Кыргыз интеллигенциясы кыйраган күн!

Мындан туура 73 жыл илгери, 5-8-ноябрь күндөрү сталиндик кандуу бийлик мамлекетибиздин пайдубалын түптөп берген жүздөн ашык чыгаан уулдарыбыздын кырчындай өмүрлөрүн кыйып, коомубуздун каймактарын калкып алган. Балким, 1938-жылдын кандуу бешинчи жана сегизинчи ноябрь күндөрү Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Асанбай Жамансариев өңдүү жана башка 138 адамдын жүрөгүнө Сталиндин коргошун огу кадалбаганда, алар сүйгөн, биз сүйгөн Кыргызстаныбыздын азыркы тагдыры таптакыр башкача болот беле… 

Азаттык күндүн алдында кайра көмүлгөн кыраандар
Сталиндик репрессия же Чоң террор деп тарыхта калган бул кандуу окуяда СССР аймагы боюнча 1,5 миллион адам камакка алынып, анын дээрлик жарымы атууга кеткен. Кыргызстандын аймагындагы өлүм жазасына тартылган 138 адам кыргыз, орус, жөөт, татарына карабай дээрлик 1990-жылга чейин бир көрдө жатышты. Чоң-Таш айылындагы кыш чыгаруучу эски заводдун астында көмүскө көмүлгөн кыргыз интеллигенция-шейиттери тууралуу улуу сырды Бүбүайра Кыдыралиева аттуу апабыз айтып чыкпаганда дагы канчага чейин дайыны билинбей жатышаар эле, ким билет? 30-жылдардын акырындагы саясий террордун курмандыгы болгондордун бири Шадыкан Иманалиев Бүбүайра апанын атасы Абыкандын аталаш иниси болгон. 1939-жылы май айында абактан чыгып келген Шадыкан атууга кеткен курбалдаштарынын сөөгү кай жакка катылгандыгы тууралуу ошол кездеги өтө кооптуу сырды инисине ачыктаган. Арадан жылдар өтүп, 1973-жылы Абыкандын ичээр суусу түгөнүп, улуу сырды кызына керээз кылып калтырып кеткен. Бул тууралуу Бүбүайра апа биздин гезитке берген маегинде мындайча эскерет:«Атам Кыдыралиев Абыкан 1973-жылы 14-октябрда 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Дүйнөдөн кайтар алдында бизди чогултуп алып, көп адамдын сөөгү жаткан жайы, аны кантип көрүп-билип калгандыгы тууралуу айтты да: «тиги дүйнөгө өзүм менен кошо ала кетпейин деп силерге айтып жатам. Акыры жакшы заман келет, ошондо айткыла» деп биздин да убадабызды алды. Жакшы заман келээр деп күтүп, атамдын айткандарын жан кишиге айтпай, ичимде сактап жүрдүм. Бир күнү катуу ооруй баштадым, ашказаным язва болуп, ичинен кекиртегиме чейин жара чыгып кетти. Көзүмө арбактар көрүнүп «Баягы сырдын башын качан ачасың?» деп кыйнай беришти. Анда жакшы замандын жышааны келип, 1990-жылдын аягы болуп калган. Минтип ооруп турсам «бир күнү өлүп калсам бул сыр өзүм менен кошо айтылбай кала бербесин» деп аябай бушайман болдум».

Ошентип, 1991-жылдын 30-августунда эгемендүүлүк аларыбызга бир күн калганда Бишкек шаарынан 30 чакырым жогору жайгашкан Чоң-Таш айылында сталиндик репрессия курмандыктарын кайрадан жерге берүү зыйнаты өтүп, Ата-Бейит мемориалдык комплекси курулган. Басса, турса жүрөктөрү Кыргыз улуту, Кыргыз тили, Кыргыз мамлекети деп соккон улуу инсандарыбыздын Кыргызстан азаттык алаар күндүн алдында «Ата-Бейиттен» түбөлүк түнөк жай табышы да бекеринен эместир…

Кайгылуу датанын тарыхынан…
8-ноябрь Кыргызстанда «Сталиндик репрессиянын курмандыктарынын күнү» катары 2008-жылдан бери белгиленип келет. Алгач, 2008-жылдын 18-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 30-октябрды Саясий репрессия курмандыктарынын күнү катары белгилөө тууралуу токтом токуган. Кыргыз депутаттары 30-октябрды «Репрессия курмандыктарынын күнү» катары кабыл алган Орусиянын мисалында эле ушундай чечимге келишкен. Бирок кийинчерээк ЖоКедегилер тарыхчылардын айткандарын угуп, тарыхый чындык аз-маз бурмаланып калганын моюндарына алышкан. Себеби Кыргызстандагы массалык саясий репрессиялык кыргын 1938-жылдын бешинчи жана сегизинчи ноябрында болуп өткөн. Мындай бүтүмгө келүүнүн айныгыс далили катары Чоң-Таштагы кыш заводунун астынан табылган 138 маркумдун чөнтөктөрүндөгү сакталып калган өкүм кагаздарындагы даталарды айтсак болот. «СССР НКВДсынын, ССР Союзунун Прокурорунун жана Кыргыз ССР НКВДсынын алдындагы «Өзгөчө үчтүктүн» чечимин ишке ашыруу тууралуу» деп аталган Кыргыз ССР ички иштер комиссарынын өкүм кагазында 5-8-ноябрь күндөрү эки этап менен өлүм жазасы ишке ашырылсын деп ачык айкын жазылган. Ошондуктан 138 адамдын негизги бөлүгү атылган 8-ноябрды Кыргызстанда «Саясий репрессия курмандыктарынын күнү» катары белгилөө чечими кабыл алынган. Тилекке каршы 138 репрессия курмандыктары ошол кездеги чоң кыргындын бир гана бөлүгү. Кыргызстандын аймагында 1930-жылдардагы репрессияда он миңге чукул адам камакка алынып, бир тобу сүргүнгө айдалып, миңдегени атууга өкүм кылынганы белгилүү. Көпчүлүгүнүн дайын — дареги ушул күнгө чейин белгисиз бойдон калууда.

Тиленбек Азык, «Фабула» («Кыргыз гезиттер айылы»), 08.11.2011-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий