Иши менен дүйнөнү сактап жатат

Өткөн кылымдын 70-жылдары  кыргыз театрынын алтын доору эле, анда улуттук маданияттын алптары А.Көбөгөнов, А.Боталиев, М.Рыскулов, Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, С.Күмүшалиева жана башкалардын көздөрү тирүү, алардын оюнун көрүш үчүн калдайган эл кезек күтүп, белет издешер эле. Аларга такай кыргыз сахнасынын асманында балбылдап жанып келаткан жылдыздар Ж.Сейдакматова, С.Жумадылов,  С.Далбаев, А.Өмүралиев, Г.Ажыбекова ж.б. болуучу.

“Аалам алпы Шекспирдей күч”
Биздин муундардын бактысына (анда Жамал 17 жашта) 50-жылдардын аягында А. Хрущевдун “жылымык” заманы туура келген: Анда, аз да болсо, эркиндиктин желинен таза дем ала баштаганбыз.

“Биз, кыргыздар, кимбиз?”,  “Биз ким элек, ким болдук?”, “Биз башка элдерге теңбизби, мисалы, орус элине?” деген суроолор жүрөктүн толтосуна сайылып, жан кейий баштаган. Орто мектепте окуп жүргөндө эле биз элибиздин байыркы тарыхына, салт-санаасына кызыгып, “Манасты” издеп, тытып окуучу элек (ал кезде “Мугалимдерге жардам” деген журналга үзүндүлөрү чыгып туруучу), Токтогулдун, Тоголок Молдонун ырларын жаттоочубуз. Биздин бактыбызга ошол кездеги кыргыз сахнасынын залкарлары Саякбай Кара-лаев, Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акыев, Шаршен Термечиков, Ысмайыл Борончиев, Алиман Жангорозова, Ыбырай Туманов, Мыскал Өмүрканова тирүү, толук гүлдөп турган кездери. Мен, биринчи жолу “Манасты” колхоздун уй сарайында берилген концертте Саякбайдын өз оозунан уккам.  Жарыктык, “Тайторуну чаптырганда”, аттын туягынан жер шары дүңгүрөгөндөй, алай-дүлөй  бороон согуп, дүйнө жүзү аласалып, асты-үстү түшкөндөй  таасир калтыруучу, угуп отурган эл ыйлап олтуруучу эле. Кийин-кийин  Жамал манасчы кемпирдин ролунда манас айтканда, Сакемдин баягы концертин эстедим. Ошо мен олтурган уй сарайдагы концертке окшош дагы бир жерде Жамал да Сакемдин өз оозунан укканына шегим жок. Аялзатынан манасты укмуштай айта алган Жамал Саякбайдын түздөн-түз таасири менен шыктанганында шек жок.

Биздин муундарга  Алыкул Осмоновдун таасири өтө күчтүү эле. Анын ырларын жаттап, китептерин башыбызга жаздап жатуучубуз . Айрыкча анын котормолору – Шота Руставелинин “Жолборс терисин кийген баатыры”, Шекспирдин “Отеллосу” аң-сезимибизге өлбөс-өчпөс из калтырган. Зирек, жаркын таланты бар, он жетидеги  жаш кыз  кантип эле “Отеллону” окубай калсын. Окумак тургай, нечен уйкусуз түндөрдө жаттаган болуш керек. Жакында эле Бексултан Жакиев менен сүйлөшсөм, Жамалдын таланты  Дездемонанын ролунда ажайып сонун ачылды эле дейт.

Ишенсеңиздер, Жамал Сейдакматованы 70-жылдардын биринде, Шекспирдин “Азоого чалма” аттуу комедиясында Катеринанын  ролун аткарганда биринчи көрдүм. Учкул юмор менен күйдүргү шылдың ширелишкен бул комедияда Жамал тез эле залды колуна алды, көрүүчүлөр менен актрисанын жан дүйнөлөрү бири-бирине куюлушуп кеткендей болду. Мен да өзүмдү-өзүм унутуп коюп­турмун.

Алыкул жазгандай “аалам алпы Шекспирдей күч” Жамал Сейдакматовадай актрисада эле. Кыргыз улуттук театрынын жана киносунун казынасында Жамал Сейдакматова түзгөн толгон-токой эң сонун образдар бар. Эгерде, аларды бир мезгилде, бир жерге топтоого мүмкүн болсо, анда бири-бирине эч окшобогон, кайнаса каны кошулбаган адамдар чогулмак. Реалдуу турмушта алар эч качан батышмак эмес.  Алардын ичинде ар бирибизге кымбат, ар бирибиз жан дилибиз менен аздектеген каармандар эле эмес, босогоңо жолотпой кубалай турган жексурлар да толтура. Ал жөн гана берилген ролду аткарбастан, өзүнүн башкаларга такыр окшобогон, кайталанбаган ички көркөм дүйнөсүн да, өзү жашап жаткан мезгилди да, кунүмдүк турмуштун жандуу чындыгын да кошо көрсөтө билген сейрек актриса.

«Жүрөгүм сезген пьесаны тандайм»
Дүйнөдөгү театр искусствосунун тарыхында көптөгөн көрү­нүктүү  актерлор окуучу эле бой-дон калбастан, окутуучу болгусу келет, өзүнүн студиясын же театрын ачышат. Мисалы, Россияда О.Табаков, О.Ефремов, Т.Доронина жана башкалар. Бизде маркум Арсен Өмүралиев өз театрын ачкан. Жамал Сейдакматованын да театралдык жетекчи ишмер болууга өз алдынча театрды жетектөөгө жөндөмү да, шыгы да бар экен, өзүнүн  “Туңгуч”  аттуу жаштар театрын ачууга бел байлады. Көп азаптуу проблемаларга карабай “Туңгуч” бутуна туруп кетти. Демек, Жамалда уюштуруучулуктун  да чоң дарамети бар экен. Ийгиликке жетиш үчүн мында жалаң гана изденүү, жалаң гана алдыга жылуу жана тынымсыз кыймыл-аракет аздык кылмак. Баарыдан мурда, күрөштөн коркпогон, кийин күлкү болуп, шылдыңга калуудан коркпогон, дин бузаар еретик деген атка калуудан коркпогон эрдик керек эле. Анткени, Жамал таламандын тал түшүндө  кыргыздын классикалык, академиялык театрынан кол үзүп, бир топ жаш таланттарды ээрчитип театрдын салттуу очогунан чыгып кетип жатпайбы. Кеткенде да, ачыктан-ачык постмодернисттик, авангардисттик агымдарды туу кылып кетишти да. Бирок, бу жерде да Жамалга кол койгонум: “Туңгучтун” жамааты таза авангардисттик, уят-сыйытсыз, адепсиз жолго түшкөн жок. Көрсө, Жамал теңдешсиз улуу режиссёр-авангардчы Вс. Мейерхольддун жолун тандаган экен. Ал киши авангарддык театралдык эстетиканы психологиялык реализмдин салттары  менен куюлуштуруунун зор устаты болгон. Тилекке каршы, азыр көптөгөн постмодернисттик театрлар, айрыкча Москвада, ички маңыз-мазмунду, психологиялык контрасттарды чанышып, тышкы техницизмге, башкача айтканда акробатика, мимика өңдөнгөн элементтерге басым жасап, театрды “дене маданиятына” айландырып жиберишти.

Жамал Сейдакматованын кредосу такыр башка. Ал өзү мындай дейт: “Жүрөгүм сезген, жүрөгүм тандаган, ой-санаалардын тынчын алган пьесаны тандайм. Мага  “актуалдуулук”, “идеялуулук” дегендер жакпайт. Сахнада сырттан таңуулаган жасалма идея эмес, табышмактуу мазмун, маңыз үстөмдүк кылыш керек. Ошого жараша форма, кыймыл-аракет пайда болот. Мен жандуу, поэзияга чөмүлгөн философиялык  театрды сүйөм. Каармандардын жүзү албырып, көздөрү оттой жанып, жан дүйнөсү жай албай турганын каалайм”.

Ал төңкөрүш жасаган…
Арийне, көрүүчүлөр айрым учурларда артисттин кесипкөйлүк техникасын жогору баалашат. “Ой тобо, мына бул Өзбековдун ышкырыгын укчу, тим эле таш жарат, же, тиги Мамбетовдун  ат мингенин кара, тим эле чакчырылат” – деп тамшанып калышат. Бирок, белгилүү бир чектен кийин, артисттин  техникасы да, эң сонун декорация жана музыкалык коштоо да пьесаны чемпиондук бийиктикке жеткизе албайт. Мисалы, “Туңгучта”  коюлган С. Раевдин “Ханышанын көз жашы” аттуу пьесасында артисттердин гриминен баштап, сценанын жасалгасына чейин авангарддык, постмодернисттик табылгалар толтура. Оңой менен түшүнө койбогон символдор, шарттуулуктар да бир топ. Бирок, пьесанын адабий-философиялык мазмуну  Султан Раев жазгандай терең болбосо, башкы ролду традициялык психологизмдин устасы Жамал Сейдакматова өзү аткарбаса, бул пьеса ушунчалык чоң ийгиликке жетет беле? Албетте, жок.

Элдин түпкүлүктүү кызыкчылыгын өзүнүн жеке кызыкчылыктарынан, балдарынын өмүрүнөн жогору койгон улуу эненин, уникалдуу саясатчы  Курманжан датканын образын ачыш үчүн, Жамал пьесаны драматург менен кошо жазгандай, кошо ойлонуп, чыгармачылык азап чеккендей кондицияга жетиши керек эле. Ансыз пьесада көтөрүлгөн  атуулдук, акыл-парасат, ар-намыс өңдүү философиялык, адеп-ахлактык категориялардын маңызы эч качан ачылмак эмес.

Ошентип, Жамал Сейдакматова кыргыз улуттук театрынын алкагында өзүнчө бир төңкөрүш жасап койду. Театр өнөрүндөгү профессионалдуулуктун жаңы заманга  ылайык деңгээлине көтөрүлө алды.

Жамал Сейдакматова XXI кылымга заманбап актриса. Жаңы замандын талаптарына ылайык сулуу­луктун, асылзаттыктын эң сонун үлгүлөрүн жаратып жаткан театралдык ишмер. Эгер Ф. Достоевский айткандай, сулуулук гана бу дүйнөнү сактап калса, анда Жамал да өзүнүн иши менен дүйнөнү сактап жаткандардын бири. Ошондуктан, Каирде да, Парижде да, Москвада, Уфада, Берлинде да көрүүчүлөр анын өнөрүнө дүңгүрөтө кол чабышат.

Жамалдын бүт өмүрү, мүнөзү, жашоосу, ой-санаасынын баары аткарган ролдорунда, өз колу менен жараткан чыгармаларында. Бул асыл дөөлөттөр элдин казынасы, алар атадан балага, муундан-муунга мурас болуп кала берет.

Эмесе, Жамал Сейдакматовага узун өмүр, үй-бүлөлүк бакты-таалай, зор чыгармачылык ийгиликтерди тилейли.

Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер, «Кыргыз туусу», 11.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий