калтырап,
Чоң көлчүктүн ортосунда
Ай жатыптыр жалтырак.
Басып барып акырын
Колум сунуп батыраак
Жаңы кармап алаарымда
Сынып калды чачырап.

КУМУРСКА КӨРГӨН ТОО
Келатыптыр жумушка
Кыл муруттуу кумурска.

Топчуну алып колуна
Тосуп койсом жолуна:

Тыягынан карады
Быягынан карады.

Аркы-терки ойлоду
Тоо деп аны ойлоду.

Түнкү серенада
Турар Кожомбердиевдин ырларына эң көп обон жаралган. Анын «Түнкү серенада», «Күн чыгышым», «Кайдасың сен», «Арча бешик», «Толкундар», «Алгач сүйүүм», «Баратабыз каякка», «Ысык-Ата — Арашан», «Үзүлбөгөн үмүттөр», «Табият көркү сен», «Энем менен атама», «Ала-Тоом», «Көл үстүндө», «Уйкусуз гитара», «Жаңы жылды тосолу» ж.б. ырларына сонун обондор жаралган. Композиторлор, анын арасында Калыйбек Тагаев, акындын ырларына мукамдуу кайрыктар өзүнөн-өзү жараларын айткан.

Жана башында жазгандай, Турар Кожомбердиев эне, коломто, от тууралуу көп жазып, эне мээримин поэтикалуу даңазалаган акындардан. Эне, коломто тууралуу кайсы ырын албайлы, эне мээрими, сүйүүсү элестүү чагылдырылган.

ЭНЕ ЖАНА КОЛОМТО
Мейли кышта,
бурганактын шаңында
Мейли күздө, мейли
жаздын таңында
Коломтону элестетсем энекем
Күйпөлөктөп отургансыйт
жанында.

Куурай терип, тезек
терип жакканы
Камданчубуз казанга
нан жапканы
Эмнегедир от биздики дечүмүн-
Апамдардын өздөрү
ойлоп тапканы.

Казан шуулдап, түбү
көөлүү карарган
От күчөөчү коломтого таралган
Эмнегедир от бир буюм сезилчү
Апакемдин колдорунан
жаралган.

Эстен кетпейт
өткөндөрдүн элеси
Малчылардын күнгө
күйгөн денеси…
А мен отту бир
туугандай сезчүмүн
Апам болчу анын дагы энеси.

Тиштеримде карсылдап тоо
ышкыны
Атам мага мингизчү
көк быштыны.
Тентек кылсам дүңкүлдөтчү
жонумду
Апакемдин нандан жумшак
муштуму.

Көмөч ысык. Оф! Фу!
Кантем калакай!
Коломтого топтой
ыргыйт малакай!
Энем кайра алып көрүп колуна
Айтчу мага: — Ай тентек
ай, жалакай!

Көп жемишти өлүм күүдү
добулдай!
Сагынычтан көптөн
бери чогулбай.
Кайда кеттиң баарыбызды
унутуп?
Өрмөктөрүң күтүп
калды согулбай.

Уктап жатпа, адатыңдыр
тук этмей,
Жымжырт. Жоопсуз.
Кузгун дагы кук этпей.
Сен сурасаң үзүп алып очоктон
Күйгөн отту сунаар элем
букеттей!..

…Мейли кышта
бурганактын шаңында
Мейли күздө, мейли
жаздын таңында
Коломтону элестетсем энекем
Күйпөлөктөп олтургансыйт
жанында.

Эне, от, коломто тууралуу жазып, далай адамды сүйүүгө, мээримге жылыткан акын өзү төрт жашынан апасынан айрылып калган экен. Кийинки апасы Касыкени акын өз энесинен кем көрбөй, эне, коломто, от тууралуу ырларынын прототиби катары алган. Кыргыз жеринин көркөмдүгүн атасы мал багып, жайлоолордо жүргөндө каныгып сүйүп, ырларында да ошончолук мээрим, сүйүү, сагынычка сугарып берген.
Бул тууралуу акындын кенже бир тууганы Карабай, карындашы Гүлжан Кожомбердиева айтып беришти.

Гүлжан Кожомбердиева, карындашы: «Турар байкем менен энебиз башка экенин билген эмеспиз»
— Турар байкем бизди, бир туугандарын аябай жакшы көрчү. Бир ырында:
«Азыр мен алыстамын, ыраактамын,
Апамдар жаккан чыгаар чырактарын.
Кучактап баарыңарды өпкүм келет
Кулундарым, бөжөктөрүм, ынактарым»
деп ырга салган.

Биз, анын ини-карындаштары, Турар байкем менен атабыз бир, апаларыбыз башка экенин билген эмеспиз. Бул тууралуу кийин, Турар байкем каза болуп калганда билдик. Байкем төрт жашынан апасы Гүлнар энеден айрылып, атабыз менин апам Касыкеге үйлөнүп, тогуз балалуу болуптур. Бизге жатындашынан артык мамиле жасаганынан улам, апабыз башка экенин эч билбептирбиз. Эки энеден 13 бир тууган болчубуз. Баарыбыз ынтымактуу элек.

Байкем эненин, коломтонун образын апам аркылуу берген. Апамды ал абдан жакшы көрө турган, апам да аны өз баласынан артык көрчү. Апам Касыке жоош, момун, карапайым, эмгекчил киши болгон. 100гө жакындап барып каза болду.

Мен азыр Жайыл райондук ооруканасында врач болуп иштейм. Биз, баарыбыз, байкемдин шаардагы үйүндө жатып окудук. Малчынын балдары болгондугубуздан көчүп-конуп жүргөндө, окубай калбасын деп, биздин окуубузга көңүл буруп, окутуп, сабагыбызды көзөмөлдөп турчу.

Турар байкем, Уулча эжебиздин колунда окуп, аны да экинчи энем деп, ырларында айтып келген. Уулча эжекебиз Алмазбек Исманкуловдун апасы, Турар байкемдин уялаш эжеси. Азыр ал киши 90 жашка келип калды. Ал да байкемди окутуп, адам болушуна көмөкчү болгон. Алмазбек жээнибиз беш жашар кезинде «Байке, согуш учурунда да күн болгонбу» деп сурап, байкемди таң калтырып, бул тууралуу ыр жазган. Уулча эжекемдин 2010-жылы чыккан «Турар Кожомбердиев» аттуу китебинде байкемдин кичине кези, студенттик курагы, достору тууралуу жазылган. Биз, бир туугандары да чоңоюп, жетилдик. Биз дагы байкемдин өмүр жолу, бизге мамилеси тууралуу китеп жазалы деп жатабыз. Байкем өзгөчө киши болчу.

Кайрадан алар менен кайтпай калам
Турар Кожомбердиев 48 жашында, 1989-жылы жүрөгү ооруп, каза болгон. Өзүнүн бир ырында ал:
… Эл менен бирөө өлсө мен да барам
Узатып, чеңгелдектеп турпак салам
…Бир күнү элдер менен кошо жөнөп
Кайрадан алар менен кайтпай калам.
Ошондо кымбат венок, сөзүңөрдөн
Тууган-журт, суранаарым өзүңөрдөн:
Татыктуу деп чечсеңер жалгыз тамчы
Ысык жаш тамызгыла көзүңөрдөн!-
деп жазганы бар. Дене бою да алп келген, ырлары да ошончолук салмактуу, көркөм келген Турар Кожомбердиевдин 70 жашка чыгышын Өкмөт күркүрөгөн күздө белгилейт деген убадасы бар эле. Күз да келди. Жаңы бийлик келер. Ошондо акындын көркөм ырлары обого жаңырып, журтчулук сүйгөн акынын дагы бир эскерип, элесине, ырларына таазим кылып өтүшөөр.

Айгүл Бакеева, «Де-факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.11.2011-ж.

Соц тармактар:

От өчпөгөн коломто: 1 комментарий

Добавить комментарий