«Жибек жолу» тасмасы: Саймалы таштан Дунхуан үңкүрлөрүнө чейин

Дүйнө жүзүндөгү архивдик фактыларга таянып тартылган, ар бири жарым сааттан турган төрт сериялуу фильм. Сценаристи, режиссеру Каридин Акматалиев. Оператору — Мурат Алиев. Кытайлар менен кербенчилер канчалаган кылымдар бою «Кыргыз жолу» деп атаган, акыркы кылымдарда гана «Жибек жолу» делген жолду, Санкт-Петербург Эрмитажынын секция башчысы, чыгышты изилдеген адис Евгений Иосифович Лубо-Лесличенко ачык айтып, ак сүйлөп, бул жолду нукура тарыхый өз наамы менен атаган. Каридин Акматалиев бул фильм кыргыз тарыхына чоң ачылыштарды алып келген илимий-популярдуу даректүү тасма болгонун ар бир көрүүчү баамдайт деп, төмөнкүлөрдү айтып берди.

Саймалы Таш
Улуу Жибек жолун тартууну, эң бир табышмактуу жер, өзүбүздүн Саймалы Таштан баштадык. Ал жерде миңдеген сүрөттөр жайнап жатат. Миң кубулган аба ырайы да аны ого бетер сырдуу көргөзөт. Туруп-туруп эле күтүүсүз жамгыр, кар, борон-чапкын, шамал болуп кетет. Бир кезде бул жер ыйык мазар болсо керек. Адамдар түрдүү сүрөттөрдү тартып сыйынышып, өз дүйнө таанымдарын калтырышкан. Укмуш сүрөттөр бар ал жерде. Айтып бүтүү мүмкүн эмес. Жан-жаныбар, турмуш-тиричиликтен баштап, эротикалык, космикалык сүрөттөргө чейин бар. Укмуштай, таштары да бир башкача капкара. Аска кулап-кулап отуруп пайда болгонбу?.. Галерея өзүнчө эле.

Жюл-Жал-Жол
Жюл-Жал-Жол — азыркы Бишкектин ордундагы байыркы шаардын аты. Бир кезде муну Красная Речканы казган археологдор да айтып чыккан. Чүй өрөөнүндө кыркка жакын шаар болгон. Россиялык чыгыш илиминин адиси Е.И.Лубо-Лесличенко изилдегенде Жибек Жолу илгери «Кыргыз жолу» деп аталганын таап чыккан. Анткени Кытайдын байыркы борбору Сянь шаарынан чыккан кербен, башында узакка чейин кыргыздардын жерине багытталган. Кытай кыргыздарга элчисин жиберет. Кыргыздар аны он үч жыл туткунда кармап, ал араң кеткен элине. Аяктан кайра качып келип, Ысык-Көлдүн жээгиндеги кыргыз урууларынын арасына өз кишидей кирип жашайт, кыргыз аял алып, кыргыздарды акырындап көндүрөт. Кытай андан соң кыргыздардын жардамы менен Иранга элчи жиберип, алар макул болгон соң гана кербен жолу Сирияга чейин жеткен. Ошол себептүү кытайлар өздөрү «Кыргыз жолу» деп атаган. Бул аралыкта жүз миңдеген тарыхый эстеликтер жатат. Биздин доорго чейинки II кылымдан, биздин доордун XIV кылымына чейин созулган «Кыргыз жолунун» гүлдөгөн кези 4-6-кылымдар болгон. Кыргыздардын аймагы Үрүмчү, Кашкар, Турпан, Орто-Азия, Памир-Алай, Казакстан, Ирандан, Энесай, Минусинскиге чейин кеңири чалкып жаткан. Кытайлар ал кезде жүзүм, анар, шарап эмне экенин билишкен эмес. Бизден көрүп-билишкен. Аргымак аттарыбызга суктанышкан. Аска беттерине тартылып калган сүрөттөрдү карап, азыркы ахал-текиндерге окшоштурам. Бизден алышса керек түркмөндөр.Таласта Шельжи шаарында, азыркы Новороссийканын тегерегинде кыргыздар күмүш кенин иштетишкен. Түрдүү күмүш буюмдарды жасашкан укмуштай кылып. Мындай кендери көп болгон алардын.

Афрасиаб — байыркы Самарканд
Биз барганда француздар менен өзбектердин археологдору биргелешип казуу жүргүзүп, изилдеп атышыптыр. Аларды тарттык, кыргыздын жери болгон ал жер да. Азыр байкасам, биз көп нерселерибизди башка элдерге тарттырып ийиптирбиз. Биз өзүбүз кенебеген эл экенбиз да. Баарын талаага чачып коюп, четинен алдыра берет экенбиз. Мына азыр деле, акыркы жыйырма жылда канча мурастарыбызды, жерлерибизди башка элдерге алдырдык, дагы эле алдырып келатабыз.

Сяндан Сирияга чейин
Дунхуан үңкүрлөрү — дүйнөнүн жети кереметинин бири, жар боорундагы кечилканалар, ичи толтура сүрөттөр дубал бетине тартылган. Сянда Кытай императору коюлган дөңсөө бар. Ага баратканда асты көрүстөн экен. Кытайлар аны эч качан каздырбайт экен, өздөрү да казбайт. Үстү мемориалдык эстелик экен, чоң-чоң бейнелер коюлган. Хива, Бухара хандыктарын, Омар Хаям жашаган Мерва шаарын, Каспий деңизинин жээгиндеги Дербент чебин тарттык. Сирияга чейин жүз миңдеген кербен жолунун эстеликтерин тарттык, ар түрдүү мамлекеттердин ортосундагы шаарларды.

Баарын айтып бүтүү мүмкүн эмес, жакшысы — фильмди көрүш керек.

Алтынай ТЕМИРОВА, «Де-факто» («Кыргыз гезиттер айылы»), 03.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий