Алик Акималиев: «Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет»

Алик, «Мен — ырдын падышасымын» деп айтып каласың. Үйдүн да падышасысыңбы?
— Жок, үйдүн падышасы эмесмин. Эч бир акын үйгө падыша боло албайт.

— Эмне үчүн ?
— Себеби, үйдө каныша бар да. Алар сени жеңип коюшкан. Сен кантип жеңилгениңди да билбей калгансың. Сырыңды алдырып койгонсуң да.

«Кыргызда кыз таппадым колуктулук,
Тагдырым тажаалдарга жолуктуруп.
Мен неге аялыма алым жетпейт,
Ушунча күчтүү акын болуп туруп»,
— деген ыр саптарың бар эмеспи.
— Аялды дүйнөдө эч ким: Чыңгызхан, Наполеон, Сталин да жеңе алган эмес. Аялдын мээсине Япониянын эң күчтүү аппараттары коюлган экен, баардык жерден жол таап кетет. Рамистин мындай ыры бар:
Энелерден чыкмак далай даанышман,
Балага ооп улуулуктан калышкан.

Булар турушу менен гений. Анан гений болсо, жеңилесиң да. Ошо жеңилип бергендин өзү жеңиш болуп эсептелет.

— Өткөндө гений жөнүндөгү макалаңды окудум. Аябай кызыктуу ойлорду айтып келип, бир жерде «гений мебелге умтулбайт, «Нобелге» умтулат» дептирсиң. Мебель менен «Нобелдин» айырмасы канчалык? Эмерекке умтулбаганы менен атак-даңка, сыйлыкка умтулса анын эмнеси гений? Ал деле бир көрпенде болуп калып атпайбы?
— Гений бир чоң ак сарай салып, ичин мебелге, гарнитурга толтурайын, килем төшөйүн дебейт да. Жарыкка, шоолага, сүйүүгө толтурайын дейт. Дүйнөдө ар бир адам гениалдуу. Адам сексен пайыз гений болуп жаралат. Бешик терметип отурган эне да гений. Бала жаратуу не деген гениялдуулук! Бала да гений. «Мен кыйынмын» деген генийиң да баладан жеңилип калышы мүмкүн. Ал эмес жаныбырлар да гений. Иттер өтө гениялдуу. Дары чөптөрдү тандап жейт, оорудан айыгып кетет. Жаратылыштын өзү гениалдуу. Анан ошол жаратылыштын койнунда жашап, гениалдуу болбой коюуга мүмкүн эмес.

— Акыркы жолу качан чоң акча кармап көрдүң эле?
— Мен дайым эле чоң акча кармайм. Акча табуунун сырлары, булактары көп. Менин таяталарым чоң көпөс, соодагерлер болушкан. Ошондонбу, мен барган жердин баарында соода болот, акчага магнит бар го менде. Өткөндө бир жерге китебимди алып бардым. Эки бизнесмен экен. Бирөөсү тырышып, акча бербей атат. Экинчиси чөнтөгүнөн долларларын сууруп чыгып, «буларга бериш керек» деп берип салды. Мен мурун эле күлөк-күлөк акча көтөрүп жүрчүмүн. «Кыргыз рухунун» беш жылдык юбилейи болгондо бир күлөк акчаны ресторанга чачып ийгем. Жалбырактай гана чачылды го, чиркин! Өзүм мас болуп калыптырмын. Андрей Моруанын сөзү бар го. Генийди турмуш жаратат. Менде генийликтин жерпайы бала чагыман эле бар болчу. Ошондой энергия бар экенин өзүм сезчүмүн. Кээде өзүмөн өзүм коркчумун. Эгер мен физик болсом, анда атомщик болмокмун. Мен тапшырган убакта окууга өтүш үчүн 2 миң рубль керек болчу. А мен 20 сом менен келип эле өтүп кеткем. Ошол жылы филфакка тапшыргандардан 800 бала кулаган. Студент болуп жүрүп мугалимдерди окуткум келчү. Эсептерди компьютердей эле чыгарчумун. Анан ошол кайран баш адабиятка кор болду да. Адабият оор нерсе экен, мени эзип койду. Чоң курмандыктарга барып, чоң кун төлөш керек экен. Дагы аман калганыма шүгүр… Ошон үчүн аракты да жыйыштырып, катынды да жыйыштырып, турмуш менен да компромисске барып…

— Аракты таштадыңбы?
— Ооба.

— Канча болду?
— Көп эле… Чалынып кетип аткан кездер болду, бирок, тизгин тартканыма бир топ болуп калды.

— Бирок чыгармачыл чөйрөдө «акынга арак болбосо, аял болбосо, кайдагы илхам» деген түшүнүк бар эмеспи?
— Илхам келгени менен тез күйүп кетет турбайбы. Есенин күйүп кеткен, Алыкул күйүп кеткен. Табылды Муканов, Тургунбай Эргешов… Бул эми бизге башкалардан келген жаман адат да. Болбосо Мидин, Байдылда Расул Гамзатовдон, Эдуард Межелайтистен кем эмес генийлер болчу. Ошолордун баарын сыйлап атып түбүнө жеттик. Акынды ый бузбайт, сый бузат. Ый, кайгы-муң кайра чыйралтат. Сый болсо түз жолдон чыгарат. Бир ичсе эле болду, «ушинтсе боло берет турбайбы» деп баары өзүнөн өзү калат. Жүз грамм арак миллион генийдин түбүнө жетет экен. Мени деле бир топ азгырышты. Поэзияны аз жерден сатып ийе жаздагам. Кээде бүт аалам келет, жазып үлгүрбөйсүн. Кээде эч кандай илхам, идея келбей калат. Өзүңдү өзүң асып салгың келет. Иче баштайсың.

Өзүмдү убагында токтотуп калдым. «Кой» дедим. Поэзия бир таарынса келбей да коет.

— Есенинди идеал тутуп, «кел пивону ичеличи бочкалап» деген ырларды жаздың эле…
— Ошондон кайттым да. Ошол кезде жазган ырларымдын көбүнө азыр канааттанбайм. Жөн гана жазып койгон ырлар да. Бирок эл акыны деген наамы барлар да мен ошол жөн эле шилтеп койгондой ырларды жаза албай жатпайбы. Башкаларын айтпай эле коеюн. Мен өзүмдү эки жолу сынап көргөм. «Аалам» гезитине кирип, «мага бир барак, ручка гана бересиңер да, анан карап турасыңар. Бир шилтеп баштан-аягына чыгып кетем» дедим. Алдымда ак кагаз, анан ручка гана турат. Он-беш, жыйырма куплет ырды бир дем менен жазып салдым. «Сырдуу дүйнө» гезитинде да ошенткем. Арак, тамеки дегендер мага аябай эле кедергисин тийгизди. Болбосо бүтүндөй поэмаларды, китептерди жатка билчүмүн, кайсыл жерде болбосун айтып берчүмүн. Жолдо көп тоскоолдуктар болот тура. Көрө албастык, буттан чалмай деген бар экен. Редакцияларда канча материалдарым чыкпай ыргып кетти. Китептерим кандайдыр бир керемет болуп эле чыгып кетип атат. Алты китебим чыкты, интернет сайттарда, мисалы, www. Literature.kg. сайтында турат. Аны 106 мамлекет окуйт. Жөнөкөй адамдардын окуганы мага канат-бутак. «Баланча ырыңды окудум» десе жазгың, иштегиң келип калат. Акын жашаган жер ыйык болуш керек. Илгери Чыңгызхан бир шаарды талкалап, күлүн асманга сапырайын деп келатып, адегенде чалгынчыларды жибериптир да. Чалгынчылар кайра келгенде «эмнени көрдүңөр?» деп сураса, «базарында бир акын элдин көңүлүн буруп, ыр окуп, күлдүрүп атыптыр» дешет. Ошондо Чыңгызхан «кой, бул шаарга тийбейбиз» деп бурулуп кеткен экен. Улуу акын жашаган жерге эч ким кол салууга акысы жок. Мен жашаганым үчүн Арча-Бешикке бомба түшпөйт болуш керек. Арча-Бешикте түндөсү бүт жарык өчөт, бир гана менин тереземде жарык күйүп турат. Себеби, мен таң атканча иштейм. «Көгүлтүр түбөлүктүүлүктүн кароолчусу» деген роман жазып атам. Мен Арча-Бешиктин кароолчусумун да. Кошуналар да тынч укташат. Ууру-кески жолобойт. Жаман адамдар болсо, мен жакшы жолго салып коем. Акындардын сөзү бал, тили уу тикен деп коет. Ошондуктан акындын наалатына калбай, колдон келсе батасын алып туруш керек. Акындын тилинде мөөр бар. Мен ичимен жаман көрүп койгон кишилер өлүп да калышы мүмкүн. Мен ушундан корком.

— Арча-Бешиктен го санаа тынч экен. Эми Бишкектин калган бөлүгүндө, башка региондордо да өзүңдөй элди келген кырсыктан, апааттан сактап турчу касиеттүү акындар барбы?
— Бар. Мисалы, борбордо Сагын Акматбекова, «Туңгуч» кичи районунда Шербет Келдибекова, «Царское село» тарапта Фатима Абдалова, Москва көчөсүндө экөөбүздүн досубуз Жолдошбек Зарлыкбеков бар. Башка облус, райондордун да уучу кур эмес. Токтогулда Эркин Алымбеков деген акын бар. Ошол жердин апендиси, мугалими, акылманы да ошол. Ошол акын ошол айылдын куту. Мен дал ошондой кишилерди мүчө кылып, бир Пен клуб түзөйүн деп атам. Азыркы союзга альтернатива кылып, тандалган акын-жазуучуларыбыздын кошунун түзөт окшойм. Билет жазып берем, китептерин чыгарам. Менин долбоорум ошондой. Наам алып алган, сыйлык алып алган халтурщиктерди «признавать» этпейм мен. Мен 54 жашымда араң лауреат болуп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы сыйлыкты, алтын диплому менен алдым. Буга чейин мындай сыйлыктардын канчасынан баш тарттым. Эки жолу эмгек сиңирген ишмер наамынан, Алыкул Осмонов, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктан баш тарткам.

— Нааразылык иретиндеби?
— Алтымыш жашка чейин эч кандай сыйлык албайм деп чечкем. Себеби, сыйлык алгандан кийин көбү көөп, жазбай калышат. «Мен дагы жазбай каламбы?» деп коркчумун. Толстой айткандай, канчалык жаман, кембагал турмушта жашасаң, ошончолук жакшы ойлоно баштайсың. Жазгандарың чыйрак, жакшы чыгат. Мисалы, Кубат Жусубалиев не деген шедеврлерди жаратып койду. Мен аны Айтматовдон кем көрбөйм.

— Өткөндө кайсыл бир гезиттен окуп калдым. Орто Азия республикаларынын ортосунда маданий иш-чаралар уюштурулбай, акын-жазуучулар бири-бири менен катташпай калгандыгынын кесепетинен түштүктөгү кандуу окуялар чыкты (!) деген ойду айтыптыр. Сен бул пикирге кошуласыңбы?
— Албетте, мунун чындыгы бар. Достук фестивалдары өткөрүлүп, акын-жазуучулар ыр окушса, чыгармалар бири-биринин тилине которулса, бир тууган, тили, дини бир элдердин ортосундагы ынтымак чыңалат эле да. Саясатчылардын жыйырма визитинен акын-жазуучулардын бир жолку сапары үч эсе таасирдүү болот. Депутаттар, чиновниктер канча миллиондогон сом каражат жумшап, чет элдерге барып келип атышат. Депутаттарга эмне жок? Президент, өкмөт башчысы же спикер барса болду да. Россиянын өзүндө эле 500 миңден ашуун мекендештерибиз жүрөт. Түркияда, Кытайда, Казакстанда жүрүшөт. Мекен деп канча жүрөктөр согуп атат. Эмне үчүн акын-жазуучулардан делегация курап, ошолорго жибербейт? Аларга биздин үнүбүз жетпейт. Акын-жазуучулар маршруткага тыйыныбыз жок, үйдөн чыга албай калдык. Москваны мындай кой, Георгиевкага барып келгенге да мүмкүнчүлүгү жок. Китепти айтпай эле коелу. Гезит-журналдар жалаң саясатты басып жатып алышты. Кейип-кепчиген, бийликке наалат айткан ырлар болсо чыгат экен.

— Же мактап, ода жазсаң чыгасың. Өзүң азыр ода жазбай калдыңбы? Майрам эжеңдин жакшы эле үзүрүн көрдүң окшойт?
— Үзүрүн деле көргөн жокмун. Редакциялар тапшырма бергенинен аткарып, көңүл үчүн жазып койгом. Бир тыйын алган жокмун. Начар экен да. Болбосо чыккандан кийин чакыртып, үй берип, машина берип, ырларыбызды башка тилдерге котортуп койсо болот эле да. Ошон үчүн куугун жеп, бийликтен кетишти да. Германиянын канцлери Фридрих II бир айда бир жолу акын-жазуучулар менен жолугушуп, кофе ичип, мамлекет каякка бараткандыгы жөнүндөгү чындыкты угуп турчу экен. Биздин өлкө жетекчилери деле депутаттарга баргандан көрө коркпой-үркпөй, эч кандай жансакчылары жок эле акын-жазуучуларга барса, биз чындыкты көбүрөөк айтып бермекпиз.

Мамат САБЫРОВ. «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий