Бактыгүл Чотурова: «Келчи, андан көрө сүйүү жөнүндө сүйлөшөлү…»

Достук мамилени бекем сактап, эже-сиңди курбулар аталып келген акын айымдар Бактыгүл Сейитбекова жана КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бактыгүл Чотурова «Учурдун» төрүндө болушту. Аты да, заты да, ал гана эмес ырларынын аталыштары дагы окшош эжекелерибиз кызуу маегибиздин каармандары.

— Канча жылдан бери дос болуп келатасыздар?
Бактыгүл Чотурова: — Биздин эже-сиңди достугубузга 25 жылдан ашып калды. Бакы экөөбүздү табыштырган чыгармачылык десем болот. Анда экөөбүз тең Токтогул районунун борборунда жашачубуз. Мен кесиптик техникалык училищада мугалим, Бакы селхоз-химия мекемесинде агроном болуп иштечү. Чачын аркасына өрүп алган, акырын сүйлөгөн, жалбырактай арык кыз эле.

Бактыгүл Сейитбекова: — Ал убакта мен турмушка чыгалек кыз болчумун. Мага Бактыгүл эженин баскан-турганы, сүйлөгөнү укмуш көрүнчү. Ар бир кадамына суктанып, эжеге таасирленип жүрдүм. Эжеге арнап «Атыбызда окшоштук бар ашыгып, поэзия дүйнөсүнө шашылган. Бир сүйкүмдүү элес сизге чакырып, билбейм, эже, неге сизге тартылам?» деген ыр саптарын жазгам. Эженин аркасынан калбай, ээрчип алчумун. Эсимде, бир жолу Бакы эже мага Түркиянын ак жоолугунан сонун кофта тигип берген. Тааныштардын баары: «Ай-ий, бул кофтаны кайдан сатып алдың?» деп суктанышкан.

Б.Чотурова: — Азыр Бакы экөөбүз маңдай-тескей отуруп алып, бири-бирибизди мактагандык эмес, бирок чындыкты айтайын. Сиңди досум деп атсам дагы менден ийменип турат. Кайда барбайлы, «сиз өтүңүз, сиз сөз баштаңыз» деп сыйлаганынан жазбайт. Анан сүйүнүп каласың. Адам жөндөн-жөн адамга тартыла бербейт экен. Бакы сиңдим адамгерчилиги, кичипейилдиги менен мени өзүнө тартып турат.

Б.Сейитбекова: — Чындыгында эжеге баардык мактоо жарашат. Мындан 25 жыл мурда эже экөөбүз бири-бирибизди акын катары тааныган дос болсок, азыр бир тууган эже-сиңдидей жакшы катышып калдык. Эженин мүнөзү «лөк» да, той-топур бир жактарга барып калса дагы, чиркин бир солк этип койбойт. Шашпай, таразалап, калыптан өткөрүп, баардыгын орду-орду менен ойлонуп сүйлөйт. Эже — дипломат мүнөзгө ээ. Мен дагы Бактыгүл эжедей болгум келет, бирок баары бир бу кишидей болалбайм.

— Адаш болуп калганы-ңыздарга сыймыктанат болу-шуңуздар керек?
Б.Чотурова: — Албетте, сыймыктанабыз. Мен төрөлгөнгө чейин атам түш көрүптүр. Түшүндө айылдын тушундагы бийик тоонун боорунда чырак илинип туруптур. «Ий, үйгө чырак керек болот, алайын» деп чыракка колун созсо жетпейт. Тырмышып, колун созуп атып, араңдан-зорго чыракты алып, «эч ким көрбөсүн» деп коюнуна катып, үйгө келатканда ойгонуп кетиптир. «Түшүмдө чырак кармап алдым, демек келинчегим көз жарса, наристебиз аман калат экен» деп жоруптур. Себеби мага чейинки бир туугандарым чарчап калыптыр да. Анан «бул кызым токтойт экен, багы ачылган бактылуу кыз болсун» деген ниетте атымды Бактыгүл деп коюптур.

Б.Сейитбекова: — А менин атымды апам семетейчи Сейдене койгон. Менден улуу агам Тилегенге чейин апамдын төрт уулу чарчаптыр. Кудайдан тилеп жүрүп Тилеген агамды төрөйт. «Бул балам дагы чарчап калбасын» деп жүрүп, Карабакшы деген аялга барса, «коркпо, балаң аман-эсен чоңоет, дагы кыздуу болосуң, ошол кыз сага бакыт алып келет» деп айткан экен. Апам «сен төрөлгөндө гана менин көз жашым токтоду» деп айтып калчу.

— «Эненин баркын төрөттөн билесиң» деп коюшат го, биринчи балалуу болгон күнүңүздөрдү эстеп берсеңиздер? 
Б.Сейитбекова: — Мен эне болуу бактысын абдан күттүм. Бала деген кудайдын колундагы иш экен, наристе жытын алты жыл күттүк. Алты жылдан кийин уулум Кубаныч (ред. Алихан) төрөлдү. Энелик бакытка эч нерсе жетпейт, аны сөз менен айтып жеткире албайсың.

Б.Чотурова: — Биринчи балабы же кийинкисиби, айырмасы жок, ар бир бала төрөлгөндө сүйүнөсүң. Энелик бакыттын даамын татасың. Азыр менин беш кызым бар. Кыздарымды көрүп, өзүмдү дүйнөдөгү бактылуу аял сезем.

— «Акын айымдар үйдө мыкты кожейке боло алышпайт» дегенге кошуласыздарбы?
Б.Чотурова: — Бир чети кошулам. Үйгө келсем дароо аялдын ишине киришем, сыртта жүргөндө журналист, акынмын. Анан кээде үй жумуштарына жетишпей калам. Азыр го кыздарым чоңоюп калды. Оокаттан оолактап, колум узарып калды дегендей.

Б.Сейитбекова: — Бишкек-Токтогул-Москва деп жүрүп, үйдө оокат кылганга убактым деле болбойт. Эже айткандай, эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял, бизнести да колго алып, андан сырткары акын болуп китеп жазып, көп түйшүк тартасың. Коомдук иштерден, эл аралык сынактардан дагы артта калбай, катышып турам. Ушунун баарын жасаш деле көп энергияны талап кылат.

Бактыгүл Сейитбекова: «Өзүңдү сүйгөн үчүн, өзүмдү унутканмын…»
— Жакында эле Сочиге барып эс алып келипсиздер, ошол тууралуу айтып берсеңиздер?
Б.Чотурова: — Чыгармачыл адамдарга эл-жер көргөн өзгөчө стимул болот. Жакында эле Бактыгүл сиңдимдин демилгеси менен Сочиге, анан Кавказга барып эс алып келдик. Кара деңиздин кандай экенин көрүп дегендей. Ал жакта жүрүп, мурда жазылбаган жаңы ырларды жазып келдим. Бизде өспөгөн бамбук, пальма, олеандр, магнолия дарактарына суктанып, Кавказдын токойлоруна таң калдым. Ошентсе деле ар кимге өзүнүн жери — мисир. Кара деңиздин капкара кумунда жатып, Ысык-Көлдүн таза кумун мактап аттык.

Б.Сейитбекова: — Сочиге баруу демилгеси меники болгону менен Бакы эженин өзүнүн мээнети болду. Абдрахман Алымбаев жазуучулар союзунун төрагасы болуп иштеп турганда, Россияга жазуучулар союзунун филиалын ачкан. Ал филиалды азыр мен жетектейм. «Москва кайрыктары» аттуу адабий ийрим «Аруужан» фондусу менен биргеликте жылына үч китеп чыгарабыз. Ошол китептердин баардыгын Бактыгүл эже өзү карап чыгып, анын автору Айтаалы Жалдаровду жазуучулар союзуна өтүшү менен куттуктап, төш белгини такты. Бактыгүл эжемди Москвага чакырып атканда, Кыргыз Эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин «биз акындар катар туруп алып эле бир жерди каза беребиз, анан ошол чаңдан өзүбүз көрүнбөй калабыз» деп айткан маегин окудум эле. Ансыңарындай, Бакы эжемдин ырлары башкачараак максатта чыкса деген жакшы ниетте Москвага чакырып калдым.

Б.Чотурова: — Сонун болду, мен абдан бактылуумун. Ушундай бир жакшы эс алдык дейсиң…

Б.Сейитбекова: — Мен жыл сайын эле Сочиге барам. Бирок орустар менен баргангабы мынчалык кызыктуу өтчү эмес. Бактыгүл эже абдан шайыр, ачык-айрым болгондуктан, боорубуз эзилгенче каткырып, сүйлөбөгөн темабыз калган жок окшойт. Мен өмүрүмдө мынчалык көп сүйлөгөн да, көп күлгөн да эмесмин (күлүп).

Б.Чотурова: — Бу жолу жалаң чыгармачылык менен иштедим. Жети күндүн кантип өткөнүн байкабай калдым. Бул жактан баратканда «кел, баардык түйшүктү унутуп, жалаң ыр жазып, эс алып келебиз» деген элек. Болбой эле сөзүбүз көртириликке, ишке бурулат. Анан бир күнү деңиздин жээгинде жатып, «кел, Бакы, баардык теманы токтотуп, сүйүү жөнүндө сүйлөшөбүз» деп күлүп жибердим. Аны «прикол» кылып алдык.

— Кечигип келген сүйүүдөн коркпойсуздарбы?
Б.Чотурова: — Коркобуз ай, ал сүйүүгө жете албасаң же балдарыңды таштап кете албасаң, сүйүү деп баарына көз жумгандан уяласың да (күлүп). Махабат — бул жүрөктүн сүйүүсү. Жүрөктүн сүйүүсү — адамдын жашоосу. Мен акын болбосом деле ушинтип айтмакмын. Эгерде кимдир-бирөөнү сүйбөсөң, кимдир-бирөө сени сүйбөсө, эч ким менен ишиң жок, достор, тууган-урук менен жүрө берсең, андай жашоонун эмне кызыгы бар?

Б.Сейитбекова: — Чындыгында сүйүүсүз жашоонун кызыгы жок. Сүйүүнү дагы туура түшүнүш керек. Сүйүү бул сөзсүз эле бирге болуп калуу эмес, мен ушинтип түшүнөм. Сүйгөн адам менен түбөлүк жакшы мамиледе калганга аракет кылам. Жүрөктүн төрүндө жашап, качан болсо дагы кылчайып карай турган кымбат адамың болгон жакшы. Сүйүүнү сөз менен эмес, ыр менен айткым келип атат. Кайсы бир кезде «Төккөнүн карап турам, көз жашын булуттардын. Өзүңдү сүйгөн үчүн, өзүмдү унутканмын» деп жазганым бар. Ушинтип өзүңдү унутканга чейин сүйгөн жана сүйдүргөн кандай жакшы (күлүп).

— «Абхазиядан грузин арагы менен тост көтөрдүк» деп калдыңыздар. Ал тост дагы сүйүүнүн урматы үчүн көтөрүлдүбү?
Б.Чотурова: — Ал тост сүйүү үчүн эмес, Сыймык Бейшекеев инибиздин туулган күнү үчүн көтөрүлдү. 9-сентябрь күнү дасторкон үстүндө отуруп «бүгүн Сыймыктын туулган күнү да» деп ага телефон чалдык. «Сыймык, биз Абхазияда отуруп сенин туулган күнүңдү белгилеп атабыз» деп каалоо-тилек, жылуу сөздөрдү айттык. Ал дагы бизге тост айтты, ыраазычылыгын билдирди.

— Акындын азабы дагы, жыргалы дагы ыр деп коюшат го?..
Б.Чотурова: — Туура. Акындар чыгармачылыкта дыйкан болуп, азап тартыш керек. Антпесең жыргал болбойт. Поэзия — бул кудайдын берген бактысы экен да. Кайгы-капаңды, бугуңду, азабыңды ары түртүп коет.
Жакшы ыр жазып алсаң, бүттү, баарын унутасың, баарына кайыл болосуң.

Б.Сейитбекова: — Мен дагы стресс болобу же депрессиябы, өзүмдү «менин ырларым бар» деп сооротом. Мага берилген сыноолорду, азапты мен эч кимге билдирбей, өзүм чечем. Андай учурда чыгармаларым менен алаксыйм. Жылына бир китеп чыгарбасам, өзүмдү жаман сезем. Жакында турмуштан алынган окуяларга бай «Соолуган гүлдөр» аттуу роман китебим жарыкка чыгат.

Айнура Касымова, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий